Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 27-январы № 25

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты зарыл болгон дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 2021-жылдын 1-июлуна чейин фармацевттик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:";

жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1-1-пунктунун биринчи абзацындагы "2020-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 1-июлуна чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э. Новиков