Загрузка документа…
31-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Адал-индустриясын
өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча борбору» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) жөнүндө ушул жобо ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Борбордун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүү жаатында иштерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык талаптарга ылайык ата мекендик адал-продукцияларын жайылтууну ишке ашырат.
3. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жана Министрликтин буйруктарын жетекчиликке алат.
Борбор өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга, бюджеттик жана депозиттик эсепке ээ болгон юридикалык жак болуп саналат.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
4. Борбордун аталышы:
1) толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси»;
- расмий тилде: «Государственное учреждение «Центр по развитию халал-индустрии» при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики».
2) Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору»;
- расмий тилде: «Центр по развитию халал-индустрии».
5. Борбордун жайгашкан жери: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Борбордун максаты
6. Борбордун ишинин максаты Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүү, атап айтканда ички жана тышкы рыноктордо эл аралык стандарттарга жана адал-продукцияларына карата талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик адал-продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу.
4. Борбордун функциялары
8. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- адал-индустрия чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды айкалыштырууга катышуу, ошондой эле адал-индустрия жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү;
- тармактар боюнча адал-индустрия чөйрөсүндө стандарттарды иштеп чыгууга катышуу, эл аралык (региондук) стандарттар менен айкалыштыруу;
- адал-индустрия чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистерди даярдоо жана окутуу;
- тамак-аш азыктарын кайра иштетүү ишканаларында, союу цехтеринде, коомдук тамактануу обьекттеринде, мейманкана жана туристтик бизнесте адал стандарттарын жайылтуу боюнча өндүрүүчүлөргө методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндө методикалык жардамдарды көрсөтүү, Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча Адал продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары (бирликтер, кооперативдер) менен өз ара аракеттенүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндөгүмамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана адал-индустриясындагы экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу, адал-индустриясын өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымат берүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндө эрежелердин жана жол-жоболордун жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыздоо;
- адал-индустрия чөйрөсүндө маалыматтарды жүргүзүү, Борбордун расмий веб-сайтын тейлөө жана колдоо;
- адал-продукцияларытармагында методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоолорго көмөктөшүү;
- адал-индустрия чөйрөсүндө маалымат базасын түзүү,ошондой эле рыноктун катышуучуларынын мониторингин жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну ишке ашыруу;
- Борбордун максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашыруу.
5. Борбордун укуктары жана милдеттери
9. Борбор өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- адал-индустрия маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүүчү жыйындарга, чогулуштарга жана башка иш-чараларга катышуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- белгиленген тартипте коомдук бирикмелерден, илимий жана башка уюмдардан, ошондой эле юридикалык жактардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
- адал-индустрия чөйрөсүндөгү иштерге катышуу үчүн белгиленген тартипте эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин тартуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, адал-индустрия чөйрөсүндөгү иштерди ишке ашыруучу эл аралык, региондук уюмдардын ишине катышуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын, ошондой эле башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана кол коюуга катышуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адал-индустрия чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүү;
- конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында окутууларды жүргүзүү;
- белгиленген тартипте эл-аралык уюмдардан жана институттардан гранттарды жана техникалык жардамдарды алуу;
- обочолонгон мүлккө ээ болуу, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алуу, жалпы юрисдикциядагы соттордо жооп берүүчү жана доочу болуу.
10. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адал-индустрия чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл болгон деңгээлин камсыздоого;
- ушул Жобого ылайык жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткарууну камсыздоого;
- Борбордун кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруу түрлөрүн, ошондой эле эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана Борбордун кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Борбордун отчётторун салык жана башка органдарга өз учурунда берүүгө, мыйзамдарда аныкталган тартипте салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө;
- Борбордун ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө.
11. Борбор келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Борборду директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Борбордун директору түздөн-түз вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттенмелердин алкагында Борбордун ишин уюштурат.
13. Борбордун директору бир орун басарга ээ болот, ал Борбордун директорунун сунушу менен вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри тарабынан кызматка дайындайт жана бошотот.
14. Борбордун директору:
- Борбордун ишин жалпы жетектөөнү ишке ашырат;
- белгиленген эмгек акы фондунун жана штаттык санынын чегинде Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын вице-премьер-министр – экономика жана финансы министрине бекитүүгө киргизет;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн персоналдык жоопкерчилик тартат;
- Борбордун кызматкерлеринин арасында функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында Борбордун кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарда жана башка эл аралык уюмдарда Борбордун атынан чыгат;
- белгиленген тартипте Борбордун айрыкча айырмаланган кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- Борбордун кызматкерлерине карата тартип чара көрөт;
- эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздайт;
- Борбор жасаган иштер тууралуу отчётторду квартал сайын Министрликке жөнөтөт;
- вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри берген ыйгарым укуктардын алкагында чечим чыгарат;
- ушул Жобого ылайык Борбордун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитилген штаттык сандын чегинде вице-премьер-министр – экономика жана финансы министри бекитет, буларды Борбордун милдеттери жана функциялары өзгөргөнүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот. Ошону менен, директорду дайындоо Борбордун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
16. Борбордун кызматкерлеринин иштөө режими, аларды социалдык камсыздоо маселелери, социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
17. Борбордун кызматкерлери өргүүгө чыгууда ден соолугун чыңдоо үчүн эмгек акы фондунан эки айлык өлчөмдө жөлөкпул төлөнөт.
18. Борбор ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- ыкчам башкаруу укугунда бекитилген мамлекеттин менчигинде турган мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка обьекттерди, ишмердигинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктылары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
19. Борбордун каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан;
- чарбакер субъекттерге адал-индустрия чөйрөсүндө акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка иштер үчүн каражаттар;
- эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор өлкөлөрдүн жана жеке инвесторлордун гранттары, ошондой эле спонсорлук жардамдар, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
20. Борбор өзүнүн ишинде Министрликке отчёт берет.
21. Борборду жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
22. Борбордун ишин токтотууда ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.