Загрузка документа…
18-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменттин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттин укугун улантуучу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкроттук жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана анын алдын алуучу, ошондой эле банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштейт.
4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент ушул Жобо менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара байланышта иштейт.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкка, казыналык системасында алыш-бериш эсебине жана башка эсептерге ээ.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департамент”;
- расмий тилде: “Департамент по делам банкротства при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Банкрот иштери боюнча департамент”;
- расмий тилде: “Департамент по делам банкротства”.
9. Департаменттин жайгашкан жери: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Департаменттин ишинин максаты
10. Департаменттин ишинин максаты болуп банкроттук процессинин жол-жоболорун натыйжалуу жүргүзүүнү жогорулатуу эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жана чарбакер субъекттердин банкрот болушунун алдын алуу;
2) банкрот институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
3) банкроттук процессинин алкагында чарбакер субъекттердин төлөө жөндөмсүздүгүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, ошондой эле аларды чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
4) жок болгон карызкордун банкроттугун ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу;
5) банкроттук процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- банкроттук механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- банкроттук жана аны алдын алуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун даярдоого катышуу;
- банкроттук жаатындагы программаларды ишке ашыруу;
- банкроттук маселелери жана банкроттуктун алдын алуу маселелери боюнча иштеген ата мекендик жана чет элдик ведомстволордун иштөө тажрыйбасын изилдөө жана жалпылаштыруу;
- банкроттук процессинде администратор катары кесиптик иш жүргүзгөн адамдарга карата талаптарды иштеп чыгуу;
- банкроттук жана анын алдын алуу маселелерин козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, ошондой эле адистештирилген фонддон каражаттарды алуу үчүн администраторлор тарабынан жиберилген документтерге укуктук экспертиза жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- лицензиялык комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу, банкроттук процессиндеги администраторлордун ишине лицензиялоо жүргүзүүнү уюштуруу-эксперттик камсыз кылуу;
- банкроттук боюнча адистерди (администраторлорду) даярдоо, алардын кесиптик деңгээлин баалоо системасын уюштурууну камсыз кылуу, окутуунун тиешелүү программаларын жана окутуучу уюмдарга карата талаптарды иштеп чыгуу;
- лицензияларды берүү (кайра тариздөө), токтотуп туруу жана токтотуу, ошондой эле лицензиянын түп нускасы жоголгон (бузулган) учурда лицензиянын дубликатын берүү;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабай төлөөгө жөндөмсүз карызкорлорду (анын ичинде экономикалык же социалдык маанилүү субъекттерди) эсепке алуу (мониторинг жүргүзүү);
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу жана “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкроттук процессинин жол-жоболорунун администраторлор тарабынан жүргүзүлүүсүнө контролду ишке ашыруу;
- мамлекет кредитор болгон карызкорлорго карата алардын банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселесинде мамлекеттин жалгыз өкүлүнүн ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- мамлекет катышуучу (менчик ээси) болгон карызкорлордун банкроттук процессинде мамлекеттин таламын талашуу;
- администраторлордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- белгиленген тартипте банкрот деп жарыяланган (таанылган) жеке (жеке ишкерлердин) жана юридикалык жактардын реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана лицензиардын талаптарынын лицензиат тарабынан аткарылышына лицензиялык контролду жүргүзүү;
- банкроттук процессинде администратордун ишине талапкер болгон адамдарды окутуу программаларын бекитүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу;
- адистештирилген фонддон берилген акча каражаттарынын администраторлор тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- банкроттук чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жазаларды берүү;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- талаш-тартыш учурларында банкроттук жол-жоболорунун маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
- банкроттук жаатындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына консультация берүү;
- администраторлорго методикалык жана юридикалык жардам көрсөтүү;
5) колдоо функциялары:
- администраторлордон отчёттук маалыматты жыйноо жана талдоо;
- банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган банкроттук процессинин жол-жоболору колдонулуп жаткан же колдонулган чарбакер субъекттердин ишине талдоо жүргүзүү;
- “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте администраторлорду ишке дайындоо, четтетүү, бошотуу;
- администраторлордун отчёттору боюнча корутундуларды сотко берүү (банкроттук процесси соттук тартипте жүргүзүлгөндө).
5. Департаменттин укуктары
13. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекет кредитор болуп эсептелген карызкорлорго банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде белгиленген тартипте мамлекеттин атынан мамлекеттин таламын талашууга, ошондой эле катышуучусу (менчик ээси) мамлекет болуп эсептелген карызкорлордун банкроттук процессинде мамлекеттин таламын талашууга;
2) мамлекет кредитор болуп эсептелген чарбакер субъекттерге алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоого;
3) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте сурап алууга;
4) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жактардын жетекчилерин жыйындарында угууга;
5) жок болгон карызкорлорго банкроттук процессин ишке ашыруу максатында белгиленген тартипте адистештирилген фондду түзүүгө;
6) банкроттук жана аны алдын алуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун Министрликтин кароосуна киргизүүгө;
7) Министрлик менен макулдашуу боюнча келээрки календардык жылга Департаменттин иш планын бекитүүгө;
8) белгиленген тартипте окуу борборун түзүүгө;
9) Департаменттин контролдоо функцияларын натыйжалуу ишке ашыруусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана отчётторду администраторлордон суроого жана алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
10) эки тараптан тең Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат (арыздар, даттануулар) болгон учурда администраторлордун ишин текшерүүгө;
11) карызкорго таандык болгон активдерди турган жери боюнча барып текшерүүгө;
12) администраторлордун ишин комплекстүү текшерүү зарылдыгы пайда болгон учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана кызыкдар болгон жактарды тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топторду (комиссияларды) түзүүгө;
13) банкроттук процессинин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу максатында төлөөгө жөндөмсүз субъекттердин активдери менен бүтүмдөрдү каттоону токтото турууну тиешелүү органдардан талап кылууга;
14) администратор, ошондой эле банкроттук процессинин башка катышуучулары тарабынан кетирилген конкреттүү эреже бузууларды көрсөтүү менен текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү документтерди (актыларды, протоколдорду) тариздөөгө жана Департамент тарабынан белгилеген мөөнөттө бузууларды жоюуга милдеттендирген чечимдерди чыгарууга;
15) аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө чечимди администратор аткарбаган учурда - жазуу жүзүндөгү эскертүү берүүгө;
16) банкроттук чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чарасын көрүүгө;
17) соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча төлөөгө жөндөмсүздүк, ошондой эле жалган же алдын ала ойлонулган банкроттук белгилери жөнүндө корутунду берүүгө;
18) банкроттук процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары табылган учурда тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө;
19) төлөөгө жөндөмсүз чарбакер субъекттердин активдерин сатуу боюнча тооруктарды уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырууга (“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-1-беренесине ылайык талап кылуу укугун өткөрүп берүү келишими, ошондой эле башка келишимдер (макулдашуулар) боюнча);
20) администраторлор менен келишимдерди (төлөөгө жөндөмсүз карызкордун активдерине талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу) жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка келишимдерди түзүүгө;
21) банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу жана лицензиялоо маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде түшүндүрүүлөрдү берүүгө;
22) Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды уюштурууга;
23) Департаменттин потенциалын күчөтүү максатында гранттык негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
24) Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
25) конференцияларды, семинарларды, “тегерек столдорду”, анын ичинде эл аралык уюмдардын катышуусу менен уюштурууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары - вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Департаменттин директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет.
15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду уюшулган. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттеринин алкагында ишин жүргүзөт.
Департаменттин директору жок болгон учурда анын милдеттери, расмий документтерге кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.
16. Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектелген штаттык санынын чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
3) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
4) Департамент аткарган иштер жөнүндө Министрликке жыл сайын отчёт жиберет;
5) Департаменттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте киргизет;
6) кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет;
7) Департаменттин каражаттарын жана мүлктөрүн мыйзамда белгиленген тартипте башкарат;
8) Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу үчүн Министрликке белгиленген тартипте көрсөтөт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
18. Департамент өзүнүн ишин министрдин тейлөөчү орун басары болгон вице-премьер-министр – экономика жана финансы министринин жалпы жетекчилиги, ошондой эле Департаменттин директорунун тикелей жетекчилиги алдында жүргүзөт.
19. Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, аны өзгөртүү Департаменттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында директорду дайындоо Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт.
20. Департаменттин чечимдери буйрук түрүндө чыгарылат. Департаменттин администраторлорду дайындоого, кызматтан четтетүүгө жана бошотууга байланыштуу чечимдери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык соттук тартипте каралат.
7. Департаменттин финансысы жана чарбалык иши
21. Департаменттин финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
22. Департаменттин мүлкүн негизги фонддор түзөт, ал Департаменттин балансында чагылдырылат.
23. Департаментти күтүү жана анын иши үчүн чыгымдарды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык адистештирилген фонддун каражаттарынан.
24. Департаменттин жок болгон карызкорго карата банкроттук процессин ишке ашыруу боюнча чыгымдары адистештирилген фонддон жүргүзүлөт.
25. Департаменттин директору жана Департаменттин эсепке алуу жана отчёт берүү боюнча башкы адиси Департаменттин каражаттарынын сарпталышына жеке жоопкерчилик тартышат.
26. Атайын администраторлорду өнүктүрүүгө, материалдык сыйлоого, дем берүүгө жана социалдык колдоого каражаттарды жумшоо Департаменттин директору бекиткен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
27. Департамент өзүнүн ишинде Министрликке отчёт берет.
28. Департаментти кайра түзүү жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
30. Департаменттин ишин токтотууда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.