Редакцияот 04.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2021-жылдын 4-майы, № 201

Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын зергердик тармагынын өкүлдөрүнүн ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын зергердик тармагынын бизнес-ассоциацияларынын кайрылууларын көнүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 31-январь жыл сайын майрамдалуучу Кыргыз Республикасынын Зергерлеринин кесиптик күнү болуп белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

У.А. Марипов