Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-марты № 98
Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 262, 2024-жылдын 19-мартындагы № 120, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 , 2025-жылдын 24-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга, Кыргыз Республикасы менен аталган конвенцияларга катышкан мамлекеттердин ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам маселелери боюнча эки тараптуу эл аралык келишимдерге жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам бөлүгүндө 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны, Кыргыз Республикасы менен аталган конвенцияларга катышкан мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери боюнча эки тараптуу эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат алуу маселелери боюнча документтерди тариздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сот чечимдерин таануу жана аткаруу, көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин жиберүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы (макулдашуу боюнча);
- мурастоо иштери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 120, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 24-декабрындагы № 824 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Суроо-талаптарды аткаруу үчүн төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга ведомстволук караштуулугу боюнча кароого жиберүү үчүн, ошондой эле суроо-талаптардын демилгечилерине жоопторду жөнөтүү үчүн - 10 жумуш күн;
- суроо-талапты кароо карамагына кирген мамлекеттик органдарда жана уюмдарда - 10 жумуш күн.
Ушул пунктта аталган мөөнөттөр эгерде суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болсо, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана мурас иштери боюнча суроо-талаптарга колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын аймагында соттун чечимдерин таануу жана аткаруу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде аныкталган мөөнөттө ишке ашырылат.
4. Суроо-талапты аткаруу карамагына кирген мамлекеттик органдар жана уюмдар төмөнкүлөрдү ишке ашырат деп белгиленсин:
- суроо-талаптарга жоопторду түздөн-түз суроо-талаптын демилгечилерине даректейт;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган эл аралык келишимдерге ылайык жооптордун жана аларга тиркелген документтердин расмий тилде даярдалышын камсыздашат. Эгерде тиркелген материалдар мамлекеттик тилде түзүлгөн болсо, аларга расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормолор тиркелет.
5. Кыргыз Республикасы менен 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам жөнүндө эки тараптуу эл аралык келишимдердин алкагындагы суроо-талаптарды аткарууда ушул токтомдун 3 жана 4-пункттары колдонулат деп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 120 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетине ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында аталган мамлекеттик органдардын тизмеги жөнүндө кабарласын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |