Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун (мындан ары - Борбор) иш тартибин аныктайт.

2. Борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделип, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат. Борбор ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.

4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдик мөөргө, штампка жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка визуалдык индивидуалдаштыруу каражаттарына ээ.
6. Борбор өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк системасында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Борбор өз милдеттерин аткарууда жана өз укуктарын жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташат.
8. Борбор өз атынан бүтүмдөрдү чыгарууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, ошондой эле милдеттенмелерди алууга жана жүзөгө ашырууга укуктуу, ошондой эле сотто Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доогер же жоопкер катары чыгат.
9. Борбор ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
10. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматкер болуп саналбайт.
11. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору";
- расмий тилде: "Центр перевода Правительства Кыргызской Республики".
12. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
13. Борбордун максаты Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдардын документтерин илимий, техникалык, медициналык, укуктук, экономикалык жана башка тексттерди (анын ичинде товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалыматтарды (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) тилдерге борборлоштуруп которууну камсыз кылуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эл аралык келишимдеринин жана башка документтердин, юридикалык жана жеке жактардан алынган документтердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун расмий тилден мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилден расмий тилге котормосун уюштуруу;
2) илимий, техникалык, медициналык, юридикалык, экономикалык, ошондой эле башка тексттерди, анын ичинде товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматты (этикеткалардын, маркалоонун тексттери, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт) мамлекеттик (кыргыз) жана/же расмий (орус) тилдерге которуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын мамлекеттик (кыргыз) тилге которуу боюнча кызмат көрсөтүү.

3-глава. Борбордун ыйгарым укуктары
15. Борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) бюджеттик жана ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы уюмдардын кайрылуулары боюнча котормо процессин уюштурат, которулган материалдарды экспертизадан өткөрөт;
3) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө иштеген котормочулардын маалымат базасын жүргүзөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү тиешелүү мекемелер жана уюмдар менен кызматташат;
4) алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен илимдин жана техниканын жетишкендиктерин колдонууну камсыз кылат;
5) түздөн-түз которууга адистешкен кесипкөй котормочулар жана уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта котормо ишин уюштурат;
6) Борборго бөлүнгөн кредиттерди, гранттарды жана башка финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) мамлекеттик жана муниципалдык, саясий кызматкерлердин, котормочулардын, редакторлордун, лингвист-эксперттерди, окутуучулардын дасыгын жогорулатуу үчүн окутуу программаларын, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгат жана илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо-сынактарды, илимий-методикалык иш-чараларды өткөрөт;
10) өзүнүн иши жөнүндө калкка маалымдоону, өзүнүн веб-сайтын түзүүнү жана маалыматтарды коомдук веб-сайтка жайгаштырууну жана ал маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап турууну камсыз кылат;
11) Борбордун түзүмүн жана ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт, котормо стандарттары боюнча сунуштарды даярдайт;
12) Борбордун ишине байланыштуу жарандардын келип түшкөн кайрылууларын белгиленген тартипте карайт жана чараларды көрөт;
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалыматтарды (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) орус тилинен кыргыз тилине которууну ишке ашырат;
15) Кыргыз Республикасында иштин ар кандай иш чөйрөлөрүнө байланыштуу өнүгүү концепцияларын жана максаттуу программаларын иштеп чыгууга катышат;
16) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
17) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18) котормочулук иш боюнча Борбордун атынан сынактарды өткөрүү жөнүндө конкурс жарыялайт;
19) эл аралык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле мамлекеттик мекеме-уюмдар өткөргөн конкурстарга жана тендерлерге катышат;
20) мамлекеттик заказдын же жеке адамдардын заказынын негизинде котормо кызматын келишимдик негизде көрсөтөт, которулган материалдарга экспертиза жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн расмий документтерди, келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын которуу боюнча кызмат көрсөтөт;
21) котормо ишинин теоретикалык жана практикалык маселелери боюнча усулдук колдонмолорду даярдоого катышат;
22) өзүнүн иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
23) ишинин багыттарына ылайык корутунду берет, талдоо жана жалпылоо жүргүзөт, аналитикалык материалдарды даярдайт, сунуштарды киргизет;
24) котормо тармагын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана семинарларды уюштурат;
25) тиешелүү эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин тиешелүү органдары менен кызматташат, адистерди дасыгын жогорулатуу үчүн жөнөтөт жана аларды чакырат;
26) жумушчу, башка топторду жана комиссияларды түзөт;
27) белгиленген тартипте эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартат;
28) келишимдик негизде Борбордун кызматкерлерин окутуу, консультациялоо жана башка максаттарга адистерди ишке тартат;
29) эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн Борбордун кызматкерлерин иш сапарларга жиберет;
30) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте керектүү маалыматты сурап алат;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай жеке жана юридикалык жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Борбордун ишин башкаруу
16. Борбордун ишин директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары болот, ал Борбордун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Борбордун Директору жок болгон учурда директордун орун басары Борбордун директорунун милдетин аткарат.

17. Борбордун директору:
1) Борбордун ишин жетектейт, Борборго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана анын ишинин жыйынтыктарына жооптуу болот;
2) Борбордун директорунун орун басарынын жана башка кызматкерлеринин иш милдеттерин аныктайт, ошондой эле Борбордун штаттык ырааттамасын бекитет;
3) Борбордун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;
4) Борбордун кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык көрөт;
5) Борбордун иш планын жана бюджетин, чыгымдардын сметасын бекитет;
6) Борбор тарабынан кызмат көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдерге кол коет;
7) эмгек келишиминин негизинде адистерди жумушка кабыл алат;
8) Борбордун финансы-бухгалтердик жана өндүрүштүк ишине жетекчилик кылат, кол коюу үчүн өзгөчө укукка ээ, ишеним катсыз келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимин түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, ушул Жободо белгиленген чекте каражаттарды тескөө укугун пайдаланат;
9) Борбордун кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана башка ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт, аларды сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алат;
10) жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенет.

5-глава. Борбордун финансы-чарбалык иши жана мүлкү
18. Борбордун финансы-чарбалык каражаттары төмөнкү булактардан турат:
1) илимий, техникалык, медициналык, укуктук, экономикалык жана башка тармактардагы тексттерди которуу, редакциялоо, тердирүү, чыгарып берүү кызматын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардан;
2) банктардын жана башка кредиторлордун гранттарынан, кредиттеринен;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярлуу төгүмдөрүнөн;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан.
19. Борбордун кирешеси тиешелүү салыктардан жана башка төлөмдөрдөн кийин төмөнкүлөргө жумшалат:
1) жабдууларды сатып алууга, сөздүктөрдү түзүүгө жана чыгарууга;
2) Борбордун материалдык-техникалык базасын чындоого;
3) Борборду күтүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө;
4) Борбордун кызматчыларына эмгек акы, калем акы, сый акы төлөөгө материалдык жактан колдоо үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Борбордун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.
Борбор мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга укуктуу.
6-глава. Борбордун отчеттуулугу
21. Борбор өз ишин бекитилген иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана жыл сайын алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына отчет берет.

22. Борбор өз ишинин экономикалык, бухгалтердик жана статистикалык натыйжаларын эсебин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
7-глава. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу
23. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Борбордун ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 138 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун (мындан ары - Борбор) иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделип, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат. Борбор ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдик мөөргө, штампка жана белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана башка визуалдык индивидуалдаштыруу каражаттарына ээ.
6. Борбордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Борбор өз милдеттерин аткарууда жана өз укуктарын жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташат.
8. Борбор өз атынан бүтүмдөрдү чыгарууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, ошондой эле милдеттенмелерди алууга жана жүзөгө ашырууга укуктуу, ошондой эле сотто Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык доогер же жоопкер катары чыгат.
9. Борбор ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
10. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматкер болуп саналбайт.
11. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору";
- расмий тилде: "Центр перевода Кабинета Министров Кыргызской Республики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
13. Борбордун максаты Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдардын документтерин илимий, техникалык, медициналык, укуктук, экономикалык жана башка тексттерди (анын ичинде товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалыматтарды (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) тилдерге борборлоштуруп которууну камсыз кылуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эл аралык келишимдеринин жана башка документтердин, юридикалык жана жеке жактардан алынган документтердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун расмий тилден мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилден расмий тилге котормосун уюштуруу;
2) илимий, техникалык, медициналык, юридикалык, экономикалык, ошондой эле башка тексттерди, анын ичинде товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматты (этикеткалардын, маркалоонун тексттери, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт) мамлекеттик (кыргыз) жана/же расмий (орус) тилдерге которуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын мамлекеттик (кыргыз) тилге которуу боюнча кызмат көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Борбордун ыйгарым укуктары
15. Борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) бюджеттик жана ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы уюмдардын кайрылуулары боюнча которуу жана редакциялоо процессин уюштурат, которулган материалдарды экспертизадан өткөрөт;
3) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө иштеген котормочулардын маалымат базасын жүргүзөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү тиешелүү мекемелер жана уюмдар менен кызматташат;
4) алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен илимдин жана техниканын жетишкендиктерин колдонууну камсыз кылат;
5) түздөн-түз которууга адистешкен кесипкөй котормочулар жана уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта котормо ишин уюштурат;
6) Борборго бөлүнгөн финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) мамлекеттик жана муниципалдык, саясий кызматкерлердин, котормочулардын, редакторлордун, лингвист-эксперттерди, окутуучулардын дасыгын жогорулатуу үчүн окутуу программаларын, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгат жана илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо-сынактарды, илимий-методикалык иш-чараларды өткөрөт;
10) өзүнүн иши жөнүндө калкка маалымдоону, өзүнүн веб-сайтын түзүүнү жана маалыматтарды коомдук веб-сайтка жайгаштырууну жана ал маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап турууну камсыз кылат;
11) Борбордун түзүмүн жана ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт, котормо стандарттары боюнча сунуштарды даярдайт;
12) Борбордун ишине байланыштуу жарандардын келип түшкөн кайрылууларын белгиленген тартипте карайт жана чараларды көрөт;
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалыматтарды (товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоосу, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорту) орус тилинен кыргыз тилине которууну ишке ашырат;
15) Кыргыз Республикасында иштин ар кандай иш чөйрөлөрүнө байланыштуу өнүгүү концепцияларын жана максаттуу программаларын иштеп чыгууга катышат;
16) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
17) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18) котормочулук иш боюнча Борбордун атынан сынактарды өткөрүү жөнүндө конкурс жарыялайт;
19) эл аралык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле мамлекеттик мекеме-уюмдар өткөргөн конкурстарга жана тендерлерге катышат;
20) мамлекеттик заказдын же жеке адамдардын заказынын негизинде котормо кызматын келишимдик негизде көрсөтөт, которулган материалдарга экспертиза жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн расмий документтерди, келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын которуу боюнча кызмат көрсөтөт;
21) котормо ишинин теоретикалык жана практикалык маселелери боюнча усулдук колдонмолорду даярдоого катышат;
22) өзүнүн иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
23) ишинин багыттарына ылайык корутунду берет, талдоо жана жалпылоо жүргүзөт, аналитикалык материалдарды даярдайт, сунуштарды киргизет;
24) котормо тармагын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана семинарларды уюштурат;
25) тиешелүү эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин тиешелүү органдары менен кызматташат, адистерди дасыгын жогорулатуу үчүн жөнөтөт жана аларды чакырат;
26) жумушчу, башка топторду жана комиссияларды түзөт;
27) белгиленген тартипте эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартат;
28) келишимдик негизде Борбордун кызматкерлерин окутуу, консультациялоо жана башка максаттарга адистерди ишке тартат;
29) эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн Борбордун кызматкерлерин иш сапарларга жиберет;
30) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте керектүү маалыматты сурап алат;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай жеке жана юридикалык жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Борбордун ишин башкаруу
16. Борбордун ишин директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары болот, ал Борбордун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Борбордун Директору жок болгон учурда директордун орун басары Борбордун директорунун милдетин аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Борбордун директору:
1) Борбордун ишин жетектейт, Борборго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана анын ишинин жыйынтыктарына жооптуу болот;
2) Борбордун директорунун орун басарынын жана башка кызматкерлеринин иш милдеттерин аныктайт, ошондой эле Борбордун штаттык ырааттамасын бекитет;
3) Борбордун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызматтан бошотот;
4) Борбордун кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык көрөт;
5) Борбордун иш планын жана бюджетин, чыгымдардын сметасын бекитет;
6) Борбор тарабынан кызмат көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдерге кол коет;
7) эмгек келишиминин негизинде адистерди жумушка кабыл алат;
8) Борбордун финансы-бухгалтердик жана өндүрүштүк ишине жетекчилик кылат, кол коюу үчүн өзгөчө укукка ээ, ишеним катсыз келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимин түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, ушул Жободо белгиленген чекте каражаттарды тескөө укугун пайдаланат;
9) Борбордун кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана башка ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт, аларды сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алат;
10) жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Борбордун кызматкерлери кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Борбордун финансы-чарбалык иши жана мүлкү
18. Борбордун финансы-чарбалык каражаттары төмөнкү булактардан турат:
1) илимий, техникалык, медициналык, укуктук, экономикалык жана башка тармактардагы тексттерди которуу, редакциялоо, тердирүү, чыгарып берүү кызматын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардан;
2) республикалык бюджеттин каражаттарынан;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярлуу төгүмдөрүнөн;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Борбордун кирешеси тиешелүү салыктардан жана башка төлөмдөрдөн кийин төмөнкүлөргө жумшалат:
1) жабдууларды сатып алууга, сөздүктөрдү түзүүгө жана чыгарууга;
2) Борбордун материалдык-техникалык базасын чындоого;
3) Борборду күтүүгө жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө;
4) Борбордун кызматкерлерине материалдык жардам бөлүп берүүгө жана сый акыларды төлөөгө.