Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 токтомуна) |
Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө которулган каражаттарды республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке (мындан ары - депозиттик эсеп) чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин регламенттейт.
2. Каражаттарды түзүү булактары
2. Депозиттик эсепти түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынан, резиденттеринен жана резидент эместеринен ыктыярдуу которулган акча каражаттары;
2) өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен которулган каражаттар;
3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына жана депозиттик эсептин максаттарына каршы келбеген башка акча каражаттарынын түшүүлөрү.
3. Каражаттарды чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартиби
3. Депозиттик эсепке ушул Жобонун 2-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларына ылайык түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөмдүк уюмдар, ошондой эле чет өлкөлүк банктар тарабынан чегерилет.
4. Өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндөгү каражаттар "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине чегерилет жана эсепке алынат. Беш жумуш күндүн ичинде укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары бул каражаттарды депозиттик эсепке "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча которушат.
5. Депозиттик эсепке түшкөн каражаттар "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча эсепке алынат жана чагылдырылат.
6. Депозиттик эсептеги каражаттар Кирешелердин классификациясынын "Башка салыктык эмес кирешелер" 145-бөлүмчөсүнүн "Салыктык эмес кирешелер" 14-бөлүмү боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилет.
7. Депозиттик эсептин каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык максаттуу багытын көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
8. Депозиттик эсепке каражаттардын түшүүсү жана аларды пайдалануу тийиштүү бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында каралат.
9. Депозиттик эсептин каражаттарын чегерүү, эсепке алуу, пайдалануу жана отчет түзүү боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен жөнгө салынуучу ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан ишке ашырылат.
10. Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары ай сайын ушул Жобонун 4-пунктунда аталган которулган акча каражаттары боюнча салыштырып текшерүү актысын түзүшөт жана кийинки отчеттук мезгилдин (айдын) 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ