Загрузка документа…
12-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо
мамлекеттик кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын укугун улантуучу болуп саналат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген органы болуп саналат.
4. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кызмат өз ишин белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын Кызмат өз милдеттерин жана функцияларын аткарып жатканда ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт.
6. Кызмат мамлекеттик мекеме түрүндөгү уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, белгиленген тартипте ачыла турган эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы”;
- расмий тилде: “Государственная служба финансовой разведки при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”;
8. Кызматтын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ФЧМК”;
- расмий тилде: “ГСФР”.
9. Кызматтын туусу жана эмблемасы бар, алардын сыпатталышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
10. Кызматтын дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21 А.
2. Кызматтын максаты
11. Кызматтын максаты террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) деңгээлин азайтуу болуп саналат.
3. Кызматтын милдеттери
12. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо;
2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам талдоо жүргүзүү;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарга стратегиялык талдоо жүргүзүү;
4) ыкчам же стратегиялык талдоонун натыйжалары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана аларды өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясынын алкагында жиберүү;
5) максаттуу финансылык санкцияларды жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча чараларды колдонуу;
6) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛКА) чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.
4. Кызматтын функциялары
13. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзүн жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү типтүү формаларды жана аларды толтуруу боюнча колдонмону белгилейт;
- жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин белгилейт жана жарыялайт;
- электрондук билдирүүнү толтуруу үчүн керектүү маалымдамаларды түзөт (оңдоолорду киргизет) жана бекитет;
- шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана жарыялайт;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин жана Кызматтка билдирүүгө жаткан накталай акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин бекитет;
- изин суутпай издөө иши жана тергөө баскычтарындажарыш финансылык териштирүү жүргүзүүдөукук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды,анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн алкагындаайкындайт;
- террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктайт;
- Кыргыз Республикасы үчүн мүнөздүү болгон террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологияларын (эң кеңири таралган схемаларын) изилдөөнү жүргүзөт;
- операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана башка маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана башка жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам же стратегиялык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдайт жана өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча жалпыланган материалды же маалыматты тиешелүү мамлекеттик органдарга алардын компетенциясынын чегинде жөнөтөт;
- террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды аныктайт жана идентификациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт;
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинеөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тийиштүү маалыматты жарыялайт;
- террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт;
- Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегинтүзөт, жаңылайт жана жарыялайт;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинин жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы тууралуу финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга маалымдайт;
- Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзөт, жаңылайт жана жарыялайт, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкө жөнүндө тийиштүү маалыматты (өлкөнү чыгаруу же киргизүү жөнүндө) мамлекеттик органдарга, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жиберет;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн системаларындагы ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кемчиликтер (жетишпегендиктер) жөнүндө маалыматты жарыялайт;
- аларга карата чаралар (санкциялар) колдонула турган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу сунушту киргизет, ошондой эле, ал тизмекти жарыялайт жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактарга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына билдирилет;
- улуттук коомдук кызмат адамдарынын, улуттук коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын адамдарынын тизмесин электрондук маалымат базасы түрүндө түзөт жана жаңыртат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат базасын түзөт жана жаңыртат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын суроо-талаптарынын негизинде же өз демилгеси боюнча каражаттарды издөө жана тоңдуруу максатында иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында болгон террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын жана ички иштер органынын кызматкерлеринин жанатөмөнкү коммерциялык эмес уюмдардынөкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарга акча каражаттарын же башка мүлктү топтоону жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторундагы террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоону жүргүзөт;
- террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктериназайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясын) иштеп чыгат;
- ТИК/ККЛКАмаселелери боюнча Комиссиянын ишин камсыз кылат, анын ичинде Комиссиянын жыйындарына керектүү документтерди даярдоону жүзөгө ашырат, Комиссиянын жыйындарын өткөрүүнү уюштурат жана Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча ТИК/ККЛКА маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун, эл аралык келишимдеринин долбоорлорун жана эл аралык кызматташтык программаларын иштеп чыгууга катышат жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- тармактык саясаттын ишке ашырылышына баа берет жана белгиленген тартипте Министрликке ТИК/ККЛКА тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Кызматтын ишин стратегиялык жана узак мөөнөттүү пландаштыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- ТИК/ККЛКА тутумунун натыйжалуулугун баалоо үчүн маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды эсепке алууну камсыз кылат;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары, анын ичинде финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- ТИК/ККЛКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү маселелери боюнча текшерүүчү органдар менен өз ара аракеттенет;
- электрондук билдирүүнү кабыл алгандыгына же кабыл албагандыгына жараша электрондук түрдө оң же терс квитанцияны түзөт жана электрондук байланыш каналдары боюнча электрондук билдирүү алынган күнү саат 18:00дөн кечиктирбей квитанцияларды жиберүүнү камсыздайт;
- электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө жөнүндөгү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кайрылуусун карайт жана электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө (өзгөртүү, толуктоо) мүмкүндүгү жөнүндө кабарлама жиберет;
- автоматташтырылган жумушчу ордун (мындан ары – АЖО) алуу үчүн арызды жана Бирдиктүү маалыматтар системасынын абонентинин каттоо карточкасын карайт, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга АЖОну берүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын соттору менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин колдонуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карайт;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туратжана бул тууралуу кабарламаны финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жиберет;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу маалыматы бар катты тийиштүү финансылык мекемеге же финансылык эмес категориядагы жакка жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө маалыматты жарыялайт жана аны Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү кызыкдар жеке жана юридикалык жакка жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө Кызматтын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кызыкдар жактарга жиберет;
- операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды жаңылыш (жалган ийгиликтүү) тоңдуруу фактысы боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карайт;
- улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалымат базасына кирүүнү финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга берет;
3) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- алынып жаткан маалыматтын түп нускалыгын, анын ичиндеэлектрондук билдирүүнү жөнөтүүчүнүн идентификациясын, электрондук кол тамганын дал келүүсүн, электрондук билдирүүнүн таризделишинин тууралыгынтекшерүүнү жүзөгө ашырат;
- жалпыланган материалды (маалыматты) карап чыгуунун жыйынтыктарын жана жиберилген жана каралган жалпыланган материалдар (маалыматтар) боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерет, ошондой эле салыштырып текшерүү актыны түзөт;
- суралуучу тараптан алынган маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди изилдөөнү жана текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө ТИК/ККЛКА боюнча чараларды көрөт;
- ТИК/ККЛКА максатында бажы органынын билдирүүлөрүнө талдоону жүзөгө ашырат;
- Кызмат жарыялаган тизмектерди финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын колдонуусуна мониторингдижүзөгө ашырат;
- керектүү чыгымдарды жабуу максатында берилген каражаттардын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- тоңдурулган операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды контролдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалымат базасында камтылган маалыматтардын колдонулушун контролдоону, ошондой эле юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү маселелери боюнча жеке же юридикалык жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- эл аралык уюмдардын расмий сайттарына мониторинг жүргүзөт жана зарыл болсо Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат;
- финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө жана анын резиденттерине карата колдонулган чаралар (санкциялар) жөнүндө статистикалык маалыматты чогултууну жүзөгө ашырат;
- өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талаптарга болгон жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзөт;
- мыйзам бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинеылайык жаза чараларынколдонот;
- террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологиялары (схемалары), аныктоо жана бетин ачуу ыкмалары боюнча, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча жазык иштерин тергөө жана карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын кызматчылары жана соттор үчүн окутуучу иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
4) колдоо функциялары:
- финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмесин электрондук маалымат базасы түрүндө түзөт жана жарыялайт;
- Кызмат жана суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын жана документтердин катталуусунжана сакталышын камсыздайт;
- жиберилген жалпыланган материалдар жана аларды карап чыгуунун абалдары жөнүндөгү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип жазып коюуну камсыздайт;
- Кызматтын маалыматтык тутумдарын жана маалымат базаларын эксплуатациялоону жана техникалык колдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (ишканаларынын) маалымат базаларына жана электрондук мамлекеттик реестрлерине Кызматтын жетүү мүмкүнчүлүгүн жана маалыматтар базасынан жана электрондук мамлекеттик реестрлерден жеткиликтүү маалыматтардын тизмесинаныктоо үчүништерди жүргүзөт;
- токтотулган операция (бүтүм) жана тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө билдирүүнү алган учурда,токтотулуп турган операциянын (бүтүмдүн) жана тоңдурулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана (же) каражаттардын объектилери жана субъектилери тууралуу керектүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына жана тийиштүү эсеп журналына жазууну камсыздайт;
- тоңдурулган жана бошотулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар боюнча маалыматтар менен материалдарды түзөт жана аларды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына,алардын компетенцияларына ылайык жиберет.
- операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жана операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуу боюнча эсеп жүргүзөт (кагаз жана электрондук форматта);
- улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасында жазылган маалыматты чогултууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасына кайра кайтарылууга жаткан жана кайра кайтарылган каражаттардын суммасын электрондук маалымат базасы түрүндө эсепке алууну жүргүзөт;
- жиберилген жана алынган эл аралык суроо-талаптарды, ошондой эле аларга болгон жоопторду борборлоштурулган эсепке алууну жүзөгө ашырат;
- контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү, ошондой эле Кызматтын ишинин алкагында алынган башка маалыматтарды жана документтерди кабыл алат, каттайт жана сактайт;
- маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгууда, сактоодо жана өткөрүп берүүдө аларды коргоо үчүн маалыматтык коопсуздуктун ички системасы иштешин камсыз кылат;
- Кызматтын жана анын кызмат адамдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат;
- Кызматтын мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу каражаттар менен коргоону камсыз кылат;
- көзөмөлдөнгөн тармак жаатында укуктук пропаганданы жүзөгө ашырат жана Кызматта укуктук окутууну уюштурат;
- Кызматтын компетенциясына ылайык ченемдик укуктук актылардын, буйруктардын, келишимдердин жана башка укуктук мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- ТИК/ККЛКА жаатындагы ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорунун мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ТИК/ККЛКА жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкештигин карайт;
- ТИК/ККЛКАжаатындагы мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте киргизет;
- финансылык отчеттуулукту түзүү жолу менен Кызматтын финансылык-чарбалык иши, анын мүлктүк абалы жөнүндө маалыматтарды түзөт;
- чарбалык операцияларды жүзөгө ашырууда бекитилген жоболордун сакталышын, Кызматта бар активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырат;
- Кызматтын ишин маалыматтык камсыздоону, материалдык-чарбалык жана уюштуруу-техникалык камсыздоонужүзөгө ашырат;
- Кызматтын кадрдык потенциалын түзүүнү, өркүндөтүүнү жана кесиптик өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- Кызматта мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана тил саясатын өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- ТИК/ККЛКАжаатындагы маалыматтарды жарыялоо жолу менен ТИК/ККЛКАмаселелери боюнча калктын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.
5. Кызматтын укуктары жана милдеттери
13. Өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Кызмат төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери жана башка уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары менен маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын жана чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
- Кызматта болгон, суралып жаткан маалыматты берүү жөнүндө;
- суралып жаткан маалымат террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды тергөө менен байланышы жок болгон учурда суралып жаткан маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
- Кызмат тарабынан белгиленген тартипте ыкчам талдоо жүргүзүү жана жалпыланган материалды даярдоо жөнүндө;
4) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды аныктоого жана тергөөгө, ошондой эле ушул кылмыш аракеттерине катышкан жеке же юридикалык жактарды жана бенефициардык менчик ээлерин аныктоого көмөк көрсөтүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары жана уюмдары түзгөн электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жана көлөмдө алууга;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, соттордон, финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, коммерциялык эмес уюмдарданжана менчигинин формасына карабастан башка уюмдарданкеректүүмаалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн суроого жана акысыз алууга;
7) жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду аныктоо, идентификациялоо жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн каалаган мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга;
8) Кызматтын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же өз ара пайдалуу принциптерине ылайык чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга;
9) маалыматтарды жана документтерди электрондук түрдө алмашуу үчүн коопсуз электрондук байланыш каналын аныктайт жана орнотот;
10) жалпыланган материалдын фигурантынын (тарынын) операциясын (бүтүмдөрүн) токтото туруу жана (же) каражаттарын тоңдуруу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
11) Кызматтын маалыматтарына, документтерине жана маалымат базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана Кызматтын маалымат базаларынынжеткиликтүү маалыматтарынын тизмесин аныктоого;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кызмат түзгөн тиешелүү тизмелерге жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
13) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген тийиштүү критерийлерге шайкеш келген негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо,жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
14) Кызмат түзгөн тизмектерди колдонуу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
15) тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
16) белгиленген жак же уюм (арыз ээси) Санкциялык тизмектерде каралган жак же уюм болуп саналбагандыгы тастыкталгандан кийин операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө буйрукту кабыл алууга;
17) эгерде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болсо жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан жасалган операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга;
18) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программаларына кошумча талаптарды белгилөөгө;
19) тиешелүү текшерүүчү органдар менен макулдашуу боюнча, ТИК/ККЛК жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосу боюнча финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактардытекшерүүлөрдү өткөрүүнү даярдоого катышууга;
20) ТИК/ККЛК жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынсактоо маселелери боюнча финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактарды текшерүүнү даярдоодого жана (же) жүргүзүүдө колдонуу үчүн текшерүүчү органдарга статистикалык маалыматтарды берүүгө;
21) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын орой жана бир нече жолу бузгандыгы үчүн ТИК/ККЛК мыйзамдарын бузууга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, контролунда турган жактардын лицензияларын токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө сунуштар менен текшерүүчү органдарга жана юридикалык жактаргакайрылууга;
22) Министрлик менен макулдашуу боюнча ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери боюнча чет мамлекеттержана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды жана башка документтерге белгиленген тартипте кол коюуга жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга;
23) Кыргыз Республикасынын атынанТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын ишине жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлө турганТИК/ККЛК маселелери боюнча башка иш-чараларга катышууга;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына алардын суроо-талабы боюнчаже өз демилгеси боюнча маалымат берүүгө;
25) экспертизаларды жүргүзүү, окутуу программаларын, методикалык материалдарды, программалык жана маалыматтык камсыз кылууну иштеп чыгуу, маалымат системаларын түзүү жана атайын билимдерди талап кылган маселелер боюнча консультацияларды жана корутундуларды алуу үчүн илим-изилдөө жана башка уюмдарды, ошондой эле айрым адистерди келишимдик негизде (мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон бөлөк сырды сактоо шартында) тартууга;
26) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кызматтын, укук коргоо жана текшерүүчү органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды координациялоого;
27) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, эл аралык келишимдерге ылайык ТИК/ККЛК чөйрөсүндө чет мамлекеттердин билим берүүчү уюмдарына жана мекемелерине (мындан ары - билим берүүчү уюмдар) окууга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан талапкерлерди алдын ала тандоону өткөрүүгө, билим берүүчү уюмдардын студенттерине (Кыргыз Республикасынын жарандарын) окуу мезгилиндеги практикасын өтүүгө жардам берүүгө;
28) өзүнүн компетенциясынын чегинде маалыматтык-басма жана методикалык материалдарды, программаларды жана сунуштарды чыгарууга, ошондой эле Кызматтын ишин жөнгө салуучу өзүнүн ички актыларын кабыл алууга;
29) Кызматтын консультациялык-кеңешүүчү органдарын түзүүгө;
30) башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ТИК/ККЛК маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
31) Кызматтынведомстволук сыйлыктарынтүзүүгө жана ошол ошол сыйлыктар жана алардын сыпатталышы жөнүндөгү жоболорду бекитүүгө;
32) белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди ачууга;
33) өз атынан же Кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ыйгарым укуктуу болсомамлекеттин атынанжарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга;
34) ТИК/ККЛК жаатындагы жана Кызматтын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
14. Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз милдеттерин жана функцияларын аткарууда адамдын жана жарандын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга;
2) Кызматжана суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган жана жиберилген маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун (үчүнчү жактарга бербөөгө жана ачыкка чыгарбоого) камсыздоого;
3) алынган маалыматтын жана документтердин сакталуусун жана уруксатсыз алуудан корголушун, ошондой эле аларды өз компетенциясынын чегинде гана пайдаланылышын камсыз кылууга;
4) өз ишинин жүрүшүндө алынган жана кызматтык, банктык, коммерциялык сырды, байланыш сырын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтын жана маалыматтын купуялуулугунун, сакталышынын жана корголушунун тиешелүү режимин камсыз кылууга.
15. Кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткаруу үчүн буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
6. Кызматтын ишин уюштуруу
16. Кызматтыжетектөөнү төрага жүзөгө ашырат, ал Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министринин (мындан ары - вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
17. Кызматта төраганын орун басарынын кызмат орду каралат.
Төраганын орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кызматтын төрагасынын орун басары Кызматтын төрагасына түздөн-түз баш ийет жана Кызматтын ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат. Кызматтын төрагасы жок болгон учурда, анын милдеттерин Кызматтын төрагасынын орун басары аткарат.
18. Кызматтын төрагасы:
1) бир башчылыктын негизинде Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
3) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге жана кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коет;
4) Министрликке Кызматты күтүүгө чыгымдарды республикалык бюджеттин жана башка тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен каржылоо боюнча сунуштарды киргизет;
5) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, Кызматтын тейлөөчү персоналын жумушка алууну жана аларды жумуштан бошотууну жүзөгө ашырат;
6) белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот;
7) Кызматтын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарын белгилейт;
8) белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерине тартиптик жазалардысалат жана сыйлоо чараларын колдонот;
9) Кызматтын айырмаланган кызматкерлерин ведомстволук, өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктар, ошондой эле эл аралык уюмдардын сыйлыктары менен сыйлоо үчүн белгиленген тартипте сунуштайт;
10) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга кол коет;
11) Кызматтын ишин узак мөөнөттүү жана учурдагы пландаштырууну жүзөгө ашырат, пландардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
12) Кызматтын иши жөнүндө жылдык отчетторду ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиясынын кароосуна киргизет;
13) Кызматтын милдеттерин жана функцияларын аткаруунун алкагында чараларды өз убагында кабыл алууну уюштурат;
14) республикалык бюджеттен жана каржылоонун башка булактарынан Кызматты күтүүгө бөлүнүүчү финансылык каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
15) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине белгиленген эмгек акы фондунун жана штаттык санынын чегинде Кызматтын түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун бекитүүгө киргизет;
16) Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана Кызматтын ишине тийиштүү маселелер боюнча башка ички актыларды бекитет;
17) Кызматтын ишин өркүндөтүү, анын ичинде Кызмат жөнүндө жобону, Кызматтын штаттык санын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өзгөртүү маселелери боюнча сунуштарды Министрликке киргизет;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
19. Кызматтын түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондунун алкагында вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, алар Кызматтын функциялары жана милдеттери өзгөргөнүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Төраганы дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
20. Кызматта кызмат өтөө тартиби жана Кызматтын жетектөөчү курамын түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7. Кызматтын мүлкү жана ишин каржылоо
21. Кызматтын мүлкү мамлекет өткөрүп берген мүлктүн жана Кызматтын өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында алынган мүлктүн (анын ичинде каражаттардын) эсебинен түзүлөт.
Кызматка бекитилген мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
22. Кызматтын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана башка тыюу салынбаган каржылоо булактарынын, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гранттык жана донордук жардамдарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Корутунду жоболор
23.Кызмат өзүнүн ишинде Министрликке баш ийет.
24. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.