ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 «Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-январы № 5

Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин колдоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында республикалык бюджетти колдоого түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануу үчүн депозиттик эсеп ачсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э. Новиков