Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 265 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы № 8 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы (мындан ары - Чек ара кызматы) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоого катышуучу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Чек ара кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары УКМК) ички ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.
3. Чек ара кызматы юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыгында эсептери бар, Бишкек шаары, Медеров көчөсү № 163 дарегинде жайгашкан.
2. Чек ара кызматынын негизги милдеттери жана функциялары
4. Чек ара кызматына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу;
- Мамлекеттик чек араны жабдуу;
- Мамлекеттик чек ара режимин, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди жана чек ара режимин камсыздоо;
- Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара контролун ишке ашыруу;
- Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасын коргоо жана коопсуздук милдеттерин чечүүгө катышуу;
- Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого катышуу;
- чек ара мейкиндигинде (чек арага чектеш аймакта жана чек ара тилкесинде) жарандарды, жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын сактоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо, жаратылышты коргоо органдарына көмөктөшүү.
5. Чек ара кызматы жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүү аракеттерин, ошондой эле тыюу салынган нерселерди жана заттарды, анын ичинде массалык кыргын салуучу куралдарды, алар менен байланышкан материалдарды жана технологияларды Мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүү аракеттерин алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
- террорчулукка каршы күрөшүүчү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө (бирдикте) Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек арага чектеш аймакта террорчуларды же террордук топторду аныктоо, кармоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү, анын ичинде сурамжылоо жүргүзүү, фильтрациялык жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жолу менен ишке ашыруу;
- териштирүү иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен УКМК компетенциясына кирген укук бузууларды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМКнын линиялык жана аймактык органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- Мамлекеттик чек ара саясатын ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен бирдикте Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен бирдикте, Мамлекеттик чек араны эл аралык-келишимдик жол-жоболоштуруу боюнча ишке, ошондой эле чек ара маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышуу, аскердик-техникалык кызматташуу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Чек ара кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чек ара кайтаруу органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдары менен кызматташтыгын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ишин уюштуруу;
- Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өзгөртүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, Мамлекеттик чек ара режимин сактоо, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара режимин жана өткөрүү режимин сактоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасына кирүүсү же Кыргыз Республикасынан чыгуусу чектелген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон органдарынын тапшырмаларын аткаруу;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо кызыкчылыгында, ошондой эле Чек ара кызматына шефтик жана башка жардамдарды көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- Чек ара кызматын байланыштын бардык түрлөрү, байланыш жана автоматташтыруу каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
- Чек ара кызматында мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыздоо;
- Чек ара кызматынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо;
- Чек ара кызматынын ишин маалыматтык-талдоо жана илимий жактан камсыз кылууну уюштуруу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө талдоо изилдөөлөрүн өткөрүү жана бул маселелер боюнча УКМКнын төрагасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон башка мамлекеттик органдарына маалыматтык-талдоо материалдарын даярдоо жана берүү;
- Чек ара кызматы үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо. кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
- күжүрмөн, ооруктук, материалдык, техникалык, финансылык. медициналык, илимий, маалыматтык, моралдык-психологиялык жана камсыздоонун башка түрлөрүн уюштуруу, ошондой эле капиталдык курулуш, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүү, казарма-турак жай фондун күтүү жана пайдалануу;
- Чек ара кызматында курал-жарактарды, техникаларды жана материалдык-техникалык каражаттарды жана атайын каражаттарды колдонууну пландаштыруу жана уюштуруу, ошондой эле аларды мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте сатып алуу;
- баш ийген кошуундарда, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелерде ички контролду камсыздоо үчүн ички аудит боюнча ишти жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасымын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык өндүрүш иштери Чек ара кызматынын компетенциясына кирген бузууларды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу жана териштирүү боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу;
- Чек ара кызматынын бирдиктүү маалыматтык саясатын түзүү, Чек ара кызматынын күжүрмөн-кызматтык иши жөнүндө коомчулукту маалымдоо, басма сөз ишин уюштуруу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук жактан коргоону уюштуруу жана камсыздоо;
- илимий, окуу материалдык-техникалык базаны түзүү жана өркүндөтүү;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын, пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, курман болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык, дарылоо, санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралар комплексин ишке ашыруу;
- Чек ара кызматынын өздүк коопсуздугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарда радиациялык контролду ишке ашыруу;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- өзгөчө кырдаалдарда калкты Жарандык коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый кырсыктардын, катастрофалардын, авариялардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
3. Чек ара кызматынын укуктары
6. Чек ара кызматы негизги милдеттерди аткаруу жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түздөн-түз аскер комиссариаттарында Чек ара кызматында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн чакырылуучуларды артыкчылыктуу тандоого;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыктыярдуу кошуундардын курамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте штаттан тышкаркы кызматкерлер катары жарандарды Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартууга;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык алардын карамагына таандык иштер боюнча алгачкы тергөө иштерин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөө коюлган адамдарды кармоого;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча тапшырмаларды аткарууда чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иштери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иштерин, ошондой эле фильтрациялык-текшерүү иш-чараларын жүзөгө ашырууга;
- башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттары аркылуу бара жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүгүн, мүлкүн жана башка буюмдарын көрүп чыгууга (кароого);
- Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга же Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө тыюу салынган буюмдарды, ошондой эле аткезчилик буюмдарын белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын бажы жана башка органдарына өткөрүп берүүгө;
- кызыкдар ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен бирдикте Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чет өлкөгө чыгып жаткан транспорт каражаттарынын токтоочу жайларын жана алардын токтоп туруу узактыгын аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына коркунуч жаралган учурда, коргонуу мүнөзүндөгү иштерден, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерден тышкары, чек ара тилкесинде жарандардын болуусун, транспорттун кыймылын, ар кандай жумуштарды аткарууну убактылуу чектөөгө;
- юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын сактоосун камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик чек араны коргоо жаатында мамлекеттик контролду уюштурууга жана ишке ашырууга;
- аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жарандык персоналдын жана чек аралык инфраструктура объектилеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана ишке ашырууга;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштел чыгууга катышууга.
Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
4. Чек ара кызматынын ишин уюштуруу
7. Чек ара кызматын УКМКнын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналган директор жетектейт.
Чек ара кызматынын директорунун үч орун басары, анын ичинен бирөөсү Башкы штабдын башчысы болуп саналган биринчи орун басары бар.
Директордун биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы УКМКнын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун башка орун басарлары Чек ара кызматынын директорунун сунуштамасы боюнча УКМКнын төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок болгон учурда анын милдетин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары аткарат, ал директордун милдеттерин аткара албаган учурда директордун милдетин аткаруу орун басарлардын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
8. Директордун орун басарлары Чек ара кызматынын директоруна баш иет. Алар тапшырылган иш чөйрөсүндө милдеттерди чечүүгө, аларга түздөн-түз баш ийген кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн кызматтык ишин уюштурууга жоопкерчилик тартышат.
Директордун орун басарлары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү беришет.
9. Директор Чек ара кызматынын бүтүндөй өздүк курамынын жана ага баш ийген кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин түздөн-түз башчысы болуп саналат, Чек ара кызматына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, ушул Жобого, ошондой эле УКМКнын ички ведомстволук актыларына ылайык жеке башчылык негизинде ишке ашырат.
10. Директор:
- Чек ара кызматынын ишин уюштурат жана Чек ара кызматына жалпы жетекчиликти ишке ашырат, Чек ара кызматынын иш регламентин аныктайт;
- Чек ара кызматынын башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана өз алдынча бөлүмдөрү, Чек ара кызматынын облустар боюнча башкармалыктары жана мекемелери жөнүндө жоболорду, ошондой эле полковникке чейинки офицердик курамдын кызмат орундарынын штаттык категорияларын бекитет;
- Чек ара кызматынын директорунун орун басарлары жана Чек ара кызматынын башка кызмат адамдарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Чек ара кызматынын аскердик бөлүгү жөнүндө типтүү жобону бекитет;
- республикалык бюджеттен Чек ара кызматына бөлүнгөн каражаттарды, анын ичинде шефтик жардам, эл аралык гранттар жана техникалык жардам, ошондой эле эл аралык программалар боюнча алынуучу каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
- башка өз ара аракеттенген мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен Мамлекеттик чек арада иш-чараларды өткөрүүдө биргелешкен аракеттерди координациялоо жана жетектөө боюнча оперативдүү штабдарды (топторду) түзөт;
- аскер кызматчыларынын, жарандык персоналдын чектүү штаттык санын аныктоо жөнүндө сунуштарды УКМКнын төрагасына андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жана бекитүү үчүн берет;
- уюштуруу-штаттык түзүмүн бекитүү үчүн УКМКнын төрагасына сунуштарды киргизет;
- Чек ара кызматынын куралдануусуна жана камсыздоосуна кабыл алынган курал-жарактардын, аскердик, атайын техникалардын, атайын жана материалдык техникалык каражаттардын штатын жана штатынын табелин бекитет;
- УКМКнын төрагасы менен макулдашуу боюнча тынчтык жана согуш мезгилинде Чек ара кызматынын кошуундарына, аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине анык жана шарттуу аталыштарын бекитет, ошондой эле аларды колдонуунун тартибин аныктайт;
- Чек ара кызматынын иши үчүн бөлүнгөн каражаттардын чегинде, өздүк транспортун кызматтык максаттарда пайдаланган аскер кызматчыларына белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Чек ара кызматынын кызматтык ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди ал эми зарыл болгон учурларда - башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- Чек ара кызматынын кызматтык ишин аткаруу же ишке ашыруу ыкмасын жана тартибин белгилөөчү эрежелерди, көрсөтмөлөрдү же колдонмолорду камтыган документтерди чыгарат;
- өз компетенциясынын чегинде аскердик кызмат орундарына дайындайт жана ал кызматтардан бошотот (УКМКнын төрагасы тарабынан дайындалуучу тизме боюнча кызмат орундарынан тышкары);
- кызматы боюнча которуу маселелерин чечет, полковникти кошо алганда, аскердик наамдарды ыйгарат (УКМКнын төрагасы тарабынан дайындалуучу тизме боюнча кызмат орундарынан тышкары) жана офицердик курамдагы адамдарды жана прапорщиктерди, контракттык жана мөөнөттүү кызматтын кызматчыларын аскердик кызматтан бошотот;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүчүн УКМК төрагасынын кароосуна белгиленген тартипте киргизет;
- Чек ара кызматынын жарандык персоналынын иш тартибин аныктайт;
- офицерлердин типтүү эмес кызмат орундары боюнча кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн белгилейт жана өзгөртөт;
- Чек ара кызматын комплекттөө үчүн чек ара кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча иштерге жетекчилик кылат;
- кол алдындагы кызматкерлерге карата эмгек мыйзамдарында, ал эми аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставында аныкталган көлөмдөгү ыйгарым укуктарды пайдаланат;
- Чек ара кызматынын атынан иш алып барат жана анын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле эл аралык уюмдарда, коңшу жана башка мамлекеттердин чек ара, укук коргоо жана аскердик органдары менен Чек ара кызматынын атынан иш алып барат;
- эл аралык аскердик, аскердик-техникалык жана чек аралык кызматташуу жаатында Чек ара кызматынын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик, аскердик-техникалык жана чек аралык кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин кол башчылар кеңешиндеги Чек ара кызматынын өкүлүн УКМКнын төрагасы менен макулдашуу боюнча дайындайт;
- Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын, ошондой эле Чек ара кызматынын алдында турган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо боюнча сунуштарды УКМКнын төрагасына киргизет;
- күжүрмөн кызматтык иштердеги мыкты ийгиликтери, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн аскер кызматчыларын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу ишине кошкон жеке салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн Чек ара кызматынын сыйлыктарын (медалдарын), төш белгилерин жана аскердик белгилерин уюштурат;
- Чек ара кызматынын сыйлыктары жана алардын сыпаттамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
- УКМКнын төрагасына Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк жарандарды энчилүү ок атуучу курал жана миздүү курал менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясаты чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди кароо үчүн Чек ара кызматында директор жетектеген коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн санын жана ал жөнүндө жобону УКМКнын төрагасы бекитет.
5. Чек ара кызматынын материалдык-техникалык каражаттары жана каржылоосу
12. Чек ара кызматына мүлктөр (материалдык техникалык каражаттар) оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
Чек ара кызматы өзүнө бекитилип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу эмес.
13. Чек ара кызматын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
14. Чек ара кызматы өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда финансылык, бухгалтердик, статистикалык, оперативдүү жана өзүнүн иши боюнча башка эсеп жүргүзөт, ошондой эле бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
15. Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
6. Корутунду жоболор
16. Чек ара кызматынын иши аны кайра уюштуруу же жоюу учурунда токтотулат. Иши токтотулган учурда Чек ара кызматынын иш кагаздары "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.