Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-марты № 92
Минск шаарында 2014-жылдын 30-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн инженердик аскерлеринин миналарды гуманитардык зыянсыздандыруу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Минск шаарында 2014-жылдын 30-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн инженердик аскерлеринин миналарды гуманитардык зыянсыздандыруу жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |