Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) айыл чарба багытындагы жерлердин такырланышына жана бузулушуна жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жайыт жерлерине, анын ичинде токой жайыттарына (мындан ары - жайыттар) карата колдонулат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюунун ченемин аныктоонун тартибин белгилейт, экологиялык балансты сактоого жана чөптүн табигый өсүшүн камсыздоого, Кыргыз Республикасынын жайыттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында жайыт жерлеринде мал жаюу ченеми (мындан ары - мал жаюу ченеми) боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
2-глава. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү;
токой жайыттары - токой чарбачылыгына зыян келтирбестен жаныбарларды (мал) жаюу үчүн пайдаланылган чөп баскан мамлекеттик токой фондунун жерлери;
жайыттагы малдын саны - жайыт мезгилинде жайыт жеринин бир гектарына туура келген малдын саны;
мал жаюу ченеми - жайыттагы чөптүн ботаникалык курамына жана анын түшүмдүүлүгүнө зыян келтирбестен айыл чарба малын жаюуга мүмкүн болгон жайыт тибине жана жаратылыштык-климаттык зонасына карата региондор боюнча жайыттын жалпы аянтына айыл чарба малдарынын түрү боюнча мал жаюунун айырмаланган ченеми;
түшүмдүүлүк - тоют бирдиги менен белгиленген вегетациялык мезгилде бир гектардан алынуучу жайыт тоютунун көлөмү;
тоют бирдиги - тоюттун азыктык жана түшүмдүүлүк сапатын мүнөздөөчү шарттуу тоют эквиваленти. Бир тоют бирдиги (т.б.) 1 кг сулунун азыктыгына туура келет;
жайыттарды геоботаникалык изилдөө - жайыттардын түшүмдүүлүгүн, тоют чөптөрүнүн түзүлүшүн жана ботаникалык курамын, өскөн жерлерин, жайыттарды айыл чарба жаныбарларынын ар кандай түрлөрүн жаюу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, жайыттардагы тоют чөптөрүнүн жана бадал өсүмдүктөрүнүн сапатын аныктоо максатында өткөрүлүүчү изилдөө;
базалык көрсөткүчтөр - бир гектар жайыт жерине бир шарттуу мал башын жаюу ченемин, анын ичинде түшүмдүүлүктүн коэффициентин, тоюттун бир центнериндеги тоюттун бирдигин жана бир центнериндеги/гектардагы (га/ц) кургак тоют массасынын түшүмдүүлүгүн аныктоочу минималдуу чектик көрсоткүчтөр.
3-глава. Мал жаюу ченемин аныктоо
5. Мал жаюу ченеми бир гектарга эсептөө менен аныкталат. Жайыт жерлеринин мал жаюу ченеми жайыт аянтынын бирдиги тоют менен камсыздай алган мал башынын шарттуу саны менен түшүндүрүлөт.
6. Мал жаюу ченеми жайыттын бүткүл мезгилине белгиленет.
7. Мал жаюу ченеми тоют өсүмдүгүнүн типологиялык курамына, жайыт жерлерин (сезон боюнча тоют чөбүн) пайдалануунун жана түшүмдүүлүгүнүн коэффициентине жараша аныкталат. Кыргыз Республикасынын тийиштүү айыл аймактарындагы жайыт жерлеринин мал жаюу ченеми жаратылыштык-климаттык шарттарды, түшүмдүүлүктү, базалык көрсөткүчтөн төмөн болбогон тоюттун суткалык ченемин эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
8. Мал жаюу ченеми ар бир айыл аймагы боюнча өз алдынча аныкталат.
9. Мал жаюунун белгиленген ченемдери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына киргизилиши керек.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык аныкталуучу малдын санын мал башынын шарттуу санына (мындан ары - ШС) айландыруунун коэффициенти төмөнкүдөй таблицада берилген:
Малдын түрү | Шарттуу саны (ШС) |
Бодо мал/топоз | 1 |
Жаш бодо мал/топоз | 0,7 |
Кой/эчки | 0,2 |
Жылкы, эшек | 1 |
Төө | 1 |
11. 1 га жайытка мал жаюу ченемин эсептөө төмөнкү формула менен аныкталат:
мында:
Н - 1 га жайытка туура келген мал башынын шарттуу саны;
У - тоют бирдигинин түшүмдүүлүгү, ц/га;
К - мал башынын шарттуу санына суткасына туура келген тоют ченеми, тоют бирдиги.
Эскертүү. Жайыттын ц/га кургак массадагы түшүмдүүлүгү "түшүмдүүлүк коэффициенти", "бир центнер кургак тоют массасындагы тоют бирдигинин азыктыгы" жана "жайыттардын иш жүзүндөгү түшүмдүүлүгү (ц/га)" сыяктуу базалык көрсөткүчтөрдүн камтылышына жараша аныкталат жана төмөнкү формула менен эсептелет:
У = К х П (к.е.) х Уф,
мында:
У - түшүмдүүлүк;
К - түшүмдүүлүк коэффициенти;
П - 1 центнер кургак тоют массасындагы тоют бирдигинин азыктыгы;
Уф - жайыттардын иш жүзүндөгү түшүмдүүлүгү (ц/га).
Эскертүү. Тоюттун суткалык орточо ченеми кой үчүн - 1,2 к.е., ири бодо малга - 1,6 к.е. түзөт.
Мисалы:
а) Ош облусунун Ноокат районундагы шорлуу жайыттарга мал (кой) жаюу ченемин эсептөөдө төмөнкүдөй формула колдонулат:
б) Ош облусунун Ноокат районундагы шорлуу жайыттарга бодо малдын бир шарттуу башын жаюу ченемин эсептөөдө төмөнкүдөй формула колдонулат:
12. Мал жаюу ченемдеринин базалык көрсөткүчтөрү республикалык жаңы геоботаникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыттар жөнүндө маалыматтардын негизинде өзгөртүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жайыт жерлерине мал жаюунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгилеген ченемдерди сактоо менчиктин түрүнө карабастан бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.