Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жакшыртуу чараларына ылайык келтирүү, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) улуттук коопсуздук органдарынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - ушул органдын жетекчисинин буйруктары менен, ал эми улуттук коопсуздук органынын Чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары);";
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 61-пунктта:
- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда улуттук коопсуздук органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн, ошондой эле ведомстволук мекемелеринин жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;";
9-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 72-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Чек ара кызматынын офицерлери Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен ээлеген кызматынан бошотулушу жана карамагына киргизилиши мүмкүн (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына офицерлерди кызмат орундарынан бошотуу жана аларды карамагына киргизүү боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу.";
- 90-пунктта:
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) өзгөчө кырдаалдар органында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин буйруктары менен;";
төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) улуттук коопсуздук органында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен;
Чек ара кызматында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерге аскердик наамдарды берүү боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;";
10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) ушул Жобонун 82-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн жарандарга аскердик наамды аскердик кызматка аныктоодо коргоо, улуттук коопсуздук органынын жана Чек ара кызматынын жетекчиси ыйгарат.";
- 111-пунктта:
3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине прапорщиктерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;";
- 186-пунктта:
5 жана 6-пунктчалары "улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча" деген сөздөрдөн кийин "(Чек ара кызматында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча);" деген сөздөр менен толукталсын;
61-пунктчасы "мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча" деген сөздөрдөн кийин "(Чек ара кызматында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы "мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча" деген сөздөрдөн кийин "(Чек ара кызматында улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 190-пункту "тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчилеринин" деген сөздөрдөн кийин Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды
Премьер-министр | У.А.Марипов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2024-жылдын 27-августундагы № 509, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785, 2025-жылдын 30-апрелиндеги №245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жакшыртуу чараларына ылайык келтирүү, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)