Загрузка документа…
14-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министрлигине караштуу
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
мамлекеттик кызматы жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негизин аныктайт.
2. Мамфинкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын укуктук ишин улантуучу болуп саналат.
3. Мамфинкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу ведомстволук түзүм статусунда иштеген, банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Мамфинкөзөмөл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Мамфинкөзөмөл өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. Мамфинкөзөмөл юридикалык жак болуп саналат, ал өз алдынча баланска жана обочолонгон мүлккө ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Казыналык системасында жана коммерциялык банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мекеме.
7. Мамфинкөзөмолдүн расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы”;
- расмий тилде: “Государственная служба регулирования и надзора за финансовым рынком при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики».
8. Мамфинкөзөмөлдүн кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы”;
- расмий тилде: “Государственная служба регулирования и надзора за финансовым рынком.
9. Мамфинкөзөмөлдүн жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114.
2. Мамфинкөзөмөлдүн максаты
10. Мамфинкөзөмөлдүн максаты мамлекеттин туруктуу экономикалык өсүшү, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү аркылуу инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Мамфинкөзөмөлдүн милдеттери
11. Мамфинкөзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана артыкчылыктарын аныктоо.
Банктык эмес финансы рыногу деп Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногунун ишинин төмөндө аталган түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу ишин, аудитордук ишти, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, товардык биржалардын жана биржа соода-сатыктарынын иштерин, ошондой эле лотереялык жана ломбарддык ишти камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт;
2) банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
3) банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын мамлекеттик жөнгө салуу;
4) Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруу принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
5) дүйнөлүк финансы рыногуна, ошондой эле эл аралык бухгалтердик жана аудитордук коомдоштукка интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
6) банктык эмес финансы рыногунун субъекттерине алардын иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча белгиленген тартипте көзөмөлдү камсыз кылуу;
7) финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу жана финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарынын сакталышы үчүн контролдоо механизмин түзүү;
8) Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногунун финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
9) банктык эмес финансы рыногу жаатында лицензиялоону жүзөгө ашыруу.
12. Ушул жободо бухгалтердик эсепке алууну, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу маселелери жеке сектордогу жөнгө салууга кирет.
4. Мамфинкөзөмөлдүн функциялары
13. Мамфинкөзөмөл төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- банктык эмес финансы рыногу жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты аныктоону кошкондо, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- финансы рыногунун субъекттери үчүн бухгалтердик эсепке алууну, финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө карата талаптарды иштеп чыгат;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын иштеринин алкагындагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышын жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт;
- жөнгө салынуучу субъекттерге карата жазылган арыздарды жана даттанууларды карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүүгө лицензияны жана/же уруксатты берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда лицензиялардын жарактуулугун токтотуп турат, кайра калыбына келтирет, жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте банктык эмес финансы рыногунун өзүн-өзү жөнгө салган уюмдарынын реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- банктык эмес финансы рыногунда берилген, токтото турулган, кайра калыбына келтирилген, токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана башка уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт;
- банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3) колдоо функциялары:
- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууларды министрлик менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырат;
- жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында майнаптуу жана ачык-айкын финансы рыногу принциптерин киргизет;
- өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансы рыногунунун катышуучуларын окутууну жана аларга сертификаттарды берүүнү, аудитордун квалификациялык сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн ишинин процессинде түзүлгөн архивдик документтерди коплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн муктаждыктары үчүн товарларды жеткирүүгө, иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат;
4) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- ишкердик субъекттерди текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата текшерүү жүргүзөт;
- материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо менен кайрылат;
- “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүн жөнгө салат, контролдойт жана көзөмөлдөйт.
5. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата
Мамфинкөзөмөлдүн ыйгарым укуктары
14. Өз функцияларын ишке ашыруу максатында Мамфинкөзөмөл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) лицензияларды, уруксаттарды берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
2) аудитордун сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын квалификациялык күбөлүгүн берүүгө;
3) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерин жүргүзүүгө;
4) жөнгө салынуучу субъекттерден катышуучулардын/ уюштуруучулардын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматтарды, отчетторду, алардын финансы-экономикалык иши жөнүндө маалыматтарды, иши жөнүндө учурдагы отчетторду жана функцияларын аткаруу максатында башка маалыматтарды суроого;
5) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө;
6) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун сакталышына карата ишкердик субъекттерди текшерүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө;
7) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда аларга жазма буйрук жана эскертүү жөнөтүүгө;
8) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда алардан мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
9) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуулардын четтетилишин жана алардын сакталышын камсыздоо максатында сот органдарына кайрылууга;
10) банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана/же баалуу кагаздарды сатууну уюштуруучунун же депозитарийдин эрежелерин бузуу аркылуу жүргүзүлгөн баалуу кагаздар менен операцияларды токтото турууга;
11) банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттердин активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга. Банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттин активдеринин башкаруучусу болуп саналган башка жакка карата да активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө ушундай эле талап менен сот органдарына кайрылууга болот;
12) банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп таанылган жөнгө салынуучу субъекттин кирешелерин мамлекеттик бюджетке алуу жана аталган жак банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын натыйжасында жабыр тарткан юридикалык жана жеке жактардын чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
13) укукту бузуунун куралы же түздөн-түз объекти болуп саналган предметти конфискациялоо жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жаза чараларын берүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жөнгө салынуучу субъекттерден комиссиялык жана башка жыйымдарды алууга;
16 бухгалтердик эсепке алуу, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатындагы эл аралык форумдарга катышууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коюуга;
17) биргелешкен иштердин алкагында коомдук жана купуя маалыматтарды алмашуу максаттарында банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча, анын ичинен жөнгө салынуучу субъекттетарабынан банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы предметине текшерүү жүргүзүүдө белгиленген тартипте чет өлкөлүк органдар менен кызматташууга;
18) министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте чет өлкөлүк мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, жана башка документтерди иштеп чыгууга жана кол коюуларга катышууга;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан Мамфинкөзөмөлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн керектүү (анын ичинде купуя) маалыматтарды суроого жана көмөк көрсөтүүгө;
20) мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн аймактык органдарын түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле алардын иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктоого;
21) иши банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын союздарынын, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелеринин жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн турган курамда консультациялык-кеңешме органды - эксперттик кеңешти түзүүгө;
22) жумушчу топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансы рыногунун жөнгө салынуучу субъекттердин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө катышууга (анын ичинде акы төлөө негизинде) тартууга;
23) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн алдында окуу борборлорун жана илим-изилдөө институттарын түзүүгө;
24) өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында көз карандысыз эксперттерди акы төлөө менен тартууга, жалдоонун мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет;
25) натыйжалуу мониторинг жүргүзүү аркылуу банктык эмес финансы рыногунун баардык катышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоого;
26) баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүүгө;
27) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин кабыл алынган стандарттарынын сакталышы үчүн шарттарды камсыз кылууга;
28) лицензиясы токтото турулган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
а) лицензиялардын токтото турулушу же жокко чыгарылышы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
б) кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаларды жана/же башка мүлктөрдү кардарларга кайтарып берүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана/же кардар менен макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жокко чыгарууга же болбосо кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын башка кесипкөй катышуучунун аткаруусуна берүүгө;
29) эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштаган жак банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган учурда, баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары болду деп таанылганга чейин баалуу кагаздарды ачык сунуштоону каттоону жокко чыгарууга;
30) төмөнкү учурда баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттен проспектиге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү же толук жаңы маалыматтары бар аны алмаштыруучу проспектини каттоо үчүн берүүнү талап кылууга:
а) проспектиде ачыкталууга тийиш болгон жаңы олуттуу маалыматтар пайда болсо;
б) проспектиден жалган же адашууга алып келүүчү маалыматтар табылса же проспектиде маалыматтарда ачыктоо үчүн олуттуу боштуктар болсо;
31) эгерде баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жокко чыгарылса, же болбосо баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитент проспектиге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же жаңы маалыматтары бар аны алмаштыруучу проспектини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо үчүн толук бербесе, банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттен каражаттарды инвесторлорго кайтарып берүүнү талап кылууга;
32) мындай баалуу кагаздардын эмитентин жоюунун натыйжасында баалуу кагаздардын чыгарылышын жана/же ачык сунушталышын жокко чыгарууга;
33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аркылуу жасалган баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга.
6. Мамфинкөзөмөлдүн ишин уюштуруу
15. Мамфинкөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
Мамфинкөзөмөлдүн төрагасы вице-премьер министрге – экономика жана финансы министрине түздөн-түз баш иет.
16. Төраганын оруп басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Төраганын орун басарлары түздөн-түз төрагага баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде өз иштерин жүзөгө ашырат.
17. Мамфинкөзөмөл борбордук аппараттан жана аймактык бөлүнүштөрдөн турат.
Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы вице-премьер министр – экономика жана финансы министри тарабынан, бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондусунун чегинде, бекитилет. Төраганын дайындоосу Мамфинкөзөмолдүн түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт.
18. Мамфинкөзөмөлдүн төрагасы:
1) Мамфинкөзөмөлдүн ишин жалпы жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Мамфинкөзөмөлдүн атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
3) Мамфинкөзөмөлдүн атынан расмий документтерге кол коёт;
4) Мамфинкөзөмөлдүн атынан жазма буйруктарды жөнөтөт;
5) Мамфинкөзөмөлдүн чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
6) Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу үчүн тиешелүү жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
7) Мамфинкөзөмөлдүн төрагасынын орун басарларына өткөрүлүп берилүүгө тийиш функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитет;
8) белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондусунун чегинде Мамфинкөзөмөлдүн түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун вице-премьер министрдин - экономика жана финансы министринин бекитисүүнө киргизет;
9) Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) Мамфинкөзөмөлдүн атынан ишеним кат берет;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн мүлктөрүн жана каражаттарын тескейт;
12) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана төраганын тескеген орун басарынын сунушу боюнча аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана аны кайра сурап алуу (ажыратуу) жөнүндө чечимди кабыл алат;
13) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана төраганын тескеген орун басарынын сунушу боюнча банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү, токтото туруу, кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
14) банктык эмес финансы рыногунун ачык компанияларына, кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун бузуу үчүн жаза чараларын, айыптарды салат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
19. Мамфинкөзөмөлдүн ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болот.
7. Мамфинкөзөмөлдүн финансы жана чарбалык иштери
20. Мамфинкөзөмөлдүн ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- гранттардын, эл аралык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын.
8. Корутунду жоболор
21. Мамфинкөзөмөл өзүнүн иши жөнүндо отчетту министрликке берет.
22. Мамфинкөзөмөлдү кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Мамфинкөзөмөлдү жоюуда документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.