Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-апрели № 162
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эске албастан бүткөрүлө турганы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө;”;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат. Бештен кем эмес талапкерден турган топту түзүүдө, алардын документтери Комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.”;
- 15 – 17-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Компьютердик тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо жана талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн колдонулат.
Улуттук резервге киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдө компьютердик тестирлөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү пайдаланылат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө тестирлөө;
2) талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого тестирлөө.
16. Компьютердик тестирлөөнүн суроолорунун форматы жана саны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
17. Мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдын жалпы санынын 70 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.”;
- 18-пунктундагы “Тестирлөө борбору” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19 – 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пунктундагы “менен конкурс Улуттук резервге кире турган кызматчыларга практикалык тапшырма берүү этабынан башталат” деген сөздөр “боюнча Улуттук резервге киргизүүгө талапкер болгон кызматчылар конкурстан өтүүнү аңгемелешүү этабынан башташат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасына (“е-Kyzmat” АМС) кошулган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компьютердик тестирлөө жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү процесси аталган автоматташтырылган системанын функционалы аркылуу жана ага ылайык ишке ашырылат.”;
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай арыз түшкөндүгү жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бир күндүк мөөнөттө маалымдайт.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Комиссиянын түзүмү жана курамы ТИМдин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана ТИМдин иш чөйрөсүнүн ардагерлери (макулдашуу боюнча).”.
____________________________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-апрели № 162
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык күчүн жоготту).