Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары – МСК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МСК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук мураскери болуп эсептелет.
3. МСК Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүгүнүн статусунда иштөөчү, бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, алардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшүнө контроль жүргүзүүнү, жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоону, ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МСК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык жалпы таанылган принциптерди жана укуктук ченемдерди, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МСК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
6. МСК юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана чыгымдар сметасы, обочолонгон мүлкү, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары, бурчтуу штамптары бар.
Уюштуруу-укуктук форма – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. МСК борбордук органдан жана аймактык салык органдарынан турат.
МСКнын борбордук органы ыйгарым укуктуу салык органы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамында каралган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
8. МСКнын туусу, символдук белгилери жана атайын формадагы кийими бар.
9. МСКнын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы”;
- расмий тилде: “Государственная налоговая служба при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
10. МСКнын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “МСК”;
- расмий тилде: “ГНС”.
11. МСКнын жайгашкан жери: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219.
2. МСКнын максаттары
12. МСКнын ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын сакталышын камсыз кылуу эсептелет.
3. МСКнын милдеттери
13. МСКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында жыйналышын камсыз кылуу;
2) жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо;
3) төлөөчүлөргө сапаттуу салыктык кызматтарды көрсөтүү;
4) салык кызматы органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу;
5) салык мыйзамын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамын жакшыртууга мыйзамда белгиленген тартипте катышуу;
6) Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары – ЕАЭБ) товарларды импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө ЕАЭБ эл аралык келишимдик базасына ылайык бюджетке кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
7) этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо.
4. МСКнын функциялары
14. МСК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруучу функциялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, контролдоону, салык мыйзамынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдын сакталышына контролду уюштурат;
- мамлекеттик салык саясатын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу саясатын ишке ашырат;
- салык мыйзамын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамды, этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү тарифтик, фискалдык жана лицензиялык саясатты жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга белгиленген тартипте катышат;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына киргизилүүчү оңдоолордун долбоорлоруна эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору даярдаган өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлоруна өз компетенциясынын чегинде эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышкан салыктык эсептөөлөрдүн, отчёттордун, декларациялардын жана башка документтердин формалары боюнча Министрликке сунуштарын киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун түзүүгө катышат;
- салыктар боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын берет;
- аймактык салык органдарынын аткарылган иштери жөнүндө отчёттордун формаларын бекитет, бюджетке төлөмдөрдү жыйноо боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды алат, жалпылайт жана талдайт, ошондой эле аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- жогору турган органдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча салык органдарынын иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду, маалымкаттарды жана маалыматтарды берет;
- юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жеке жактарды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү салыктык (эсепке алуу) каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, ошондой эле КНС боюнча салык салынуучу субъектти каттоо жана жокко чыгаруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;
- жеке ишкерлерди, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү мамлекеттик каттоону, салыктык (эсепке алуу) каттоону, кайра каттоону жана алардын ишин токтотууну жүргүзөт;
- салыктык каттоо, салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз жөнүндө маалымкаттардын жана аларды берүү жөнүндө арыздардын формаларын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген контролдук-кассалык машиналарды тийиштүү салык органдарында каттоо жана эсепке алуу боюнча ишти жүргүзөт;
- чарба субъекттеринин кайрылуулары боюнча атайын салык режимин колдонууну ишке ашырат;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө эсеп жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо, эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБде кызматтарды көрсөтүүдө көзөмөлгө алууну жана кыйыр салыктардын бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылат;
- өткөрүү пункттарында алымдардын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулуучу товарларды ташып киргизүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу боюнча контролду камсыздоону башкарууну ишке ашырат;
- түшүүлөрдүн резервин аныктоону жана бюджетке импортко карата кыйыр салыктардын түшүүсүн көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү камсыз кылат;
2) жөнгө салуучу функциялар:
- үчүнчү тараптан салык төлөөчүгө тийиштүү сумманы өндүрүүнү жана тартып алууну, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны өндүрүүнү жана тартып алууну белгиленген тартипте ишке ашырат;
- этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялоону, алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялоону ишке ашырат;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттогон, өндүргөн, сактаган жана жеткирген юридикалык жактар тарабынан этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча ченемдердин сакталышына көзөмөлдү ишке ашырат;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык эсептөөлөрдүн, отчёттордун, декларациялардын жана бюджетке төлөмдөрдү эсептөө менен байланышкан башка документтердин өз убагында тапшырылышын контролдойт, ошондой эле ушул документтердин пайданы, кирешени, салык салынуучу башка объекттерди аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөө бөлүгүндө аныктыгын текшерет;
- юридикалык жана жеке жактарга салык мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамын сактоо маселелери боюнча салыктык текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактардан, республиканын финансы органдарынан, банк мекемелеринен, ошондой эле жарандардан документтерди алат, алардын негизинде салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш жана иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго түшкөн башка төлөмдөрдүн суммаларын, ошондой эле салык жана финансы санкцияларынын, айыптардын, туумдардын жана пайыздардын суммаларын эсепке алууну (ар бир төлөөчү жана төлөмдүн түрү боюнча) ишке ашырат;
- министрликтерде жана ведомстволордо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин формасына жана ведомстволук тиешесине карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, анын ичинде өзгөчө режимдеги мекемелерде жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларда, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарында, чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго салыктар, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөмдөр эсептелишине жана төлөнүшүнө байланыштуу документтерин, бухгалтердик китептерин, отчетторун, пландарын, сметаларын, декларацияларын жана башка документтерин текшерет, ошондой эле керектүү түшүндүрмөлөрдү алат;
- мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик алым жана башка салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөдө алынган акча каражаттарды өндүрүүнүн тууралыгын жана сакталышын камсыздоо, жергиликтүү бийлик органдарын (айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештер ж.б.) калктан салыктарды, камсыздандыруу төгүмүн жана төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине алынган акча каражаттарды алууда аныкталган талаптарды сактоо маселеси боюнча контролдойт жана текшерет;
- калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун контролдойт, чарба субъекттери тарабынан товарлардын жана акча каражаттардын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу жана салык мыйзамынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык каттоосунун болушун, кирешелерди, зарыл болгон бухгалтердик жана салыктык документтерди эсепке алуунун жүргүзүлүшүн, товарларга тийиштүү маркалоону жана анын туура ишке ашырылуусун камсыздоо максатында рейддик салыктык контролду, хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзөт, салык постторун орнотот;
- салык төлөөчүлөргө эсептелген салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө, салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча карыздын төлөнгөндүгү жөнүндө чечимдерди, ошондой эле үчүнчү жактардан салык төлөөчүлөргө тийиштүү суммаларды өндүрүү жана тартып алуу жөнүндө чечимдерди жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин алдындагы милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана жарандар тарабынан жол берилген ушул тартип бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган салыктык жана финансылык санкцияларды, пайыздарды жана туумдарды өз убагында колдонуунун жана өндүрүүнүн тууралыгын камсыз кылат;
- этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышына контролду ишке ашырат;
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү ишке ашыруучу чарба субъекттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзөт;
- КНС боюнча экспорттук жеткирүүлөрдү тастыктоо жана эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо көзөмөлгө алуу максатында контролду камсыз кылат;
- импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды эсепке алат жана талдайт;
- конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз-ээликсиз мүлктү эсепке алат, сактайт, баалайт жана сатат;
- чарбалык субъекттер тарабынан банктарда ачылган эсептик, валюталык жана башка эсептер жана ал эсептер боюнча операциялардын чагылдырылышы тууралуу маалыматтардын толук жана туура берилишине контролду ишке ашырат;
4) колдоо көрсөтүүчү функциялар:
- салык төлөөчүлөр арасында жана аймактык салык органдарында салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бюджетке башка төлөмдөр боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонуу тартиби боюнча түшүндүрүү ишин уюштурат;
- жарандардын, юридикалык жана жеке жактардын салык салуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө маселелери жана МСКнын органдарынын кызматкерлеринин мыйзамга туура келбеген иш-аракеттери боюнча арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте берилген салык төлөөчүнүн, жеке жактын арызы боюнча Кыргыз Республикасындагы алардын салыктык статусун (резиденттигин) ырастап берет;
- салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамында каралган өз ыйгарым укуктарынын чегинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат;
- төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесинин эсебине которот, салык төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын суммасынын калган бардык бөлүгүн алдыдагы төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттеринин эсебине киргизет;
- салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча пайыздарды эсептөө менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасына корутунду жазып берет;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толугу менен Социалдык фондго өткөрүп берүүнү ишке ашырат;
- иш менен камсыздоо жана эмгек акылары жөнүндө билдирүүлөрдү Социалдык фондго электрондук сактагычтар аркылуу өткөрүп берет;
- мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын, ошондой эле экономикалык жана ишкердик ишти жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын статистика органдарына өткөрүп берет;
- аймактык салык органдарынын ишин уюштурат, жүргүзөт жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бардык деңгээлдеги аймактык салык органдарынын ишине ички аудитордук текшерүү жүргүзөт жана МСКнын компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
- укук коргоо органдарынын, ошондой эле мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине салык эксперттери катары катышат;
- жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, финансы жана башка контролдоочу органдар менен тыгыз карым-катнашта иш жүргүзөт;
- эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде чет мамлекеттердин салык жана башка компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат жана өз ара иш жүргүзөт;
- тейлеген тармагынын чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- салык кызматы органдарында бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүүнү, иштетүүнү жана жакшыртууну камсыздайт;
- МСКнын системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, квалификациялуу кадрларга муктаждыкты аныктайт, адистерди даярдоону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону иш жүзүнө ашырат.
5. МСКнын укуктары
15. МСК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардан, менчигинин формасына карабастан башка юридикалык жана жеке жактардан өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмени, камсыздандыруу төгүмү жана башка төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
3) салык мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамында каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүлөргө салыкты алдын ала эсептөөгө, салык милдеттерин жана камсыздандыруу төгүмү боюнча милдеттерин аныктоого;
4) мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларына салыктык жана финансылык санкцияларды колдонууга жана айыптарды, туумдарды жана пайыздарды чегерүүгө;
5) салык мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамында каралган жана өз учурунда төлөнбөгөн салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн, капитализация боюнча карыздын, ошондой эле салыктык жана финансылык санкциялардын, айыптардын, туумдардын жана пайыздардын суммаларын мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төлөтүү талабын коюу жолу менен өндүрүүгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте өндүрүп алууну чегерүүгө;
6) салык төлөөчүдөн салыкты, камсыздандыруу төгүмүн бөлүп төлөө графигин тапшыруусун же салыктын, камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнүшүн камсыздоочу башка чараларды көрүүсүн талап кылууга;
7) мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине карызы бар салык төлөөчүнүн банктык, анын ичинде валюталык эсептерине, ошондой эле салык төлөөчүгө карызы бар үчүнчү жактардын эсебине салыктык төлөм талабын коюуга;
8) банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери ачылганы, өзгөртүлгөнү, жабылганы, тийиштүү убакыттын ичинде коммерциялык жана башка эсептер менен операциялары болгону жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде каражаттардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык талап кылууга жана алууга;
9) камсыздандыруу төгүмүн төлөөдө аныкталган эреже бузууларды жоюу талабы аткарылбаган, камсыздандыруу төгүмүн эсептөөгө жана төлөөгө байланыштуу документтер МСКнын кызмат адамдарына берилбеген учурда, камсыздандыруу төгүмүн төлөөчүлөрдүн банк мекемесиндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги операцияларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте токтотуп турууга;
10) салыктык контролду, салыктык текшерүүнү, рейддик салык контролун, хронометраждык изилдөөнү жүргүзүүдө жана салык постун орнотууда факт түрүндөгү маалыматтардын салык төлөөчү берген документтерге шайкештигин аныктоо үчүн аймакты иликтөө, имаратты жана салык салынуучу объектилерди изилдөө максатында ишкердик жүргүзүүгө пайдаланылган аймакка же имаратка жазуу жүзүндө берилген ыйгарым укуктун негизинде кирүүгө;
11) салык контрактын түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу максатында транспорттук каражаттарды кароого;
13) салык салуу чөйрөсүндө бузууларга бөгөт коюуга;
14) мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, салык салуу чөйрөсүндө тартип бузуулар боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүргүзүүгө;
15) салык салуу предметине тиешелүү документтерди алууга, ошондой эле көчүрмөсүн жасатууга;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген учурда имаратты, жабдууларды, документтерди жана башка буюмдарды мөөр жана пломба коюп бекитүү, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып коюуга;
17) фискалдык программалык камсыздоонун анын функционалдык дайындоолоруна шайкештик предметине текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
18) товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын төмөнкү учурларда алууга:
а) салык төлөөчүлөр КНС боюнча отчетун нөлдүк көрсөткүч менен тапшырса же салык төлөөчүлөр товарларды сатуу фактылары болуп туруп катары менен 2 календардык айдын ичинде КНС боюнча отчет тапшырбаса;
б) салыктык каттоосуз ишкердик иш менен алектенсе;
19) салык контролун жүргүзүүдө – салыктык каттоосуз ишмердик кылган жана/же патенттин негизинде салык төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө;
20) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде мүлктү тартып алуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди кабыл алууга;
21) бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген өзүнүн компетенциясынын чегинде кароого;
22) зарыл учурларда укук коргоо органдарына жана башка органдарга алардын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча материалдарды берүүгө, сотко доо арыз берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча уюмду жоюу жөнүндө кайрылууга;
23) белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү, айыптарды, пайыздарды, туумдарды жана башка санкцияларды бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга, ошондой эле жарандарга карата сотто доо коюуга;
24) салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен кайрылууга;
25) жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка органдар менен салыктарды башкаруу, анын ичинде импорт боюнча кыйыр салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөр боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
26) IT адистери менен келишимдин негизинде эмгек келишимдерин түзүү;
27) Министирлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
28) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди атайын билимди жана көндүмдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
29) МСКнын компетенциясына кирүүчү буйруктарды өз алдынча же башка мамлекеттик башкаруу органдары менен биргеликте чыгарууга;
30) өзүнүн аймактык салык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жокко чыгарууга (иш-аракеттерин токтотууга);
31) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда аймактык салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдуулуктун сакталышына контроль кылууга, салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптар бузулган фактылардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүүгө;
32) ички аудитти өткөрүүгө керектүү болгон бардык документтерди (анын ичинде электрондук форматта) текшерүү, ички аудит объектинин кызматкерлеринен ички аудитке тиешелүү бардык керектүү документтердин көчүрмөлөрүн жана керектүү түшүндүрмөлөрдү алууга;
33) белгиленген тартипте салык чөйрөсүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууга, тендерлерди өткөрүүгө;
35) зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдердин, картографиялык иштердин жана маалымдама адабияттардын, илимий изилдөө иштеринин заказчысы катары чыгууга;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. МСКнын милдеттери жана жоопкерчилиги
16. МСКнын бардык деңгээлдеги органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
17. МСКнын органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жана жеке жактардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын так сактоого, ошондой эле конкреттүү салык төлөөчү жөнүндө кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган маалыматты кызматтык максатта гана пайдаланууга, салык төлөөчү жөнүндө мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоого, жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын өзүнүн компетенциясынын чегинде камсыздоого милдеттүү.
18. МСК бюджеттик-финансылык жана пенсиялык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу үчүн талап кылынуучу отчётторду Министрликке жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоо шартында өз убагында берүүгө милдеттүү.
19. МСКнын органдары салык кызматы органынын кызмат адамынын салыкты эсептөөсүнө же башка чечимине канааттанбаган салык төлөөчүлөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн, спирт, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана чечим чыгарууга, ошондой эле өзүнүн чечимине себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу аларды кабарлоого милдеттүү.
20. МСКнын аймактык органдары, Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамында белгиленген учурларда, салыктык каттоо жана салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жөнүндө маалымкаттарды салык төлөөчүлөрдүн берген арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте берүүгө милдеттүү.
21. МСКнын органдарынын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган, салык төлөөчү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген салыктык сырды жана камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебинде камтылган жашырын маалыматтарды сактабаган үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартиптик, администрациялык, мүлктүк жана кылмыштык жазага тартылышат.
22. Салык кызматы органы жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыктан салык төлөөчүгө келтирилген тике зыяндардын орду (алынбай калган пайда дагы кошо камтылган чыгымдар) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында аныкталган тартипте толтурулууга тийиш.
7. МСКнын ишин уюштуруу
23. МСКны төрага жетектейт, ал кызматка Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
МСКнын төрагасы түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде МСКнын ишин уюштурат.
24. МСКнын төрагасынын орун басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, белгиленген тартипте кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Төраганын орун басарлары түздөн-түз төрагага баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз иштерин жүзөгө ашырышат.
МСКнын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
25. МСКнын төрагасы:
1) МСКнын органдарынын, анын ичинде аймактык органдарынын ишин жетектейт, МСКга жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
2) МСКнын атынан чыгат жана өз компетенциясынын чегинде анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен бирге кызматташуусун камсыздайт;
3) төраганын орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
4) МСКнын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
5) МСКнын аймактык органдарынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;
6) МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрү жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
7) МСКнын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларды жылдыруу жана ротациялоону ишке ашырат, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
8) вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде чечимдерди кабыл алат;
9) айрым ыйгарым укуктарды аймактык салык органдарынын жетекчилерине өткөрүп берет;
10) эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана иштөө шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
11) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;
12) белгиленген тартипте МСКнын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, ошондой эле белгиленген тартипте атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
13) МСКнын кызматкерлерин, ошондой эле МСКнын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн МСКнын төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте түзөт жана бекитет, ушул төш белгилер (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), МСКнын грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;
14) аймактык салык органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
15) МСКнын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
26. Вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри МСКнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет, анын өзгөрүүсү МСКнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында, төраганы дайындоо МСКнын органдарынын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт.
27. МСКда МСКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Министрликтин өкүлү, ошондой эле МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери курамына кирген 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
МСКнын коллегиясы жөнүндө жобо МСКнын төрагасы тарабыган бекитилет.
28. Аймактык салык органдары өз ишин МСКнын төрагасы бекиткен жоболорго ылайык ишке ашырат.
29. МСКда мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
30. МСКнын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук негизде иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук кеңеш түзүлөт.
31. МСКны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
32. МСК өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чекте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүргүзөт.
8. Корутунду жоболор
33. МСК өз иши боюнча Министрликке отчет берет.
34. МСКнын жылдык отчету жана иш планы вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.
35. МСКнын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
35. МСКнын иши токтогондо иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.