Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-майы № 233
Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимин аткаруу максатында, Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколдун 20-пунктуна (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 3 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук интеграцияланган сегментин модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасы менен интеграциялоо үчүн маалыматтык системаларды модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- электрондук өз ара аракеттенүү субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү - башка мамлекеттин аткаруу бийлигинин органдарына берүүгө багытталган электрондук документтерди авторлоштурууну жана ырастоону камсыздайт.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи - отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- төмөнкүлөрдүн оператору катары иштерди аткаруу:
маалыматты электрондук түрдө документтештирүүнүн жалпы инфраструктурасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компонентинин;
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын Кыргыз Республикасынын ишенимдүү үчүнчү тарабынын;
Кыргыз Республикасынын башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борборунун;".
6. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимине ылайык электрондук кол тамганын криптографиялык стандарттарынын улуттук сегментинин алкагында пайдаланылган учурда электрондук документтерди авторлоштурууну камсыздашсын;
- Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык интеграцияланган маалыматтык системанын ишенимдүү үчүнчү тарабынын кызматын пайдалануу менен авторлоштурулган электрондук документти берүүнү камсыздашсын.
7. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечиминин 4-пунктунда каралган программалык каражаттарды маалыматты электрондук түрдө документтештирүүнүн жалпы инфраструктурасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компонентинин операторуна берүүнү камсыздасын.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы № 38 жарыяланды
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-майы № 233
Кыргыз Республикасынын электрондук өз ара аракеттенүү субъекттеринин транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө электрондук документтерди ырастоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимин аткаруу максатында, Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө протоколдун 20-пунктуна (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 3 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук интеграцияланган сегментин модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасы менен интеграциялоо үчүн маалыматтык системаларды модернизациялоого грант алуучу болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечимине ылайык электрондук кол тамганын криптографиялык стандарттарынын улуттук сегментинин алкагында пайдаланылган учурда электрондук документтерди авторлоштурууну камсыздашсын;
- Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык интеграцияланган маалыматтык системанын ишенимдүү үчүнчү тарабынын кызматын пайдалануу менен авторлоштурулган электрондук документти берүүнү камсыздашсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги № 3 чечиминин 4-пунктунда каралган программалык каражаттарды маалыматты электрондук түрдө документтештирүүнүн жалпы инфраструктурасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компонентинин операторуна берүүнү камсыздасын.