Загрузка документа…
30-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү
«Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын
уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» системасын киргизүү, «бирдиктүү терезе» принцибин жүзөгө ашыруу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
3. Ишкананын уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат (мындан ары – Башкаруучу органы)
5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун ченемдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналып, өз алдынча мүлккө ээ болуу менен, өзүн актоочу негизде иш жүргүзөт.
7. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы түшүрүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби менен мөөргө, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банктык мекемелеринде жана чет өлкөлүк банктарда эсептешүү жана башка эсептерге, фирмалык аталышы менен мөөргө, бланктарга, штамптарга жана башка атрибутикаларга ээ болот.
8. Ишкананын толук аталышы:
мамлекеттик тилде – «Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы»;
расмий тилде «Государственное предприятие «Центр «единого окна» в сфере внешней торговли при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики»;
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: «БТ борбору» МИ;
- расмий тилде: ГП «центр ЕО».
9. Ишкананын юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 106.
10. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
11. Мамлекеттик ишкана мамлекеттин милдеттенмелер боюнча өзүнө тапшырма (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
12. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат.
13. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2. Ишкананын максаты
14. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.
3. Ишкананын функциялары
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) «бирдиктүү терезе» системасын түзүү;
2) импорттук-экспорттук иш чөйрөсүндө тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бажы караштуу жол-жоболордон өтүүдө «бирдиктүү терезе» системасын уюштуруу, өнүктүрүү жана талаптагыдай иштөөсүн, кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу.
16. Тапшырылган иш милдеттерге ылайык Ишкана төмөндөгү функцияларды аткарат:
1) тышкы соода чөйрөсүндө «бирдиктүү терезе» принцибин жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө катышат;
2) тышкы экономикалык иштин катышуучулары болгон жеке жана юридикалык жактарга «бирдиктүү терезе» системасынын иштөө жана өнүгүү тартиби жана шарттары тууралуу маалымат жана консультация берет;
3) тышкы экономикалык иштин катышуучулары жөнүндө маалыматтарды эсепке алып, каттоодон өткөрөт;
4) белгиленген тартипте, «бирдиктүү терезе» принцибинин алкагында мамлекеттик органдар менен жеке жана юридикалык жактардын ортосунда маалымат алмашуу ишин жүзөгө ашырат;
5) белгиленген тартипте коомчулукту Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишмердиги боюнча ченемдик укук актыларды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат;
6) тышкы соода чөйрөсүндө маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызматтар менен камсыз кылуу максатында, кызыкдар тараптардын ортосунда документтерди автоматташкан түрдө өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
7) «бирдиктүү терезе» принцибинин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларын тариздөөгө катышкан мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат жана мониторинг жүргүзөт;
8) «бирдиктүү терезе» системасынын маалыматтарынын электрондук ченемдик укуктук базасын түзөт, ишке киргизет жана жаңыртып турат;
9) «бирдиктүү терезе» системасынын алкагында, тийиштүү мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга статистикалык жана башка маалыматтарды берет;
10) мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын аткарган иштеринин натыйжаларынын мониторинги жана Ишкананын иши тууралуу башка маалыматтарды даярдап, Башкаруучу органга тапшырат;
11) Ишкананын иши, «бирдиктүү терезе» системасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу отчетту Башкаруучу органга квартал сайын, жыл сайын тапшырып турат;
12) тышкы соода чөйрөсүндө «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү маселеси боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара иштешип, тажрыйба алмашат;
13) документтерди кагаз жана электрондук форматтарда жүргүзүп, топтоп, эсебин алып, сактайт;
14) «бирдиктүү терезе» системасынын алкагында тийиштүү документтерди тариздөө боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдарды алып, белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга төлөп турат;
15) чарба жүргүзүү укугунун негизинде өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана максатка ылайык пайдаланылышын камсыз кылат;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттердин түрлөрүн жүзөгө ашырат.
17. Ишкана чарба жүргүзүү укугунун негизинде өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болбойт.
Ишкана ага өткөрүлүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген иштер үчүн пайдаланат.
4. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ушул Уставда белгиленген маселелерди жана иш-милдеттерди аткаруу үчүн, Ишкана төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» принцибин жүзөгө ашыруу жана илгерилетүү боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Башкаруучу органга берүүгө;
2) тышкы экономика жана тышкы соода чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Башкаруучу органга берүүгө;
3) тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда;
4) тышкы экономикалык иштин катышуучуларын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан, жеке жана юридикалык жактардан «бирдиктүү терезе» системасынын алкагында маалымат суроого жана алууга;
5) тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте эсепке алууга жана каттоого;
6) «бирдиктүү терезе» системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат документтерин берүү максатында тартылган «бирдиктүү терезе» системасына тартылган ведомстволордон/уюмдардан жана арыз ээлеринен тийиштүү документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана алмашууга;
7) Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучулары болгон жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
8) Ишкананын чарбалык башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
9) чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү Башкаруучу орган менен макулдашып, белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
10) Башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча өкүлчүлүгүн ачууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, эгерде эл аралык келишиминде башкача каралбаса,юридикалык жакты (фонддорду, ассоциацияларды (союздарды), коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдарды) уюштуруугакатышууга;
11) өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикция сотторунда доочу жана жоопкер катарында катышууга;
12) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүнө жараша аткарылчу иштердин жана кызматтардын көлөмдөрүн аныктоого;
13) Ишкананын максаттарына жана маселелерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
14) материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен белгиленген тартипте акчасыз же накталай эсептешүү жүргүзүүгө;
15) ушул Уставга ылайык Башкаруучу орган менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын аймагында тийиштүү аймактык кызматтарды түзүүгө;
16) юридикалык жана жеке жактардан улуттук дагы, чет өлкөлүк валютада дагы коммерциялык негизде алынчу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
17) көрсөтүлчү кызматтардын баасын белгиленген тартипте аныктоого;
18) жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу, аларга консультация берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
19) Ишкананын кызматкерлерин конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймактарына иш сапарларга жиберүүгө;
20) Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн аларды Ишкананын эсебинен окутууга;
21) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, жалдама келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
22) жарнама берүүчү болууга;
23) акысыз жана акылуу негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
24) Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга.
19. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, алардын социалдык камсыздоосу, социалдык камсыздандыруусу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык белгиленет.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык, Ишкана өзүнүн кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.
20. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүктөлгөн маселелердин жана иш-милдеттердин кыйла натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
2) Башкаруучу органга квартал сайын, жыл сайын Ишкананын аткарган иши тууралуу отчет тапшырууга;
3) тартылган мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын аткарган иштеринин натыйжаларынын мониторинги жөнүндө жана башка маалыматтарды ушул Уставга ылайык Министрликке тапшырууга;
4) Башкаруучу органга менен макулдашып, кызматкерлердин эмгек акысын төлөө формасын жана системасын аныктоого, иш убактысын суммалаштырып эсептөө ыкмасын киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн, ошондой коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого, Ишкананын кызматкерлеринин ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берүүгө;
7) Ишкананын отчетторун салык жана башка органдарга өз маалында тапшырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө.
21. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголгон купуя сырды Ишканада иштөөсү токтотулгандан кийин дагы сактоого милдеттүү.
22. Келишимдик, кредиттик, эсеп-кысаптык, салыктык жана башка милдеттенмелер бузулган учурларда Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.
5. Башкаруучу органдын компетенциясы
23. Башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайрадан уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7)Ишкананын жетекчи кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү;
9) фонддорго, ассоциацияларга (бирликтерге), коммерциялык эмес уюмдарга жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) ушул Жобого жана мамлекеттик ишкананын уставы менен анын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
24. Башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүү;
2) Ишканадан финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансылык-чарбалык ишин талдоого зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) аткаруу органынын отчётун угууга;
5) Ишкананын директорун кызматтан бошотууга, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонууга же сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүүгө;
Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка да укуктарга ээ.
25. Башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананы башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына мамлекеттик ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар белгилүү болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
Министрлик ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган башка милдеттерди да тартат.
6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы жоюу же кайра уюштуруу боюнча сунуш киргизүү;
2) Ишкананын түзүмү менен штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоого алып мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын иштерине баалоо жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарын сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын жетекчисин дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин көрсөтмөсү менен Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындайт жана бошотуу;
10) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишкананын мүлкү өз багыты боюнча пайдалануусуна жана сакталуусуна контролду ишке ашыруу;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
7. Ишкананы башкаруу
27. Ишкананын байкоочу кеңеши (мындан ары – Байкоочу кеңеш) Ишкананын ишин жалпы көзөмөлдөөчү жана стратегиялык жактан башкаруучу жогорку жетекчи орган болот.
Байкоочу кеңештин курамы жана анын Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
29. Ишкананын директору үч жыл мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын жана Башкаруучу орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
30. Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр - экономика жана финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
31. Мамлекеттик ишкананын директору төмөнкү учурларда кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчётун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
32. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизет жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иштери жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) башкаруучу органдын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга киргизүү;
7) мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, эмгек акы фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
12) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоо;
13) Ишкананын уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
33. Ишкананын директору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар менен кайрылууга;
2) Ишкананын милдеттерине жана максаттарына, Ишкананын уставына жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суратууга жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
34. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроосу боюнча ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле ишкананын финансылык-чарбалык иштерин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү ыкчам берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Башкаруучу органга киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ар кандай чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоого;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылары тууралуу ага белгилүү болгондугу жөнүндө маалымат берүүгө;
5) үчүнчү жакка коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу купуя болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды таратпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроосу боюнча Ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да тартат.
35. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
36. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын жактайт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындажана ишкананын уставында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө техникалык коопсуздуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
37. Ишкананын директору жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
38. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
39. Ишкананын директору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин жетекчинин орун басарына жүктөлөт.
40. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түз баш ийет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
41. Белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
42. Ишкананын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
8. Ишкананын жетекчилик курамы
43. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
1) директор, директорунун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
44. Ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген жактар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
45. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар, кош жарандуулукка ээ болгондор, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун директору кызматынан мурда бошотулгандар;
4) жеке менчик формасына карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасынан көз карандысыз коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине бир эле учурда катышууга укугу жок.
9. Эсеп, пландаштыруу, отчеттуулук
46. Ишкана өз ишин башкаруучу орган тарабынан үч жылдык мезгилге бекиткен жылдык стратегиялык өнүктүрүү планынын жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде ишке ашырат.
47. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
48. Ишкана Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген келишимдин предметин, милдеттенмелердин аныктоону жана ар кандай башка шарттарды чарбалык өз ара мамилелерин эркин тандайт.
49. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир календардык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
50. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25инен кечиктирбей, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (эгерде мындай ички аудит кызматы болгон учурда);
2) башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
51. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
52. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) ишкананын ишинин максаты жана негизги багыттары;
2) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагы жана рыногу, мүнөздөмөсү;
3) ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздеме;
4) ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруучулук планы;
7) финансылык планы;
8) тобокелдиктерди талдоо.
53. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Башкаруучу органменен макулдашылган ишкананын келерки жылга карата бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде мамлекеттик ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
54. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
55. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
56. Ишкананын иши өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте текшерилет.
10. Ишкананын мүлкү
57. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле Ишкананын балансында чагылдырылган, ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иштери үчүн керектүү башка материалдык баалуулуктар түзөт.
58. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар төмөндөгүлөр болот:
- ага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мүлк;
- чарбачылык иштен түшкөн пайда;
- жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аткарылган иштерден жана көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн пайда;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- бюджеттик ссудалар;
- гранттар, банктардын жана башка мекемелердин кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
59. Ишкана жеке финансылык-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу (ижара) укугун ишке ашырат.
60. Ишканадан негизги фонддорун жана жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлкүн уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана алып коюуга болот.
61. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого милдеттүү жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жана мөөнөттө бериши керек.
62. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат.
Ишкананын мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерине чарба жүргүзүү укугу, негизги каражаттарды жана башка мүлктү болуп мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген сактоо менен, Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду эсептелет.
63. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга жана менчик ээсинин макулдугусуз ал мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
64. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү башка мүлктү Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленгенден башка учурларда өз алдынча тескейт.
65. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.64. Ишканада «бирдиктүү терезе» системасын өнүктүрүү фонду түзүлөт, ал Ишкананын таза кирешесинин жана гранттык каражаттарынын эсебинен куралат.
66. «Бирдиктүү терезе» системасын өнүктүрүү фондунан акча каражаттарын чегерүүнүн өлчөмү Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленет.
67. «Бирдиктүү терезе» системасын өнүктүрүү фондунун акча каражаттары өзүнчө ачылган банк эсебинде топтолуп, Байкоочу кеңештин чечими боюнча төмөндөгү максаттарга жумшалат:
1) «бирдиктүү терезенин» маалыматтык системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү;
2) «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасын натыйжалуу киргизүү үчүн технологияларды, материалдык-техникалык каражаттарды өркүндөтүүгө жана модернизациялоого;
3) «бирдиктүү терезе» системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү максатында заманбап технология менен камсыздоого жана жабдууга;
4) Ишкананын айырмаланган айрым кызматкерлерин көтөрмөлөөгө жана сыйлоого.
11. Ишкананы жоюу, кайрадан уюштуруу
68. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүштүрүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
69. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
70. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп эсептелбеген Ишкананы чарбалык коомго өзгөртүп түзүү чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык, анын ичинде эмгектик мамилелер чөйрөсүндөгү укуктар жана милдеттер боюнча анын укугун улантуучу болуп саналат.
71. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
72. Мамлекеттик ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын директору башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган мезгилден баштап мамлекеттик Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болсо, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.