Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-марты № 97
Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынан (эл аралык транзит жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдарды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө, ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Тиркеме |
Минералдык жер семирткичтердин ТИЗМЕГИ

ЕАЭБ ТЭИ ТН | Позициялардын аталышы |
3101 00 000 0 | Жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер, аралаш же аралашпаган, химиялык жол менен иштетилген же иштетилбеген; өсүмдүк же жаныбарлардан алынган продуктуларды аралаштыруу же химиялык иштетүү жолу менен алынган жер семирткичтер |
3102 10 100 0 | Кургак суусуз продуктуга кайра эсептөөдө 45 мас. %дан жогору азот камтылган мочевина |
3102 10 900 0 | Башка мочевина, анын ичинде суу эритмесинде |
3102 21 000 0 | Аммоний сульфаты |
3102 29 000 0 | Башка кош туздар жана аммоний сульфатынын, аммоний нитратынын аралашмасы |
3102 30 100 0 | Аммоний нитратынын суудагы эритмеси |
3102 30 900 0 | Башка аммоний нитраты |
3102 40 100 0 | 28 мас. %дан жогору эмес азот камтылган аммоний нитратынын кальций карбонаты же жер семирткич болуп эсептелбеген башка органикалык эмес заттар менен аралашмасы |
3102 40 900 0 | 28 мас. %дан жогору эмес азот камтылган аммоний нитратынын кальций карбонаты же жер семирткич болуп эсептелбеген башка органикалык эмес заттар менен аралашмасы |
3102 50 000 0 | Натрий нитраты |
3102 60 000 0 | Кальций нитраты жана аммоний нитратынын кош туздары жана аралашмалары |
3102 80 000 0 | Мочевина жана аммоний нитратынын суу же аммиак эритмесиндеги аралашмалары |
3102 90 000 0 | Мурунку субпозицияларда аталбаган аралашмаларды кошкондо минералдык же химиялык азоттук башка жер семирткичтер |
3103 11 000 0 | 35 мас. % же андан жогору дифосфор пентаоксиди камтылган суперфосфаттар |
3103 19 000 0 | Башка суперфосфаттар |
3103 90 000 0 | Минералдык же химиялык, фосфордук башка жер семирткичтер |
3104 20 100 0 | Кургак суусуз продуктуда К20га карата кайра эсептөөдө калийдин камтылышы 40 мас. %дан жогору эмес калий хлориди |
3104 20 500 0 | Кургак суусуз продуктуда К20га карата кайра эсептөөдө калийдин камтылышы 40 мас. %дан жогору, бирок 62 мас. %дан жогору эмес калий хлориди |
3104 20 900 0 | Кургак суусуз продуктуда К20га карата кайра эсептөөдө калийдин камтылышы 62 мас. %дан жогору калий хлориди |
3104 30 000 0 | Калий сульфаты |
3104 90 000 1 | Карналлит |
3104 90 000 9 | Башкалар, минералдык же химиялык, калий жер семирткичтери |
3105 10 000 0 | Таблеткадагы же ага окшош формадагы же брутто салмагы 10 кг ашпаган таңгактагы ушул топтун товарлары |
3105 20 100 0 | Кургак суусуз продуктуга кайра эсептөөдө 10 мас. %дан жогору азот менен минералдык же үч азыктандыруучу элемент: азот, фосфор жана калий камтылган химиялык жер семирткичтер |
3105 20 900 0 | Үч азыктандыруучу элемент: азот, фосфор жана калий камтылган минералдык же химиялык башка жер семирткичтер |
3105 30 000 0 | Диаммоний суутек фосфаты (диамоний фосфаты) |
3105 40 000 0 | Аммонийдин эки суутек фосфаты (моноаммоний фосфаты) жана анын диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) менен аралашмасы |
3105 51 000 0 | Нитрат менен фосфаты бар эки азыктандыруучу элемент: азот жана фосфор камтылган минералдык же химиялык башка жер семирткичтер |
3105 59 000 0 | Эки азыктандыруучу элемент: азот жана фосфор камтылган башка минералдык же башка химиялык жер семирткичтер |
3105 60 000 0 | Эки азыктандыруучу элемент: фосфор жана калий камтылган минералдык же химиялык жер семирткичтер |
3105 90 200 0 | Башка жер семирткичтер: кургак, суусуз продуктуга кайра эсептөөдө 10 мас. %дан жогору азот камтылган жер семирткичтер |
3105 90 800 0 | Башка жер семирткичтер |
Эскертүү:
- ТЭИ ТН кодун, ошондой эле жер семирткичтердин аталыштарын да жетекчиликке алуу зарыл;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн органикалык, биоорганикалык жана органикалык минералдык жер семирткичтердин экспортуна төмөнкүлөрдүн негизинде уруксат берилет:
- алып чыгуучу товардын ар бир партиясына карата Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги тарабынан берилүүчү экспорттун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жана ушул товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле алып чыгуучу уюмдар жөнүндө маалымат камтылган корутунду;
- товардын Кыргыз Республикасында чыгарылгандыгы жөнүндө сертификаттын бар экендиги.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 83 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ