Документке
Мурунку07.03.2026

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-марты № 66

 

Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708, 2023-жылдын 24-июлундагы № 368, 2024-жылдын 6-августундагы № 458 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 30-январы № 48 , 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Ички рынокто мунай жана мунай продуктуларынын жетишсиздигин болтурбоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленсин:

- «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун жана «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводдору үчүн АИ-92 (К-2) маркасындагы бензинден, АИ-80 маркасындагы бензинден, дизель отунунан (К-2), нафтадан, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү ата мекендик заводдор тарабынан өндүрүлүүчү мазуттан жана жылытуучу отундан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) тышкары, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу);

- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708,  2023-жылдын 24-июлундагы № 368, 2024-жылдын 6-августундагы № 458 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 30-январы № 48, 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн ташылып чыгуучу, Бажы бирлигинин Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык орнотулган транспорт каражатынын май куюучу бактарындагы, ошондой эле көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунай продуктуларына жайылтылбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 У.А. Марипов

 

 

Жаңы13.07.2026

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-марты № 66

 

Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708, 2023-жылдын 24-июлундагы № 368, 2024-жылдын 6-августундагы № 458 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 30-январы № 48 , 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 , 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Ички рынокто мунай жана мунай продуктуларынын жетишсиздигин болтурбоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ташып чыгарылган жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү түрдө кийин кайра ташып келүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган нафтаны, мазутту жана жылытуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган) кошпогондо, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификацияланган) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган) ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

2.Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу, Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык белгиленген транспорт каражаттарынын штаттык май куюучу бактарындагы мунай продуктуларына жайылтылбайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 У.А. Марипов