Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 27-апрели № 174
Идентификациялык карталарды - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампания өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
1) жоготуу учурларынан сырткары, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдардын төмөнкү категорияларына 2021-жылдын 1-майынан тартып 31-августуна чейинки мезгилде идентификациялык карталарды - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампания (мындан ары - улуттук кампания) өткөрсүн:
- толук мамлекеттик камсыздоодо турган, социалдык стационардык мекемелерде жана интернат тибиндеги балдар мекемелеринде жашаган 16 жаштагы балдарга;
- ата-энесинин экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдарга (тоголок жетимдер);
- толук мамлекеттик камсыздоодо турган, социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтордун майыптарына;
- толук мамлекеттик камсыздоодо турган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан улуу пенсионерлерге;
- Улуу Ата Мекендик согуштун (анын ичинде "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, концлагерлердин мурунку жашы жете элек туткундарына) жана Баткен окуяларынын катышуучуларына;
2) өткөрүлүп жаткан улуттук кампания жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
3) өткөрүлгөн улуттук кампаниянын жыйынтыктары боюнча ырастоочу документтерди тиркөө менен улуттук кампанияны өткөрүүнүн жүрүшүндө жумшалган финансылык чыгымдар тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине отчёт берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон таза киреше бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүүдө улуттук кампаниянын алкагында жумшалган финансылык чыгымдарды эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улуттук кампаниянын алкагында идентификациялык карталарды - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта) акысыз негизде алууга укуктуу болгон жактардын тизмелерин түзүүгө байланышкан, ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 7-майындагы № 42 (3221) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |