Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-майы № 178
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө
Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Баткен облусун (мындан ары - Баткен облусу) социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, жашоо сапатын жакшыртууга, калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана инвестицияларды тартууга, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин бардык тиричилик чөйрөлөрүндө тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Баткен облусунун статусун аныктайт, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.
2. Ушул Мыйзам менен өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын тышкы жана ички коркунучтардан коргоо үчүн өзгөчө шарттар берилет.
2-берене. Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзамдар
Баткен облусунун статусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жобосу, чектүү штаттык саны жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен өзгөчө функциялык-административдик, уюштуруу-тескөөчүлүк ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус берилет.
4-берене. Координациялык кеңеш
Баткен облусун өнүктүрүү жана ыкчам чараларды көрүү максатында Баткен облусунун координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлөт.
Баткен облусунун координациялык кеңешинин иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5-берене. Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы
1. Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы Координациялык кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Бюджеттик каражаттар Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык колдонулушу керек.
3. Мамлекеттик программанын алкагында Баткен облусун жеңилдетилген каржылоонун механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын аткарууга мониторинг жүргүзүү, баалоо жана контролдоо Координациялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Функциялык-административдик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан функциялардын аткарылышына кепилдиктерди төмөнкүлөр аркылуу камсыздайт:
1) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү;
2) республикалык бюджеттин жана облусту өнүктүрүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен облусту өнүктүрүүнүн максаттуу республикалык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктарды берүү;
3) бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
4) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын жана жайларын, маданият объектилерин күтүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттерден 2022-жылдан баштап республикалык бюджетке которуу.
7-берене. Баткен облусунун аймагында иштеген өзгөчө режимдер
Баткен облусунун аймагында төмөнкүлөр белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган өзгөчө салык режими;
2) инвестициялык мыйзамдарда аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылган өзгөчө инвестициялык режим;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмеге ылайык Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим.
8-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 7-беренесинен тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ