Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 181 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн толук фирмалык аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Северный центр по реагированию на чрезвычайные ситуации" Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Түндүк борбору" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Северный центр".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 146.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын максаттары:
1) баланстагы атайын техникалык жана инженердик автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен курулуштук, авариялык калыбына келтирүүчү, жээктерди бекемдөөчү жана калкты жана аймактарды табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган башка иш-чараларды жүргүзүү;
2) мамлекеттик башкаруучу органды керектүү товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу (сатып алуу, сактоо, ташуу);
3) товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
4) мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү (курулуш материалдарын кошкондо), жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруусу;
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) өзгөчө кырдаалдардын очокторунда авариялык калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис жумуштардын комплексин жүргүзүү;
3) алдын алуу иштерин жүргүзүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн мамлекеттик башкаруучу органдын жана башка башкаруу органдарынын бөлүмдөрүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана аларды сактоо;
4) жээктерди бекемдөө жана башка коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн колдонулуучу атайын материалдык-техникалык каражаттарды өндүрүү;
5) өнөр жай жана курулуш материалдарын өндүрүү;
6) белгиленген тартипте чарба жүргүзүү укугунда берилген негизги фонддорду ижарага берүү.
14. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо объекттерин, инфраструктураны куруу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын тапшырмасы боюнча издөө, авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
3) күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоо жана сактоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруучу органдын бөлүмдөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн автомай куюучу станциялардын жана пункттардын түйүнүн түзүү жана эксплуатациялоо;
4) мамлекеттик башкаруучу органдын инфратүзүмүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
5) гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү;
6) өзгөчө кырдаалдар райондоруна, ошондой эле чек арага жакын өлкөлөргө гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыз кылуу;
7) өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын чечимине ылайык курулуш жана башка товардык-материалдык баалуулуктар менен камсыз кылуу;
8) Ишкананын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү, Ишкананын инженердик техникасын модернизациялоо үчүн инвестициялык каражаттарды белгиленген тартипте табуу жана тартуу;
9) коргоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, анын ичинде конкурстук негизде;
10) юридикалык жана жеке жактарга (анын ичинде чет өлкөлүк) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
11) автомай куюучу станцияларды уюштуруу;
12) коомдук тамактануу объекттерин уюштуруу;
13) курулуш-монтаждоо, жасалгалоо, долбоорлук-издөө иштерин жүргүзүү;
14) коммерциялык иш;
15) Ишкананын өндүрүштүк ишин өнүктүрүү жана жогорулатуу маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык уюмдары менен байланыштарды түзүү.
Негизги милдеттерди жана функцияларды чечүү менен катар, Ишкана лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ишкана ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, базар конъюнктурасына ылайык жеке жана юридикалык жактар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, талдоо жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) белгиленген тартипте эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты ишке ашырууга;
10) зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) чарба жүргүзүү укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлктү, жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка товардык-материалдык баалуулуктарды менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
12) жеке өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү максатында бюджеттен тышкаркы финансы каражаттарын тартууга жана пайдаланууга;
13) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
16. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн максатына жетүү жана милдеттерин, функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумушун аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысын жана кадыр-баркын козгоочу маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясы
18. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирикмелеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
19. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Ошондой эле мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
20. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроолору боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ошондой эле мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётту бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы менен макулдашуу боюнча сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
12) Ишканага тиешелүү мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
13) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, аны сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрүүгө;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
6) Ишканага таандык болгон мүлктү багыты боюнча пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоо максатында Ишкананын аймагына баруу жана текшерүү үчүн жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө.
6. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
24. Директор мамлекеттик башкаруучу органдын жетекчисинин сунушунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер- министри тарабынан кызматтан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын иши жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
4) Ишкананын финансылык-экономикалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болсо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес планын) ишке ашыруу;
3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жумушка орноштуруу жана жумуштан бошотуу шарттарын бекитүү, эмгек акы фондун кошо алганда;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болууга.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишине байланышкан бардык керектүү маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымат берүүгө;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарына, мүлкүнө жана башка активдерине ээлик кылат;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
7. Ишкананын башкаруу курамы
36. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
37. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөлөрү керек.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп эсептелген маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
38. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүдөй адамдар кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке каршы кылмыштар жана экономикалык ишти жүргүзүү тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иштегендиги үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчиктин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат орундарын ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда жүргөн мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердикти жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
39. Ишкана жылдык иш планынын негизинде же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган 3 жылга жана андан ашык жылга түзүлгөн узак мөөнөттүү иш пландын негизинде иштейт.
40. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
41. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка бардык шарттарын эркин аныктайт.
42. Ишкана бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы менен түзүлүшү керек.
43. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго (эгер бар болсо, ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
44. Ишкана финансылык-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
45. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын максаттарын жана негизги иш багыттарын иштеп чыгуу;
2) тармакты жана рынокту сүрөттөө, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) кооптуулуктарды талдоо.
46. Жыл сайын 1-мартка чейин Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет.
47. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
48. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
49. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугу берилген эмес. Мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мүлктү пайдалануунун негизи болуп саналат.
50. Ишкананын мүлкүн негизги каражаттар жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
51. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунун негизинде Ишканага бекитилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, түшүм, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
52. Ишкана тарабынан өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иш предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
53. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес планын) жүзөгө ашырууга толугу менен багыттайт.
54. Ишкананын пайдасы төмөнкүлөргө жумшалышы мүмкүн:
1) Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого;
2) мамлекеттик башкаруучу органдын материалдык-техникалык базасын жана инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого;
3) финансылык-чарбалык ишти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
4) Ишкананын кызматкерлерин материалдык стимулдаштырууга, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
5) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык иш-чараларга.
55. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
56. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
10. Ишкананы кайра түзүү жана жоюу
57. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечимди мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
58. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
59. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укуктук улантуучусу болуп саналат.
60. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
61. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананы жоюу үчүн жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыкка жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жоюу комиссиясын жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
62. Ишкананын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.