Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ведомстволук уюмдарынын ишинин сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 16-тиркемесинин аталышындагы "Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун" деген сөздөр "ведомстволук уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын атайын эсепке топтолгон каражаттарынын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 29-январындагы № 7 (3186) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |