Загрузка документа…
27-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - МЖӨ борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3 МЖӨ борбору Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин илгерилетүү боюнча башкаруу функцияларын ишке ашыруучу, мамлекеттик мекеме формасындагы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МЖӨ борбору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө иштейт.
6. МЖӨ борбору юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Уюштуруу укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. МЖӨ борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси”;
- расмий тилде: “Государственное учреждение “Центр государственно-частного партнерства” при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
8. МЖӨ борборунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “МЖӨ борбору”;
- расмий тилде: “Центр ГЧП”.
9. МЖӨ борборунун жайгашкан жери: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. МЖӨ борборунун максаты
10. МЖӨ борборунун ишинин максаты МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен жеке инвестицияларды жана жеке секторду башкаруу тажрыйбасын тартуу аркылуу Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү, мамлекеттик жана муниципалдык инфратүзүмдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жолу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү болуп саналат.
3. МЖӨ борборунун милдеттери
11. МЖӨ борборунун милдеттери МЖӨ долбоорун башкаруунун зарыл болгон системасын түзүү, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун издөөдө, демилгелөөдө, даярдоодо, ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө мамлекеттик өнөктөштөргө (“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталгандай) көмөк көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ар түрдүү социалдык-маанилүү тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо жана МЖӨ механизмдерин жайылтуу болуп саналат.
4. МЖӨ борборунун функциялары
12. МЖӨ борбору өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү боюнча программаларын жана пландарын ишке ашырат, ошондой эле Министрликке мындай программалар менен пландардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдары, башка юридикалык жактары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- Фонддун чечимдерин аткарат, ошондой эле Министрликке Фонддун атынан Фонддун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңештин (мындан ары – МЖӨ боюнча кеңеш) ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт;
- МЖӨ боюнча кеңештин чечимдерин аткарат, ошондой эле МЖӨ боюнча кеңештин атынан МЖӨ боюнча кеңештин чечимдеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен Министрликке өткөн отчеттук жылдагы иштердин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет;
- инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын саясатынын артыкчылыктарына жараша МЖӨ боюнча потенциалдуу долбоорду издейт;
- МЖӨ маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке берет;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, даярдоо, ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн натыйжалуу ишине көмөк көрсөтүүчү методологиялык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү үчүн аларды Министрликке берет;
- МЖӨ долбоорлорун демилгелөө боюнча сунуштарды, ошондой эле мамлекеттик өнөктөштөргө тендердик документтерди иштеп чыгат жана киргизет;
2) жөнгө салуу функциялары:
- ишке ашырылуучу жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорунун, ошондой эле башка МЖӨ демилгелеринин ачык базасын түзөт жана жүргүзөт;
- МЖӨнү өнүктүрүү деңгээли боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн рейтингин жана МЖӨ долбоорлорунун катышуучуларынын рейтингин түзөт;
- ишке ашырылган МЖӨ долбоорлорунун натыйжаларын топтойт, талдайт жана жалпылайт, кыйла ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорун аларды Кыргыз Республикасынын аймагында көбөйтүү мүмкүндүгү үчүн аныктайт;
- мамлекеттик өнөктөштөр жана кызыкдар адамдар тарабынан дайындалган МЖӨ долбоорлорунун натыйжалуулугуна, максатка ылайыктуулугуна, ишке ашыруу мүмкүндүгүнө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигине карата аларга экспертиза жүргүзөт;
- МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана МЖӨ чөйрөсүндө экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу, МЖӨнү өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымдоо максатында кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштурат;
- МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдөгү ишин координациялоого көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
- Фонддун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- потенциалдуу жана иштеп жаткан МЖӨ долбоорлорунун алкагында түзүлүүчү жумушчу топтордун жана тендердик комиссиялардын ишине, ошондой эле МЖӨ долбоорлору боюнча тендерлердин катышуучулары жана тендерлердин жеңүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- МЖӨнүн расмий веб-сайтын жүргүзүүгө жана колдоого жоопкерчилик тартат;
- МЖӨ маселелери, анын ичинде МЖӨ долбоорлору боюнча соттук практика маселелери боюнча маалыматтык-маалымдоо жана аналитикалык адабияттарды иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар адамдарды окутат;
- Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу саясаты жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө консультация берет;
- жергиликтүү рынокто жана чет мамлекеттердин рынокторунда МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө колдоо көрсөтөт;
5) кызматтарды көрсөтүү функциясы:
- МЖӨ маселелери боюнча, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо, маселелери боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашырат.
5. МЖӨ борборунун укуктары жана милдеттери
13. МЖӨ борбору ушул өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды, маалым каттарды, эсептөөлөрдү, МЖӨ борборунун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды жана документтерди суроого жана алууга;
2) МЖӨ борборунун алдында турган милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
3) Министрликтин макулдугу боюнча, өз компетенциясынын чегинде МЖӨ маселелери боюнча ишти жүргүзүүчү эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
4) коомдук коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде бирикмелердин, ассоциациялардын жана фонддордун максаттары жана милдеттери МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келсе мындай уюмдар менен кызматташууга;
5) МЖӨ маселелери боюнча консультация берүү, МЖӨ борборунун кызматкерлерин окутуу жана жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди, консультанттарды, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;
6) МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү, анын ичинен чет мамлекеттердин аймагында өткөрүлүүчү жыйындарга, кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн МЖӨ борборунун кызматкерлерин жиберүүгө;
7) МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен МЖӨ борборунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды окутууга;
8) эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
9) Министрликтин макулдашуу боюнча, өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
10) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана Министрлик менен макулдашуу боюнча аларга белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;
11) белгиленген тартипте материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
12) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга.
14. МЖӨ борбору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен, ошондой эле коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана МЖӨ борборунун кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- салык жана башка органдарга МЖӨ борборунун отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка жыйымдарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- МЖӨ борборунун ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө.
15. МЖӨ борборунун кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде МЖӨ борборунда иштөөнү токтоткондон кийин да сактоого милдеттүү.
16. МЖӨ борбору келишимдик, кредиттик, эсептешүү, салыктык жана башка милдеттерди бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык, жазык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. МЖӨ борборунун ишин уюштуруу
17. МЖӨ борборун Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин (мындан ары – вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
МЖӨ борборунун директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш иет.
18. Директор ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
19. МЖӨ борборунда директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. МЖӨ борборунун директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарат. МЖӨ борборунун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. МЖӨ борборунун кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
22. Директор:
1) МЖӨ борборунун ишин жетектейт жана МЖӨ борборуна жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында, мекемелеринде МЖӨ борборунун кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
3) МЖӨ борборун жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
4) өз компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
5) МЖӨ борборунун бухгалтеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
6) МЖӨ борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
7) МЖӨ борборунун ички иштөө тартибин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
8) МЖӨ борборунун айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
9) МЖӨ борборунун кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) белгиленген эмгек акы фондунун жана чектүү штаттык сандын чегинде МЖӨ борборунун түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун вице-премьер-министр – экономика жана финансы министринин бекитүүсүнө киргизет.
23. МЖӨ борборунун түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет, аларды өзгөртүү МЖӨ борборунун милдеттерин жана функцияларын өзгөртүүгө байланыштуу гана мүмкүн. Мында директорду дайындоо МЖӨ борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
7. МЖӨ борборунун мүлкү жана финансы-чарбалык иштери
24. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ага ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
МЖӨ борборунун мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иши үчүн зарыл болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт, алар МЖӨ борборунун балансында чагылдырылат. МЖӨ борборунан анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана башка мүлкүн менчик ээсинин чечими боюнча алып коюуга жол берилет.
25. МЖӨ борборунун мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик жана чет өлкөлүк өнөктөштөр, жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
- бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
8. Корутунду жоболор
26. МЖӨ борбору өз ишинде Министрликке отчет берет.
27. МЖӨ борбору статистикалык отчетту жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнүн ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
28. МЖӨ борборун кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. МЖӨ борборунун иши токтотулган учурда, иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.