Загрузка документа…
19-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин (мындан ары –Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен ишке ашырат.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү штампы, фирмалык бланктары жана казыналык системасында эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент туризма при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Туризм департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент туризма”.
9. Департаменттин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Киев көчөсү, 96 “Б”.
2. Департаменттин максаты
10. Департаменттин максаты туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери:
1) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) өлкөнүн жакшы кадыр-баркын түзүү.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциялары:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда кызматташууну ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мыйзамда белгиленген тартипте иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- туризмди мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндөгү концептуалдык-стратегиялык документтерди иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- дүйнөлүк туризм рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана белгиленген тартипте туризм чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- туристтик агымдардын абалына талдоо жүргүзөт;
- туристтик иштин субъекттери көрсөтүүчү кызматтардын сапатына талдоо жүргүзөт;
- туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга өбөлгө түзүүчү документтик долбоордук базаны даярдайт жана түзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш комплекстерин жана тарыхый-маданий объекттерди өзүнө камтыган туристтик ресурстарды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- өз компетенциясынын чегинде туризм чөйрөсүндөгү эл аралык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана кызматташуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди ишке ашырат;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча функцияларды ишке ашырат, ошондой эле компетенциясынын чегинде тиешелүү иш-чараларга катышат;
2) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- туризм чөйрөсүн комплекстүү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
- туризм чөйрөсүндөгү уюмдардын иштерине мониторинг жүргүзөт;
- белгиленген тартипте, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, туризм чөйрөсүндө белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын контролдойт;
- Департаменттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана өкмөттүк эмес түзүмдөр менен өз ара аракеттенет;
3) колдоо функциялары:
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону жана жайылтууну ишке ашырат;
- туристтик иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук туристтик бирикмелерге маалыматтык жана административдик колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын пропагандалоого өбөлгө болгон билим берүүчү, маркетингдик иш-чараларды жана жарнамалык роликтерди иштеп чыгат;
- туризм чөйрөсүндөгү субъекттерге методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- башка өлкөлөрдө ата мекендик туристтик уюмдардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт;
- туризм чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө иштерин жүзөгө ашырат;
- Туристтик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- Департаменттин компетенциясынын алкагында кызматташтык жөнүндө зарыл макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коёт.
Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды да ишке ашырат.
5. Департаменттин укуктары
13. Департамент функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана Департаменттин ишинин маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларга белгиленген тартипте кол коюуга катышуу;
3) Департаменттин ишинин маселелери боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүү;
4) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине катышуу;
5) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо;
6) туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартуу;
7) мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка тартылган уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрүн, Департаменттин ишинин багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттерди тартуу;
8) аткаруу бийлигинин органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден туризм чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды сурап алуу;
9) сот органдарына доо арыздары менен кайрылуу жана сотторго катышуу;
10) негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган Департаментке бекитип берилген мүлктү пайдалануу жана аларды башкаруу;
11) Департаменттин адистери үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө квалификациясын туруктуу негизде жогорулатуу, тренингдерди жүргүзүү, тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
12) Департаменттин бюджетин түзүүгө катышуу жана сунуштарды киргизүү;
13) белгиленген иш чөйрөсүндөгү маалыматтарды жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо басма каражаттарын белгиленген тартипте уюштуруу, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды жайгаштыруу;
14) мыйзамдарда каралган башка укуктарды ишке ашыруу.
6. Ишти уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице- премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаменттин директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Департаменттин ишин уюштурат.
15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана жүктөлгөн милдеттердин чегинде өзүнүн ишин жүргүзөт, директор жок учурда анын кызматтык милдеттерин аткарат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
3) директордун орун басарынын кызматтык милдеттерин аныктайт, Департаменттин компетенциясына кирген уюштуруу, кадрдык, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча Департаменттин системасындагы башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Департаменттин системасындагы кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
5) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык бирдиктин чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министринин бекитүүсүнө киргизет;
6) Департаменттин системасындагы кызматкерлерге белгиленген тартипте класстык чиндерди ыйгарат;
7) ведомстволук сыйлыктарды (төш белгилер, сыйлыктар, грамоталар) уюштуруу жана Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин, ошондой эле Департаменттин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо боюнча сунуштарды вице-премьер-министр-экономика жана финансы министрине белгиленген тартипте киргизет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү болгон, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет, финансылык жана эмгек тартибинин сакталышын камсыз кылат;
10) Департаменттин, ошондой эле анын аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
11) Департаменттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
17. Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, алар Департаменттин милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында директорду дайындоо Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
7. Мүлкү жана каражаттары
18. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ыкчам башкаруу укугунда бекитилген башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы баланста чагылдырылат.
19. Департамент ага бекитилген мүлктү анын менчик ээсинин макулдугу менен гана ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө укуктуу.
20. Департамент эксплуатациялоо ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен мүлктүн сактыгын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылат.
21. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
22. Департаменттин ишин каржылоо белгиленген тартипте республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
23. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
24. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Департаменттин иши токтотулган учурда иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.