Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-марты № 119
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Суу фондунун жерлери" жана "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы корутундусун, Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 23-июлундагы № 236-б чечимин, Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 1-июнундагы № 1-5/141-б, Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 27-майындагы № 13, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы № 58 токтомун, Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы № 287 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 66343 кв.м (6,6343 га) жерлер электр берүү линиясын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Суу фондунун жерлери" жана "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинде:
- 34873 кв.м (3,4873 га) - Баткен району боюнча:
Ак-Татыр айыл аймагы - 6469 кв.м (0,6469 га) кайрак айдоо жерлери (№ 4235, № 4421, № 4442, № 5302, № 5384, № 5481, № 5485, № 5499, № 5514, № 5520 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Ак-Сай айыл аймагы - 784 кв.м (0,0784 га) сугат айдоо жерлери (№ 682 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кара-Булак айыл аймагы - 2761 кв.м (0,2761 га) кайрак айдоо жерлери (№ 2626, № 2680 контурлар); 1161 кв.м (0,1161 га) аңыз жерлер (№ 1662, № 1665, № 4146 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Төрткүл айыл аймагы - 625 кв.м (0,0625 га) (№ 399 контур) "Суу фондунун жерлери" категориясынан;
Самаркандек айыл аймагы - 3076 кв.м (0,3076 га) кайрак айдоо жерлери (№ 4453, № 5384, № 5511 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Баткен токой чарбасы - 761 кв.м (0,0761 га) көп жылдык өсүмдүктөр (№ 855, № 856 контурлар); 15635 кв.м (1,5635 га) жайыттар (№ 124, № 129, № 130, № 145, № 146, № 147, № 148, № 149, № 797, № 799, № 800, № 801, № 803, № 817, № 819, № 820, № 823, № 4924 контурлар) "Токой фондунун жерлери" категориясынан;
Баткен шаары - 3601 кв.м (0,3601 га) жайыттар (№ 595, № 629, № 633 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
- 9920 кв.м (0,9920 га) - Лейлек району боюнча:
Лейлек айыл аймагы - 1122 кв.м (0,1122 га) сугат айдоо жерлери (№ 218, № 247, № 250 контурлар); 2085 кв.м (0,2085 га) кайрак айдоо жерлери (№ 65, № 131, № 192, № 218 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Сүлүктү шаары - 5896 кв.м (0,5896 га) жайыттар (№ 4, № 11, № 15, № 49, № 458, № 473, № 477, № 484, № 489, № 652 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Исфана шаары - 685 кв.м (0,0685 га) жайыттар (№ 1, № 49 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Лейлек токой чарбасы - 132 кв.м (0,0132 га) жайыттар (№ 6 контур) "Токой фондунун жерлери" категориясынан;
- 21550 кв.м (2,1550 га) - Кадамжай району боюнча:
Алга айыл аймагы - 324 кв.м (0,0324 га) сугат айдоо жерлери (№ 1284 контур) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Ак-Турпак айыл аймагы - 929 кв.м (0,0929 га) сугат айдоо жерлери (№ 2108, № 2117, № 2496, № 2499 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан;
Кадамжай шаары - 20297 кв.м (2,0297 га) жайыттар (№ 159, № 161, № 163, № 175, № 176, № 281, № 283, № 285, № 360, № 361, № 363, № 367, № 368, № 395, № 554, № 556, № 573, № 575, № 576, № 578, № 579, № 580, № 581, № 590, № 919, № 937, № 991, № 1484, № 1485, № 1488, № 1705, № 1760, № 1763, № 1767, № 1768 контурлар) "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан.
2. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектилерди курууда төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча иштерди уюштуруу;
- археологиялык көзөмөл жүргүзүүгө археолог адистерди тартуу.
3. Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун мамлекеттик администрациялары жана Баткен, Сүлүктү, Исфана, Кадамжай шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу боюнча документтерди иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммаларын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |