Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-апрели № 138
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору (мындан ары - Борбор) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун штаттык саны кенже тейлөө персоналын кошпогондо, 17 штаттык бирдик өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын, ишин техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 19000 |
2 | Директордун орун басары | 18500 |
3 | Эксперт | 17000 |
4 | Финансы боюнча адис | 15000 |
5 | Кадрлар жана иш кагаздар боюнча адис | 15000 |