Загрузка документа…
10-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары – Кыргызпатент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын укугун улантуучу болуп саналат.
3. Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоочу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштей турган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кыргызпатент өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык жактар менен биргелешип жүзөгө ашырат.
6. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана башка белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кыргызпатенттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы»;
- расмий тилде: «Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики».
8. Кыргызпатенттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргызпатент»;
- расмий тилинде: «Кыргызпатент».
9. Кыргызпатент жайгашкан жери: 720021, Кыргыз Республикасы, Москва көчөсү, 62.
2. Кыргызпатенттин максаты
10. Кыргызпатенттин ишинин максаты интеллектуалдык менчикти коргоону жана инновациялык иштерди өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат.
3. Кыргызпатенттин милдеттери
11. Кыргызпатенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) интеллектуалдык менчик объектилерин жана салттуу билимдерди укуктук жактан коргоо жана аны камсыздоо;
2) адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштеп чыгууларды илгерилетүүгө жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
3) патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
4) инновациялык иштерди өнүктүрүү жана аларга дем берүү.
3. Кыргызпатенттин функциялары
12. Кыргызпатент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
– интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын камсыздайт;
– улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт, интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
– Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздайт;
– Кыргызпатенттин карамагындагы мамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат системаларынын жана тармактарынын коопсуздугун жана корголушун камсыздайт;
– интеллектуалдык менчик объектилеринин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
– патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү проблемаларын баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын түзүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасында инновациялык иштерди өнүктүрүү боюнча сунуштарды түзөт;
– инновациялык долбоорлордун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
– инновациялык долбоорлордун абалын талдайт жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
– кызыкдар болгон тараптар менен бирдикте инновациялык иштерге дем берүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;
2) жөнгө салуу функциялары:
– өнөр жай менчигинин объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берүү үчүн экспертиза жүргүзөт жана аларды мамлекеттик каттоодон өткөрөт;
– мамлекеттин атынан өнөр жай менчигинин объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берет, ошондой эле аларды күчүндө кармоо боюнча чараларды ишке ашырат;
– Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу өнөр жай менчигинин объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин берүү жөнүндө келишимдерди, аларды пайдаланууга укуктарды берүү жөнүндө лицензиялык келишимдерди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимдерди, өнөр жай менчигинин объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимдерди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди, ошондой эле автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди, интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди каттайт;
– Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунушту каттайт жана ага күбөлүк берет;
– автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттайт;
– авторлорду жана чектеш укуктар ээлерин эсепке алууну жүргүзөт;
– автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзөт;
– автордук укук объектилерин пайдалануучулар лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
– Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн аттестациялайт, каттайт жана аларга күбөлүк берет;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо маселелери боюнча бирдиктүү иштешин камсыздайт;
– авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын иштерин контролдойт;
– коргоо документтерин алуу үчүн берилген өтүнмөлөргө карата мамлекеттик экспертизанын натыйжаларына даттанууларды жана арыздарды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карайт;
– кеңешүүчү органды – Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешин – түзүү жолу менен жамааттык негизде авторлордун мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
– кеңешүүчү органды – Кыргызпатенттин алдындагы Чектеш укуктар ээлеринин кеңешин түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
– ведомстволук уюмдардын каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун контролдойт;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү жөнүндө макулдашууларга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн автордук укук жана чектеш укуктар ээлерине сый акыларды чогултат, бөлүштүрөт жана аны төлөп берет;
–кызыкдар болгон мамлекеттик уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыздайт;
– жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде кызматтарды көрсөтөт жана интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү, укуктук коргоо жана пайдалануу жаатындагы иштерди аткарат;
- интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлеринен көчүрмө бөлүгүн берет;
– коомдук дөөлөткө өткөн автордук укук объектилерин пайдалангандыгы үчүн келип түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун каражаттарын, ошондой эле үч жыл ичинде талап кылынбаган автордук сый акыларды жана башка каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тартипте чогултат жана бөлүштүрөт;
– маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын чыгарат жана сатат, ошондой эле башка полиграфиялык кызматтарды көрсөтөт;
– интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
– белгиленген тартипке ылайык интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну жүргүзөт, тиешелүү эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу чыгат, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
– интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктарды коргоо жана сактоо маселелери боюнча окутууларды уюштурат;
- жеке, юридикалык жактарга жана мамлекеттик органдарга интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери боюнча кеңештерди берет;
– авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук укук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
– ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктар ээлерине укуктарын ишке ашырууга көмөктөшөт;
– мамлекеттик патенттик фондду ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик документтер жана адабияттар менен, аларды сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу комплекттейт;
– интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга, инновациялык иштердин натыйжаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
– инновациялык долбоорлорду маалыматтык чагылдырууну уюштурат;
– контрафакт белгилерин аныктоо предметине автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин камтыган аудио жана видеопродукцияларга изилдөө жүргүзөт.
4. Кыргызпатенттин укуктары
13. Кыргызпатент функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчик системасынын иштөө маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды Министрликке белгиленген тартипте киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, аталган келишимдерге кол коюуга;
3) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана Министрлик менен макулдашуу боюнча кол коюуга катышууга;
4) көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жайкы мектептерди жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы окуу борборлорун түзүүгө;
5) расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, усулдук колдонмолорду, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;
6) маалымат ресурстарын түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
9) автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун ырастаган документтерди алууга;
10) автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга тийиштүү лицензиялык келишимдин болушун, ошондой эле пайдаланылган чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүнү талап кылууга жана бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
11) автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
12) министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык иштер жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сурап алууга;
13) илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларына, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди белгилөө боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн Кыргызпатенттин алдындагы уюмдарды жана топторду түзүүгө;
15) интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чегинде башка иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
16) интеллектуалдык менчик жаатындагы илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
17) интеллектуалдык менчик объектилерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
18) Кыргызпатенттин юридикалык жак статусу менен түзүлгөн ведомстволук уюмдарын түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
19) өнөр жай менчигинин объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча каршы пикирлерди жана арыздарды кароо үчүн милдеттүү баштапкы органды – Апелляциялык кеңешти түзүүгө. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргызпатенттин коллегиясынын чечими менен бекитилет;
20) кеңеш берүүчү органдарды – Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешин, Авторлор кеңешин, Чектеш укуктар ээлеринин кеңешин түзүүгө;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
5. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
14. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
Кыргызпатенттин төрагасы вице-премьер- министр – экономика жана финансы министрине түздөн-түз баш ийет.
15. Кыргызпатентте төраганын орун басарынын кызмат орду каралган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төраганын орун басары Кыргызпатенттин төрагасына түздөн-түз баш ийет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Кыргызпатент жана анын карамагындагы мекемелер Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын бирдиктүү системасын түзөт.
Кыргызпатенттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы белгиленген штаттык сандын чегине жана эмгек акы төлөө фондуна ылайык вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, алар Кыргызпатенттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшү менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында төраганы кызмат ордуна дайындоо Кыргызпатенттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
17. Кыргызпатенттин кызматкерлери, ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
18. Кыргызпатенттин төрагасы:
– Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишин жалпы жетектейт жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
– эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кыргызпатенттин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
– төраганын орун басарынын милдеттерин аныктайт, алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жөнүндө сунуш киргизет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүнүн, штаттык ырааттамасынын долбоорлорун белгиленген штаттык сандын чегине жана эмгек акы төлөө фондуна ылайык сунуштайт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана жана кызмат ордунан бошотот;
– ведомстволук уюмдарынын жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
– белгиленген тартипте Кыргызпатенттин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
– Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип жазаларынын түрлөрүн колдонот;
– бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик ассигнованиелерди жана Кыргызпатенттин атайын казыналык эсептеринде топтолгон каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт, эсебин жүргүзөт жана алар боюнча отчет берет;
– Кыргызпатенттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин эмгекке шыктандыруу тууралуу чечим кабыл алат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
19. Кыргызпатенттин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында Коомдук кеңеш – консультативдик-байкоочу орган түзүлөт, ал коомдук негизде иштейт.
20. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлүшү мүмкүн, анын жеке курамын Кыргызпатенттин төрагасы бекитет.
21. Кыргызпатентте мамлекеттик жарандык кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.
22. Кыргызпатенттин борбордук аппаратын, ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын казыналык эсептеринде топтолгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган, башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
23. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчетторду даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыздайт.
6. Корутунду жоболор
24. Кыргызпатент өз иши тууралуу Министрликке отчет берет.
25. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
26. Кыргызпатенттин ишин токтотууда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.