Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-марты № 110
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо механизмин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибинде:
- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:
"25-1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомунун 3-пунктуна ылайык Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |