Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө ЖОБО
I глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) автомобиль, темир жол, аба жолу, электр жана суу транспорту жана жол чөйрөсүндөгү (мындан ары - жол-транспорт комплекси), архитектура, шаар куруу, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүчү, ишке ашыруучу жана башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Министрлик министрликтин карамагында турган ведомстволук бөлүнүштөрдүн жана мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин ишин координациялайт жана контролдойт.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык жалпы таанылган принциптери жана укуктук ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик Кыргыз Республикасы катышкан, эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлигинин администрациясы жана Кыргыз Республикасынын темир жол жана жол администрациясы катары чыгат.
6. Министрлик мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статуска ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, бекитилген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналык банк-агенттерде эсептери болот.
7. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук мураскору болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин:
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын шаар куруу ченемдеринин, долбоордук чечимдердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө, объекттерди реконструкциялоодо техникалык мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштуруунун, суу транспортунун жана сууда сүзүүчү каражаттардын, темир жол транспортунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларынын.
8. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүнүштөрүн камсыздоого жумшалуучу чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
9. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги;
- расмий тилде:
Министерство транспорта, архитектуры, строительства и коммуникаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде:
ТАККМ;
- расмий тилде:
МТАСК.
10. Министрликтин юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
II глава. Министрликтин максаты
11. Министрликтин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жол-транспорт комплексин, архитектура, шаар куруу жана курулуш иштерин жана турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү;
- транспорттун бардык түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү системаларды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
III глава. Министрликтин негизги милдеттери
12. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жол-транспорт комплекси, архитектура, шаар куруу, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
- жол-транспорт комплекси, архитектура, шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- Министрликтин карамагындагы тармактарда лицензияларды, уруксат сертификаттарын жана күбөлүктөрдү берүү;
- тейлеген тармактарда эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө:
- жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо;
- транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү менен коопсуз жана үзгүлтүксүз (үзгүлтүктүү) ташууларды камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жол кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- автомобиль жолдорунун сапатынын транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн, туруктуулугун, кызмат кылуу мөөнөтүн, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- жол-транспорт комплексин өнүктүрүүгө багытталган жаңы өндүрүштүк инновациялык технологияларды, стандарттарды киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
- автомобиль, темир жолдорунун жана аба трассаларынын тармактарын түзүү, ошондой эле аларды эл аралык транспорттук коридорлор системасына интеграциялоо;
- жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын маршруттук тармагын түзүү, калктуу конуштарды автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;
- автомобиль транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобилдик катташуу жөнүндө эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, ошондой эле жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууларды жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль, темир жол, электр аба жолу жана суу транспорту, автомобиль жана темир жолдорун стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
архитектура, шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндө:
- архитектуралык-шаар куруу иши, стандарттар, курулуштун бардык түрү үчүн жер участокторун тандоо, инженердик-геологиялык изилдөөлөр, долбоорлоо, архитектура жана шаар куруу, курулуш, курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары өнөр-жайы, жол-транспорт курулушу, коммуникациялар, турак жай-коммуналдык чарбаны реформалоо жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгуу, курулуш ченемдерин жана курулуш эрежелерин иштеп чыгуу боюнча тармактар аралык координациялоону жана жөнгө салууну ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу жабдуулары менен жана саркынды сууларды чыгаруу менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча республикалык бюджеттин, эл аралык долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржылануучу иш-чараларды ишке ашыруу.
эскертүүсү: Берилген Жобонун 12-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 12-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
IV глава. Министрликтин функциялары
13. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жүктөлгөн милдеттердин чегинде тармактык саясат функцияларын:
- бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана киргизет жана аны жүзөгө ашырат;
- жол-транспорт комплекси, архитектура, шаар куруу, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөлөрүндө өнүктүрүүнүн тармактык программаларынын, стратегиялык документтеринин, илимий-техникалык жана башка программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет;
- компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык белгиленген тартипте кол коет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таламдарын билдирет жана коргойт;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- мамлекеттин менчигинде турган объектилерди акциялаштырууга жана менчиктештирүүгө белгиленген тартипте катышат;
- курулуш тармагында баа түзүү боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгат;
- долбоордук документтерге ведомстволук экспертиза жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- ведомстволор аралык, финансылык жана башка өнүгүү пландарын иштеп чыгат;
- монополияга каршы саясат жүргүзүүчү чөйрөдөгү орган менен макулдашууда автомобиль транспортунан башка чарбакер субъекттердин тарифтик саясатын түзүү боюнча ченемдик актыларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
- белгиленген тартипте чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтык жаатындагы мамлекеттик саясатын ишке ашырууну өз компетенциясынын чегинде камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү алардын ишин өз компетенциясынын чегинде координациялайт;
- тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга даярдык көрүүнүн мобилизациялык пландарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;
- мобилизациялык даярдоону, ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдө бул ишти контролдоону жана координациялоону камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде техникалык регламенттерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде техникалык регламенттердин, эрежелердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин, стандарттардын жана башка ченемдик-техникалык документтердин, анын ичинде региондук жана эл аралык стандарттардын аткарылышына катышат, иштеп чыгат жана камсыз кылат;
- Бирдиктүү заказчынын функциясын аткарат, мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржыланган мамлекеттик менчикте турган жаңы жана мурда болгон инфраструктуранын объекттерин жана башка объекттерди долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого, капиталдык оңдоого подряддык конкурстарды өткөрүүнү ишке ашырат;
- ишинин негизги багыттары боюнча маалыматтардын маалыматтык базасын түзөт;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде долбоордук, изилдөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди уюштурат;
- тейлеген чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча аналитикалык маалыматтарды жана сунуштарды даярдоо иштерин жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- тейлеген тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды, анын ичинде түз инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана маселелерди талкуулап, иштөөгө алат;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык жана экономикалык ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт, алардын экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде кадрлардын квалификациясын жогорулатууну, адистерди кайра даярдоону жана стажировкага жиберүүнү жүзөгө ашырат;
- кызматкерлерди социалдык жактан коргоо боюнча чараларды көрөт;
- жарандарды кабыл алууну, оозеки жана жазуу жүзүндөгү арыздарды өз убагында жана толук кароону, алар боюнча чечимдерди кабыл алууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө арыз ээлерине жооп жөнөтүүнү ишке ашырат;
- Министрликтин ишинин процессинде пайда болгон архивдик документтерди комплекттейт, сактайт жана эсепке алат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык-методикалык жардам көрсөтөт;
жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө:
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларын долбоорлоо, куруу, оңдоо жана тейлөө маселелерин каржылоо муктаждыгын белгиленген тартипте түзөт, алардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сактыгын камсыз кылуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, транспорттук-эксплуатациялык абалын диагностикалоо жана баалоо, паспорттоштуруу боюнча чараларды көрөт;
- тейлөө объекттерин долбоорлоонун ченемдерине, курулуш пландарына жана жайгаштыруунун башкы схемаларына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жайгаштыруу, алардын ишин уюштуруу боюнча чараларды көрөт;
- жол тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечекке жол тармагын өнүктүрүүнүн инвестициялык программаларын түзүүгө катышат, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- заманбап талаптарга жооп берген инфраструктураны түзүүгө багытталган жол тармагы чөйрөсүндө бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзөт;
- чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаны жана автомобиль жолдору жаатындагы илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин изилдөөнү, республикада жол чарбасын андан ары өнүктүрүү үчүн аталган тажрыйбаны киргизүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана акы төлөмө автомобиль жолдорун (участокторун) оңдоо жана тейлөө боюнча иштерди уюштурат;
- жер участокторун акысыз пайдалануу жана алып коюу, анын ичинде сатып алуу жолу менен алып коюу, жер участокторун бекитип берүү, ошондой эле жол чарбасынын объекттерин куруу, автомобиль жолдорун жайгаштыруу, анын ичинде жер участокторунун жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин менчик ээлери жана укуктуу ээлери менен келишим түзүү максатында мамлекеттин муктаждыгы үчүн жерлерди же жер участокторун резервдөө, ошондой эле аталган жер участокторуна жана объекттерге тиешелүү укуктарды каттоо боюнча иштерди белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- автомобиль жолдоруна аталыштарды, идентификациялык номерлерди ыйгаруу, алардын узундугун эсептөө, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмесин түзүү, аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана андагы жасалма курулмалардын техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн, оңдоо, куруу, реконструкциялоо жана ченемдик тейлөө боюнча иштерге карата долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо, тизмесин түзүү, аталышын жана индекстерин ыйгаруу тартибин иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө жумшалуучу каржылоо ченемдерин иштеп чыгат;
- акы төлөмө автомобиль жолдорун жана жасалма курулуштарды пайдалануунун тартибин жана шарттарын иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде сырткы (визуалдык) жарнак объектилерин жайгаштыруу эрежелерин иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик эсепке алат;
- акы төлөмө автомобиль жолдорунун (участокторунун) ачылышын жана пайдаланышын контролдойт;
- автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүнүн тармактык программаларына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү пландаштырат;
- автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, учурдагы, орто аралык жана капиталдык оңдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификацияларын бекитет;
- шаар чегиндеги жана шаар аралык ички облустук автобустук каттамдарды белгиленген тартипте ачат жана жабат, ушул каттамдардын жүгүртмөсүн жана схемасын иштеп чыгат жана берет;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктү шаар чегиндеги жана шаар аралык регулярдуу автомобилдик ташуулардын маршруттук тармагын бекитет;
- автоташуучулардын жана станциялык курулмалардын, суу транспорт каражаттарынын реестрин (тизмесин) жүргүзөт;
- автомобиль транспортунда станциялык курулмаларды долбоорлоону, курууну жана башка жерге көчүрүүнү макулдаштырат;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобилдик катнаш жаатында эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында чет мамлекеттин аймагынан өтүүгө эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөдөн (өлкөлөрдөн) ташууларга ата мекендик ташуучуларга уруксат берүүчү бланктар менен алмашууну жүзөгө ашырат жана уруксат берүүнү камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде автомобиль транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташууну уюштуруу, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоо, автотранспорт каражаттарында эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы, айдоочулардын эмгегин жана эс алуусун уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди иштеп чыгат жана бекитет;
архитектура жана курулуш чөйрөсүндө:
- бюджеттик жана башка каражаттардын эсебинен каржыланган курулушу бүтө элек объекттердин курулушун бүтүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизалоо тартибин аныктайт;
- калктуу конуштарда жер участокторун тандоо жана планын даярдоо, жер участокторуна укуктарды берүүчү документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- имараттардын жана курулмалардын окторун жана чектерин, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун, ошондой эле чектөөлөрдүн сызыктуу параметрлерин жеринде (натуралай көрсөтүлүшүн) белгилейт;
- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноону жүргүзөт;
- бирдиктүү шаар куруу кадастрдык системаны түзөт;
- архитектуралык-шаар куруу тармагы жаатында документтерди иштеп чыгууга катышат жана аларды макулдашууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын аймактарынын башкы пландарын, өнүктүрүү схемаларын иштеп чыгууну камсыз кылат;
- өндүрүштүк жана турак жай-жарандык багыттагы объекттерди куруу үчүн эксперименттик, типтүү жана базалык долбоордук чечимдерди иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат, курулуш максаты үчүн прогрессивдүү технологияларды, жабдыктарды, приборлорду, машиналарды, механизмдерди жана инструменттерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- архитектуралык-шаар куруу иши жаатындагы иштин түрлөрүнө квалификациялык талаптарды жана лицензиялоо эрежелерин иштеп чыгат;
- турак жай-жарандык жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктураны изилдөө жаатында ченемдик-методикалык камсыздоону жүргүзөт;
- курулуштун наркын аныктоодо колдонулуучу баалардын өзгөрүү индексин иштеп чыгат жана бекитет;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржыланган социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура, турак жай куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча бирдиктүү заказчынын функциясын аткарат;
- архитектуралык-шаар куруу иши жаатында мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарат, бул программалардын илимий-техникалык жана тажрыйбалык-конструктордук иштерин калыптандырууга жана ишке ашырууга жана мамлекеттик максаттагы курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттеринин тизмесин түзүүгө катышат, алардын ишке ашырылышын контролдойт;
- энергия үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу жаатында программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле энергия үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган башка иш-чараларды Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат жана катышат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- жол-транспорт комплексинин инвестициялык процесстерин мамлекеттик жөнгө салууга жана инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө катышат, ушул маселелер боюнча эл аралык финансылык жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, уруксаттарды, сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берет, ошондой эле берилген уруксат документтеринин шарттарын жана талаптарынын сакталышын контролдойт (мониторинг жүргүзөт);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөмө автомобиль жолдору жана жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдарды алуу боюнча тарифтерди жөнгө салат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдарды алууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын кызыктар болгон мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнү жана аба мейкиндигин пайдаланууну уюштурат;
- автомобиль транспорту чөйрөсүндө айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин жана линиядагы жүргүнчүлөр транспортунун иш графигин макулдашат;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан станциялык курулмалардын ишин жөнгө салат;
- жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууну жөнгө салат, көрсөтүлгөн ташуулардын каттамдары боюнча кыймылдын жүгүртмөсүн макулдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө эл аралык макулдашуулардын талаптарына ылайык жүктөрдү ташууну жөнгө салат;
- жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн шаар аралык, шаар четиндеги жана шаардык автомобилдик ташууларды жөнгө салат, көрсөтүлгөн каттамдар боюнча автобустардын кыймылынын схемаларын жана жүгүртмөлөрүн жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары менен макулдашат, автобустук каттамдарды тейлөө укугуна конкурстарды (тендерлерди) (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) уюштурат, өткөрөт жана ташуучуга бекитип берет;
- суу транспорту чөйрөсүндө бекитилген программа боюнча кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочулардын билимин текшерет, ошондой эле сүзүүчү каражаттардын техникалык абалына экспертиза жүргүзөт;
- лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык архитектуралык-шаар куруу ишин лицензиялайт, тапшырылган лицензиялардын жана сертификаттардын реестрин жүргүзүү менен курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификат берет;
- архитектуралык-шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;
- техникалык жана автордук көзөмөлдү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда турак жай чөйрөсүнүн абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- турак жай курулушун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт жана координациялайт;
- мамлекеттик эмес эксперттик борборлорду аккредитациялайт жана архитектуралык-шаар куруу иши жаатындагы эксперттерди аттестациялайт;
- эгер мыйзамдарда башкача каралбаса, компетенциясына бул маселелер кирген башка аткаруу органдары менен макулдашуу боюнча архитектура, шаар куруу жана курулуш жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу, бекитүү, каттоо жана ишке киргизүү (ишин токтото туруу, жокко чыгаруу) тартибин белгилейт;
- калктуу конуштарда жана шаарларда курулуш иштерин жүргүзүү жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу тартибин даярдайт;
- шаарлардын жана калктуу конуштардын чек ара (чектерин) долбоорлорун макулдашат;
- шаар куруу документтеринин, курулуш иштерин жүргүзүү жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калктуу конуштарда жана рекреациялык зоналарда курулушту жана жер пайдаланууну жөнгө салат;
- тарыхый-маданий комплекстердин жана башка өзгөчө жөнгө салуу зоналарынын аймактарында курулуш маселелерин жөнгө салат;
- мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүү, жүргүзүү жана контролдоо ишин уюштурат;
- курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин белгиленген тартипте тастыктоону уюштурат;
- курулуш объекттеринин жана учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүнүн реестрин жүргүзөт;
- суу транспортунун реестрин жүргүзөт, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелердин сууда сүзүү коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү портторду, базаларды жана курулмаларды коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо маселелери боюнча ишкердик субъектилеринин ишин каттайт;
- "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына жооп берген чакан кемелердин классификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
3) координациялоо функциялары:
- Министрликтин ишинин белгиленген чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
- илимий-изилдөө, долбоорлоо-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштурат жана координациялайт, алардын натыйжаларын ишке киргизүүнү камсыздайт;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардан тышкары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрөт;
- ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрдүн финансы-чарбалык ишин, материалдык жана акчалай каражаттардын максаттуу багыты боюнча пайдаланышын, Министрлик тарабынан бекитилген чыгымдар сметасынын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тейлеген чөйрөлөрүндөгү калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялайт жана контролдойт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- шаар куруу ченемдеринин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана курулуш чөйрөсүндөгү башка ченемдик документтердин талаптарынын, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө, объекттерди реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо, курулушу бүткөрүлгөн объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштурууда, жарнамалык-маалыматтык такталарды орнотууда иштелип чыккан долбоордук документтердин сакталышына, ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүм билемдик менен курулган фактыларды аныктайт;
- суу транспорту, сүзүүчү каражаттар (анын ичинде пляждык зонада суу транспортун пайдалануу), темир жол транспорту, дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, айыл чарба, токой чарба тракторлору жана алардын чиркегичтери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзөт;
- чарбалык субъекттер (пансионаттар, санаториялар, эс алуу үйлөрү ж.б.) тарабынан суу объекттеринде жана суу аттракциондорунда адамдардын өмүрүн сактоо боюнча, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө коопсуз сууга түшүүчү жерлерди тосуу менен суу транспортун эксплуатациялоодо, анын ичинен суу транспортуна отургузуучу жана түшүрүүчү жерлерден сууга түшүүчү жерлердин бөлүнүшү боюнча коопсуздук талаптарынын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөйт жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сууда сүзүүчү каражаттардын, аларды токтотуу үчүн базалардын (курулмалардын) курулушун жана эксплуатацияланышын техникалык контролдоону камсыз кылат;
- кемелердин сүзүүсүн каттоонун, эсепке алуунун, кеме журналдарын жүргүзүүнүн, кемелерди, аларды токтотуу үчүн базаларды (курулмаларды) техникалык көзөмөлдөөнүн эрежелери жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык укуктун жана ченемдердин талаптарынын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүлөрдү координациялайт жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана аэродромдорунун сакталышын камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдойт, ошондой эле инфраструктураларды (имараттарды, курулмаларды, станциялык курулмаларды, жүк терминалдарын) жайгаштыруу жана куруу, контролдонуучу зонада карьерлерди иштетүү менен байланышкан маселелерди координациялайт;
- текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды белгиленген тартипте берет жана аларды жоюу үчүн мөөнөттөрдү белгилейт;
5) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүү боюнча консультация берет;
- жүргүнчүлөрдүн агымына, жолдорго жана жүргүнчүлүк транспорттун кыймылынын маршруттарынын схемасын жана расписаниелерин түзүүгө (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) мониторинг жүргүзөт;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
- жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сунуштарды иштеп чыгат, тиешелүү консультацияларды берет;
- станциялык курулмалар кызматтарынын кызматтарын жүргүнчүлөргө жана ташуучуларга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө долбоор алдындагы жана долбоордук документтерди иштеп чыгат жана берет, эксплуатациялоого берилүүчү курулушу бүткөн объекттердин шайкештигин баалайт;
- долбоордук-сметалык документтерди макулдашууну жүргүзөт;
- инженердик тармактарды аткаруучу тартууну жүргүзөт;
- мамлекеттик, региондор аралык же мамлекеттер аралык (эл аралык) маанидеги объекттерди курууга (аймактарды курууга) шаар куруу, архитектура-курулуш жана башка долбоордук (долбоордук-сметалык) документтерди карайт жана макулдашат;
- курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандайт жана жер участокторуна укуктарды берүүгө тийиштүү документтерди даярдайт;
- долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине белгиленген тартипте экспертиза жүргүзөт;
- конструкциялардын техникалык абалы, реконструкциялоо жана көлөмдүк-пландоочу чечимдерди өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө тиешелүү корутундуну берүү менен имараттарды жана курулмаларды, турак жай-жарандык, социалдык, маданий-тиричилик, өндүрүштүк багыттагы объекттерди, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктураларды изилдөөнү уюштурат;
- Министрликтин түзүмүнө кирбеген шайкештикти баалоо боюнча органдар тарабынан сертификатталган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатынын шайкештиги жөнүндө керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча корутунду берет;
- курулуш багытындагы жаңы продукциянын (курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар) курулуштагы коопсуздуктун белгиленген талаптарына жарактуулугунун деңгээлин аныктайт;
- сүзүүчү каражаттарды жана аларды токтотуу үчүн базаларды (курулмаларды) каттоо жана кайра каттоо жүргүзөт, алардын эксплуатациялоого жарактуулугун күбөлөндүрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин чегинде акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт;
6) колдоо функциялары:
- Министрликтин компетенциясынын чегинде финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;
- кирешелердин, чыгашалардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджеттин Министрликти, анын ичинде ведомстволук уюмдарды каржылоо бөлүгүндө аткарылышын уюштурат;
- ички контролдоо системасынын жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Министрликтин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- жарандардын жана уюмдардын Министрликтин маалыматтык ресурстарын пайдаланууга укуктарынын ишке ашырылышын камсыздайт;
- курулуш жаатындагы долбоорлорду жана ойлоп табууларды иштеп чыгууга катышкан архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жана башка адистердин автордук укуктарын коргойт;
- турак-жай коммуналдык чарба объекттеринин абалына мониторинг жүргүзөт;
- курулушу бюджеттик каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркынын туура аныкталышын, ошондой эле мындай корутундуну тариздөө тартибин текшерет;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ченемдердин аткарылышын камсыз кылат;
- курулуп жана эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын аварияларынын, кыйроолорунун себептерин изилдөө, өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы авариялык-калыбына келтирүү иштерин координациялоо боюнча комиссиялардын ишин уюштурууга катышат, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутунду берет;
- тиешелүү органдар менен биргеликте техникалык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензияларды, корутундуларды жана башка уруксат документтерин текшерүү боюнча иш-чараларга катышат;
- жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууну жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- жарандык авиация чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана жарандык авиация субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт;
- юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт.
14. Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
V глава. Министрликтин укуктары
15. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- өнүктүрүүнүн тармактык программаларын жана концепцияларын иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Министрликтин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон ички эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, регламенттерди, методикаларды, тартиптерди, колдонмолорду, реестрлердин формаларын, окуу программаларын, сунуштарды, техникалык шарттарды, ченемдерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, формаларды, талаптарды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Министрликтин ишинин белгиленген чөйрөсүндө чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
- Министрликти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана ишке ашырууга;
- Министрликтин компетенциясынын чегиндеги иштин маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өз компетенциясынын чегинде республикалык бюджеттин жана тейлөөчү тармактарды өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын жүзөгө ашырууга;
- ведомстволук объекттерди эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө, аларды кабыл алуу жөнүндө актыларды бекитүүгө;
- Министрликтин өз функцияларын аткаруусу үчүн кеңештерди, комиссияларды, техникалык комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, уруксаттарды, сертификаттарды, күбөлүктөрдү берүүгө, ошондой эле берилген уруксат документтердин шарттарынын сакталышын контролдоого (мониторинг жүргүзүүгө);
- сотторго доо жана арыздар менен кайрылууга, ошондой эле соттордо иштердин каралышына катышууга;
- юридикалык жана жеке жактарга тейлеген тармактар боюнча консультация берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Министрликтин ишинин тиешелүү чөйрөсүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү белгиленген тартипте тартууга;
- ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишине мониторинг жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарды текшерүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аныкталган бузууларды жоюу тууралуу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды (кабарлоону, көрсөтмөнү) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга берүүгө;
- мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген бузууларды мөөнөтүндө жоюуну талап кылууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузуулар жөнүндө иштерди карайт, юридикалык жана жеке жактарга айып пулдарды салат жана административдик жазалардын башка түрлөрүн колдонот;
- мыйзам бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар тарабынан жабдууларды жана материалдарды контролдук сыноолорду, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнү дайындоого;
- республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча өндүрүштүн, объектилердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, техникалык коопсуздук боюнча маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга (лицензия берүүчүлөргө) лицензиялардын колдонулушун токтото туруу же болбосо аларды кайра сурап алуу, ошондой эле уруксаттын (күбөлүктүн) колдонулушунун шарттары аткарылбаган же болбосо эгерде жазык жоопкерчилигине алып келбесе техникалык коопсуздук талаптарын одоно бузуу аныкталган учурда уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же кайра сурап алуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштарды берүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү токтото турууга же тыюу салууга:
адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу техникалык коопсуздук талаптарын бузууда юридикалык жана жеке жактардын объекттерин (жумуштарды), айрым өндүрүштүк бөлүмдөрүн жана жабдууларын эксплуатациялоого;
объекттерди өзүм билемдик менен курууга жана бекитилген кабыл алуу актысы жок объекттерди эксплуатациялоого, ошондой эле мыйзамдын жана башка ченемдик документтердин талаптарын бузуу менен ишке ашырылып жаткан объектти курууга, реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга жана эксплуатациялоого, башка жумуштарга;
тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген учурларда транспорт каражаттарын (жерде жүрүүчү), жабдууларды жана алардын компоненттерин эксплуатациялоого, ошондой эле аларды жүгүртүүгө чыгарууга;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте бузуунун кошумча укуктук чараларын колдонууга;
- техникалык коопсуздукту бузуу боюнча түшүндүрүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине техникалык коопсуздуктун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуштарды берүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте айырмалоочу белгиси бар бекитилген үлгүдөгү ведомстволук форма кийүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
транспорт жана шаар куруу чөйрөсүндөгү техникалык коопсуздук жаатында контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү боюнча;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзамга каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзамга каршы келүүчү чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактысы боюнча түшүндүрмө алууга;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына транспорт жана шаар куруу чөйрөсүндөгү аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө милдеттүү эскертүүлөрдү жиберүүгө жана мындай бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрүн белгилөөгө;
- лицензиялык жана сертификаттык талаптарды бузуу фактылары боюнча лицензияларды жана квалификациялык сертификаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра сурап алууга же колдонулушун токтото турууга;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкердик субъекттеринин жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин токтото турууга жана жокко чыгарууга;
- келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинде чет өлкөлүк) ишке тартууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырууга;
- белгиленген тартипте Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүүгө;
- Министрликтин тейлеген чөйрөлөрүндө илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгууга;
- Министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу үчүн, ошондой эле Министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
- өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эрежелерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, башка актыларды бекитүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;
- белгиленген тартипте кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча окутуунун жана талкуулоонун башка формаларын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралган министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;
жол-транспорттук комплекс чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйымдардын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- экстремалдык шарттарда (жагымсыз аба-ырайылык-климаттык шарттар, табигый кырсыктар, өрт, автомобиль жолдорунун көтөрүмдүүлүгүнүн жоголушу), ошондой эле оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бул тууралуу кабарлоо менен транспорт каражаттарынын андан аркы кыймылын чектөөгө же тыюу салууга;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун (участокторун) куруу, оңдоо жана күтүү боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды курууга, реконструкциялоого жана оңдоого долбоордук документтерди бекитүү;
- авиа ташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбалык субъекттерин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана аба транспортун эксплуатациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жазаларды колдонуу менен жүргүзүү.
архитектура жана курулуш чөйрөсүндө:
төмөнкүлөрдү аныктоочу ченемдик техникалык документтерди мыйзамда белгиленген тартипте өз алдынча кабыл алууга:
- долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин;
- курулуштун коопсуздугуна таасир этүүчү инженердик изилдөөлөр, долбоордук документтерди даярдоо жана куруу боюнча иштердин түрлөрүнүн тизмегин;
- курулуш объекттерине долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу жана макулдашуу тартибин;
- колдонуунун натыйжасында курулушта коопсуздук талаптарын сактоо камсыз кылынуучу курулуш ченемдерин жана курулуш эрежелерин, башка ченемдик техникалык документтерди;
- курулушу бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо пайдаланылууга тийиш болгон сметалык ченемдерди иштеп чыгуу тартибин;
- курулушу бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо пайдаланылууга тийиш болгон сметалык ченемдердин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
- турак жайларды пайдалануу эрежелерин даярдоону;
- турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуу тартибин;
- турак жайды кайра түзүү жана (же) кайра пландоо жөнүндө арыздын формасын;
- турак жайды кайра түзүүнү жана (же) кайра пландоону макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастоочу документтин формасын;
- турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу же которуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастоочу документтин формасын;
- бардык жайлары мамлекеттин менчигинде болгон көп батирлүү үйдү башкаруу тартибин;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, коммуналдык комплекс уюмдарынын иши чөйрөсүндөгү тарифтерди жана үстөктөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
- имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугунун талаптарын;
- көп батирлүү үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугунун классын аныктоонун эрежелерин;
- Министрликтин кызматкерлерин кесиптик даярдоого, аларды кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкалоого карата талаптарды;
- Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндөгү республикалык, максаттуу жана ведомстволук программаларды ишке ашыруу бөлүгүндө мамлекеттик заказчынын (координатордун) функцияларын;
- товарларды жеткирип берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө, илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштерди жүргүзүүгө заказдарды жайгаштыруу, мамлекеттик контракттарды, келишимдерди жана Министрликтин муктаждыктарын жана Министрликтин белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүү тартибин;
- Министрликтин ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик мүлккө, анын ичинде Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө бекитилип берилген мүлктөргө карата менчик ээсинин ыйгарым укуктарын;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин экономикалык натыйжалуулугун талдоо жана алардын ишинин экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү тартиби;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык ишин жана мүлктүк комплексинин пайдаланылышын текшерүү тартибин;
- Министрликти, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарын башкы бөлүштүрүүчүнүн жана алуучунун функцияларын жана Министрликке жүктөлгөн функцияларды;
- коюлган талаптар ченемдик документтер менен толук же жарым-жартылай регламенттелбеген жана имараттардын, курулмалардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү көз каранды болгон жаңы продукцияны курулушта пайдалануу үчүн жарактуулугун ырастоо тартибин;
- долбоордук документтерди экспертизалоонун жана (же) инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларын экспертизалоонун корутундуларын даярдоо укугуна жеке жактарды аттестациялоону (кайра аттестациялоону) жүргүзүү тартибин;
- курулуш объекттерине долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн атайын техникалык шарттарды белгиленген тартипте макулдашуу тартибин.
VI глава. Министрликтин ишин уюштуруу
16. Министрликти мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри (мындан ары - министр) жетектейт.
17. Министрликте статс-катчы жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
18. Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган, алардын бири биринчи болуп эсептелет.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
Министр жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.
19. Министр:
- жеке башчылыктын негизинде Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жана белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;
- министрдин, статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт, аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, ыкчам, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча Министрликтин системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- Министрликтин мамлекеттик кызматчыларын, Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башка кызматкерлерин, Министрликтин региондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Министр Министрликтин каражаттарын тескөө жана мүлкүн башкаруу, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзүү, Министрликтин ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды Министрликтин ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрдүн, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрликтин бардык бөлүмдөрү үчүн милдеттүү болгон буйруктарды кабыл алат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ишканаларынын жана уюмдарынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдардын сметасын бекитет.
Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, региондук жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин иш регламентин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук бөлүмдөр, ишканалар жана уюмдар жөнүндө жоболордун (уставдардын) долбоорлорун берет;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- мыйзамда аныкталган чекте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзөт;
- Министрликтин кызматкерлери үчүн компенсацияларды белгилейт;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин докладдарын жана билдирүүлөрүн угат, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кеңешмелерди өткөрөт;
- ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөргө, ишканаларга жана уюмдарга тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана башка адамдарды белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жарандык кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат жана кызматы боюнча жарандык коргонуунун начальниги болуп эсептелет;
- өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
20. Министрликте курамы 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча министр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары коллегия мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегиянын жекече курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын макулдугу менен министр бекитет. Коллегиянын курамына Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилери, башка министрликтердин жана административдик ведомстволордун, жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Министрликтин коллегиясы Министрликтин ишинин эң эле маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана министрдин буйругу менен ишке ашырылат. Коллегиянын иш тартиби министр бекитүүчү жобо менен аныкталат.
эскертүүсү: Берилген Жобонун 20-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 20-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
21. Министрликте техникалык коопсуздук, авариялуулуктун алдын алуу, шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу, Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелер боюнча илимий-техникалык, архитектуралык, шаар куруу жана техникалык кеңештер түзүлөт.
Кеңештердин курамын жана алар жөнүндө жоболорду министр бекитет.
22. Ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөр өз иштерин өз алдынча жүргүзүшөт жана Министрликке түздөн-түз баш ийет жана анын алдында өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.
23. Министрликтин кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттуулук формаларын пайдаланышат.
Министрликтин кызмат адамдарынын бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүктөрү, ошондой эле жеке номери бар мөөрү болот.
Министрликтин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткарууда ээлеген кызматына жараша айырмалоочу белгилери бар белгиленген форманы кийүүгө тийиш.
24. Министрликте мамлекеттик жарандык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
25. Министрликтин Казыналык системасында атайын жана депозиттик эсеби болот.
26. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналган коомдук кеңеш түзүлөт.
VII глава. Корутунду жоболор
27. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Министрлик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.