Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-марты № 100
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 19 "Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ижаранын шарттарында мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Саламаттык сактоо системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 19 "Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ижаранын шарттарында мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 3/11 - Суеркулов көчөсү, 1/3 дареги боюнча жайгашкан объектини максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги N 29-30 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |