КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 17
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык карантинге алынган продукциялардын айрым түрлөрүнө жана түрлөрүнүн тобуна убактылуу карантиндик фитосанитардык чараларды киргизет;";
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүүчү жерлерге карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзөт;";
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- кызматтык милдеттерин аткарууда формалык кийим кийип жүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген үлгүдөгү формалык кийим кийип жүрүүгө;
- өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө маалымат системасын ишке киргизүүгө жана анын иштешин камсыздоого.";
- 12-пунктундагы "директордун орун басарынын кызмат орду" деген сөздөр "директордун орун басарларынын кызмат орду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "директордун орун басарына" деген сөздөр "директордун орун басарларынын бирине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары Департаменттин директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү номерлүү мөөрлөргө ээ болгон кызмат адамдары болуп эсептелет.";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Департаменттин кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасагандыгы үчүн тартиптик жана жазык жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде:
- "Ведомстволук форма кийими" бөлүмү төмөнкүдөй позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башкаруу схемасы