Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 8
Самаркандек айылынын Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Самаркандек айылдык кеңешининин V чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Самаркандек айылынын Орто-Сай участогунун жашоочуларынын 2022-жылдын 22-февралындагы жыйынынын № 1 протоколунун чечимине ылайык Орто-Сай участогуна айыл статусун берүүгө макулдук берет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: |
| М. Тулаев |