Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-декабры № 632
2020-жылдын 23-декабрында Москва шаарында жана 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө финансылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-жылдын 23-декабрында Москва шаарында жана 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө финансылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |