Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-апрели № 171
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чегин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту “башка уюмдардын штаттык санынын чеги” деген сөздөрдөн кийин “, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык” деген сөздөр менен толукталсын;
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы “185” жана “43” деген цифралар тиешелүү түрдө “188” жана “40” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы “100” жана “7603” деген цифралар тиешелүү түрдө “112” жана “7591” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы “74” жана “228” деген цифралар тиешелүү түрдө “81” жана “221” деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесиндеги эскертүүдө:
2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункту “Социалдык фондду” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Г еология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү. министрлигине караштуу Региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттигин” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына республикалык бюджеттен тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана штаттык санынын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |