Загрузка документа…
29-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу “Кыргыз туризм”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз туризм мамлекеттик ишканасы” (мындан ары – Ишкана) уюштуруу-укуктук формасы-мамлекеттик ишкана катары, мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугу менен негизделген өз алдынча юридикалык жак түзүлгөн ишкана болуп саналат.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Кыргыз туризм мамлекеттик ишканасынын” укугун улантуучу болуп саналат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары –Министрлик) эсептелет.
5. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин ошондой Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын тармактык актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы”;
- расмий тилде – “Государственное предприятие “Кыргыз туризм” при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.
7. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз туризм” МИ;
- расмий тилде: ГП “Кыргыз туризм”.
8. . Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү, 100.
9. Ишкана толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринин негизинде иштейт, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикасы бар.
10. Ишкана өзүнө Ишкананын милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы Ишкана тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
12. Ишкана өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2. Ишкананын максаты
13. Ишкананын максаты болуп туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана камсыз кылуу.
3. Ишкананын милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги милдеттери:
1) Ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү жана функцияларды аткаруу;
2) мамлекеттик жана региондук деңгээлдерде туризм тармагынын инфраструктурасын өнүктүрүүчү жана ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана кошумча кызматтарды көрсөтүүнү, өнүктүрүүнү камсыз кылуучу механизмди түзүү;
3) туристтик бизнести жана ишканаларды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу,
4) туризм чөйрөсүндө коммерциялык ишмердикти жүзөгө ашыруу.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, фестивалдарды, бизнес-форумдарды жана коммерциялык максаттарда башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туристтик иш субъекттеринин көрсөтүүчү кызматтардын сапатын стандартташтыруу, сертификаттоо жана классификациялоо боюнча иш алып баруу;
3) туристтик иш субъекттеринин өкүлдөрү үчүн туризм маселелери боюнча окутууну жана тренингдерди уюштуруу өткөрүү;
4) туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга көмөктөшүүчү документтердин долбоорлорун даярдоо жана түзүү;
5) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;
6) Интернет-мейкиндигинде коммерциялык максаттарда Кыргыз Республикасынын туристтик продукциясын илгерилетүү жана туристтик потенциалды жайылтууга мүмкүнчүлүк берүүчү рекламалык роликтерди иштеп чыгуу жана түзүү;
7) туристтик иш жүргүзгөн субъекттерге консультациялык жардам көрсөтүү;
8) туристтик объекттерди, мейманканаларды, санаториялык-курорттук мекемелерди, туристтик маалыматтык - сервистик борборлорду натыйжалуу башкаруу жана аларды өнүктүрүү;
9) туризм чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде;
10) туризм чөйрөсүндө инфраструктураны жакшыртуу;
11) эс алуучулардын жайгаштыруу жана жашоосу менен тамактануусун уюштуруу;
12) туристтик, ден соолукту чыңдоо, экскурсиялык жана маданий-массалык тейлөө;
13) съезддерди, конгресстерди, семинарларды жана башка иш-чараларды керектүү кызмат көрсөтүү менен бирге уюштуруу жана өткөрүү.
14) туристтик объекттердин курулушун жана реконструкциялоону уюштуруу.
16. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
4. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган иш милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн, төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык керектүү товарларды сатып алуу, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга;
2) кеңеш берүүчү, жумушчу, талдоо жана изилдөө топторун түзүүгө;
3) өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын каражаттарын жана гранттарды тартууга;
4) белгиленген тартипте башкаруучу орган менен макулдашуу менен чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюуга долбоорлорду иштеп чыгууга катышууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары, материалдык жана материалдык эмес активдер жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жактар жана жеке адамдар менен келишимдерди түзүүгө;
7) Ишкананын ишин аткаруу үчүн белгиленген тартипте, эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке адамдарды ишке тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин зарыл болгондо кызматтык иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жөнөтүүгө;
9) башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташууну ишке ашыруу;
10) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында зарыл учурда Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таандык болгон, ага оперативдүү башкаруу укугунда жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
12) Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн максаттары менен милдеттерине ылайык жана белгиленген талаптарга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
18. Ишкана өзүнүн ушул Устав менен аныкталган максаттарын жана милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга жетишүү үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана кызматтарды көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишимдин негизинде түзүлгөн келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу жумуштарды Ишкананын каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектенүүнүн коопсуз шарттарын камсыз кылууга, ошондой эле алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна жана жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлеринин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүндө иш-чаралардын пландарын, стратегияларды жана программаларды өз убагында ишке ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө;
9) туризм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
10) өлкөнүн туристтик потенциалын даңазалоо боюнча чараларды көрүүгө;
11) Ишкананын чарбалык карамагындагы мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга;
12) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган бюджеттик төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жеке турмушуна, жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
5. Башкаруучу органдын компетенциясы
20. Башкаруучу органдын Компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставдын жаңы редакциясын бекитүү, Уставка толуктоолорду жана (же) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы жоюу жана кайра уюштуруу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджеттин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын ишинин финансылык-чарбалык натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын Директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын директорун дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (союздардын) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишкананын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тескөөчү чөйрөсүндөгү тармактык саясатка тиешелүү маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан финансылык-чарбалык ишинин документтери финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук жөнүндө маалыматтарды ошондой эле материалдарды жана түшүндүрмөлөрдү талдоо үчүн зарыл болгон финансылык-чарбалык маалыматтарды ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын суроого жана алууга;
3) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын директорун кызматынан бошотуу жөнүндө, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет.
Башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга ээ.
22. Башкаруучу органдын милдети:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө жана алдыга жылдыруу;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан өзүнө белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылары белгилүү болуп калганда укук коргоо органдарына маалымдоо;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо.
Башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы жоюу же кайра уюштуруу боюнча сунуш киргизүү;
2) Ишкананын түзүмү менен штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча отчетту, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоого алып мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын иштерине баалоо жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарын сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын жетекчисин дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин көрсөтмөсү менен Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордуна дайындайт жана бошотуу;
10) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарына карата жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишкананын мүлкү өз багыты боюнча пайдалануусуна жана сакталуусуна контролду ишке ашыруу;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
7. Ишкананы башкаруу
24. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
25. Директор Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга жооп берген башкаруучу орган сунуш кылган талапкерлердин ичинен, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишим боюнча үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Ишкананын Директору кызматтык милдеттерин аткарууга эмгек келишимин түзгөндөн кийин киришет.
27. Ишкананын директору башкаруучу орган менен макулдашуу менен сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес деген баа берилсе;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаган же тиешелүү түрдө аткарбаган болсо;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери болсо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. Ишкананын Директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планынын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга болжолдонгон бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизет;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышы жөнүндө ар бир кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Тармактык саясат маселелери боюнча башкаруучу органдын чечимдерин аткаруу боюнча иштерди уюштуруу;
6) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизүү;
7) Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
8) кызматкерлерди жалдоо жана жумуштан бошотуу боюнча шарттарды, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзүүнү уюштуруу;
12) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар менен кайрылууга;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына Уставына ылайык максаттарына жана милдеттерине туура келген жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык жана башка укуктар.
31 . Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоого алуу үчүн отчетторун, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук жөнүндө маалыматты, документтерди, ошондой эле материалдар, маалыматтар, сунуштар жана түшүндүрүүлөрдү берүүгө;
2) Чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруучу органдын кароосуна чыгарууга, ошондой эле Ишкананын бардык тармагы менен байланышкан зарыл болгон документтер жана маалыматтар менен камсыз кылуу;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылуу;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган өзүнө белгилүү болуп калган фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого.
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын ишмердиги жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерге да ээ.
32. Ишкананын директорунун чечими буйрук түрүндө кабыл алынат.
33. Ишкананын Директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш-аракет жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын өкүлү боло алат;
3) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын кабыл алат.
5) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын мүлкү жана башка активдери менен финансылык каражаттарды тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетуна, мүлктү жана башка активдерди, финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышына, өндүрүштө коопсуздук техникасын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
34. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
35. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
36. Ишкананын директору мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда анын милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
37. Ишкананын башкы бухгалтери кызмат ордуна Ишкананын директору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат жана жоопкерчилик тартат.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишкана ички аудит кызматынын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
8. Ишкананын жетекчи курамы
40. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкүлөр кирет:
- Директор, Директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчи курамына киргендер, өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставындагы максаттарына жана милдеттерине, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык иштөөгө тийиш.
Ишкананын жетекчи курамына киргендер мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулук бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) соттолгондор, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыш жасагандар, менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыш иши менен соттолгондор;
3) мурда ээлеген жетекчилик кызматынан канааттандырарлык эмес иши үчүн бошотулгандар;
4) чарба жүргүзгөн субъектте, менчигинин түрүнө карабастан жетекчи кызматта болуп, банкротко алып келген жетекчилер;
5) мамлекеттик администрациялык, саясий, атайын кызмат саясий жана администрациялык муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчи курамына киргендер жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу бир эле учурда уюштуруучулук-укуктук коммерциялык, юридикалык жактарга алардын түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан башкарууга катышууга ишкердик ишин алардын жүргүзүүгө кызматта турган мезгилде укуксуз.
9. Эсептөө, пландаштыруу, отчеттуулук
43. Ишкана өз ишин башкаруучу орган тарабынан үч жылдык мезгилге бекитилген өнүктүрүүнүн жылдык стратегиялык планынын жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджеттин негизинде ишке ашырат.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкана менен жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр ортосундагы мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин жана милдеттенмелерди аныктоодо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык мамилелердин башка шарттарын эркин тандайт алат.
46. Ишкана бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту түзүүнү Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Ишкананын Финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жыл жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25 числосуна чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет.
1) ички аудиторго (эгерде ички аудит кызматы бар болсо);
2) башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
49. Мамлекеттик ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ишкананын ишинин негизги максаттары жана багыттарынын формулировкасы;
2) тармактын жана рыноктун түшүндүрмөсү, ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мүнөздөмөсү;
3) ишкана тарабынан өндүрүлгөн товарлардын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгынын негиздемеси.
4) ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүү;
5) товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштүн планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык планы;
8) тобокелдиктерди талдоо.
50. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын Директору мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө анын ичинде бюджеттин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик ишкананын өткөн жыл үчүн отчетун киргизет.
51. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоо жана иргөөнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
52. Кыргыз Республикасынын маалыматтын жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө, маалымат берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалыматтар берүү же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Ишкананын директору жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте, алардын компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
10. Ишкананын мүлкү
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүчү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы өз алдынча баланста чагылдырылат.
55. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
-өзүнө бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатылып алынган кирешелери менен кошо, продукциялар, пайдалар, мүлктөр;
- чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай башка булактар.
56. Ишкана тарабынан өзүнүн финансылык-чарбалык ишинде түшкөн кирешенин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана белгиленген тартипте уставдык максаттарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун (ижарага алуу) жүзөгө ашырат.
57. Ишканадан анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана колдонулуучу мүлкүн тартып алууга уюштуруучунун же соттун чечими боюнча жол берилет.
58. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жана тартипте мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
59. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат.
Ишкананын мүлк пайдалануу болуп Негизи кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен эрежелерин жана жол-жоболорун сактоо менен каралган чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.
60. Ишкана менчик ээси менен макулдашпай туруп чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же башка жол менен тескөөгө алууга укугу жок.
61. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
11. Ишкананы жоюу, кайрадан уюштуруу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү формасында ишке ашырылат. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү жоюу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын жет мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
63. Ишкана мамлекеттик мекеме жана чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
64. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп саналбаган Ишкананы чарбалык коом кылып кайра уюштуруу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктары жана милдеттери боюнча анын ичинде эмгек мамилелери боюнча укук улантуучу болуп саналат.
65. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
66. Ишкананы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюу үчүн жоюлуп жаткан Ишкананын, башкаруучу уюмдун, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын зарыл болсо башка мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн турган Жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясын дайындагандан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укук алат.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредитордун талаптарын канааттандырбаса, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.