Загрузка документа…
20-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча фонд жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негизин аныктайт.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун укугун улантуучу болуп саналат.
3. Фонд мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иш алып барган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик жер фондунун обьекттерин башкарууну ишке ашырат.
4. Фонд өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Фонд өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
6. Фонд юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле казыналык системасында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттеринде эсеби бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Фонддун расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд”;
- расмий тилде: “Фонд по управлению государственным имуществом при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. Фонддун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд”;
- расмий тилде: “Фонд по управлению государственным имуществом”.
9. Фонддун жайгашкан жери: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Фонддун максаты
10. Фонддун максаты - мамлекеттик мүлктү башкаруудан оң социалдык-экономикалык натыйжаларды камсыз кылуу болуп саналат.
3. Фонддун милдеттери
11. Фонддун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө жана менчиктештирүү саясатын ишке ашыруу;
2) мамлекеттик мүлктүн эсебин алуу жана инвентаризациялоо;
3) Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
4. Фонддун функциялары
12. Фонд төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- мамлекеттин менчик формасындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин негизги каражаттарын эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну уюштуруу жана инвентаризациялоо боюнча методикалык жана ченемдик документтерди бекитүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна кошуу үчүн мамлекеттик менчик обьекттердин тизмегин түзүү;
- коммерциялык долбоорлорду демилгелөө үчүн мамлекеттик менчик обьекттердин тизмегин түзүү жана сунуштоо;
- мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик ишканаларды, чарбакер коомдорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чараларды белгиленген тартипте кабыл алуу;
- мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берүүнү жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик менчик обьекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу;
- менчиктештирүү процессинин, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын ишке ашыруунун жүрүшүнүн динамикасына мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү процессин уюштуруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик ишканалардын, чарбакер коомдордун реестрин жүргүзүү;
- чарбакер субъекттердин жооптуу сактоосунда турган социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы обьекттердин реестрин жүргүзүү;
- менчиктештирилген обьекттердин реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү кайтарымсыз убактылуу пайдалануу жана ишенимдүү башкаруу келишимдеринин реестрин жүргүзүү;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик чарбакер коомдордун уюштуруучусунун, катышуучусунун (акционерлердин) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тандоону, көрсөтүүнү уюштуруу;
- уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлү менен типтүү келишимди бекитүү;
- мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерге кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө, Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жазык-процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген мүлктү кабыл алуу боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү кайтарымсыз убактылуу пайдалануу келишимдерин каттоо;
- мамлекеттик ишканаларга негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга макулдук берүү;
- мамлекеттик ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
- мамлекеттик ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
- республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык иштерин талдоо жана мониторингтөө;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын директорлорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн ишин баалоо;
- мамлекеттик ишкананын директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын типтүү уставын бекитүү;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- ведомстволук уюмдардын ишин координациялоо жана контролдоо;
- мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан чегерүүлөрдү эсепке алуу, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- чарбакер коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүнө таандык дивиденддердин эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшүүлөрдүн эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акыдан түшүүлөрдүн эсебин жүргүзүү, аларды республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо, аталган көрсөткүчтөргө жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- мындан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү үчүн пайдаланылбаган жана токтоп турган кыймылсыз мүлк обьекттерин табуу;
- тейлеген тармагында укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акыны эсептөө тартибин аныктоого рыноктук ижара акы бааларына мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерге мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө ижара келишими Фонддо катталбай калган учурларды табуу;
4) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө жана менчиктештирүү, аларды эсепке алуу жана инвентаризациялоо маселелери боюнча маалыматта чагылдыруу;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарга ачык жетүүнү камсыздоо (коммерциялык жана башка мыйзам менен сакталган сырды түзгөн маалыматтардан тышкары);
- коммерциялык долбоорлорду демилгелөө үчүн сунушталган мамлекеттик менчик обьекттердин тизмегине ишкерлердин ачык жетүүсүн камсыздоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, аларды эсепке алуу жана инвентаризациялоо процесстерин автоматташтыруу;
- иштин тескөөчү багыттары боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлардын резервин түзүү;
- Фонддун жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- иштин тескөөчү багыттары боюнча эл аралык кызматташууларды Министрлик менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашыруу;
- иштин тескөөчү багыттары боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо.
5. Фонддун укуктары
13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө жана менчиктештирүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана Министрликке киргизүүгө;
3) иштин тескөөчү багыттары боюнча ченемдик укуктук базаны колдонуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө;
4) белгиленген тартипте мамлекеттик ишканаларды чарбакер коомдорго өзгөртүп түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары мамлекеттик мүлк объекттерине ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун белгилөөгө башка мамлекеттер менен келишимдерди даярдоодо катышууга;
6) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар, башкаруучулар же пайдалануучулар тарабынан тиешелүү келишимдер менен аныкталган милдеттенмелеринин аткарылышына контроль жүргүзүүгө;
7) уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик ишкананын жетекчиси убактылуу жок болгондо же ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда мамлекеттик ишкананын жетекчисинин милдеттерин аткаруу анын орун басарына жүктөгө;
9) мамлекеттин атынан юридикалык жактын уюмдаштыруучусу болууга, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укугун ишке ашырууга;
10) уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттин натыйжалуу эмес өкүлдөрүнүн маалымат базасын түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик ишканаларды, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
12) Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешме жана башка органдарды түзүүгө;
13) мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жана менчиктештирүүнү ишке ашыруу, мамлекеттик менчик обьекттерин инвентаризациялоо, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон белгилүү бир иштерди жана кызмат көрсөтүүнү аткарууга укугу бар консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү дагы тартууга;
14) республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен Фонддун маселелерин чечүү үчүн керектүү статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана талдоо материалдарын суроого жана алууга;
15) мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маалыматтары менен эсепке алынган обьекттердин иш жүзүндө бардыгына жана абалына тандама салыштырып текшерүүгө;
16) мамлекеттик имараттарды жана жайларды мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга берүү жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алууга;
17) мамлекеттик органдардан, мамлекет катышкан коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча маалыматтарды суратууга жана алууга;
18) мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана ведомстволук уюмдардын финансылык-чарба иштерине белгиленген тартипте аудит жүргүзүүгө;
19) мамлекеттик мүлктүн ижарага берилишин контролдоого жана мониторинг жүргүзүүгө;
20) маалыматтык жана басма ишин жүргүзүүгө;
21) Фонддун компетенциясынын чегинде мамлекеттин мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого даттанууларды берүүгө;
22) чет элдик мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын, башка документтардин долбоорлорун иштеп чыгууга жана кол коюшууга Министрлик менен макулдашуу боюнча катышууга;
23) мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү, инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
24) мамлекеттик мүлктү башкаруу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана инвентаризация жүргүзүү саясатын ишке ашыруу үчүн керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-негизделген сунуштамаларды иштеп чыгууга илимий мекемелер, билим берүү мекемелери жана окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
25) белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырууга;
26) мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү органдарынын системасындагы кызматкерлерди сыйлоо үчүн белгиленген тартипте Фонддун ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга, бул сыйлыктар жөнүндө жобону белгиленген тартипте бекитүүгө;
27) чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдары менен өз ара пайдалуу негизде иштешүүгө жана кызматташууга, башка өлкөлөрдүн менчиктештирүү жана мамлекеттик менчикти башкаруу тармагындагы жетишкендиктерин жана тажрыйбасын изилдөөгө жана аны өз ишинде пайдаланууга;
28) мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана багыты боюнча колдонулушун контролдоо максатында мамлекеттик ишкананын аймагына кирүүгө жана текшерүү жүргүзүүгө жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
29) Министрликке мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун жыйынтыктары толук эмес жана так эмес экени белгилүү болгондо, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартип жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
30) мамлекеттик ишканаларда ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга.
6. Фонддун ишин уюштуруу
14. Фондду төрага башкарат, аны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Фонддун төрагасы түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет.
Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине Фонддун иш жүргүзүү чөйрөсүнө кирген мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунушту киргизет.
15. Фонддун төрагасынын орун басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.
16. Фонддун төрагасы:
1) Фонддун, ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Фондго жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Фонддун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара иштешүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коёт;
3) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Фонддун башка кызмат адамдарынын Фонддун компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Фонддун ишинин ички тартибин аныктайт;
6) белгиленген тартипте мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
7) Фонддун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип жазаларынын түрлөрүн колдонот;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Фонддун кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат;
9) Фонддун кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиштүү буйруктарды чыгарат;
10) Фонддун атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана тескейт;
11) Фонддун милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт;
13) эмгек акы төлөө жана штаттык сандарынын чегинде Фонддун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү үчүн вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине берет;
14) Фонддун жетектөө чөйрөсүнө кирген мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет
17. Фонддун түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген эмгек акы төлөө жана штаттык сандарынын чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри бекитет, аны өзгөртүү Фонддун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө гана байланыштуу мүмкүн. Ушуну менен бирге Төраганын дайындалышы Фонддун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
18. Фонддун функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштуруу эрежелери Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри-экономика жана финансы министринин макулдугу менен Фонддун төрагасы бекиткен Фонддун Регламенти менен аныкталат.
19. Фонддо 7 адамдан турган Фонддун коллегиясы түзүлөт, анын курамында Фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле Фонддун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри бекитет.
Фонддун коллегиясы жөнүндө Жобону Фонддун төрагасы бекитет.
20 Жеке жана юридикалык жактардын укугун жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын козгогон Фонддун жана анын ведомстволук уюмдарынын чечимдерин жокко чыгаруу же кайра кароо, кызыкдар жактардын доо арыздары боюнча соттук тартипте жүргүзүлөт;
21. Фонддун ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында, консультативдик-байкоочу орган сыяктуу, коомдук негизде ишин алып барган Коомдук кеңеш түзүлөт.
7. Фонддун финансылык жана чарбалык иши
21. Фонддун ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү республикалык бюджеттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
22. Фонд өз ишинде Министрликке отчет берет.
23. Фонд өз ишинин жыйынтыктарына бухгалтердик эсеп жана финансылык отчёттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык статистикалык отчёттуулукту жана бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
24. Фонддун жылдык отчёту жана иш планы вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри менен бекитилет.
25. Фонддун ишин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Фонд ишин токтоткондо анын иштеринин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.