Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-майы № 196
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетторду толук жана ишенимдүү түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 27-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталган мөөнөттөн кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчетко өзгөртүүлөрдү киргизүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1. Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө айлык, кварталдык отчетту түзүүдө зарыл болгон өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен учурдагы отчеттук мезгилде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик бюджетти аткаруу тууралуу отчеттун курамындагы республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчет түзүлгөндө өзгөртүүлөр жана оңдоолор, аларды киргизүү зарылдыгын тастыктоочу документтерди тиркөө менен отчеттук мезгилдин акыркы иш күнү менен киргизилет жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамында белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүгө чейинки мөөнөткө чейин уруксат берилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |