Загрузка документа…
22-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (мындан ары- СМБ) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. СМБ Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун укугун улантуучу болуп саналат.
3. СМБ стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
4. СМБ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. СМБ мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен иштейт.
6. СМБ юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, обочолонгон мүлккө, банктарда жана Казыналык системасында эсептешүү жана башка эсебине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана расмий жана мамлекеттик тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрүнө, ошондой эле башка мөөрлөргө, штамптарга жана белгиленген үлгүдөгү бланктарына ээ.
Уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. СМБнын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору”;
- расмий тилде: “Центр по стандартизации и метрологии при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
СМБнын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору”;
- расмий тилде: “Центр по стандартизации и метрологии”.
8. Жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 197.
2. СМБнын максаттары
9. СМБнын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык эрежелерге жана сунуштарга ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, улуттук эталондук базаны өнүктүрүү жана колдоо;
3) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун; курчап турган айлана-чөйрөнү; жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатында коомдун коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана ресурстарды үнөмдөөгө көмөк көрсөтүү.
3. СМБнын милдеттери
10. СМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимий-техникалык прогресске дем берүү;
2) илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүү деңгээлине ылайык продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
3) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигинин даражасын эске алуу менен объекттердин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
4) ресурстарды сарамжалдуу жана рационалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
5 ) техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;
6) техникалык жана маалыматтык шайкештикти, өлчөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын салыштырууну, продукциянын өз ара алмашуусун камсыз кылуу;
7) калктын өмүрүнүн, ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн саламаттыгынын жана өсүшүн, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн, айлана-чөйрөнүн коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
8) Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу үчүн метрология боюнча иштерди жүргүзүү;
9) өлчөө системасын Эл аралык бирдик системасына (БС) шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу.
4. СМБнын функциялары
11. СМБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) стандартташтыруу жаатында:
- стандартташтыруунун улуттук системасын улуттук экономиканын кызыкчылыктарына, илимди, техниканы жана технологияларды өнүктүрүү деңгээлине шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- стандарттарды иштеп чыгууга, бекитүүгө жана колдонууга ылайыктуу Жоопкерчиликтүү практика кодексинин негизинде, Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) ылайык стандарттарды, эрежелерди, жол-жоболорду жана сунуштарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартибин белгилөө;
- башка мамлекеттердин эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарын, башка мамлекеттердин региондук жыйнактарын, эрежелерин жана эрежелеринин жыйнактарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алуу методдорун белгилөө;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эрежелерди жана стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу (өзгөртүү, актуалдаштыруу) программаларын түзүү жана бекитүү;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды жана эрежелерди белгиленген тартипте бекитүү жана жокко чыгаруу;
- Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык стандарттарын, техникалык регламенттерин жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыздоочу стандарттардын тизмесин иштеп чыгууга жана аларга экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
- стандартташтыруу боюнча документтерди эл аралык жана региондук ченемдерге шайкеш келтирүү;
- стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жаатында макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- улуттук стандарттардын жана стандартташтыруу боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
- улуттук стандарттарды, эрежелерди стандартташтыруу боюнча сунуштамаларды, эл аралык жана региондук стандарттарды, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жана алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, региондук классификаторлорду (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун эсепке алуу жана кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү, алардын ишин уюштуруу жана ишин координациялоо;
- улуттук стандартка шайкештик белгисинин сүрөтүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
башка мамлекеттердин эл аралык, региондук стандарттарын (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук стандарттарын, башка мамлекеттердин региондук жыйнактарын, эрежелерин жана эрежелеринин жыйнактарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасы иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга ылайыктап кайра иштеп чыгууну уюштуруу;
- продукциялардын каталогдук баракчаларынын формаларын, аларды толтуруу, берүү жана каттоо эрежелерин белгилөө;
- продукциялардын каталогун түзүү боюнча мамлекеттик системаны өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо жана продукциялардын каталогдук баракчаларын каттоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана ишке киргизүү тартибин белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты, мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, жүргүзүүгө тийиш болгон башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорунун тизмесин, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыккан, жүргүзгөн, актуалдаштырган жана колдонгон Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун тизмесин классификациялоо жана код коюу системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо;
- транспорт каражаттарын даярдап чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык код (VIN/WMI) ыйгаруу;
- БС/ЕАЭБ техникалык регламенттерине стандарттардын тизмесине анализ жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын БС/ЕАЭБ техникалык регламенттерине болгон стандарттардын тизмесине киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбаган БС/ЕАЭБдин стандартташтыруу боюнча чыккан документтерин кабыл алуу;
- Стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттерге (ТКМ) Кыргыз Республикасынан кызыкдар тараптарынын катышуусу боюнча иштерди координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоо;
- Евразия экономикалык комиссиясынын, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МАК), стандартташтыруу маселелери боюнча Өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) чечимдерин, протоколдорун ишке ашыруу.
б) метрология жаатында :
- республиканын экономикасын өнүктүрүүдө өлчөөнүн жана стандарттардын ролун чыңдоо үчүн Эл аралык бирдик системасына (БС) өлчөө системасын шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- чоңдук бирдиктеринин улуттук эталондорун сактоо жана өркүндөтүү, Эл аралык бирдик системасынын (БС) негизги жана туунду чоңдук бирдиктеринин өлчөмдөрүн чыгаруу жана берүү;
- өлчөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибровкалоо, бекитүү, өлчөөнү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарбакер субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- стандарттык үлгүлөрдү бекитүү;
- өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык метрологиялык иштердин жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүү;
- калибровкалоонун жана өлчөөнүн улуттук эталондорун жана сертификаттарын эл аралык таанууну камсыздоо үчүн эл аралык, региондук жана улуттук деңгээлде эталондорду салыштырып текшерүүгө катышуу;
- өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү же текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү же стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүү жана кайра чакыртып алуу боюнча иштерге катышуу;
- метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- эл аралык метрология уюмдары жана башка өлкөлөрдүн метрология боюнча улуттук органдары менен өлчөө бирдейлигин камсыздоо жаатында маалымат алмашуу;
в) шайкештикти баалоо жаатында:
- продукцияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, персоналды жана менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын функцияларын ишке ашыруу;
- шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сыноо;
- мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды изилденүүчү объектилердин (материалдардын, продуктулардын, процесстердин) шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин же контракттардын талаптарына шайкеш келиши (шайкеш эместиги) жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде сан, сапат, коопсуздук параметрлери боюнча изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү жана суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде тестирлөө боюнча кызматтарды жана башка технологиялык кызматтарды көрсөтүү;
- тиешелүү сыноолорду, экспертизаларды, өлчөөлөрдү жүргүзүү менен тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптеринин (ХАССП) системасынын элементтери киргизилүүгө тийиш тамак-аш азыктарын даярдоо боюнча ишканалардын өндүрүштүк процесстерине келишимдик негизде катышуу;
- сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыгын изденүүгө конкурс өткөрүү боюнча иштерге катышуу;
- сапат менеджменти системаларын, анын ичинде тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системаларын сертификациялоо боюнча органдын ишин уюштуруу;
- транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактыруу) бекитүү, каттоо, жокко чыгаруу;
- СМБнын расмий басылмасында “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке (ББ ТР 018/2011) шайкештигин күбөлөндүрүүчү документти колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты жарыялоо, документти колдонууну токтотуу жөнүндө кабарламаларды каттоо жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- транспорт каражатынын тибин жактырууларды (шассинин тибин жактырууларды), ошондой эле шайкештик сертификаттарын каттоо жана реестрин жүргүзүү;
г) маалыматтык камсыздоо жаатында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык техникалык Регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун (мындан ары - фонд) түзүү жана жүргүзүү, техникалык регламенттерди, стандартташтыруу боюнча документтерди жана фонддун маалыматтык продукцияларын чыгаруу, жайылтуу жана пайдалануучуларды алар менен камсыздоо;
- улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо боюнча башка документтерди, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын басып чыгаруу жана кайра басып чыгаруу, анын ичинде чет тилдеринде, көчүрмөсүн чыгаруу жана таркатуу, ошондой эле юридикалык жактарга ушул иштерди жүргүзүүгө укук берүү;
- эл аралык, региондук уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдарынын стандарттарын, жана жол-жоболук документтеринин жетектөөчү принциптерин которуу;
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) жана “Алиментариус кодекси” ведомстволор аралык комиссиясынын маалыматтык кызматынын (Улуттук байланыш пунктунун) жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук маалыматтык кызматтын функцияларын аткаруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, жана шайкештикти баалоо жаатында консалтинг боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо (ырастоо) жаатындагы иштерди жүргүзүү жана СМБнын компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- документтер менен маалыматтык камсыздоо, кызматтарды көрсөтүү, СМБнын иши менен байланышкан маселелер боюнча окутуу;
- стандартташтыруу, метрология жана коопсуздук менеджменти жана сапат маселелери, ошондой эле бул тармакка тиешелүү башка маселелер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын жана бардык тараптар - мамлекеттик, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү үчүн башка окутуучу сабактарды уюштуруу;
- стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, сыноо жана шайкештикти баалоо жаатында адистердин стажировкаларын уюштуруу жана өткөрүү;
д) эл аралык кызматташтык жаатында:
- стандартташтыруу, метрология жаатында жана бул багыттарга байланышкан башка тармактарда, анын ичинде Министрлик менен макулдашуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин негизинде иштеген эл аралык, региондук уюмдар жана чет өлкөлөрдүн улуттук органдары менен кызматташуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча, СМБнын ыйгарым укуктарынын чегинде стандартташтыруу жана метрология боюнча региондук жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын атынан чыгуу.
5. СМБнын укуктары
12. СМБ функцияларын ишке ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) СМБга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволук органдарды түзүүгө;
3) Министрлик менен макулдашуу боюнча экспертизаларды, сыноолорду жана консультацияларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
4) белгиленген тартипте жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун же мүлкүнүн коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарга жооп бербеген ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу, колдонуу мөөнөтүн чектөө же кайра кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
5) келишимдердин жана келишимдик күчүнө ээ болгон башка документтердин негизинде шайкештикти ырастоо, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, сыноолорду жүргүзүү, адистерди даярдоо жаатында чарбакер объекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
6) бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды чыгымдардын түрлөрү боюнча алардын багытталышына ылайык бөлүштүрүүгө;
7) СМБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди түзүү жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
8) Министрлик менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге белгиленген тартипте кол коюуга жана долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлгөн иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди иштеп чыгууга жана колдонууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген негизги функцияларды аткарууда коштолуучу башка иштерди жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө;
11) стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология жаатында тренингдерди, семинарларды, стажировкаларды жана адистерди окутуунун башка түрлөрүн келишимдик негизде жүргүзүүгө;
12) СМБнын башкаруу схемасына кирген аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизүүгө, ошондой эле алардын ишин жетектөөгө жана контролдоого;
13) транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактырууну) тариздөөнүн тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн техникалык катчылыктын функцияларын аткаруучу компетенттүү уюмду белгиленген тартипте дайындоого;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
6. СМБнын ишин уюштуруу
13. СМБнын ишин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри- экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу – директор жетектейт.
СМБнын директору түздөн түз Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министрине баш ийет
14. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде өзүнүн ишин жүргүзөт.
15. СМБнын директору:
1) СМБнын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жалпы жетектейт;
2) СМБга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде СМБнын түзүмүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
4) белгиленген тартипте СМБнын кызматкерлерин, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте тартиптик жазага тартат;
6) белгиленген тартипте СМБнын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
7) өз компетенциясынын чегинде СМБнын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
8) Министрликке квартал сайын СМБнын аткарган иштери жөнүндө отчетторду жиберет;
9) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда СМБнын кызыкчылыктарын коргойт;
10) СМБнын ведомстволук жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүмдөрүнүн жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык СМБнын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
16. СМБнын түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык бирдиктин жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, ал СМБнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директордун дайындалышы СМБ түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
17. СМБга жүктөлгөн маселелерди аткаруу менен байланышкан суроолорду коллегиалдуу карап чыгуу жана анын компетенттүүлүгүнө кирүүчү илимий-техникалык маселелерди чечүү үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо жана анын персоналдык курамын СМБнын директору бекитет.
18. СМБда башка кеңеш берүүчү жана консультативдик органдар түзүлүшү мүмкүн.
19. СМБда квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кесиптик кайра даярдоо борбору жана толук чарбалык эсепте иштеген аймактык бөлүкчөлөрү иштейт.
7. СМБнын мүлкү жана каржылык-чарбалык ишмердиги
20. СМБнын карамагында болгон мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет, ал эми чарбалык иштин эсебинен сатып алынган мүлк СМБнын өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланска эсепке алынат.
21. СМБнын каржылоо булактары болуп төмөндөгүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген сертификаттоо, метрология, стандартташтыруу жана башка өндүрүштүк-чарбалык ишмердиктер боюнча төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чарбакер субъекттерге көмөк көрсөтүүлөрүнөн түшкөн өздүк каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген гранттар, кредиттер жана башка булактар.
22. СМБ Министрликтин макулдашуусу боюнча чарбакер субъекттерге кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка өндүрүштүк ишмердиктен түшкөн кирешелерди жана ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен алынган мүлктөрдү башкарууга укуктуу.
23. СМБ бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт жана өзүнүн ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
8. Корутунду жоболор
24. СМБ өз ишинде Министрликке отчет берет.
25. СМБны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. СМБнын ишин токтотууда ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.