Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-апрели № 166
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аудитордук иш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аудитордук ишти, аудитке көзөмөлдү жана аудиттин сапатын тышкы контролдоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишинин укуктук негиздерин белгилейт жана анын колдонулушу мамлекеттик жана ички аудитке жайылтылбайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылган башка эрежелер жана талаптар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери жана талаптары колдонулат.
3. Банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - банк) аудити Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келбеген банктардын аудитине карата колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
1 .Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аудит - аудиттелүүчү субъекттин финансылык отчеттуулугунун жана/же башка финансылык маалыматтарынын ишенимдүүлүгү жөнүндө көз карандысыз пикирди билдирүү максатында, аларды көз карандысыз текшерүү;
2) аудитор - ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон жеке жак;
3) аудитордук иш - аудитти жүргүзүү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу башка текшерүүлөрдү аткаруу, ошондой эле коштоочу кызмат көрсөтүү боюнча иштер;
4) аудитордук уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган юридикалык жак;
5) аудиттелүүчү субъект - финансылык отчеттуулугуна жана (же) башка маалыматтарына карата аудиттен өткөрүлүүчү же коштоочу кызматтар көрсөтүлүүчү субъект;
6) аудитордук корутунду - аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ;
7) отчет - коштоочу кызматтарды көрсөтүүдө аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ;
8) аккредитациялоо - жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларынын аудиторду кесиптик квалификациялоо жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жана критерийлерге шайкештигин баалоо жолу менен аларды таануунун жол-жоболору;
9) сапатты тышкы контролдоо - аудиттин стандарттарынын, сапатты контролдоо стандарттарынын жана Этика кодексинин сакталышын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо боюнча жол-жоболордун сапатын ички контролдоонун натыйжалуулугун жана аудиттин сапатын текшерүү;
10) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестри (мындан ары - мамлекеттик бирдиктүү реестр) - ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин электрондук системалаштырылган тизмеси, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт;
11) чет өлкөлүк аудитордук уюм - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттен аудитордук ишти жүргүзүү укугун жана ошол мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан ырасталган статусту алган уюм;
12) аудитордун квалификациялык сертификаты - талапкердин кесиптик квалификациясын күбөлөндүргөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген документ;
13) Кесиптик бухгалтерлердин этика кодекси (мындан ары - Этика кодекси) - Бухгалтерлер үчүн этикалык стандарттар боюнча эл аралык кеңеш белгилеген кесиптик бухгалтерлерге коюлуучу этикалык талаптар;
14) талапкер - Аудиторду кесиптик квалификациялоо программасы боюнча экзамен тапшырууга ниеттенген жана аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкер болгон жеке жак;
15) практика жүргүзбөгөн адам - Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде иштеген мезгилинде же сапатты тышкы контролдоо үчүн консультант катары ишинде жана Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешине мүчө же сапатты тышкы контролдоо үчүн консультант болуп дайындалганга чейинки 3 (үч) жылда аудит жүргүзбөгөн, аудитордук уюмдун аткаруу же көзөмөлдөө органынын катышуучу/уюштуруучу, кеңешинин мүчөсү болуп саналбаган, аудитордук уюмда иш жүргүзбөгөн жана аудитордук уюм жүргүзгөн аудиттерге катышпаган кызматкер болуп саналган жеке жак;
16) аудиттин стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыздаган тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудит жүргүзүүдө колдонулуучу аудиттин эл аралык стандарттары;
17) сапатты контролдоо стандарттары - Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыздаган тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган, аудиттин сапатын контролдоодо колдонулуучу сапатты контролдоонун эл аралык стандарттары;
18) коштоочу стандарттар - аудиттин практикасы жөнүндө эл аралык отчеттор, серептик текшерүүлөрдүн эл аралык стандарттары, ишенимдүүлүктү камсыздаган тапшырмалардын эл аралык стандарттары, Аудиттин жана ишенимдүүлүктү камсыздаган тапшырмалардын эл аралык стандарттары боюнча кеңеш басып чыгарган эл аралык коштоочу стандарттар;
19) коштоочу кызмат көрсөтүүлөр - текшерүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыздаган айырмаланган, аудиттелүүчү субъекттин финансылык отчеттуулугун жана (же) башка маалыматтарын текшерүү, ошондой эле финансылык маалыматтын макулдашылган жол-жоболору жана компиляциялары, ошондой эле коштоочу стандарттарга ылайык коштоочу деп таанылган башка кызмат көрсөтүүлөр;
20) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдогон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик бийликтин аткаруу органы.
2. Ушул Мыйзамда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган, аудиттин стандарттарында, Этика кодексинде, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
2-глава. Аудит
3-берене. Аудитти жүргүзүү
1. Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн. Аудит ушул Мыйзамга жана аудиттин стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Аудиттин стандарттары, аудиттин сапатын контролдоо стандарттары, коштоочу стандарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыгат. Аудитордук уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баштаган күнү жөнүндө кабарлоо менен аудиттин стандарттарына, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарына, коштоочу стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөрдү аларды жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.
3. Ачык кызыкчылыктардын субъекттери, ири ишкердик субъекттер, бухгалтердик эсеп жаагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушундай деп саналгандар жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.
4. Демилгелүү аудит аудиттелүүчү субъекттин же башка аудит тапшырыкчысынын демилгеси боюнча так жагдайларды, аудиттин мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
5. Аудитти жүргүзүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүлөрдү текшерет жана эске алат:
1) аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон компетенттүү кызматкерлердин, убакыттын жана ресурстардын бар экендигин;
2) көз карандысыздык жана объективдүүлүк принциптерине шайкештикти;
3) көз карандысыздык үчүн коркунучтун жана ошол коркунучту болтурбоо же азайтуу үчүн колдонулуучу коргоо чараларынын бар же жок экендигин.
6. Аудитордук уюмдун аудиттелүүчү субъект же аудиттин тапшырыкчысы менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүү келишими менен жонго салынат. Аудит жүргүзүү келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган талаптарга кошумча катары аудитти жүргүзүүнүн максаттарын жана чөйрөсүн камтууга тийиш. Аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана аудит жүргүзүү келишиминде каралган милдеттенмелер бузулган учурда аудит жүргүзүү келишими бузулушу мүмкүн. Бухгалтердик эсептин же аудитордук жол-жоболордун принциптерин колдонууга карата пикир келишпестиктер келишимди бузуу үчүн негиз боло албайт.
7. Аудиттелүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аудитти өз мезгилинде жана толук жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, бардык суралган маалыматтарды, керектүү оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) аудитордун жана аудитордук уюмдун ишине кийлигишпөөгө;
3) аудитордун жана аудитордук уюмдун талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү өтүнүчү менен үчүнчү жакка жазуу жүзүндө кайрылууга жана аудит жүргүзүү келишиминин шарттарын сактоого;
4) маалыматтарды алууга жана аудит стандарттары талап кылган көлөмдө мурдагы аудиттин документтерин карап чыгууга жардам көрсөтүүгө.
4-берене. Аудитордук корутунду
1. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарын сактоо менен өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитордук корутунду түзөт. Аудитордук корутундуда аудиттелген финансылык отчеттуулук менен финансылык отчеттуулукту берүүнүн колдонулган негиздеринин бардык маанилүү өңүттөгү шайкеш келүүсүнүн даражасы жөнүндө аудитордун пикири камтылууга тийиш.
2. Аудитордук корутундуга аудитордук уюмдун жетекчиси, ошондой эле аудит жүргүзүүгө жооптуу аудитор кол коёт жана аудитордук уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3. Аудитордук уюм аудитти жүргүзүүнүн натыйжасында табылган олуттуу бурмалоолор жана сунушталган аракеттер жөнүндө аудиттелүүчү субъекттин катышуучуларына/уюштуруучуларына, аудиттин тапшырыкчысына жана/же аудиттелүүчү субъекттин жетекчисине жана/же аудиттелүүчү субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөлөрүнө билдирүүгө милдеттүү.
4. Аудиттин стандарттарын бузуу менен, ошондой эле ишенимдүү эмес же жетишсиз финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын негизинде аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн аудитордук корутунду жарандык сот өндүрүшү тартибинде мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
5. Аудит жүргүзбөстөн көз көрүнөө жалган же болбосо аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлсө да, аудит жүргүзүүдө аудитор же аудитордук уюм караган документтердин мазмунуна даана карама-каршы келген аудитордук корутундуну түзүү жолу менен аудитордун өз милдеттерине каршы өзүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди алып келет.
6. Өзүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн аудиторго карата соттун айыптоочу өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аудит жүргүзгөн аудиторду да, аудитордук уюмду да мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарып салууга негиз болуп саналат.
7. Аудитордук корутундунун мазмуну жана сапаты боюнча талаштарды сот органдарында кароодо эксперттик корутундуну ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык таанылган көз карандысыз эксперттер берүүгө укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Аудит боюнча комитет жөнүндө жобого ылайык аудитордук уюм жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет түзөт жана ал отчетту ачык кызыкчылыктардын субъекттеринин жана/же ири ишкердик субъекттердин аудит боюнча комитетине берет.
5-берене. Аудитор
1. Аудитор эмгек келишиминин негизинде бир аудитордук уюмдагы негизги жумуш орду (штаты) боюнча аудитор катары иштей алат. Аудитор бир аудитордук уюмдун катышуучусу боло алат. Аудитор кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү.
2. Аудитор өз аудитордук ишин жүргүзгөн мезгилде ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турууга жана ишкердик жүргүзүүгө укуктуу эмес.
3. Ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө жооптуу болгон аудитор бир эле ачык кызыкчылыктардын субъекттеринин, ири ишкердик субъекттердин жылдык финансылык отчеттуулугуна милдеттүү аудитти кагары менен 7 (жети) жылдан ашуун жүргүзө албайт. Ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө жооптуу болгон аудитор бир эле ачык кызыкчылыктардын субъекттеринин, ири ишкердик субъекттердин жылдык финансылык отчеттуулугуна милдеттүү аудитти 7 (жети) жыл ичинде милдеттүү аудит жүргүзүлгөндөн 3 (үч) жыл өткөндөн кийин жүргүзө алат.
4. Аудиторго аудит жүргүзгөндөн кийин 1 (бир) жыл, ал эми ачык кызыкчылыктардын, ири ишкердик субъектине аудит жүргүзгөндөн кийин 3 (үч) жыл ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аудиттелүүчү субъекттин башкаруу органынын мүчөсү болууга;
2) банк иши жана бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык же аудиттелүүчү субъекттин демилгеси боюнча түзүлгөн аудиттелүүчү субъекттин аудит боюнча комитетинин мүчөсү болууга;
3) "Акционердик коомдор жөнүндө", "Чарбалык шериктештик жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудиттелүүчү субъекттин текшерүү комиссиясынын мүчөсү болууга.
5. Баланы же ишке жарамсыз үй-бүлө мүчөсүн багуу боюнча өргүү, окуу, узакка ооруу жана/же узакка реабилитация болуу мезгилине өз ишин токтотуу жөнүндө арыз ырастоочу документтер менен берилгенде аудитордун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтото турулат. Токтото туруу 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартын 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбей аудитордун иши токтото турулат.
6. Аудитор ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишти токтото туруу мезгилинен тышкары аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календарлык жылда Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
6-берене. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы
1. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жыл сайын кесиптик аудитордук бирикме тарабынан бекитилет.
2. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча аудиторлорду окутуунун минималдуу узактыгы катары менен келген 2 (эки) календардык жыл үчүн 80 (сексен) сааттан кем болбойт, мында биринчи жылы окутуунун узактыгы 20 (жыйырма) сааттан кем болбоого тийиш.
3. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби, Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7-берене. Аудитордук уюм
1. Аудитордук уюмду ачык акционердик коом же мамлекеттик (муниципалдык) ишкана түрүндө түзүүгө болбойт.
2. Аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100000 (жүз миң) сомду түзөт, улуттук валютада, накталай эмес түрдө түзүлөт жана катышуучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен толук төлөнөт;
2) аудитордук уюмдун уставдык капиталынын 51 (элүү бир) пайыздан кем эмеси аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмга таандык болууга тийиш;
3) чет өлкөлүк аудитордук уюмдар аудитордук уюмдардын уставдык капиталына 51 (элүү бир) пайыздан көп эмес өлчөмдө катышууга укуктуу;
4) аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 (жетимиш беш) пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш;
5) аудитордук уюм кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга милдеттүү;
6) аудитордук уюмда негизги жумуш орду боюнча (штатында) 2 (эки) аудитордон кем эмес болууга тийиш;
7) аудитор аудитордук уюмдун жеке же коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчиси болууга тийиш, мында аудитордук уюмдун коллегиалдуу аткаруу органындагы аудиторлордун саны мындай органдын курамынын 50 (элүү) пайыздан кем эмесин түзүүгө тийиш;
8) аудитордук уюм тарабынан бекитилген аудиттин сапатын контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан аудиттин санатын ички контролдоо эрежелеринин болушу.
3. Ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун негизги жумуш ордунда (штатында) 3 (үч) аудитордон кем эмес болууга тийиш;
2) Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукка аудит жүргүзүүдө 3 (үч) аудитордун негизги жумуш ордундагы 3 (үч) жылдан кем эмес тажрыйбаларынын болушу.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдан тышкары чет өлкөлүк аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү аудитордук уюм - Кыргыз Республикасынын резиденти түзүлгөндө Кыргыз Республикасында аудитти жүргүзө алышат.
5. Аудитордук уюм төмөнкүдө белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдөн башка кандайдыр бир ишкердик жүргүзүүгө укуктуу эмес:
1) бухгалтердик эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, финансылык отчеттуулукту түзүү, бухгалтердик консультацияларды берүү;
2) башкаруучулук консультацияларды берүү, стратегиялык пландаштыруу, финансылык-чарбалык иш менен байланышкан консультацияларды берүү, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык иштерине талдоо жүргүзүү;
3) маалыматтык технологиялар жаатында, бухгалтердик эсен жана аудитти автоматташтыруу маселелери боюнча консультацияларды берүү;
4) салыктык консультацияларды берүү/контролдоо, салыктык эсепке коюу, аны калыбына келтирүү, жүргүзүү, салыктык эсептерди жана декларацияларды түзүү;
5) мыйзамдардын талаптарына ылайык ички аудит боюнча;
6) эл аралык стандарттарга ылайык финансы-чарбалык иш менен байланышкан маалыматтык системанын аудити боюнча;
7) мыйзамдардын талаптарына ылайык баалоо иштери боюнча;
8) аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп менен байланышкан жааттарда илимий-изилдөөлөрдү жана эксперименттик иштерди жүргүзүү;
9) аудитордук иш (бухгалтердик эсеп, экономика, финансы, салык салуу, укук (финансылык-чарбалык жана ишкердик менен байланышкан) бухгалтердик жана аудитордук системаны автоматташтыруу, бухгалтердик, экономикалык жана аудитордук иштерде ж.б. компьютердик программаларды пайдалануу) менен байланышкан жааттарда окутуулар боюнча;
6. Ачык кызыкчылыктардын субъектине, ири ишкердик субъектке аудит жүргүзүүдө текшерилген мезгилден баштап аудитордук корутунду берилгенге чейинки мезгилде аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-7-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эгерде төмөнкүдөй талаптар сакталса, аудитордук уюмга ушул берененин 5-бөлүгүнүн 8-9-пункттарында каралган кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берилет:
1) алар аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка тике таасир тийгизбесе же болбосо өзүнчө же жыйындысында олуттуу эмес таасир тийгизсе;
2) аудиттин алкагында текшерилүүчү финансылык отчеттуулукка тийгизген таасирлерди баалоо толук документтештирилсе жана аудитордук комитет үчүн кошумча отчетто түшүндүрүлсө;
3) аудитордук уюм тарабынан Этика кодекси жана ушул Мыйзам менен белгиленген көз карандысыздык принциптери сакталса.
7. Аудитордук уюмдун аткаруу органынын кеңешинин катышуучулары/уюштуруучулары, ошондой эле мүчөлөрү аудитти өткөрүүгө таасир этпөөнү жана аудитордук уюмдун атынан аудит жүргүзгөн аудитордун көз карандысыздыгына жана объективдүүлүгүнө коркунуч келтирбөөнү караштырган саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга милдеттүү.
8. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарына жана ушул Мыйзамга ылайык аудитти жүргүзүүгө милдеттүү жана төмөнкүлөрдү колдонууга тийиш:
1) административдик жол-жоболорду жана бухгалтердик эсептин жол-жоболорун;
2) сапатты контролдоонун ички жол-жоболорун;
3) кооптуулуктарды баалоо жол-жоболорун;
4) маалыматтарды иштеп чыгуу системасын коргоо жана контролдоо чараларын;
5) аудиторлорго сый акы берүү жана аларды кызыктыруу саясатын.
9. Аудитордук уюм аудитти жүргүзүүгө, аудитордук корутундуну даярдоого жана иш документтерин тариздөөгө жооптуу аудиторду дайындайт жана анын карамагына аудит жүргүзүүгө керектүү ресурстарды жана компетенттүү кызматкерлерди берет. Тапшырмага жооптуу аудитор аудитти жүргүзүүгө жеке катышууга милдеттүү.
10. Аудиттин сапатын камсыздоо максатында аудитордук уюм аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга жана ички документтер менен бекитүүгө, ушул Мыйзамга, аудиттин стандарттарына, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарына жана Этика кодексине ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Аудитордук уюм аудиттин сапатын аудитордук уюмдун деңгээлинде ички контролдоого жооптуу аудиторду дайындайт. Аталган аудитти жүргүзүүгө катышпаган аудитор же келишимдик негизде башка аудитордук уюмдун аудитору купуялуулукту сактоо менен аудиттин сапатын контролдойт.
12. Аудитордук уюм жыл сайын аудиттин сапатын контролдоо саясатынын жана жол-жоболорунун натыйжалуулугун баалайт, баалоолорду жана аудиттин сапатын ички контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушталган чараларды эсепке алат.
13. Аудитордук уюм аудит жүргүзүлгөн аудиттелүүчү субъекттерди төмөнкүлөр менен кошо эсепке алууга тийиш:
1) аудиттелүүчү субъекттин аталышын, жайгашкан жерин;
2) аудит жүргүзгөн аудитордун аты-жөнүн;
3) аудит жүргүзүү үчүн аудиттелүүчү субъекттен алынган сый акынын суммасын;
4) жүргүзүлгөн аудитке карата аудитордук уюмга коюлган жазуу жүзүндөгү дооматтарды.
14. Аудитордук уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аудитордук корутунду түзүлгөн күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндөн кечиктирбей аудит жүргүзүү боюнча ар бир келишимдеги жумушчу документтерди кагаз маалымат алып жүрүүчүгө жана/же электрондук маалымат алын жүргүзүүгө тариздөөнү аяктоого;
2) документтерди аудитордук корутундуга кол коюлган күндөн тартып 6 (алты) жылдан кем эмес кагаз маалымат алып жүрүүчүдө жана/же электрондук маалымат алып жүрүүчүдө сактоого.
15. Аудитордук уюм өзүнүн иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ал аудиттин сапатын контролдоо жол-жоболорунун сакталышы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзгөн аудитордук уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту берет. Аудитордук уюмдун иши жана ачык-айкындуулук жөнүндө отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8-берене. Кесиптик этика, көз карандысыздык жана көз карандысыздыктын кепилдиги
1. Кесиптик этиканын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чынчылдык;
2) объективдүүлүк;
3) кесиптик компетенттүүлүк жана талаптагыдай көңүл буруу;
4) купуялуулук;
5) кесиптик жүрүм-турум.
2. Кесиптик этиканын принциптери Этика кодексине ылайык колдонулат. Аудитор жана аудитордук уюм аудитордук ишти жүргүзүүдө Этика кодексин сактоого милдеттүү.
3. Этика кодекси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде басып чыгарылат. Аудитор жана аудитордук уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонуп баштаган күнү жөнүндө кабарлоо менен Этика кодексинин колдонулуп жаткан редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү аларды жарыялаганга чейин колдонууга укуктуу.
4. Аудитор жана аудитордук уюм кызыкчылыктардын кагылышын жаратуучу же мындай кагылыштын келип чыгуу коркунучун түзүүчү аракеттерди жасоого укуктуу эмес.
5. Аудит жүргүзүүдө аудитордук уюм көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш. Аудитордук уюм жана аудитор аудиттелүүчү субъектке анын көз карандысыздыгына коркунуч туудурган кооптуулуктар болгондо жана аларды кыскартуу максатында колдонулуучу чаралар жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берүүгө тийиш.
6. Аудит төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлбөйт:
1) жетекчилери, аудиторлору жана башка кызмат адамдары аудиттелүүчү субъекттин уюштуруучулары (катышуучулары), анын жетекчиси, башкы бухгалтери же бухгалтердик эсепти жүргүзүү, анын ичинде финансылык отчеттуулукту түзүү иштери жүктөлгөн башка кызмат адамдары болуп саналган аудитордук уюм тарабынан;
2) жетекчилери, аудиторлору жана башка кызмат адамдары, ошондой эле аудиттелүүчү субъекттин уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), анын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин же бухгалтердик эсепти жүргүзүү, анын ичинде финансылык отчеттуулукту түзүү иштери жүктөлгөн башка кызмат адамдарынын жакын туугандары, жубайлары, жубайларынын жакын туугандары болуп саналган аудитордук уюм тарабынан;
3) аудиттен өткөрүлүүчү субъекттин уюштуруучусу (катышуучусу) же ушул аудитордук уюм менен байланышкан (тике же кыйыр түрдө контроль жүргүзгөн) адам болуп саналган аудитордук уюм тарабынан;
4) аудиттелүүчү субъектке карата, аталган аудиттелүүчү субъекттин туунду коомдоруна, филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карага бул аудитордук уюм уюштуруучу (катышуучу) болуп саналган аудитордук уюм тарабынан;
5) эгерде бул аудитордук уюм же бир эл аралык тармактардагы уюм аудит жүргүзүүдөн мурдагы 3 (үч) жылдын ичинде бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү кызматтарын, Этика кодексиндеги аныктамага ылайык көз карандысыздыкты бузган кызматтарды жана бухгалтердик эсептин методикасын иштеп чыгууга, ошондой эле финансылык отчеттуулукту түзүүгө байланышкан кызматтарды көрсөткөн аудитордук уюм тарабынан;
6) камсыздандырган уюм болуп саналган, ушул аудитордук уюмдун жоопкерчиликтерин камсыздандыруу келишими түзүлгөн аудиттелүүчү субъектке карата аудитордук уюм тарабынан;
7) кредиттик уюм болуп саналган аудиттелүүчү субъектке карата аудитордук уюм тарабынан;
а) кредиттик келишимдер же кепилдик келишимдери түзүлгөндөр менен;
б) банктык кепилдик берилгендерге;
в) ушул аудитордук уюмдун жетекчилери жана кызматтык адамдары менен мындай келишимдер түзүлгөндөр менен;
г) ушул аудитордук уюмдун жетекчилеринин жакын туугандары, ошондой эле жубайлары, жакын туугандарынын жубайлары болгон адамдар менен же аталган адамдар мындай келишимдер боюнча пайда табуучу болуп саналышса буга окшош бүтүмдөрдү жасоонун шарттарынан олуттуу айырмаланган шарттарда келишим түзүлгөндөр менен.
7. Аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмга сый акы аудитордук кызмат көрсөтүү келишиминде аныкталат жана аудиттелүүчү субъекттин же болбосо аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимди түзгөн жактын кандайдыр бир талаптарына, аудиттин натыйжасында чыгарылуучу жыйынтыктардын мазмунуна көз каранды болбоого тийиш.
9-берене. Маалыматтардын купуялуулугу
1. Аудитордук ишти жүргүзүүдө аудитор/аудитордук уюм тарабынан алынган маалыматтар жана документтер купуя маалыматтардан болуп саналат. Маалыматтардын купуялуулугун сактоо милдеттенмеси аудитти жүргүзүү келишими токтотулгандан кийин да күчүндө калат. Аудитордук ишти жүргүзүүдө жана аудитордук иш менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүүдө аудитор, аудитордук уюм жана алдардын кызматкерлери тарабынан алынган жана (же) түзүлгөн маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат, төмөнкүлөрдөн башкасы:
1) аудитордук кызмат көрсөтүлгөн жак жарыялаган же анын макулдугу менен жарыяланган маалыматтар;
2) аудитордук кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүү жөнүндө маалыматтар;
3) аудитордук сый акылардын көлөмү жөнүндө маалыматтар;
2. Аудитордук уюм, аудитор аудиттин стандарттарында жана Этика кодексинде белгиленген маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого милдеттүү.
3. Аудитордук уюм жана аудитор аудит жүргүзүүдө алынган жана (же) түзүлгөн маалыматтардын жана документтердин сактыгын камсыз кылууга милдеттүү жана ушул документтерди же алардын көчүрмөлөрүн тапшырыкчыдан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана кесиптик аудитордук бирикмеден сырткары үчүнчү жакка берүүгө же болбосо аларда камтылган маалыматтарды ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларында же негиздүү суроо-талаптарда каралган учурлардан сырткары аудит жүргүзүлгөн жактын, ошондой эле аудиттелүүчү субъект болуп саналбаган тапшырыкчынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана кесиптик аудитордук бирикменин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачыкка чыгарууга укугу жок.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кесиптик аудитордук бирикме, алардын мүчөлөрү жана кызматкерлери, ошондой эле купуя маалыматтар жана/же документтер менен иштөөгө уруксат берилген башка адамдар мындай маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун камсыздоого карата талаптарды сактоого милдеттүү.
10-берене. Аудитордун, аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин, аудиттелүүчү субъекттин жоопкерчиликтери
Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жана аудиттелүүчү субъект аудит, аудиттин стандарттары, сапатты контролдоо стандарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Этика кодексинин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасындагы ачык кызыкчылыктардын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана аудитордук уюмдардын мамлекеттик бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибинде каралган жоопкерчиликтерди тартышат.
11-берене. Аудитордук уюмдардын жоопкерчиликтерин камсыздандыруу
Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда камсыздандырылууга тийиш.
3-глава. Кесиптик аудитордук бирикме
12-берене. Кесиптик аудитордук бирикмени түзүү жана ага коюлуучу талаптар
1. Кесиптик аудитордук бирикме ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык кесиптик аудитордук бирикме - өз алдынча уюштуруучулук-укуктук түрү менен "Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталган коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.
2. Квалификациялык сертификаттары бар аудиторлор жана/же аудитордук уюмдар кесиптик аудитордук бирикменин уюштуруучусу боло алат. Аудитордук уюмдар, аудитордун квалификациялык сертификаттарына ээ болгон адамдар кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга тийиш. Аудиторлор жана аудитордук уюмдар бир кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болушу керек.
3. Төмөнкүлөр кесиптик аудитордук бирикменин негизги функцияларынан болуп саналат:
1) мүчөлөр тарабынан кесиптик жана этикалык жүрүм-турум стандарттарынын сакталышын камсыздоо жолу менен коомдук кызыкчылыктарды коргоо;
2) кесиптик аудитордук бирикменин толук укуктуу мүчөсү болуу үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү жана баалуулуктарды алууга аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугун бардык талапкерлер тарабынан камсыздоо жана мүчөлөрдүн кесиптик карьерасында алган билимин, көндүмдөрүн жана баалуулуктарын колдоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
3) талапкерлердин, мүчөлөрдүн, жөнгө салуучу органдардын, өнөктөш уюмдардын жана кеңири коомчулуктун арасында кесиптик аудитордук бирикменин жакшы аброюн камсыз кылуу;
4) өз мүчөлөрүнүн кесиптик муктаждыктарына көңүл буруу;
5) кесиптик аудитордук бирикменин жана аудитордук кесиптин максаттарын жана туруктуулугун алдыга жылдыруу жана коргоо;
6) өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын колдоо;
7) илимий изилдөөлөр, жарыялоолор жана илимий форумдарды өткөрүү жолу менен аудиттин жана бухгалтердик эсептин теориясын жана практикасын бардык өңүттөрдөн алдыга жылдыруу;
8) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлүгү үчүн алгылыктуулук критерийлерин аныктоо;
9) мүчөлүккө талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоону уюштуруу;
10) мамлекеттик органдар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка улуттук, аймактык жана эл аралык кесиптик бирикмелер менен натыйжалуу иштиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана колдоо;
11) мүчөлөрдүн атайын билими жана тажрыйбасы бар жаатта коомчулуктун муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон техникалык жана этикалык сунуштарды алуусун камсыз кылуу;
12) изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аларды жарыялоо;
13) мамлекеттик органдарда мыйзамдарга, стандарттарга, кодекстерге жана аудиттин, бухгалтердик эсептин башка маселелерине карата коомдук кызыкчылыктарды көрсөтүү.
4. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге кирүү үчүн кесиптик аудитордук бирикмеде аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон 100дөн (жүз) кем эмес же 100дөн ашуун мүчөдөн болууга тийиш. Мүчөлөрүнүн саны азайган учурда кесиптик аудитордук бирикме өз мүчөлөрүнүн санын 3 (үч) айдын ичинде ушул берененин ушул бөлүгүндө белгиленген санга чейин жеткирүүгө милдеттүү.
5. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлүк милдеттенмелерге карата талаптарды белгилөөгө жана мүчөлөр тарабынан талаптардын аткарылышын камсыздоого тийиш.
6. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө төмөнкүлөр боюнча талаптар коюлушу керек:
1) билими
2) үзгүлтүксүз кесиптик билими;
3) Этика кодексинин талаптарын сактоо;
4) аудиттин сапатын камсыз кылуу.
7. Кесиптик аудитордук бирикме мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарды бузгандыгын табат жана кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан өткөрүлгөн аудиттин сапатын контролдойт.
Кесиптик аудитордук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши менен аудитордук бирикменин мүчөлөрү тарабынан өткөрүлүүчү аудиттин сапатын тышкы контролдоо программасын жана планын макулдашат.
Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузуулары табылган учурда кесиптик аудитордук бирикме табылган бузуулар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
8. Кесиптик аудитордук бирикме өз ишин ушул Мыйзамга жана кесиптик аудитордук бирикменин уставына ылайык жүргүзөт.
9. Кесиптик аудитордук бирикме киреше алуу максатын көздөбөйт, коммерциялык уюмдарды уюштурууга жана алардын катышуучусу болууга укугу жок.
10. Кесиптик аудитордук бирикменин милдеттүү түрдө веб-сайты болууга тийиш, анда өзүнүн мүчөлөрүнүн реестри, өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчету жана өзүнүн финансылык отчеттуулугу жарыяланат.
11. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү кесиптик аудитордук бирикменин милдеттенмелерине жооп бербейт, ал эми кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт. Кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрү өздөрүнүн кесиптик иштерин жүргүзүүдө өз алдынчалыкты сактайт.
13-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин мүлкү
1. Кесиптик аудитордук бирикме менчик укугунда таандык болгон уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн керектүү болгон мүлккө ээлик кылат.
2. Мүчөлүк төгүмдөр, өз ишинен алынган кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүнүн булагы болуп саналат.
14-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы
1. Кесиптик аудитордук бирикменин уставы ушул Мыйзамга ылайык бекитилет.
2. Кесиптик аудитордук бирикменин уставында төмөнкүлөр каралат:
1) кесиптик аудитордук бирикменин максаттары, милдеттери жана функциялары;
2) кесиптик аудитордук бирикменин башкаруу органдарын түзүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары;
3) кесиптик аудитордук бирикмеге кирүүнүн шарттары жана тартиби;
4) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
5) өзүнүн мүчөлөрүнүн квалификацияларын жогорулатуу тартиби;
6) кесиптик аудитордук бирикменин мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
7) кесиптик аудитордук бирикменин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
8) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;
9) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту берүү тартиби;
10) кесиптик аудитордук бирикменин филиалдарын, алардын башкаруу органдарын түзүү, иштетүү тартиби, ошондой алардын ыйгарым укуктары;
11) мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнө аудиттин сапатын контролдоо тартиби;
12) иликтөөлөрдү жүргүзүү жана тартиптик чараларды колдонуу тартиби;
13) жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби.
3. Уставда кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү, аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболор да каралышы мүмкүн.
15-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин жалпы жыйыны
1. Жалпы жыйын кесиптик аудитордук бирикменин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана анын ишине кесиптик аудитордук бирикменин жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышканда чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
2. Жалпы жыйындын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) кесиптик аудитордук бирикменин ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) кесиптик аудитордук бирикменин уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди же жаңы редакциядагы уставды кабыл алуу;
3) Аудиторлордун кеңеши, кесиптик аудитордук бирикменин комитеттери жөнүндө жоболорду бекитүү;
4) Аудиторлордун кеңешин түзүү, ошондой эле Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн жана мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартибин аныктоо жана бекитүү;
6) Аудиторлордун кеңешинин мүчөлөрүнүн сый акыларынын өлчөмүн аныктоо;
7) ушул Мыйзамга каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды аныктоо жана бекитүү.
16-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин аудиторлор кеңеши
1. Кесиптик аудитордук бирикме аудиттин сапатын камсыз кылуу, Этика кодексин сактоо, аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу, иликтөөлөрдү жүргүзүү, тартиптик чараларды колдонуу үчүн Аудиторлордун кеңешин жана комитеттерди түзөт.
2. Аудиторлордун кеңеши кесиптик аудитордук бирикменин коллегиалдуу аткаруу органы болуп саналат жана жалпы жыйында жашыруун добуш берүү менен 5 (беш) аудитордон кем эмес санда 3 (үч) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Аудиторлордун кеңешинин мүчөлүгүнө шайлоодо жынысы, курагы, улуту боюнча басмырлоого жол берилбейт.
3. Аудиторлордун кеңеши өз курамынан Кеңештин төрагасын жана анын сунушу боюнча төраганын орун басарын шайлайт.
4. Аудиторлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аудиторлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат.
5. Аудиторлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда кесиптик аудитордук бирикменин атынан чыгуу;
2) кесиптик сертификациялоону уюштуруу;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасын бекитүү, ушул Программа боюнча кесиптик окууларды уюштуруу;
4) аудиттин санатын контролдоо методикасын жана аудиттин сапатын контролдоо боюнча адистерди тандап алуу үчүн критерийлерди бекитүү;
5) комитеттерди түзүү, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) кесиптик аудитордук бирикменин ишин уюштуруу үчүн аткаруучу директорду дайындоо;
7) кесиптик аудитордук бирикменин стратегиялык планын жана негизги демилгелерди бекитүү;
8) кесиптик аудитордук бирикменин бюджетин жана жылдык отчетун бекитүү;
9) кесиптик аудитордук бирикменин административдик персоналынын штаттык санын жана штаттык расписаниесин бекитүү;
10) мүчөлөрдүн социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;
11) кесиптик аудитордук бирикменин уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.
17-берене. Кесиптик аудитордук бирикменин комитеттери
1. Кесиптик аудитордук бирикме: башкаруу жана мүчөлүк боюнча комитетти; аудиторлорду окутуу, сертификациялоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча комитетти; аудиттин сапатын камсыздоо боюнча комитетти; иликтөө боюнча комитетти; тартиптик чараларды колдонуу боюнча комитетти; аудит боюнча комитетти жана уставга ылайык милдеттерди аткаруу үчүн башка комитеттерди түзөт. Комитеттер 3 (үч) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Мында аудитордун - комитеттин мүчөсүнүн аудитордук иштеги 5 (беш) жылдан кем эмес стажы болууга тийиш. Комитеттин мүчөлөрү бир эле мезгилде Аудиторлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет.
2. Комитеттердин жыйыны комитеттердин жалпы санынын үчтөн 2 (эки) мүчөлөрүнөн кем эмеси катышканда чечим кабыл алууга укуктуу деп саналат.
3. Аудиторлор - комитеттердин мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышы болбогон шартта комитеттердеги ишти аудитордук иш менен айкаштыра алышат.
4. Комитеттердин жыйыны зарылдыгына жараша алардын төрагасы тарабынан чакырылат, алардын кароосуна тиешелүү маселелер боюнча чечимдер киргизилет. Комитеттердин чечимдери добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комитеттин жыйынынын протоколуна алардын төрагасы менен катчы кол коёт.
18-берене. Отчеттуулук
Кесиптик аудитордук бирикме финансылык отчеттуулукту Эл аралык финансылык отчеттуулуктун стандартынын негизинде түзөт, ага милдеттүү түрдө аудит жүргүзүлүүгө тийиш.
Кесиптик аудитордук бирикме ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнө карата аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчетторун кошуп алганда өзүнүн иши жөнүндө отчетту берет.
4-глава. Аудитордук ишти жөнгө салуу жана аудитти коомдук көзөмөлдөө
19-берене. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо
1. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо төмөнкүлөрдү билдирет:
1) аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) аудиттин стандарттарын, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштуруу;
3) аудиттин стандарттарын, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо;
4) аудитордук иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү квалификациясын ыйгаруу, жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча аккредитациялоо;
5) аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгарууну жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
6) жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча аккредитациялоо;
7) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикменин ушул Мыйзамдын, аудиттин стандарттарынын жана аудиттин сапатын контролдоо стандарттарынын жана Этика кодексинин талаптарын сактоосун контролдоо;
8) Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрин жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берүү;
9) аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин отчеттуулугун кароо;
10) аудиттин сапатын тышкы контролдоо жана анын жыйынтыктарын кароо;
11) Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүлөр, ошондой эле башка чет мамлекеттердин аудитордук ишти жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу;
12) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
2. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Аудитордун жана/же аудитордук уюмдун аудиттин стандарттарын, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу органдын өзгөчө компетенциясы болуп саналат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз функцияларын жүзөгө ашырууда аудиторлордон, аудитордук уюмдардан, кесиптик аудитордук бирикмелерден аудитордук ишке жана/же кесиптик аудитордук бирикмелердин ишине тиешелүү болгон зарыл документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
20-берене. Аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу
1. Аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу максатында талапкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Эл аралык билим берүү стандарттары боюнча кеңеш тарабынан жарыялануучу Эл аралык билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келген аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамен тапшырат.
2. Экзаменге кирүү жөнүндө арыз берилген учурда төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген талапкерлер аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзаменге киргизилет:
1) жогорку билимге ээ болгондор;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан окуу программалары аккредиттелген жогорку окуу жай жана/же кесиптик аудитордук уюм берген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырасталган документке ээ болгондор;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн алына элек же жоюла элек соттуулугу жоктор;
4) белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү жумушта иштөө укугунан ажыратылбагандар.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү менен аудитордун кесиптик квалификациясы төмөнкүдөй талапкерге ыйгарылат:
1) Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча бардык экзамендерди тапшырган;
2) аудитордук иш жана бухгалтердик эсепке алуу жаатында 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, мында аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу учуруна карага акыркы үч жылдын ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызматтарда 1 (бир) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болгон.
4. Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзаменди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
21-берене. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратуу (чакырып алуу)
1. Аудитордун квалификациялык сертификатынан төмөнкүдөй негиздер болгондо ажыратылат (чакырып алынат):
1) экзаменге кирүү үчүн зарыл болгон жалган документтерди пайдалануу менен аудитордун квалификациялык сертификатын алуу фактысы аныкталса;
2) оор жана өзгөчө оор кылмыштар, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн, ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
3) 3 (үч) жылдын ичинде Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтпөсө.
2. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратуу (чакырып алуу) жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратуу (чакырып алуу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратуу (чакырып алуу) жөнүндө чечимди ал кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде сертификаттын ээсине билдирет.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратылган адам же тиешелүү жүйөлүү чечим менен аудитордун квалификациялык сертификаты чакырып алынган адам административдик иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик даттанууну берүү жолу менен ушул чечимге даттанууга укуктуу. Аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратууну (чакырып алууну) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттун аталган чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.
22-берене. Мамлекеттик бирдиктүү реестр
1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө жол берилген аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик бирдиктүү реестрге катталган күндөн тартып иш жүргүзүү укугун алышат.
2. Мамлекеттик бирдиктүү реестр төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1) аудиторлордун реестринен;
2) аудитордук уюмдардын реестринен;
3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринен;
4) ачык кызыкчылыктардын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын реестринен.
Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жеке каттоо номери менен идентификацияланат.
3. Мамлекеттик бирдиктүү реестр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт (мындан ары - Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартиби). Мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоодо, кайра каттоодо бир жолку жыйым алынат, ошондой эле Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизилгенден кийинки жылдан тартып мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым алынат.
4. Мамлекеттик бирдиктүү реестр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтардан сырткары кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
5. Мамлекеттик бирдиктүү реестр төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) аудитордук уюмдар жөнүндө маалыматты (аудитордук уюмдун жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын толук жана кыскача аталыштарын, уюштуруучулук-укуктук түрлөрүн, анын жайгашкан жерин жана юридикалык дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, алардын башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды, аудиторлору жана кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайтынын маалыматтарын);
3) аудитор жөнүндө маалыматты (аудитордун аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтарын, аудитордун квалификациялык сертификатынын маалыматтарын, байланыш маалыматтарын), Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуулардан өтүшү жөнүндө, кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматты, аудитор иштеген аудитордук уюм жөнүндө маалыматты, байланыш маалыматтарын;
4) кесиптик аудитордук бирикме тууралуу маалыматты жана кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскача аталышын, алардын жайгашкан жерин жана юридикалык дарегин, башкаруу органдары, филиалдары (эгерде болсо), мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайтынын маалыматтарын;
5) аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзгөн жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата таасир этүү чараларын колдонгон органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим аларга даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин жарыяланат;
6) катталган/кайра катталган күнүн жана каттоо номерин;
7) мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгаруунун негиздерин жана күнүн;
8) мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган башка маалыматтарды.
23-берене. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо
1. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо үчүн арыз ээси Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды зарыл болгон документтер менен бирге алган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбей, мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү менен мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен таризделет. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар мамлекеттик бирдиктүү реестрге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жөнүндө актыны кабыл алган күнү катталат.
3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар мамлекеттик бирдиктүү реестрде каттоо жөнүндө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтагы, ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү. Өзгөртүүлөр пайда болгон күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбей, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен бирге (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) жазуу жүзүндө билдирүү берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдирүү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик бирдиктүү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
24-берене. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра каттоо
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат:
1) аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм кайра уюштурулса;
2) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун аталышы өзгөрсө;
3) аудитордун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөрсө.
2. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар арыз менен кайрылууга милдеттүү. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра каттоо үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүп, тиешелүү өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен кайра каттоо жөнүндө арыз кайра каттоо үчүн негиз пайда болгон күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кечиктирилбей берилет. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра каттоо тиешелүү арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген мыйзам долбоорунун 24-беренесиндеги абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 24-беренесиндеги абзацтарынын санына дал келбейт.
25-берене. Мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоодон баш тартуу
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат:
1) аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) арыз ээси мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган так жана толук эмес маалыматтарды берсе;
3) арыз ээси аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди берсе;
4) мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоо жана/же кайра каттоо үчүн жыйымдар төлөнбөсө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери четтетилген учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында арызды кароонун мөөнөтү кайра кароо арызы берилген күндөн тартып эсептелет. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимине Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартибине ылайык даттанууга укуктуу.
3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгү, ошондой эле ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө билдирүүнүн өз убагында берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
26-берене. Мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгаруу
1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат:
1) 3 (үч) жылдын ичинде - аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, аудиттин стандарттары, аудиттин сапатын контролдоо стандарттары жана Этика кодекси үч жолу бузулса;
2) өзүнүн ишин токтотуу жөнүндө арыз берилсе;
3) мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйым төлөнбөсө;
4) Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү тартибинде каралган учурларда.
2. Аудитор, аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолку бузуу аныкталган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбей мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат.
3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат:
1) 2 (эки) календарлык жылдын ичинде аудит жүргүзбөсө;
2) аудитордук иштөө укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе.
4. Аудиторлор төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат:
1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иши токтотулган мезгилден сырткары Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча жыл сайын окуудан өтпөсө;
2) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык аудитордун квалификациялык сертификатынан ажыратышса (чакырып алынса);
3) аудитордун каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилсе.
5. Мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгаруу жөнүндө чечим аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын мамлекеттик бирдиктүү реестринен чыгарылышы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы боюнча таризделет.
6. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгаруу жөнүндө акты кабыл алынган күнү мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылат.
7. Аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун иш жүргүзүү укуктары ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылган күндөн тартып токтотулат.
8. Мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылган аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар:
1) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, аудиттин сапатын контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу бузгандыгы үчүн - мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгарылган күндөн тартып 1 (бир) жыл өткөндөн кийин бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди кайта берүүгө укуктуу;
2) мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү үчүн жылдык жыйымдарды төкпөгөндүгү үчүн - мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзүү үчүн жылдык жыйым төгүлгөндөн бир ай өткөндөн кийин мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра киргизилет;
3) Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтпөгөндүгү үчүн - Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган документти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенден кийин мамлекеттик бирдиктүү реестрге кайра киргизилет.
27-берене. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши
1. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөнүн жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн, мамлекеттик коомдук контролду жүзөгө ашырган, аудит жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо менен байланышкан маселелерди караган жана коомдук кызыкчылыктардын максатында чечимдерди кабыл алган коллегиялдуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Төмөнкүлөр Кеңештин ыйгарым укуктарына кирет:
1) аудитти жөнгө салуу, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Кеңештин ишинин жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоо программасын, Кеңештин иши жөнүндө жылдык отчетту кароо жана бекитүү;
3) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жыйынтыктары боюнча корутунду берүү;
4) аудиторлорго, аудитордук уюмдарга жана кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу боюнча корутунду берүү;
5) аудиттин сапатын контролдоо маселелери боюнча даттанууларды жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ортосундагы алардын ишине тиешелүү болгон талаштарды кароо.
3. Кеңеш анын төрагасын, Кеңештин мүчөлөрүн жана Кеңештин жооптуу катчысын кошуп алганда, 7 (жети) кишиден турат. Кеңештин жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылды түзөт.
4. Практикасы жок төмөнкү адамдар кеңештин мүчөсү боло алат:
1) экономика жана юридика жаатында жогорку билимге ээ;
2) экономика, юридика жаатында 10 (он) жылдан кем эмес эмгек стажына ээ же аудит чөйрөсүндө билими бар;
3) бухгалтердик эсепке алуу жана аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же финансылык отчеттуулукка аудит жүргүзүү боюнча 3 (үч) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ;
4) жакын туугандары, жубайы аудитор, катышуучу/уюштуруучу, аудитордук уюмдун аткаруу органынын мүчөлөрү болуп саналбаган;
5) алынбаган же жоюлбаган соттуулугу жоктор.
5. Кеңештин мүчөсү Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде өз ишин аяктагандан кийин 3 (үч) жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуктуу эмес.
6. Кеңеш өзүнүн ишине эксперттик-консультативдик жардам көрсөтүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн каралган маселелер боюнча кызыкчылыктардын кагылышы болбогон көз карандысыз эксперттерди, илимий жана башка консультанттарды тартууга укуктуу.
7. Кеңеш өзүнүн ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
1) Кеңештин ишинин жылдык планын;
2) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын;
3) Кеңештин чечимин;
4) иш жөнүндө жылдык отчетту жана Кеңештин ишин чагылдырган маалыматтарды;
5) коомдук көзөмөлдөө функцияларын аткаруу менен байланышкан ченемдик укуктук актыларды.
8. Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28-берене. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо
1. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо аудиттин сапатын камсыздоо системасын башкаруу максатында, ошондой эле аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн аудиттин деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун колдонууну баалоо үчүн жүзөгө ашырылат.
2. Аудиттин сапатын пландуу тышкы контролдоо кооптуулукка багытталган мамилелердин негизинде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу ачык кызыкчылыктардын субъекттерине, ири ишкердик субъекттерге аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарга жана 6 (алты) жылда 1 (бир) жолу башка аудитордук уюмдарга карата жүргүзүлөт.
3. Аудиттин сапатын пландуу эмес тышкы контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн арыздар боюнча жүргүзүлөт.
4. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде консультанттарды ишке тартууга укуктуу.
5. Төмөнкүлөр аудиттин сапатын тышкы контролдоо үчүн консультанттарды тандап алуунун критерийлери болуп саналат:
1) аудитордун квалификациялык сертификатынын жана финансылык отчеттордун аудити жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
2) Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык финансылык отчетторду даярдоо чөйрөсүндө 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
3) талдоо жүргүзүү жана аны аудиттин сапатын тышкы контролдоо процессинде колдонуу тажрыйбасы.
6. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо үчүн тартылган консультант практика жүргүзбөгөн адам болууга тийиш, ошондой эле сапатты тышкы контролдоо боюнча консультант катары ишин аяктагандан кийин 3 (үч) жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуктуу эмес.
7. Аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин бузган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:
1) эскертүү;
2) айып салуу;
3) мамлекеттик бирдиктүү реестрден чыгаруу.
8. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо үчүн ишке тартылган консультанттардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз карандысыздыгына талаптарды жана текшерилип жаткан аудитордук уюмга карата кызыкчылыктардын жоктугун кошуп алганда аудиттин сапатын тышкы контролдоо тартиби, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5-глава. Корутунду жоболор
29-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Аудитордук уюмдардын жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин камсыздандыруу жөнүндө тиешелүү мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 10-беренесинин жоболорунан сырткары ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) аудитордук уюм ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык 12 айлык мөөнөттө мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттала тургандыгы;
2) ушул Мыйзамдын аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик аудитордук бирикмелерге милдеттүү түрдө мүчөлүгү боюнча 5, 6 жана 7-беренелеринин жоболору 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире тургандыгы.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: '
1) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 Мыйзамы (2002-жылдын 7-августундагы № 59-60 "Эркин-Тоо" гезити);
2) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 14-июнундагы № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10 (1151);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-декабрындагы № 192 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 179-ст.);
4) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы № 233 Мыйзамы (2008-жылдын 4-ноябрындагы № 85 "Эркин-Тоо" гезити);
5) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 196 Мыйзамы (2009-жылдын 10-июлундагы № 57-58 "Эркин-Тоо" гезити);
6) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгү (2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 "Эркин-Тоо" гезити);
7) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 35 Мыйзамы (2017-жылдын 28-февралындагы № 35 "Эркин-Тоо" гезити);
8) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-мартындагы № 35 Мыйзамы (2019-жылдын 19-мартындагы № 20 "Эркин-Тоо" гезити);
9) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 39 Мыйзамы (2019-жылдын 5-апрелиндеги № 39 "Эркин-Тоо" гезити).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ