Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 206
2021-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2021-жылы расмий статистиканы даярдоо жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга статистикалык программа (мындан ары – Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомство, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына административдик жана жеке маалыматтарды Программада каралган мөөнөттөрдө беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги статистикалык иштерди «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 519 «2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 656 «2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө» токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |