Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 токтому менен бекитилди) |
2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясы
Киришүү
Ушул Стратегиянын негизги максаты финансылык ресурстарды тартуу жана атаандашуучулук чөйрөнүн шарттарында аманаттардын инвестицияларга трансформацияланышын камсыз кылуу боюнча экономиканын реалдуу секторунун жана өлкөбүздүн калкынын сапаттуу кызматтарды алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруучу банктык эмес финансылык рыноктун туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү аркылуу экономикалык өсүштү тез камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Стратегия ошондой эле финансылык инструменттердин рыногундагы тез өтүмдүүлүктү жана узак мөөнөттүү инвестициялардын жагымдуулугун, фондулук рынокто айландырылып жаткан финансылык куралдарды, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын тизмелерин кеңейтүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган.
Ушул Стратегиянын өзгөчөлүгү болуп анын комплекстүүлүк мүнөзү саналат. Мурда банктык эмес финансылык рыноктун чөйрөсүндө өзүнчө сектордук стратегиялык документтер гана иштелип чыккан жана ишке ашырылган. Ушуга байланыштуу биринчи жолу стратегиялык документ иштелип чыкты, анда банктык эмес финансылык рыноктун бардык сегменттери камтылды.
Ушул Стратегияда коюлган орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттар жана милдеттер өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө банктык эмес финансылык рыноктун олуттуу таасир тийгизишине жана жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
I бөлүм. Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногунун учурдагы абалын баалоо жана өнүгүшүн талдоо
I глава. Баалуу кагаздар рыногу
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында финансылык системанын иштеши үчүн иштелип чыккан жетиштүү институттук жана мыйзамдык база бар, жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга жооп берген баалуу кагаздар рыногу түзүлгөн жана анын инфратүзүмүнүн өнүгүүсүн улантып жатат.
Өнүккөн рыноктордо классикалуу түрдөгү кесипкөй ишмердиктин бардык түрлөрү Улуттук фондулук рынокто иштеп жатат. 2021-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштерди 67 юридикалык жактар жүзөгө ашырат, аларга 104 лицензия берилген.
Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2021-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын болгону 38 чыгарылышы каттоого алынган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 10 042,7 млрд. сомду түзгөн, анын ичинде акциялардын суммасы 9 092, 7 млрд. сомду, облигациялардын суммасы 950,0 млн. сомду түздү.
Баалуу кагаздар рыногунда баалуу кагаздар менен жасалган тооруктардын көлөмү 2020-жылы 11 830 783,06 млрд сомду түзгөн, бул 2019-жылдагыдан (2019-жылы - 6 073 948,15 млрд сом болгон) 1,9 эсеге көп.
1-диаграмма
2021-жылдын 1-январына карата, биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү тооруктардын көлөмүнүн түзүмүндө көбүрөөк жасалгандыгын биринчи жана экинчи рыноктогу баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн биржалык тооруктарга жүргүзүлгөн талдоолор көрсөтүп турат.
Баалуу кагаздардын экинчи рыногунда жасалган биржалык бүтүмдөрдүн көлөмү менчик ээлеринин түзүмүнүн өзгөрүүсү менен мүнөздөлөт, ал 1 561,00 млн. сомду түздү, же тооруктардын жалпы көлөмүнүн 1,7 пайызын түздү. Экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн саны 1693тү түздү.
Биринчи рынокто жасалган биржалык бүтүмдөрдүн саны, анын эсебинен тартылган финансылык ресурстар, же кайра бөлүштүрүлгөн инвестициялык капиталдар 7 044,00 млн. сомду түздү, же болбосо тооруктардын жалпы көлөмүнүн 44,8 пайызын түздү. Биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн саны 1033 болду.
Биржадан тышкаркы рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү 6, 995 млрд. сомду, же тооруктардын жалпы көлөмүнүн 53,5 пайызын түздү. Биржадан тышкаркы рынокто жасалган бүтүмдөрдүн саны 859 болду.
2-диаграмма
Акыркы 5 жылдын мезгилинде листингдүү баалуу кагаздардын биржалык тооруктардагы көлөмү өсүп, листингдүү эмес баалуу кагаздардын тооруктардагы көлөмүнөн ашып кеткени жогорудагы диаграммадан көрүнүп турат. Листинг секторундагы тооруктардын көлөмү 2020-жылы 4 724,05 млн.сомду түзгөн.
Акыркы беш жылда фондулук рыноктогу өзгөчө орунду корпоративдик облигациялар ээлегенин баса белгилей кетүү керек, алар ата мекендик компаниялардын акча каражаттарын тартуучу натыйжалуу курал болуп калды. 2017-жылы “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын соода аянтында корпоративдик облигациялар менен 636,6 млн. сомдук 607 бүтүм жасалган. 2018-жылы “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын соода аянтында корпоративдик облигациялар менен 421,579 млн. сомдук 741 бүтүм жасалган. 2019-жылы “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын соода аянтында корпоративдик облигациялар менен 250,502 млн. сомдук 1175 бүтүм жасалган. Бул 2018-жылдагы көрсөткүчтөн 40,8 % аз.
2018-жылы баалуу кагаздар рыногунда жаңы финансылык курал болуп саналган ипотекалык баалуу кагаздар чыгарылды. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК 200,000 млн. сомдук ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмиссиясын чыгарды.
2015 – 2019-жылдарда мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) менен болгон 61,21 млн. сом суммасындагы 38 бүтүм фондулук биржада катталган. Булардын ичинен 33,94 млн. сом суммасындагы 30 бүтүм биринчи рынокто, 27,27 млн. сомдук 8 бүтүм экинчи рынокто өткөрүлгөн.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, муниципалдык чарбаларды жаңылоо жана модернизациялоо, аймактардын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү үчүн өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан бюджеттик реформа жергиликтүү башкаруу органдарынын жана алардын бюджеттеринин алдына фондулук рынок аркылуу финансылык каражаттарды тартуу жаатындагы бир катар жаңы көйгөйлөрдү чечүү милдетин койду жана мүмкүнчүлүктөрдү берди. Ушуга байланыштуу муниципалдык баалуу кагаздарды эмиссиялоо процессин жана аларды жүгүртүүнү күчөтүү зарылдыгы фондулук рынокту өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Бул багытта 2011-жылы жана 2013-жылы 260,00 млн. сом суммасындагы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссияларынын 3 жана 4-транштары өткөрүлдү. Фондулук биржа аркылуу баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу ийгиликтүү ишке ашырылды.
Баалуу кагаздар рыногунун учурдагы абалына ушинтип талдоо жүргүзүүнүн негизинде өлкөбүздөгү баалуу кагаздар рыногу толук кандуу иштеп жатат деп жыйынтык чыгарсак болот. Бирок статистикалык маалыматтарга ылайык, республикабыздын баалуу кагаздар рыногунда жасалган операциялардын көлөмү азырынча анча көп эмес, бүтүмдөрдүн саны жана жасалган операциялардын көлөмү өткөөл экономикасы бар өлкөлөрдүкүнө караганда абдан төмөн болууда.
Баалуу кагаздар рыногундагы көйгөйлөргө талдоо жүргүзүү.
Убара кылуунун жогорулугу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногуна мүнөздүү көрүнүш. Инвестицияларды финансылоодогу жана экономиканы өнүктүрүүдөгү классикалык фондулук рыноктун ролу абдан чектелген, анда банкка катышуучулар үстөмдүк кылат жана иш жүзүндө жеке инвесторлор жок.
Баалуу кагаздарга салуу үчүн жетиштүү каражаттары бар камсыздандыруу компанияларынын жана пенсиялык фонддордун капиталдык рыногунун начар өнүгүшү жана институттук инвесторлордун бекем базисинин жоктугу, финансылык инструменттер боюнча калктын финансылык сабаттуулугунун жетишсиздигинен улам инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу деңгээлинин төмөндүгү калктын аманаттарын экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттыгын жогорулатуу үчүн керектүү узак убакыттуу инвестицияларды трансформациялоо боюнча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү чектеп жатат.
Рынок өзүнүн негизги - аманаттарды инвестицияларга трансформациялоочу куралдын функцияларын аткарбайт, бааларды түзүүнүн рыноктук методу жок, капиталдардын ачык рыногуна чыгууга болгон эмитенттердин кызыкчылыктары жетишсиз, акциялардын ири пакеттерин эмитенттердин менчигинде кармап турууга умтулуучулук, капиталдарды мобилизация кыла турган рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн түшүнбөөчүлүк орун алууда.
Азыркы учурда компаниялардын басымдуу көпчүлүгүнүн баалуу кагаздары өтүмсүз болуп саналган жана биржада сатылбай турган кырдаал түзүлдү. Ушул эле учурда дивиденддерди туруктуу төлөп туруучу республиканын алдыңкы эмитенттеринин өтүмдүүлүгү жогору баалуу кагаздары рынокто жок. Эмитенттердин ири акционерлери (акционер катары мамлекет да) ишканалардын майнаптуу башкарылышына жол бербөө максаттарында акцияларды чыгаруудан жана аларды инвесторлордун кеңири чөйрөсүнө сатуудан сактанат.
Ири компаниялардын кеңири масштабдуу IPOсу жана калктын кеңири чөйрөсү үчүн кызыктуу болгон финансылык куралдар фондулук рынокто жок. Бул кыска мөөнөттүү банк депозиттерине же чет элдик валюталарга жарандардын аманаттарынын инвестицияланышына алып келүүдө.
2016 – 2019-жылдарда баалуу кагаздардын рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү жаатында олуттуу иштердин жүргүзүлгөндүгүнө, анын натыйжасында алтын менен камсыз кылынган облигациялар, күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялуу баалуу кагаздар сыяктуу жаңы финансылык куралдарды, туунду финансылык куралдарды (опциондорду, варрантарды, фьючерстерди, форварддарды, кампа күбөлүктөрүн), ипотекалык баалуу кагаздарды, исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн ченемдик укуктук базанын түзүлгөндүгүнө карабастан, кирешелүү так программанын негизинде чыгарылган баалуу кагаздар фондулук биржада жок болуп жатат.
2-глава. Ломбард иши
Азыркы учурда ломбард иши өзүнүн маңызы боюнча - керектөө муктаждыгы үчүн накталай акча каражаттарын издеп табуу зарылдыгы болгондо жарандар пайдалануучу, көлөмү анча чоң эмес, кыска мөөнөттүү зайымдарды тез алуунун финансы секторундагы биринчи тепкич.
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддын иши лицензияланууга тийиш. Ушуну менен бирге, “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ломбарддардын иштерин лицензиялоо Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган лицензиар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ломбард ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруучу лицензиар катары аныкталган.
Ломбард зайым берүүдө кыймылдуу мүлктү (чакан көлөмдүү мүлктү, ири көлөмдүү мүлктү) күрөөгө кабыл алат. Тыш көлөмү чакан мүлктөр – зергер буюмдары, ошондой эле кыймылдуу башка мүлктөр, алар ломбарддын аймагына орнотулган күйбөгөн сейфтерде сакталат. Тыш көлөмү ири мүлктөр – кыймылдуу мүлктөр, алар (автомашиналар жана башка ири мүлктөр) ломбарддын аймагында сакталат.
Кыргыз Республикасында 352 ашуун ломбард бар. 2021-жылдын 1-мартында карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 352 лицензия берген: Бишкек шаарына – 146, Жалал-Абад облусуна – 26, Ош облусуна – 62, Чүй облусуна – 39, Нарын облусуна – 15, Ысык-Көл облусуна – 43, Баткен облусуна – 3, Талас облусуна – 18.
3-диаграмма
Кыргыз Республикасынын ломбард иши жөнүндөгү мыйзамдарында ломбарддар берүүчү зайымдардын үстөк пайыздарынын өлчөмдөрүнүн уруксат берилген чеги белгиленген эмес. Зайымдын берилүүчү суммасына коюлуучу үстөк пайыз ломбард менен зайымчынын ортосунда түзүлүүчү зайым келишиминде белгиленет. Көптөгөн ломбарддар берилүүчү зайымдын үстөк пайызын рыноктук суммалардын негизинде, өздөрүнүн кароолору боюнча белгилешет. Бүгүнкү күндө ломбарддардын көпчүлүгү күнүнө 0,17 пайыз өлчөмүндөгү үстөк пайызды коюшууда.
“Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, ушул Мыйзамдын колдонулушу кредиторлорго - сүткорлук иштин аныктамасына туш келген пайыздарда карызга зайымдарды жана насыяларды берүүчү жеке жана юридикалык жактарга (менчигинин формасына карабастан) жайылтылат.
Ушуну менен бирге ушул Мыйзамдын 6-беренесинде пайыздык ставкаларды чектөө каралат. Анда чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайыз кошула турган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык ставкадан улам эсептелери аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин колдонуудагы кредиттер боюнча орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
2020-жылдын 1-июлуна карата орточо салмактап алынган коюмдун нак пайызы 16,4 пайыз өлчөмүндө аныкталган. Эгерде ушул суммага 15 пайызды кошсок жыйынтыгы 31,4 пайызды түзөт. Ушинтип зайымдар жана насыялар боюнча чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү 31,4 пайызды түзөт. Ушуга ылайык ломбарддарга да ушул аталган Мыйзамдын жобосу колдонулат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялоочу жана жөнгө салуучу банктардын жана башка финансы-насыялык мекемелердин колдонуудагы насыялары боюнча жол берилген пайыздын чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы орточо салмактап алынган пайыздык коюмдун нак баасын аныктайт. Ломбарддардын ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмес, Мамфинкөзөмөл лицензиялай турганын эске алсак, “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин айрым бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ломбарддарынын ишине колдонула турганын белгилей кетүү керек.
3-глава. Камсыздандыруу иши
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин улуттук камсыздандыруу рыногун түзүү жана аны калыптандыруу иштери татаал шарттарда ишке ашырылды. Өткөн жылдары Кыргызстандын камсыздандыруу уюмдары камсыздандырууну жана кайра камсыздандырууну жүзөгө ашырууда белгилүү даражадагы тажрыйбаны топтоду. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногу өзгөрдү жана өзгөрүп баратат, жаңы камсыздандыруу компаниялары жаралып жатат жана анын инфратүзүмү өнүгүүдө.
2020-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргыз Республикасында 17 камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму иштеп жатат, алардын ичинен:
12 уюм 100 пайыз кыргыз капиталдары менен;
5 уюм резидент эместердин катышуусу менен иштеп жатат.
4-диаграмма
Камсыздандыруу ишинин түрлөрү жана алардын салыштырмалуу салмагы
2019-жылы камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 1 млрд. 332 млн. сомду түздү, анын ичинде:
- жеке камсыздандыруу – 179 млн. 944 миң сом;
- мүлктү камсыздандыруу – 844 млн. 024 миң сом;
- жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча – 106 млн 828 миң сом;
- камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча – 201 млн 917 миң сом;
- өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сый акыларынын көлөмү – 20 миң сом.
Мындай кырдаал укуктук талаа камсыздандыруунун башка түрлөрүн да пайдаланууну камсыз кылгандыгына, ал эми улуттук камсыздандыруучулар жетиштүү түрдө ар кандай камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуш кылгандыгына карабастан камсыздандыруунун классикалык түрлөрүнө артыкчылыктардын берилип жаткандыгын күбөлөндүрөт.
2020-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу уюмдарынын финансылык көрсөткүчтөрү:
- жыйынды активдер - 4 млрд 859 млн сом;
- жыйынды өздүк капитал - 3 млрд 707 млн сом;
- милдеттенмелер - 1 млрд 184 млн сом;
- кайра камсыздандыруучу компаниялардын камсыздандыруу резервдеринин көлөмү - 787 млн 404 миң сом.
Камсыздандыруу рыногунун проблемаларына талдоо жүргүзүү
Камсыздандыруунун жалпы түрлөрүнун жоктугу. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө милдеттүү камсыздандыруунун жалпы түрлөрү киргизилгенден кийин камсыздандыруу сектору өнүгө баштаган, мисалы, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу. Бирок, азыркы мезгилге чейин тиешелүү мыйзам 2015-жылы кабыл алынгандыгына карабастан, Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу киргизиле элек. 2021-жылы күтүлүп жаткан автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандырууну киргизүү, биринчи кезекте көпчүлүктүн эсебинен, жалпысынан камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө түрткү берет.
Камсыздандыруу милдеттенмелеринин экономикалык-математикалык эсептери жаатында адистерди (актуарийлерди) даярдоо системасынын жоктугу. Азыркы учурда камсыздандыруу операцияларын жүргүзүүнүн учурдагы талаптарына жооп берген, кесипкөй даярдыктан өткөн кадрлар менен камсыздоодо бардык камсыздандыруу уюмдары олуттуу кыйынчылыктарга туш болушууда, бул тууралуу ар кандай трибуналарда, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында да бир нече жолу айтылган. Ушуга байланыштуу камсыздандыруу тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды сапаттуу даярдоо зарыл, ал үчүн болгон “Финансы жана кредит” багыты менен катар “Камсыздандыруу иши” (“Камсыздандыруу”) кошумча багытын сунуштоо жана пайдалануу керек, мында окутууну “пилоттук” катары тандалып алынган орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү, ошондой эле окуу процессине практикалоочу камсыздандыруучуларды тарткан окуу жайларында жүргүзүү керек.
Камсыздандыруу рыногунун иштеши актуарийлердин институтун киргизүүнү же камсыздандыруу милдеттенмелеринин экономикалык-математикалык эсептери жаатындагы адистерди, ыйгарым укуктуу аудиторлорго, баалоочуларга жана иштери атайын иштелип чыккан жана кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш болгон башка адистерге тиешелүү талаптарды аныктоону талап кылат.
Актуарий кесиби Кыргыз Республикасы үчүн жаңы болуп саналат жана камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү киргизилгенге чейин актуалдуу эмес болчу. Иштеп жаткан камсыздандыруу компаниялары адатта өздөрүнүн кызматкерлерин актуарийлер үчүн окуу борборлору түзүлгөн жана иштеп жаткан, курстар өткөрүлүп жаткан Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында окутушкан. Актуарийлердин институтун өнүктүрүү үчүн актуарийлердин жана баалоочулардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
Камсыздандыруу резервдерин узак мөөнөткө жайгаштыруучу ишенимдүү финансылык инструменттердин жоктугу. Камсыздандыруу компаниялары тарабынан топтолуучу акча каражаттарын узак мөөнөттүү өтүмдүүлүгү жогору жана кирешелүү активдерге инвестициялоо зарыл. Адатта өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу компаниялары өздөрүнүн резервдерин мамлекеттик баалуу кагаздарга, муниципалдык облигацияларга жана зайымдарга, кирешеси жогору болгон алдыңкы компаниялардын акцияларына жана кыймылсыз мүлккө инвестициялашат. Кыргыз фондулук рыногунда узак мөөнөттүү финансылык инструменттердин жоктугу жана ата мекендик компаниялардын баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгүнүн жогору эместиги камсыздандыруу уюмдарына камсыздандыруу резервдерин кыйла натыйжалуу инвестициялоого мүмкүндүк бербейт.
Ушул кезге чейин камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруу резервдеринин негизги үлүшүн жана акча каражаттарын коммерциялык банктардын аманаттарына (65 – 70%), мамлекеттик баалуу кагаздарга (25 – 27 %) жана акционердик коомдордун баалуу кагаздарына (3 – 5%) жайгаштырышат. Камсыздандыруу компанияларынын инвестициялык портфелдеринин мындай абалы камсыздандыруу резервдеринин рационалдуу эмес жайгаштырылышын жана пайдаланылбаган инвестициялык потенциалдын болушун күбөлөндүрөт. Азыркы учурда камсыздандыруу резервдеринин дээрлик баардыгы кыска мөөнөттүү салымдарга жайгаштырылган.
Улуттук кайра камсыздандыруу рыногунун өнүкпөгөндүгү.
Улуттук кайра камсыздандыруу рыногунун өнүкпөгөндүгү олуттуу тобокелдиктерди камсыздандырууга чет өлкөлүк кайра камсыздандыруу компанияларын катышууга тартуунун обьективдүү зарылдыгынан улам камсыздандыруу сый акыларынын олуттуу суммаларынын чет өлкөгө чыгышына алып келет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жетиштүү кайра камсыздандыруу сыйымдуулугунун жоктугунан улам камсыздандыруу компаниялары алынган камсыздандыруу сый акысынын анча чоң эмес бөлүгүн гана калтырышат, ал эми 70 пайызын чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларына беришет. Тобокелдиктерди кайра камсыздандыруунун тиешелүү түрдө өнүккөн улуттук системасы камсыздандыруучуларга камсыздандыруу сый акыларынын олуттуу бөлүгүн чет өлкөгө кайра камсыздандыруу үчүн бербестен, өздөрүндө калтырууга жана өлкөнүн финансылык инструменттерине инвестициялануучу активдердин суммаларын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Мында акыркы жылдары Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рыногунун динамикалуу өнүгүшүнө карабастан ата мекендик камсыздандыруучулардын камсыздандыруу боюнча тобокелдиктерди, айрыкча олуттуу тобокелдиктерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү капиталдаштыруунун төмөндүгүнөн улам өтө чектелүү бойдон калууда, анткени көптөгөн камсыздандыруу компаниялары көзөмөлдөөчү органдын шарттарын аткаруу менен өздөрүнүн уставдык капиталдарын көбөйтүшкөн. Азыркы учурда кайра камсыздандыруу компанияларды өнүктүрүү жолдорунун бири жана камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн ата мекендик рыногун дүйнөлүк камсыздандыруу коомдоштуктарына интеграциялоо ыкмасы болушу мүмкүн.
Туруктуу камсыздандыруу уюмдарын тандоодо потенциалдуу камсыздандырылуучулар үчүн проблемаларды жараткан камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногунун маалыматтык жабыктыгы. Бул проблема камсыздандыруу компаниялары корпоративдик сектор менен иштөөгө багытталбагандыгы жана чекене камсыздандыруу продуктыларын илгерилетүүгө финансы ресурстарын жумшоого кызыкдар эместиги менен байланышкан.
Ири чыгашаларды жабуу боюнча ата мекендик камсыздандыруу уюмдарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээлинин төмөндүгү камсыздандыруу уюмдарын капиталдаштырууну андан ары жогорулатуу, аларды ирилештирүү жөнүндө маселени чечүүнү талап кылат. Бул өзгөчө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жалпы финансы рыногуна кыргыз камсыздандыруунун кирүүсүнүн алдында актуалдуу.
Камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн алууда калктын активдүүлүгүнүн төмөндүгү актуалдуу проблема болуп саналат, анткени ал көпчүлүк учурда мамлекеттик социалдык жөлөкпулдарды алууга багытталган, бул да камсыздандыруунун талаптагыдай өнүгүшүнө мүмкүндүк бербейт.
Ушул кезге чейин инвестициялоо процессине калктын каражатын кеңири тартуу системасы иштелип чыга элек, өмүрдү, пенсияны узак мөөнөткө камсыздандыруу келишимдери практикалык түрдө жок экендигин белгилей кетүү керек. Тиешелүү камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талаптын аздыгы ар кандай себептер менен байланышкан, мисалы: калктын кирешелеринин жогору эмес деңгээли; жумушсуздуктун деңгээлинин жогору болушу; экономикалык кырдаалдын туруксуздугу, инвестициялык иштин начарлыгы; олуттуу эмес мүлктүк баалуулуктар; калктын камсыздандыруу маданиятынын деңгээлинин төмөндүгү; камсыздандыруу компанияларына ишенимдин жоктугу.
4-глава. Аудитордук иш
Рыноктук мамилелердин шарттарында чарбалык субъекттердин финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудиттин ролу объективдүү жогору.
Бул эң биринчиден финансылык отчеттуулукту керектөөчүлөр рыногунун келип чыгышы жана кеңейиши жана менчик ээлеринин кызыкчылыктарын коргоонун зарылдыгы менен байланыштуу.
Мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан контролдоонун мурда жана азыркы учурда колдонулуп жаткан системасынан айырмаланып, аудиттин негизги максаты болуп адамдын финансылык отчетто камтылган маалыматтардын аныктыгы жөнүндө кесипкөй пикирин текшерүүчү уюмдан көз карандысыз билдирүүсү саналат.
Рынок шарттарында ишканалар, кредиттик мекемелер жана башка чарбалык субъекттер мүлктү, акча каражаттарын пайдалануу, коммерциялык операцияларды жана инвестицияларды жүргүзүү боюнча келишимдик мамилелерди түзүшөт. Бул мамилелердин ишенимдүүлүгү бүтүмдөрдүн бардык катышуучулары үчүн финансылык маалыматтарды алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен бекемделүүгө тийиш. Маалыматтардын ишенимдүүлүгү көз карандысыз аудитор тарабынан ырасталат.
Белгилүү болгондой, көз карандысыз аудитордук текшерүү негизинен менчик ээлеринин укуктарын коргоого багытталган, муну менен катар мындай иш өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн коомго жана мамлекетке абдан керек. Өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн тиешелүү каржылоо булактары керек, экономикага салынган капиталдар же кайра инвестицияланган пайда түрүндөгү иштеп табылган капитал мындай булак боло алат. Менчик ээлери, акционерлер жана инвесторлор аларда экономикалык субъекттердин чарбалык иши жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындыгына, объективдүүлүгүнө жана аныктыгына ишеним болмоюнча, өз каражаттарын экономикага салышпайт. Аудитордук текшерүү жана финансылык отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо коомчулуктун жана менчик ээлеринин мындай ишенимине ээ болууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри аудитордук ишти жөнгө салуу биринчи жолу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган 2002-жылдагы аудиторлор тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга салыштырмалуу олуттуу жогорулады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аудит рыногунда аудитордук иштин субъекттеринин саны көбөйдү.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аудитордук уюмдарынын, жеке аудиторлорунун жана аудиторлорунун мамлекеттик реестрлеринде 125 аудитордук уюм, 36 жеке аудитор жана 484 аудитор катталган. 2016 - 2019-жылдардын мезгилинде аудитордук иштин субъекттеринин санынын көбөйүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалды.
5-диаграмма
Аудиторлдук уюмдардын, жеке аудиторлордун жана аудиторлордун сандарынын динамикасы
2021-жылдын 1-январына карата аудиторлордун саны 2019-жылга салыштырмалуу 14кө көбөйгөн, жеке аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын саны өзгөрүүсүз калган.
Кыргыз Республикасынын аудит рыногунда төмөнкү “Чоң төрт илтиктин”: «Deloitte & Touche» («Делойт жана Туш») ЖЧК, «KPMG-Bishkek» («КПМГ-Бишкек») ЖЧК, «PricewaterhouseCoopers» («ПрайсуотерхаусКуперс») ЖЧК жана «Ernst & Young» («Эрнст энд Янг Аудит») ЖЧК курамына кирген 4 эл аралык аудитордук компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле «BakerTillyBishkek» (Байкер Тили Бишкек) ЖЧК, «Grant Thornton» (Грант Торнтон) ЖЧК сыяктуу ири эл аралык аудитордук тармактарга кирген аудитордук уюмдар аудитордук иштерди жүргүзүшөт, бул Кыргыз Республикасында аудит рыногунун өнүгүп баратканын күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасында аудит рыногу тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жана көпчүлүк ата мекендик аудитордук уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн проблемасы
Аудит рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтардын сандык мааниде көбөйүшү жана өнүгүшү, чарбалык субъекттердин сапаттуу аудитке болгон керектөөлөрүнүн өсүшү ар кандай түрдөгү чарбалык операцияларды жасоодо келип чыгуучу мамилелерди уюштуруучулук-укуктук жөнгө салуу зарылдыгын жаратты, алардын көпчүлүк түрлөрү мурда белгисиз болчу, же болбосо алар жөнүндө түшүнүктөр чет элдик тажрыйбаларды үйрөнүүнүн негизинде гана бар болчу. Аудит жаатында жаңы келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу практикасынын жоктугу ата мекендик практикада көп кыйынчылыктардын, ишти ак ниетсиз жүргүзүүгө, аудиторлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын төмөндүгүнө, аудиторлордун жана аудиттелүүчү жактын кызыкчылыктарынын кагылышына, көз карандысыз принцибинин бузулушуна, жөнгө салуучу чараларды жана эрежелерди иштеп чыгууну талап кылган талаш-тартыштарга жана маселелерге алып келди.
Муну менен бирге ата мекендик аудитордук уюмдардын керектүү кесиптик кадрдык ресурстары, сапатты ички контролдоо системасы ж.б. жок, ал эми укуктук жөнгө салуунун натыйжалуу механизминин, биздин өлкөдө аудитти өнүктүрүүнүн ишенимдүү мамлекеттик стратегиясынын жоктугу, өзгөчө ЕАЭБге интеграциялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын аудитордук уюмдарынын потенциалдуу атаандашуу жөндөмүнө шек келтирет, бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кыйла атаандаштыкка жөндөмдүү рынокторундагы компаниялар улуттук рынокту басып салуусуна алып келиши мүмкүн.
Азыркы учурдагы жагдайларда өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формасы менен мүчөлүк коммерциялык эмес уюмду – кесиптик аудитордук бирикмени түзүүнү кароо маанилүү, ага аудитордук уюмдар жана аудиторлор милдеттүү түрдө мүчө болушат. Кесиптик аудитордук бирикменин күч-аракети биринчи кезекте аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталат деп болжолдонууда, бул аудитордук иштерди контролдоо системасы менен камсыз кылынууга тийиш.
Кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн ички документтеринде белгиленген тартипке ылайык бирикменин талаптарын аныкталган бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын көрөт.
Мисалы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттарын контролдоонун абалын талдоо менен мамлекет, өзүн-өзү жөнгө салуучу кесиптик уюм, аудитордук иштин субъекттери (өзүнчө аудитордук фирманын деңгээлинде, кесиптин деңгээлинде, өзүнчө аудитордук текшерүүнүн деңгээлинде) тарабынан жүргүзүлгөн контролдун деңгээлдерин кароо максатка ылайыктуу.
5-глава. Топтолмо пенсиялык фонддор
2010-жылдан тартып реформалардын процессинде пенсиялык система тилектештик пенсиялык системадан бөлүштүрмө жана топтолмо принциптерин айкалыштырган аралаш пенсиялык системага алмаштырылган. Ошентип мамлекет калкка анын пенсиясынын топтолмо бөлүгүн башкаруу жолу менен өзүнүн келечектеги эмгек пенсиясын түзүү боюнча ыйгарым укуктардын бөлүгүн берди.
Топтолмо пенсиялык фонддор өлкөнүн финансылык рыногун өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Топтолмо пенсиялык фонддор камсыздандырылган адамдардын эсептерине келип түшкөн каражаттар келечекте инвестициялык кирешени алып келгендей жана алардын пенсияларынын өлчөмүн көбөйтө тургандай максатта түзүлөт.
Аманатчы өзүнүн келечектеги пенсиясынын өлчөмүн өзү контролдой жана белгилей алгандыгы, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы туруктуу жашоочу жерге кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жекелештирилген эсепке алуу системасындагы анын жеке камсыздандыруу эсебинде эсепке алынган пенсиялык топтолмолорду алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле камсыздандырылган адам каза болгон учурда пенсиялык топтолмо каражаттарды мурастоо укугу тилектештик пенсиялык системанын алдында топтолмо компоненттин олуттуу артыкчылыгы болуп саналат.
Азыркы учурда пенсиялык топтолмолорду түзүп жаткан же түзгөн камсыздандырылган адамдар (мындан ары - камсыздандырылган адамдар) өздөрүнүн пенсиялык топтолмолорун топтолмо пенсиялык фондго же башкаруучу компанияга ишенүүнү, же өздөрүнүн пенсиялык топтолмолорун Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруусунда калтырууну өздөрү чечишет.
Азыркы учурда рынокто 2 топтолмо пенсиялык фонд иштейт:
- “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонду, ал өз ишин 1995-жылдан тартып жүргүзөт;
- “Дордой Грант” топтолмо пенсиялык фонду, өз ишин 2019-жылдын декабрынан тартып жүргүзөт.
Топтолмо пенсиялык фонд - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча төмөнкү иштерди жүзөгө ашырган юридикалык жак:
мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо;
милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү топтолмо пенсиялык камсыздандыруу боюнча системанын катышуучусу катары.
“Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун пенсиялык активдери 2020-жылдын 1-январына карата 38 104 878 миң сомду түзгөн жана 2019-жылдын башына салыштырмалуу 147,1 %га көбөйгөн.
6-диаграмма
6-диаграммага ылайык “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун пенсиялык активдеринин өсүшүнүн тез-тез өзгөрүшү белгиленүүдө, бул калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен байланыштуу, анын натыйжасында пенсиялык полистер сатып алынган, ошондой эле кошумча пенсиялык камсыздоого келишимдер түзүлгөн.
7-диаграмма
2019-жылга салыштырмалуу пенсия алуучулардын саны 0,3 %га кыскарган, бирок камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддон топтолмо пенсиялык фондго өтүүсүнө байланыштуу аманатчылардын саны өскөн. Алсак, “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фонд тарабынан берилген маалыматтарга ылайык 2020-жылдын 1-январына карата аманатчылардын саны 2019-жылдын башына салыштырмалуу 72,7 %га көбөйгөн.
Азыркы учурда “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттар пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү келишимине ылайык инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензиясы бар башкаруучу компаниялар аркылуу инвестицияланат.
“Дордой Грант” топтолмо пенсиялык фонду 2019-жылдын аягында түзүлгөн жана өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчету жок.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы топтолмо пенсиялык фонддордун иштерин өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүдө.
Акционердик коом түрүндө жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү, Кыргыз Республикасында корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддорду ишке киргизүү, ошондой эле топтолмо пенсиялык фонддор рыногун өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 101 “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамы кабыл алынды.
Топтолмо пенсиялык фонддорду өркүндөтүү жана өнүктүрүү менен биздин өлкөнүн пенсиялык системасынын бир катар проблемаларын чечүүгө болот.
Пенсиялык системанын топтолмо бөлүгү пенсиялык тиешелүү укуктук мамилелерге катышкан финансылык институттарды модернизациялоону, алардын тизмесин кеңейтүүнү, топтолмо каражаттарды инвестициялоо жана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү үчүн сапаттуу инструменттерди көбөйтүүнү талап кылат.
Акционердик коомдордун уюштуруу-укуктук формасында топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү мындай фонддордун рыноктун толук кандуу катышуучусу гана болбостон, фонддордун менеджментинин жана акционерлеринин алар тарабынан кабыл алынган натыйжасыз чечимдердин кесепеттери үчүн мүлктүк жоопкерчиликтери маселесинин ачык-айкындуулугун жогорулатат. Топтолмо пенсиялык фонддордун акционердик формасы фонддордун ишинин ачык-айкындуулугун күчөтүүгө, ошондой эле алардын натыйжалуулугун рыноктук баалоо жана алардын рейтингин аныктоо системасына өтүүгө мүмкүндүк берет.
Топтолмо пенсиялык фонддордун тажрыйбалары иштеп жаткан ыктыярдуу топтолмо пенсиялык системада бир катар кемчиликтер бар экендигин көрсөттү, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
жарандардын жана жумуш берүүчүлөрдун пенсиялык ресурстарды башкарууга жана алардын топтолушуна кызыкбоосу;
карыганда пенсиялык төлөмдөрдүн деңгээли татыктуу болушу үчүн пенсиялык топтолмолордун жетишсиздиги;
калкты топтолмо пенсиялык фонддордун кызмат көрсөтүүлөрү менен жетишсиз камтуу;
пенсиялык топтоолорду ыктыярдуу түзүүнү өнүктүрүүгө өбөлгөлөрдүн жоктугу;
калктын маалыматтарынын жоктугу жана финансылык сабатсыздыгы;
жумуш берүүчүлөр менен топтолмо пенсиялык фонддордун ортосунда кызматташтыктын жоктугу;
топтолмо пенсиялык фонддорго болгон ишенимдин деңгээлинин төмөндүгү.
Топтолмо пенсиялык системаны өнүктүрүүдөгү проблемаларды төмөнкүдөй мүнөздөөго болот:
Калктын топтолмо пенсиялык системага тартылуусунун жетишсиз деңгээли бир жагынан маалымдалуу деңгээлинин жана пенсиялык фонддордун активдерин топтоого ишенимдин төмөндүгү менен түшүндүрүлөт. Азыркы учурда пенсиялык активдерди инвестициялоонун жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жыйынтыктары туруктуу, системалуу мүнөзгө ээ эмес, ал эми маалыматтын өзү көбүнчө ушул рыноктордо иштеген адистер тарабынан пайдаланылат жана өздөрүнүн пенсиялык активдерин топтолмо фонддорго ишеним көрсөткөн адаттагы жарандарга жетпей жатат.
Эмгек акынын деңгээлинин төмөндүгү калктын кошумча салым кылышына мүмкүндүк бербейт (пенсиялык камсыздоонун деңгээли жана пенсиялык фонддун финансылык абалы баарынан мурда эмгек акы төлөө фондунун көлөмүнөн жана анын ИДПдагы үлүшүнөн көз каранды).
Топтолмо пенсиялык фонддордун артыкчылыктарын ишке ашырууга мүмкүндүктөрдү берүүчү мыйзам базасынын жоктугу. Заманбап мыйзам базасын өркүндөтүү эл аралык стандарттарга жооп берген жана калктын жеке менчик пенсиялык системаларга болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзө турган мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун ишенимдүү жана натыйжалуу улуттук системасын түзүүгө мүмкүндүк берет, бул абдан маанилүү, анткени топтолмо фонддорго төгүмдөрдүн эсебинен топтолгон калктын узак мөөнөттүү аманаттардын көлөмүнүн өсүшү жана алардын экономиканын реалдуу секторуна жумшалышы ушул фактордон көз каранды.
Пенсиялык активдердин инвестицияларынын көлөмүн системалуу жана ишенимдүү көбөйтүүгө мүмкүндүк бербөөчү баалуу кагаздар рыногунун өтүмдүүлүгүнүн төмөндүгү. Мындай кырдаалда топтолмо пенсиялык фонддор активдерди башка инвестициялык долбоорлорго салууга мажбур болушат, бул инвестициялоодон тобокелдиктерди олуттуу жогорулатат.
6-глава. Лотерея иши
2016-жылдан тартып мамлекет тарабынан мамлекеттик компаниялардын ишинен тышкары лотерея ишине тыюу салууну киргизүү боюнча чаралар көрүлдү. Алсак, 2017-жылдын 10-майында “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынган.
Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында лотереяларды ойнотуу ыкмалары боюнча лотереялардын төмөнкү типтерине – көз ирмемдик жана тираждык болуп, ал эми лотереялардын типтери максаттарына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик лотерея – мамлекеттик органдар уюштуруучу болуп чыккан лотерея;
2) кесиптик лотерея – пайда алуу максатында лицензиянын негизинде кесиптик лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея;
3) кызыктыруучу лотерея – жарнамалык максатта же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга кызыктыруу максатында кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Мында катышуу атайын билетти сатып алууну же болбосо кошумча акы төлөөнү талап кылбайт.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик лотереяны уюштуруунун жана өткөрүүнүн механизмдеринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 токтому менен “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Аталган токтомго ылайык “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасына кесиптик лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укуктар берилген жана аталган ишке 10 млн сом, кийинчерээк дагы 20 млн сом бөлүнгөн.
“Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын иши төмөнкү маалыматтар менен мүнөздөлөт:
1-таблица
№ | Аталышы | 2018-жыл | 2019-жыл |
1 | Лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн каражат (млн сом) | 16,9 | 46 |
2 | Иш жүзүндө төлөнгөн байге фонду (млн сом) | 10,1 | 19,2 |
3 | Лотереядан түшкөн кирешелер (млн сом) | -2,1 | 9,2 |
2019-жылы “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттары 46 млн сомду, иш жүзүндө төлөнгөн байге фонду 19,2 млн сомду, лотереялардан алынган киреше 9,2 млн сомду (2018-жылы 2,1 млн сом терс натыйжа берген) түздү.
2019-жылы лицензиялык-уруксат берүү иши жаатындагы мыйзамдардын талаптарына шайкештигине берилген документтерди экспертизалоонун натыйжасында уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө 151 уруксат берилген.
Өлкөбүздө лотерея ишинин начар өнүгүшүнүн себептери төмөнкүлөр болуп саналат:
- кеңири жана жеткиликтүү маалыматтардын жоктугу;
-блотерея ишинин натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу деңгээлинин төмөндүгү;
- калктын маалымдалбагандыгы жана финансылык сабатсыздыгы;
- лотереяга катышууга кызыктыруунун жана лотереяны уюштуруу деңгээлинин начардыгы.
Калктын лотерея ишине начар тартылуусу жана ишениминин деңгээлинин төмөндүгү лотереяларды өткөрүүнүн масштабына жана натыйжалуулугуна таасирин тийгизет.
II бөлүм. Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары жана милдеттери
7-глава. Баалуу кагаздар рыногу
Ушул Стратегиянын максаты болуп өлкөнүн баалуу кагаздар рыногун инвестициялык программаларды ишке ашыруучу башкы механизмдеринин бирине айландыруу, экономиканы капиталдаштыруунун көбөйүп жаткан милдеттерин чечүү үчүн жеке топтолмолорду жана жеке бизнестин бош каражаттарын, чет өлкөлүк капиталды натыйжалуу тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ар кандай категориялардагы инвесторлордун кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу эсептелет.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү кардиналдуу үч багыт боюнча иштерди жүргүзүү талап кылынат:
инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоону камсыз кылуу аркылуу рыноктогу инвестициялык тобокелдиктердин деңгээлин төмөндөтүү;
аманаттардын жамааттык формаларын өнүктүрүү жана аларды инвестициялоонун милдеттүү принциптерин камсыз кылуу аркылуу портфелдик инвесторду активдүү түзүү;
фонддук рынокту жана анын институттарын жөнгө салуу үчүн реалдуу шарттарды түзүүгө багытталган мыйзамдардагы жана мамлекеттик башкаруудагы реформаны жүргүзүү.
Пенсиялык жана инвестициялык фонддордун, ошондой эле коммерциялык банктардын баалуу кагаздар рыногунун катышуучусу болуусуна түрткү берген чөйрөнү түзүүчү камсыздандыруу компанияларынын атынан институттук инвесторлордун чөйрөлөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуучу чаралардын комплексин кабыл алуу зарыл.
Стратегиянын максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттер аныкталган:
1. Ченемдик укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен ЕАЭБдин рыногунда жогорулап жаткан атаандаштыктын шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттарын жана деңгээлин жогорулатууну көздөө менен брокердик, дилердик, биржалык жана депозитардык иштерди жүргүзгөн кесиптик рыноктун катышуучуларын капиталдаштыруу боюнча талаптарды жогорулатуу.
2. Ченемдик укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен рыноктун кесипкөй катышуучуларынын уюмдарында жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген адамдардын кесиптик компетенциясына жана жөнгө салуучу тарабынан ушул адамдар үчүн өткөрүлүүчү квалификациялык экзамендердин деңгээлине талаптарды жогорулатуу.
3. Тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу жолу менен баалуу кагаздарды, финансылык инструменттерди чыгарууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара таануу.
4. Уюшкан рынокто баалуу кагаздарды сатууга дем берүү, чекене инвесторлор тарабынан инвестициялануучу бардык финансылык инструменттер боюнча биржалык сооданын көлөмдөрүн төмөнкүдөй жолдор менен олуттуу жогорулатуу:
- фонддук биржалардын базасында жеке инвестициялык эсептерди – кардарлардын инвестицияларынын эсебин жүргүзүү үчүн атайын эсептерди ачууда көмөк көрсөтүү, бул финансылык инструменттердин өтүмдүүлүгүн жогорулатууга жана финансы рыногунун сергек иштөөсүнө жардам берет;
- корпоративдик баалуу кагаздар рыногун, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар рыногун, товардык-сырьелук рынокту, баалуу металлдар рыногун, ипотекалык баалуу кагаздар рыногун жана башка финансылык инструменттерди камтыган бирдиктүү биржалык рынокту түзүү жана андан ары өнүктүрүү.
Аталган иш-чаралар тооруктун катышуучуларынын рыноктук активдүүлүгүн өстүрүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, жеке инфратүзүмдүк потенциалды атаандаштык шарттарга чейин жогорулатууга жана башка өлкөлөрдүн, баарыдан мурда бүтүндөй ЕАЭБдин соода аянтчалары менен болгон өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тереңдетүү аркылуу ата мекендик биржалык финансы рыногун жагымдуу кылууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле бул иш-чаралар инвесторлордун кеңири чөйрөсүнүн жетүүсү үчүн бирдиктүү биржалык соода аянтчаларында инвестициялык мүнөздөгү чыгарылган баалуу кагаздардын бардык түрлөрүн (акциялар, облигациялар, мамлекеттик баалуу кагаздар, муниципалдык баалуу кагаздар, туунду инструменттер) концентрациялоону камсыздоого мүмкүндүк берет.
5. Биржалык соода системасынын өндүрүмдүүлүгүнүн, ишенимдүүлүгүнүн жана функционалдуулугунун заманбап деңгээлин камсыз кылуучу, FIX-протоколдорду жана башкаларды пайдалануучу технологияларга жеке тышкы программалык-техникалык каражаттарды кошуу менен тооруктардын катышуучуларына операцияларды ишке ашыруу мүмкүндүгүн берип, биржалардын программалык-техникалык комплексин кардиналдуу модернизациялоо жолу менен кошумча капиталды тартуунун эсебинен “Кыргыз фонддук биржасы” жабык акционердик коомунун маалыматтык-технологиялык потенциалын талаптагыдай жогорулатууну камсыз кылуу.
Сөзсүз түрдө бул фонддук биржаны өнүктүрүүдө негизги артыкчылык болуп саналат жана кызыкдар болгон стратегиялык инвесторду тартуу аркылуу олуттуу инвестицияларды талап кылат.
6. “Кыргыз фонддук биржасы” жана “Борбордук депозитарий” жабык акционердик коомдорунун базасында баалуу кагаздар рыногундагы бирдиктүү соода, эсептик-депозитардык жана клирингдик холдингди түзүү.
Баалуу кагаздар рыногунун эсептик системасынын башында бирдиктүү Борбордук депозитарий турууга тийиш, ал баалуу кагаздар рыногунун эсептик жана эсептешүү борборунун ролун аткарат. Борбордук депозитарий Кыргыз Республикасынын төлөм системасына интеграцияланууга тийиш, бул баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр боюнча эсептерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
7. Инвесторлордун кызыкчылыктарында баалуу кагаздар рыногунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн баалуу кагаздар рыногундагы укук бузуулар үчүн административдик жана жазыктык жазалардын системасын төмөнкүдөй жолдор менен өркүндөтүү:
- финансы рыногундагы укук бузуулар үчүн баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына жана эмитенттерге санкцияларды колдонуунун негиздеринин, тартиптеринин, шарттарынын жана өлчөмүнүн улуттук тизмегин түзүү;
- баалуу кагаздар рыногунда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптардын улуттук тизмегин түзүү;
- баалуу кагаздар рыногундагы инсайдерлик маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланууга жана манипуляциялоого каршы аракеттенүүгө багытталган талаптардын улуттук тизмегин түзүү;
- баалуу кагаздар рыногунyн катышуучуларын корпоративдик башкаруу системасына талаптардын улуттук жана шайкеш келтирилген тизмегин түзүү жана иштеп чыгуу.
8. Инвестициялык консультанттарды жана рейтингдик агенттиктерди сертификациялоо жол-жоболорун киргизүү.
9. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өлкөнүн финансылык рыногунун жөнгө салуучулук жана институттук шарттарын шайкеш келтирүү маселелери боюнча олуттуу илгерилөөнү камсыз кылуу, ошондой эле баалуу кагаздардын уюшкан рыногуна (биржага) жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү эмитент жана анын баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарды ачып берүүгө коюлуучу талаптардын улуттук жана шайкеш келтирилген тизмегин түзүү жана иштеп чыгуу жолу менен алардын рынокторунун өз ара маалыматтык ачык-айкындыгын камсыз кылуу.
10. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен белгиленген тартипте маселелерди чечүү жолу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда капиталдарды, инвестицияларды, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү которууда өз ара белгиленген тоскоолдуктарды четтетүү.
11. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук рынокторуна эркин чыгуу мүмкүндүгүн берүү шарттарында ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кесипкөй катышуучуларынын ортосунда ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана демилгелөө.
Ошону менен бирге фонддук рынокту өнүктүрүү бөлүгүндө төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттери аныкталган:
- стратегиялык компаниялардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын потенциалын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн керектүү капиталды тартуу, фонддук рынокто инвестициялык активдүүлүктү өстүрүү жана ачык фонддук рынокто керектүү инвестицияларды алуу, фонддук рынокто кошумча чыгарылган акциялардын 10 пайызына чейинкисин сатуу аркылуу IPOну өткөрүү жолу менен бүтүндөй фонддук рынокту капиталдаштырууну жогорулатуу;
- жаңы эмитенттердин пайда болушуна көмөк көрсөтүү жана IPOдон өткөн эмитенттер үчүн жаңы салыктык дем берүүлөрдү түзүү;
- мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун пенсиялык активдеринин бөлүгүн жеке башкаруучу компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү процессин тездетүү;
- инвестициялык банкинг институттарын өнүктүрүү;
- мамлекеттик колдоонун инструменттери аркылуу фонддук рынокту илгерилетүүдө жана өнүктүрүүдө мамлекеттин ролун жогорулатуу;
- инвестициялык сабаттуулукту жогорулатуу.
8-глава. Ломбард иши
Ушул Стратегиянын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасында ломбард иши рыногунун иштөө механизмдерин өнүктүрүү, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жана Кыргыз Республикасынын улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзамдык базаны өркүндөтүү жолу менен так ломбард ишин регламенттөө эсептелет.
Төмөнкүлөр негизги милдеттер болуп саналат:
- ломбарддардын ишин легалдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык ломбарддык уюмдарды лицензиялоону камтуу;
ломбард ишин жүргүзгөн ишкерлер үчүн ченемдик укуктук жана методологиялык базаны түзүү жана өркүндөтүү;
ломбарддардын ишин жөнгө салуу процесстери аркылуу зайымчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
кирешелүүлүктүн жана күрөөлөрдү алуунун чектүү ченемдерин сактоо боюнча жөнгө салынуучу субьекттерге карата талаптарды күчөтүү.
Ломбарддардын ишин легалдаштыруу максатында контролдук иш-чараларды жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан республиканын аймагындагы бардык ломбарддардын лицензиялоо иши, ломбарддардын ишин туруктуу контролдоо аркылуу зайымчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын белгиленген чектүү ченемдерин сактоо бөлүгүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоолору боюнча чараларды кабыл алуусу зарыл.
Ломбарддардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында жана инфляциялык процесстерди эске алуу менен 2025-жылы ломбарддардын уставдык капиталдарынын минималдуу өлчөмүн (жыл сайын аны көбөйтүү менен) 3 млн сомго чейин жеткирүү керек деп эсептейбиз.
9-глава. Камсыздандыруу иши
Камсыздандыруу ишиндеги мамлекеттик саясаттын негизги максаты болуп аны коомдун экономикалык туруктуулугун жогорулатууну, социалдык чыңалууларды төмөндөтүүнү жана өлкөнүн экономикасына инвестициялык ресурстарды тартуу үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу улуттук экономиканын стратегиялык маанилүү секторуна айландыруу эсептелет.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл:
камсыздандыруу укуктук мамилелеринин катышуучуларын коргоо деңгээлин жогорулатуу бөлүгүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу;
камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмүн жогорулатуу бөлүгүндө камсыздандыруу уюмдарын көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү;
камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын жана камсыздандыруучулардын бирикмелеринин күч-аракеттерин бириктирүү;
камсыздандыруу рыногунда ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү;
рынокко жаңы камсыздандыруу продуктуларын чыгаруу үчүн шарттарды түзүү.
калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатуу жана камсыздандыруу инструменттерин популяризациялоо.
Камсыздандыруу тармагын орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү келечегин аныктоо менен жөнгө салуучу милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруунун туура катышына, ошондой эле төмөнкү принциптерге таянууга тийиш:
камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнүн үлүшүн бир мезгилде чектөө менен милдеттүү камсыздандыруудан ыктыярдуу камсыздандыруу формасынын артыкчылыгын сактоо;
жарандык жоопкерчиликти камсыз кылуунун жана милдеттенмелерди аткаруунун башка методдоруна жана формаларына кошумча элемент катары камсыздандырууну пайдалануу;
зыян келтирүүчү обьекттин өзү аны компенсациялоо мүмкүндүгүнөн билип туруп ашырган өлчөмдө обьекттердин көп саны үчүн коркунуч келтирген тобокелдиктин жогорку деңгээли, тобокелдиктерди башкаруунун башка инструменттерине салыштырмалуу камсыздандыруунун натыйжалуулугу жана кирешелүүлүгү болгондо гана камсыздандыруунун жаңы милдеттүү түрлөрүн киргизүү.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүнүн өйдө-ылдый болуусу менен билинүүчү зыян келтирүүнүн жагдайларына жараша өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын басмырлоого жол бербөө максатында рынокто төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
жабырлануучулардын (камсыздандырылган адамдардын) өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндардын ордун толтуруу бөлүгүндө камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрүн этап-этабы менен бир түргө келтирүүнү жүргүзүүнү;
жабырлануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого бирдиктүү мамиле жасоону мыйзамдар менен бекитүү, ошондой эле мүлктүн бузулушунан келип чыккан чыгашалардын өлчөмүн аныктоого бирдиктүү мамилелерди мыйзам менен бекитүү, ошондой эле мүлктүн бузулуусу менен келип чыккан чыгымдардын өлчөмүн аныктоо үчүн бирдиктүү ыкмаларды жана методикаларды иштеп чыгууну;
Кыргыз Республикасында жашоо деңгээлинин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен камсыздандыруу суммаларынын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн оңдоолорду системалуу түрдө (беш жылда бир жолудан көп эмес) жүргүзүүнү.
10-глава. Аудитордук иш
Аудитордук иштин сапатын жана ата мекендик аудитордук уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу Стратегиянын ушул чөйрөдөгү максаты болуп саналат.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү зарыл:
аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык келишимдерге жана ЕАЭБдин укуктарын түзүүчү актыларга шайкеш келтирүү;
аудит жаатындагы көзөмөлдүк жана жөнгө салуучулук функцияларды күчөтүү жана аудиттин сапатына контролду жогорулатуу;
аудиторлорду сертификациялоо системасын өркүндөтүү.
11-глава. Топтолмо пенсиялык система
Кыргыз Республикасында топтолмо пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүнүн негизги максаты жарандарды мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун кошумча түрлөрүн киргизүү, Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддордун ишинин ченемдик-укуктук базасын түзүү, алардын ишинин майнаптуулугун жогорулатуу жана пенсиялык топтолмолордун каражаттарын түзүүнүн жана инвестициялоонун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыздоону жакшыртуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү;
корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддордун иштөөсүнүн укуктук негиздерин түзүү жана пенсиялык камсыздоонун кошумча түрлөрү менен калкты кеңири камтуу мүмкүндүктөрүн берүү;
пенсиялык активдерди башкарууга катышуу үчүн шарттарды түзүү, топтолмо пенсиялык фонддордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, пенсиялык топтолмолордун каражаттарын инвестициялоонун ачык-айкын жана жеткиликтүү контролдоо системасын түзүү.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо системасы рыноктук экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ишке ашырылат. Көбүнчө мамлекеттик жана топтолмо пенсиялык камсыздоо системалары пенсионерлерди социалдык коргоону күчөтүү менен бири-бирин толуктап турат.
Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясы сыяктуу өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргыз Республикасында инвестициялык институттардын, анын ичинде топтолмо пенсиялык фонддордун өнүгүү процесси азырынча жай жүрүүдө. Бул биздин өлкөлөрдүн экономикасынын түрдүү өсүш темптери жана алардын масштабдары, ошондой эле түрдүү мыйзамдык базалары менен байланышкан.
Топтолмо пенсиялык фонд – бул мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун негизги түрүнүн бири, бул бир аз салымдар менен улгайганда татыктуу жашоо мүмкүндүгү, пенсионерлер үчүн негизги мамлекеттик пенсияга кошумча акы, өзүнүн топтолмо пенсиясын мураска калтыруу мүмкүнчүлүгү. Ушуга байланыштуу мындай фонддорго чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандык мигранттардын акча каражаттарын тартуу максатка ылайыктуу болмок.
Пенсиялык системанын шарттарында мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо системасын түзүү төмөнкүдөй оң жыйынтыктарды берет:
- пенсияларды өзү каржылоо жана пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жогорулатуу;
- квалификациялуу жүмушчу күчтөрдү тартуу жана кармоо;
- пенсиянын өлчөмүнүн жана эмгек акынын деңгээлинин ортосундагы рационалдуу катышты белгилөө;
- жарандарга пенсияга чыгуу мезгилин жана пенсиялык төлөмдөрдүн вариантын тандап алуу эркиндигин, пенсиялык камсыздоо деңгээлин пландоо жана көбөйтүү мүмкүндүгүн берүү;
- негизги субъекттердин – мамлекеттин, жумуш берүүчүнүн жана жумушчунун чыныгы социалдык өнөктөштүгүн ишке ашыруу, социалдык (пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жана эмгек рыногун стабилдештирүү) жана финансылык (экономикалык өсүш үчүн инвестициялык ресурстарды көбөйтүү) милдеттерди бир эле мезгилде чечүү.
Аталган сунуштарды ишке ашыруунун негизги жыйынтыктары: калктын инвестициялык жүрүм-турумун өзгөртүү, жарандардын аманаттарын финансылык рынокко тартуу, ошондой эле пенсиялык реформаны натыйжалуу ишке ашыруу болууга тийиш.
Пенсиялык фонддор бардык башка экономикалык институттар сыяктуу эле тышкы экономикалык чөйрөнүн шартында иштеп жатат, бул чөйрө алардын иштери үчүн да кооптуу болуп саналат. Топтолмо пенсиялык фонддордун иши аманатчылар менен финансылык мамилелердин узак мөөнөттүү мүнөзүн талап кылат, ошондуктан тобокелдиктерден толук кутулуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Топтолмо пенсиялык фонддор үчүн негизги кооптуу факторлордон болуп мыйзамдардын өзгөрүшү менен байланышкан саясий тобокелдиктер; инвестициялоонун жагымдуу жана ишенимдүү инструменттеринин чектелгендиги менен байланышкан экономикалык тобокелдиктер жана салык тобокелдиктери саналат. Демографиялык кырдаалдын начарлашы менен байланышкан демографиялык тобокелдиктер: эмгекке жарамдуу калктын санынын кыскарышы, элдин картайышы. Ушул бардык факторлор түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнүн азайышына таасир этет. Топтолмо фонддордун ишине терс таасир тийгизүүчү социалдык факторлордун катарына жумушсуздуктун өсүшүн, калктын кирешелеринин азайышын кошууга болот.
12-глава. Лотерея иши
Кыргыз Республикасында рыноктун иштөө механизмдерин өркүндөтүү, лотереяларды өткөрүүнүн так жана ачык-айкындуу эрежелеринин жоктугу, лотерея ишинен алынган кирешелерди социалдык-экономикалык милдеттерди каржылоо жана чечүү үчүн пайдаланууга жардам көрсөтүү лотерея ишин өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп саналат.
Төмөнкүлөр негизги милдеттерден болуп саналат:
лотерея ишин жүргүзгөн ишкерлер үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
лотереянын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
лотереяга катышуучулардын бирдей утуу мүмкүндүктөрүн болжолдой турган лотереяга катышуунун тең шарттарын камсыз кылуу;
тиешелүү лотереяны өткөрүү шарттарын жана тираждуу лотереялардын сыйлык фондунун утуш жыйынтыктарын милдеттүү жарыялоону талап кылган ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
мамлекеттик лотереяларга болгон ишенимдерди түзүү жана колдоо;
лотереяга катышуу үчүн кызыгууларга дем берүү жана лотереялык билеттерди сатууну көбөйтүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында “лотерея иши”, “лотерея иши боюнча отчёттуулук ченемдери” түшүнүктөрүн тактоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
“Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык лотерея иши товарларды сатуу (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) менен байланышпаган өзгөчөлүү иштин түрү болуп саналат. Бул ченем товарларды сатуу, атап айтканда кызматтарды көрсөтүү боюнча компаниялардын ишин чектеп турат. Лотерея ишин кызмат көрсөтүү деп саноо тууралуу мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Аталган Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык лотерея боюнча отчёт ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын, отчёттон кийинки айдын 10унан кечиктирбей берилет. Ушул эле учурда ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык өткөрүлүп бүткөн ар бир лотерея боюнча отчёт, ал өткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Ошентип бир Мыйзамдын эки беренеси бири-бирине каршы келет, ушуга байланыштуу мыйзамдардын талаптарына ачыктык киргизүү талап кылынууда.
Лотереяны өткөрүү ишин жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы лотерея ишин үзгүлтүксүз контролдоо, лотереяларды өткөрүүдө катышуунун тең шарттарын сактоо, лотерея боюнча маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу, дем берүүнү жогорулатуу, сыйлыктарды уюштуруу, өткөрүлүүчү лотереяларга болгон кызыгууларды жана ишенимдерди жогорулатуу аркылуу лотереяга катышуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүүсү зарыл.
III бөлүм. Стратегия менен 2025-жылга чейин жетишиле турган негизги максаттуу көрсөткүчтөр жана индикаторлор
13-глава. Баалуу кагаздар рыногу
Төмөнкү индикаторлор баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн негизги максаттуу көрсөткүчтөрүнөн болуп саналат:
1) ачык рыноктогу баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү – бул экинчи максаттуу көрсөткүч. Ачык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарууну көбөйтүүбүз зарыл, бул Кыргыз Республикасынын экономикасына институттук жана чекене инвестицияларды көбөйтүүгө түрткү берет. Баалуу кагаздарды инвестициялоого коммерциялык банктарды, бизнести жана өлкөнүн калкын тартуу керек. Баалуу кагаздарды биржалык сатуу менен баалуу кагаздар рыногун капиталдаштыруу көлөмүнүн катышы жылдан-жылга токтоосуз 6-7 %га өсүүгө тийиш.
2) жүгүртүүдөгү акциялардын жалпы көлөмүнө карата улуттук рыноктогу бүткүл акциялар боюнча эркин жүгүртүүдөгү акциялардын %дык үлүшү (free float) алардын чыгарылган көлөмүнүн эң кеминде 10 пайызын түзүүгө тийиш, айрыкча мамлекеттин катышуу үлүшү бар стратегиялык компаниялар үчүн. 2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттин катышуусу бар листинг компаниялардын эркин жүгүртүүдөгү (free float) акцияларынын үлүшү 3,7 %дан 49 % чейинкини түзөт.
3) баалуу кагаздар рыногу менен байланышкан финансылык сектордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн үлүшү 5 жылдын ичинде ИДПнын 5 %ына чейин жетүүгө тийиш. 2020-жылдын 1-январына карата баалуу кагаздар рыногу менен байланышкан финансылык сектордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн үлүшү 2019-жылдагы ИДПдан 1,2 %ды түзөт.
Стратегияны ишке ашыруудан баалуу кагаздар рыногу жаатындагы күтүлгөн жыйынтыктар төмөнкүлөр болуп саналат:
фондулук рынокту (анын инфратүзүмүн) ар тараптан өнүктүрүү жана чыңдоо, фондулук рынокту активдештирүү, инвестициялоонун өсүшү, бул ЕАЭБдин фондулук рыногуна ийкемдүү интеграцияланууга түрткү берет;
жаңы финансылык инструменттерди чыгаруу;
баалуу кагаздар рыногундагы ак ниет эмес жүрүм-турумдардан коргоого рыноктун трансакциялык коромжуларын кыскартуу;
баалуу кагаздар рыногун санариптик башкаруу;
маалыматтык ачык-айкындуулукту, керектөөчүлөр үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, финансылык инструменттерди пайдалануу маселелери боюнча калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, калкты фондулук рынокко тартуу жана активдүү катыштыруу, фондулук рыноктогу баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү;
финансылык тобокелдиктерди ишке ашыруудан экономиканын коромжуларын төмөндөтүү;
экономикалык өсүштү колдоо, жеке бизнести өнүктүрүү жана калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн активдерге жана капиталга ээ болгон стабилдүү финансылык рынок.
14-глава. Ломбард иши
Ломбард иши рыногун стратегиялык өнүктүрүүдө төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишүүгө болот:
Кыргыз Республикасында ломбард иши рыногунун иштөө механизмдерин түзүү жана өнүктүрүү;
өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын түшүүсү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык ломбарддардын уставдык капиталынын минималдык өлчөмүнө карата талап 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмүндө белгиленген.
Уставдык капиталдын анча чоң эмес өлчөмүн, ошондой эле келечектеги инфляциялык процесстерди эске алуу менен ломбарддардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, уставдык капиталдын зарыл болгон минималдык өлчөмүн сактоо, кредиттик ресурстарды берүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн ломбарддардын уставдык капиталдарынын минималдык өлчөмүн кайра карап чыгуу жана анын өлчөмүн 2025-жылга карата 3 млн сомго чейин жеткирүү зарыл. Ломбарддардын уставдык капиталдарынын жылдар боюнча белгиленүүчү керектүү минималдык өлчөмү сунушталат.
2-таблица
| План 2021 | План 2022 | План 2023 | План 2024 | План 2025 |
Уставдык капиталдын өлчөмүнүн өсүшү
| 1 млн сом | 1 млн сом | 2 млн сом | 2 млн сом | 3 млн сом |
Ломбарддардын активдеринин өсүшү (миң сом) | 800 000,0 | 850 000,0 | 900 000,0 | 950 000,0 | 1000 000,0 |
Ломбард иши рыногунун мыйзамдуу иштөө механизмдерин өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык ломбарддардын лицензиялык ишин камсыздайт, ломбард ишин жүргүзгөн ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрөнү түзөт, финансылык каражаттарды алуу көйгөйлөрүн чечүүгө түрткү берет, зайымчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарынын өсүшүн мыйзамдуу коргойт.
15-глава. Камсыздандыруу иши
3-таблица
| Иш жүз. 2019 | План 2021 | План 2022 | План 2023 | План 2024 | План 2025 |
Камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү (млн сом) | 1 332 | 1 000 | 1 500 | 2 700 | 3 300 | 3 950 |
Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин көлөмү (млн сом) | 4 859 | 4 500 | 5 000 | 5 500 | 6 000 | 6 500 |
Камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу резервдеринин көлөмү (млн сом) | 787 | 600 | 900 | 1 620 | 1 980 | 2 370 |
Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү (млн сом) | 0 | 50 | 400 | 1 500 | 2 000 | 2 500 |
Камсыздандыруу сыйлыктарынын ИДПдагы үлүшү ( %) | 0,22 | 0,19 | 0,25 | 0,44 | 0,52 | 0,6 |
Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин ИДПдагы үлүшү ( %) | 0,82 | 0,81 | 0,85 | 0,90 | 0,94 | 0,98 |
Жогоруда көрсөтүлгөн индикаторлорго жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
улуттук экономикадагы камсыздандыруу секторунун ролун жогорулатуу (камсыздандыруу сыйлыктарынын ИДПдагы үлүшүн 0,25 %дан 1 %га чейин жогорулатуу);
ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрүн, өз ара камсыздандырууну, камсыздандыруу кызматтарына карата жалпы муктаждыктарды канааттандырууга багытталган жаңы камсыздандыруу мамилерин өнүктүрүүчү шарттарды түзүү;
инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана камсыздандыруу кызматтарынын сапатын жана камсыздандыруу ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуучу ак ниет, конструктивдүү атаандаштыкты түзүү;
камсыздоочулардын, камсыздандыруу ортомчуларынын жана камсыздандыруучулардын (пайда табуучулардын) ортосундагы кызыкчылыктардын балансын камсыз кылуу, камсыздандыруу кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында камсыздоочу тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле камсыздандырган коргоо ыкмаларын тандоодо жана уюштурууда алардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана камсыздандыруу келишимдеринин шарттарын аткаруу;
камсыздоочулардын жана алардын кызматтарын керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаштардын келип чыгышы үчүн ылайыктуу шарттарды азайтуу;
талаштарды сотко чейинки натыйжалуу жөнгө салуу механизмдерин, атап айтканда камсыздандыруу омбудсменинин институтун түзүү;
кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кепилдигин камсыз кылууда камсыздандыруу ишинин катышуучуларынын жана анын субъекттеринин иш чөйрөлөрүн кеңейтүү;
камсыздандыруу рыногунун стабилдүүлүгүн, инфратүзүмдөрүнүн ишенимдүүлүгүн, анын ишинин ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
камсыздандырууга каралган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо жана камсыздандырылган коргоонун манилүүлүгүн жогорулатуу.
16-глава. Аудитордук иш
Аудит чөйрөсүндө Стратегияны ишке ашыруудан күтүлүүчү жыйынтыктар төмөнкүлөр болуп саналат:
аудитордун кесиптик квалификациясын алууга коюлуучу талаптарды жогорулатуу;
сапаттуу аудитордук текшерүүлөрдү көбөйтүү, эрудициялаган финансылык отчётко карата пайдалануучулардын ишенимдерин жогорулатуу, инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү;
аудиттин улуттук рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү аудитордук уюмдарды көбөйтүү;
финансылык отчётту бурмалоо (алдамчылык) менен байланышкан бузууларды жана кыянаттыкты азайтуу;
аудитордук кызмат көрсөтүү рыногундагы ак ниет эмес аудитордук иш жүргүзүү учурларын азайтуу;
аудитордук кызматтардын спектрин кеңейтүү.
17-глава. Топтолмо пенсиялык фонддор
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо - улгайган адамдардын материалдык бакубаттуулугун жогорулатуунун мүмкүн болгон факторлорунун бири, келечекте пенсияга чыгууда пенсиянын жогорку өлчөмүн алуу мүмкүндүгү. Топтолмо пенсиялык фондду (ТПФ) өркүндөтүүдө жана өнүктүрүүдө өлкөдөгү пенсиялык системанын көйгөйлөрүн чечүүгө төмөнкүдөй кошумча түрткү берилиши мүмкүн:
Кыргызстанда мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу;
корпоративдик, кесиптик жана жеке пенсиялык системаларга катышуунун эсебинен катышуучулар үчүн пенсиянын алгылыктуу деңгээлине жетүү;
пенсиялык активдерди башкаруу ишине катышуу, топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоону контролдогон натыйжалуу жана жеткиликтүү системанын түзүү.
Капиталдын рыноктук касиеттери бар топтолгон пенсиялык активдер жана аларды натыйжалуу пайдалануу финансылык рынокту өнүктүрүүгө шарт түзөт, калктын аманаттарынын көбөйүшүнө жана пенсиялык активдердин эсебинен инвестициялардын экономикалык өсүшүнө түрткү берет.
Топтолмо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү өлкөнүн жалпы пенсиялык системасынын көйгөйлөрүн чечүүдө бөлүштүрүүчү-топтолмо пенсиялык системанын бардык элементтеринин иштешинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
“Дордой Гарант” топтолмо пенсиялык фонду 2019-жылдын аягында гана иштей баштаганын эске алсак, көрсөткүчтөрдүн болжолу “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун иши боюнча түзүлдү, ал төмөнкүдөй натыйжаларды болжолдойт:
4-таблица
| Иш жүз. 2020 | План 2021 | План 2022 | План 2023 | План 2024 | План 2025 |
Пенсиялык топтоолордун активи (миң сом) | 38 104,6 | 60 000,0 | 80 000,0 | 100 000,0 | 120 000,0 | 150 000,0 |
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча түзүлгөн келишимдердин саны | 285 | 290 | 290 | 300 | 300 | 350 |
Милдеттүү топтолмо пенсиялык камсыздоо боюнча системага катышуучу катарында түзүлгөн келишимдердин саны | 341 | 1700 | 2050 | 4000 | 7900 | 8000 |
18-глава. Лотерея иши
Лотерея иши рыногун өнүктүрүү келечекте төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
Кыргыз Республикасында лотерея иши рыногун түзүүнү жана анын иштөө механизмдерин өнүктүрүүнү;
өлкөнүн бюджетине салык жана башка төлөмдөр түрүндөгү акча каражаттарынын түшүүсүн;
банктык эмес финансылык рынокто жасалган операциялардын көбөйүүсүн.
Лотерея иши рыногунун мыйзамдуу иштөө механизмдерин өнүктүрүү лотереяга катышуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, лотереяларды өткөрүүнүн (өткөрүү шарттарын жана утуш жыйынтыктарын жарыялоонун) ачык-айкындуулугун, лотереяга катышуучулардын бирдей утуу мүмкүндүктөрүн, мамлекеттик лотереяга болгон ишенимдерди түзүүнү жана колдоону, лотереяга катышуу үчүн кызыгууларга дем берүүнү жана лотереялык билеттерди сатуунун, түрдүү социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү үчүн бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүн камсыздайт.
“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасына 100 млн сомго чейинки мамлекеттик колдоону эске алып, анын ишинде төмөнкүдөй натыйжаларды болжолдоого болот:
5-таблица
№ | Индикатордун аталышы | База лык жыл | Орто аралыктагы индикаторлор (жылдык) | Максат туу көрсөткүч | |||
2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | ||
1. | Сатылган лотереялардын сандарынын өсүшү (миң даана) | 1800 | 2000 | 2500 | 3000 | 3500 | 4000 |
2. | Лотереяны өткөрүүдөн түшкөн пайда | 1,3 | 20,0 | 40,0 | 60,0 | 80,0 | 100,0 |
2020-жылдын 1-августуна карата компаниянын менчик капиталы 4,9 млн сомду (бөлүнгөн 30дан), зыяны – 4,5 млн сомду түзөт жана дээрлик банкрот болуу алдында турат. Кошумча финансылык каражаттар болбосо же алынбаса, компаниянын иши мындан ары өнүгө албайт.
19-глава. Каржылоо
Ушул Стратегияны ишке ашырууну финансылык каржылоо республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырылат.
IV бөлүм. 2025-жылга чейинки Стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн сунуш кылынган иш-чаралар
1. Баалуу кагаздар рыногу |
| ||||
№ | Милдеттер | Иш-чаралардын аталыштары | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Брокердик, биржалык жана депозитардык иштер менен иштеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына капиталдаштыруу боюнча талаптарды жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрду киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры | Финансылык уюмдардын финансылык туруктуулугу, атаандашууга жөндөмдүү деңгээли өстү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
2 | Рыноктун кесипкөй катышуучуларынын уюмдарында жетектөөчү кызмат орундарында иштеген адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата коюлган талаптарды жана ушул адамдар үчүн квалификациялык экзамендердин деңгээлин жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрду киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана деңгээли жогорулатылды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
3 | Баалуу кагаздарды сатууга дем берүү жана фондулук рыноктун инструменттери боюнча биржалык соодалардын көлөмдөрүн көбөйтүү | Жеке инвестициялык эсептердин механизмдерин жөнгө салуу максатында баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү
| 2025-жылдын 30-декабры | Тооруктарга катышуучулардын рыноктук активдүүлүгү, финансылык инструменттердин өтүмдүүлүгү жогорулатылды, инвестициялоонун кеңири инструменттери тандалды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
“КФБ” ЖАК (макулдашуу боюнча) |
Бирдиктүү биржалык рынокту түзүү жана андан ары өнүктүрүү максатында “Товардык биржа жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | |||||
4 | Финансылык инструменттерди пайдалануу маселелери боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу | Масштабдуу маалыматташтыруу-түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жүргүзүү жана финансылык сабаттуулукту кеңири жайылтуу | 2021-жылдын 1-февралы | Ар жылдык, ар кварталдык инвестициялык семинарларды, финансылык жарманкелер проспектисин жана финансылык маалыматтар инвесторлорго берилип, алар үзгүлтүксүз өткөрүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
5 | Баалуу кагаздар рыногунда укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик жана жазык жазалары системасын өркүндөтүү | 1) финансылык рыноктогу бузуулар үчүн баалуу кагаздар рыногуна катышуучуларга жана эмитенттерге колдонулуучу санкциялардын негиздеринин, тартибинин, шарттарынын жана өлчөмдөрүнүн улуттук тизмесин түзүү; 2) баалуу кагаздар рыногундагы финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптардын улуттук тизмесин түзүү; 3) инсайдерлик маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланууга жана баалуу кагаздар рыногундагы жазгырууларга каршы аракеттенүүго багытталган талаптардын улуттук тизмесин түзүү; 4) баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын корпоративдик башкаруу системасына карата коюлуучу талаптардын шайкеш келтирилген улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү; 5) көзөмөлдүк отчеттуулуктун жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын жана эмитенттердин аны берүү мөөнөттөрүнүн шайкеш келтирилген улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү | 2025-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногундагы инвестициялык тобокелдиктердин деңгээли төмөндөдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
6 | Инвестициялык консультанттарды жана рейтингдик агенттиктерди сертификациялоонун жол-жоболорун киргизүү | Инвестициялык консультанттардын жана рейтингдик агенттиктердин ишине коюлуучу талаптардын улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү | 2025-жылдын 30-декабры | Инвестициялык консультанттардын жана рейтингдик агенттиктердин институту түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
“Баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын инвестициялык консультанттардын иши бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | |||||
7 | Чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү | “Баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда капиталдарды , инвестицияларды, финансылык кызматтарды жылдырууда белгиленген тоскоолдуктарды четтетүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жылдын 30-декабры | ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарга жайгаштырылган жана жүгүртүлгөн баалуу кагаздарга өз ара жеткиликтүү болду | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
8 | Улуттук рынокко эркин кирүүнүн шарттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кесипкөй катышуучуларынын ортосундагы кара ниет атаандаштыктардан коргоо | ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин кесипкөй катышуучуларынын ортосундагы кара ниет атаандаштыктардан коргоо боюнча иш-чараларды “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу иштеп чыгуу | 2024-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногундагы инвестициялык тобокелдиктер деңгээли төмөндөдү, инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо камсыздалды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
БКРга кесипкөй катышуучулар |
9 | Стратегиялык компаниялардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн жогорулатуу жана модернизациялоо, алардын потенциалын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон капиталдарды тартуу | Фондулук рынокто кошумча чыгарылган акциялардын 10 пайызына чейин сатуу аркылуу IPO компанияларын өткөрүү
| 2022-жылдын 30-декабры | Стратегиялык компаниялардын рентабелдүүлүгү, ошондой эле жарандык коомдун инвестициялык потенциалдары жогорулады | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл, стратегиялык компаниялар (макулдашуу боюнча) |
10 | Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууга көмөк көрсөтүү жана аны турукташтыруу
| Бюджетте каралбаган чыгымдарды коммерциялык эмес долбоорлорду же узак мөөнөттө актала турган келечеги узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык баалуу кагаздарды фондулук биржада эмиссиялоо жана айландыруу | 2023-жылдын 30-декабры | Жергиликтүү бюджеттин убактылуу тартыштыгы жабылды, жергиликтүү бюджетте болбогон бир жолку ири каражаттарды талап кылган инфратүзүмдүк обьекттер каржыланды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
11 | Баалуу кагаздар рыногундагы санариптик инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү | Инвесторлордун маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн Баалуу кагаздарды кармоочулардын резервдик реестринин борбордук маалыматтар базасын, Корпоративдик маалыматтарды айкындоо борборун түзүү максатында ЧУАны иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июну | Баалуу кагаздарды кармоочулардын резервдик реестринин борбордук маалыматтар базасы, Корпоративдик маалыматтарды айкындоо борбору түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл, “КФБ” ЖАК (макулдашуу боюнча), “БД” ЖАК (макулдашуу боюнча) |
12 | Баалуу кагаздар рыногунун эмитенттеринин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу | Финансылык туруктуулукту камсыз кылуучу инструменттерди киргизүү, баалуу кагаздар рыногуна катышуучулардын корпоративдик башкаруу деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу, корпоративдик финансы жаатындагы кадрларды даярдоо системасын түзүү максатында “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Фондулук рынокту капиталдаштыруу жана финансылык операциялардын натыйжалуулугу, акционердик коомдордун түзүмүнүн ачык-айкындуулугу жогорулады | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
2. Ломбард иши | |||||
13
| Ломбарддардын ишинин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомунун ломбарддардын уставдык капиталдарынын өлчөмүн көбөйтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны киргизүү | 2021-жылдын 30-июну | Ломбарддардын уставдык капиталдарынын зарыл болгон минималдуу өлчөмүнүн талаптары белгиленди жана колдоого алынды, ломбарддарды уюштуруу, натыйжалуулугу жана өнүгүүсү жакшырды, ломбарддардын ишинин финансылык туруктуулугуна жетишилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
3. Камсыздандыруу иши | |||||
14 | Камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмүнө жана финансылык туруктуулугуна коюлуучу талаптарды жогорулатуу | Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин сапатына жана түзүмүнө коюлуучу талаптарды жогорулатууну эске алуу менен камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмүнүн ченемдерин (пруденциалдык ченемдерди) иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-ноябры . | Камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмү боюнча, атап айтканда камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин сапатына жана түзүмүнө коюлуучу талаптарды жогорулатуу бөлүгүнө жаңы ченемдер киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
15
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүнө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу боюнча механизмдерин киргизүү
| “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу боюнча бюрону түзүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2021-жылдын 30-декабры | Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткаруучу бюро түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
16. | Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын түзүү | Эл аралык камсыздандыруу көзөмөл ассоциациясы тарабынан сунуш кылынган камсыздандыруунун негизги принциптерин эске алуу менен “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июну | “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
17. | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча келтирилген зыяндардын ордун толтуруу системасын өркүндөтүү | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндардын камсыздандырылган ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоочу бирдиктүү методиканы иштеп чыгуу | 2021-жылдын 30-декабры | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндардын камсыздандырылган ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоочу бирдиктүү методика бекитилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
18. | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу боюнча мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июлу | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу. | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
19. | Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык абалын начарлатуучу тобокелдиктерди табуу жана алардын алдын алуу | Тобокелдиктердин баалоо системасына негизденген тобокелдиктерди эртелеп алдын алуу боюнча тестирлөө механизмдерин түзүү | 2023-жылдын 30-марты | Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык абалын начарлатуучу тобокелдиктерди табуучу жана алардын алдын алуучу программалык комплекси иштелип чыкты жана ишке киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
20. | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусун караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры. | Мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу уюмдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына катышууга уруксат берилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
4. Аудитордук иш |
| ||||
21. | Аудитордук иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ЕАЭБдин укуктарын түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга шайкеш келтирүү | “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры
| Кесипкөй аудитордук бирикмелердин институту киргизилди
| КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен биргелешип аудитордук иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл | ||
22. | Аудит жаатындагы контролду жана аудиттин сапатын контролдоону жогорулатууда көзөмөлдү жана жөнгө салуучу функцияларды күчөтүү | Аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүүнүн тартибин караган мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Аудиторлорду сертификациялоонун жаңы системасы киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
5. Топтолмо пенсиялык фонддор | |||||
23. | Мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуунун кошумча түрлөрү үчүн шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кесипкөй пенсиялык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2023-жылдын 30-ноябры | Пенсиялык төгүмдөр жана төлөмдөр тартылды жана пенсиянын өлчөмүн кошумча көбөйтүү боюнча кесипкөй пенсиялык камсыздандыруу иши үчүн укуктук база түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
24. | Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүү | “Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун топтолмо пенсиялык фонддордун баалуу кагаздарын чыгаруу бөлүгүн иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын 30-сентябры | Топтолмо пенсиялык фонддордун иштери боюнча мыйзамдардагы ченемдер такталды, топтолмо пенсиялык фонддордун баалуу кагаздарын чыгаруу бөлүгүндөгү карама-каршылыктар алып салынды жана бирдиктүү талаптар белгиленди |
|
6. Лотерея иши | |||||
25. | “Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун лотереялык ишинде кызматтарды ишке ашыруу катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү катары лотерея ишинин аныкталышын тактоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны кароого киргизүү | 2021-жылдын 30-сентябры | Лотереялык иш жүргүзүү түшүнүгү такталды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуучу шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ИДП – ички дүң продукты;
КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
МТПФ – мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд;
МБК – мамлекеттик баалуу кагаздар;
ЕАЭБ – Евразия экономикалык бирлиги;
ЖИЭ – жеке инвестициялык эсеп;
ТПФ – топтолмо пенсиялык фонд;
ААК – ачык акционердик коом;
ЖЧК – жоопкерчилиги чектелген коом;
БКРРК – баалуу кагаздардын резервдик реестрин кармоочулар;
МББ – маалыматтардын борбордук базасы;
IPO – алгачкы айкын жайгаштыруу.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 токтому менен бекитилди) |
2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясы
Киришүү
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)

1 | Брокердик, биржалык жана депозитардык иштер менен иштеген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына капиталдаштыруу боюнча талаптарды жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрду киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры | Финансылык уюмдардын финансылык туруктуулугу, атаандашууга жөндөмдүү деңгээли өстү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл | |
2 | Рыноктун кесипкөй катышуучуларынын уюмдарында жетектөөчү кызмат орундарында иштеген адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата коюлган талаптарды жана ушул адамдар үчүн квалификациялык экзамендердин деңгээлин жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрду киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана деңгээли жогорулатылды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
|
3 | Баалуу кагаздарды сатууга дем берүү жана фондулук рыноктун инструменттери боюнча биржалык соодалардын көлөмдөрүн көбөйтүү | Жеке инвестициялык эсептердин механизмдерин жөнгө салуу максатында баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү
| 2025-жылдын 30-декабры | Тооруктарга катышуучулардын рыноктук активдүүлүгү, финансылык инструменттердин өтүмдүүлүгү жогорулатылды, инвестициялоонун кеңири инструменттери тандалды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
“КФБ” ЖАК (макулдашуу боюнча) | |
Бирдиктүү биржалык рынокту түзүү жана андан ары өнүктүрүү максатында “Товардык биржа жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ||||||
4 | Финансылык инструменттерди пайдалануу маселелери боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу | Масштабдуу маалыматташтыруу-түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жүргүзүү жана финансылык сабаттуулукту кеңири жайылтуу | 2021-жылдын 1-февралы | Ар жылдык, ар кварталдык инвестициялык семинарларды, финансылык жарманкелер проспектисин жана финансылык маалыматтар инвесторлорго берилип, алар үзгүлтүксүз өткөрүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
|
5 | Баалуу кагаздар рыногунда укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик жана жазык жазалары системасын өркүндөтүү | 1) финансылык рыноктогу бузуулар үчүн баалуу кагаздар рыногуна катышуучуларга жана эмитенттерге колдонулуучу санкциялардын негиздеринин, тартибинин, шарттарынын жана өлчөмдөрүнүн улуттук тизмесин түзүү; 2) баалуу кагаздар рыногундагы финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптардын улуттук тизмесин түзүү; 3) инсайдерлик маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланууга жана баалуу кагаздар рыногундагы жазгырууларга каршы аракеттенүүго багытталган талаптардын улуттук тизмесин түзүү; 4) баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын корпоративдик башкаруу системасына карата коюлуучу талаптардын шайкеш келтирилген улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү; 5) көзөмөлдүк отчеттуулуктун жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын жана эмитенттердин аны берүү мөөнөттөрүнүн шайкеш келтирилген улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү | 2025-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногундагы инвестициялык тобокелдиктердин деңгээли төмөндөдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл |
|
6 | Инвестициялык консультанттарды жана рейтингдик агенттиктерди сертификациялоонун жол-жоболорун киргизүү | Инвестициялык консультанттардын жана рейтингдик агенттиктердин ишине коюлуучу талаптардын улуттук тизмесин иштеп чыгуу жана түзүү | 2025-жылдын 30-декабры | Инвестициялык консультанттардын жана рейтингдик агенттиктердин институту түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл | |
“Баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын инвестициялык консультанттардын иши бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||
7 | Чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү | “Баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда капиталдарды , инвестицияларды, финансылык кызматтарды жылдырууда белгиленген тоскоолдуктарды четтетүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарга жайгаштырылган жана жүгүртүлгөн баалуу кагаздарга өз ара жеткиликтүү болду | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл | |
8 | Улуттук рынокко эркин кирүүнүн шарттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кесипкөй катышуучуларынын ортосундагы кара ниет атаандаштыктардан коргоо | ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин кесипкөй катышуучуларынын ортосундагы кара ниет атаандаштыктардан коргоо боюнча иш-чараларды “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры | Баалуу кагаздар рыногундагы инвестициялык тобокелдиктер деңгээли төмөндөдү, инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо камсыздалды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
БКРга кесипкөй катышуучулар |
|
9 | Стратегиялык компаниялардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн жогорулатуу жана модернизациялоо, алардын потенциалын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон капиталдарды тартуу | Фондулук рынокто кошумча чыгарылган акциялардын 10 пайызына чейин сатуу аркылуу IPO компанияларын өткөрүү
| 2025-жылдын 30-декабры | Стратегиялык компаниялардын рентабелдүүлүгү, ошондой эле жарандык коомдун инвестициялык потенциалдары жогорулады | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл, стратегиялык компаниялар (макулдашуу боюнча) |
|
10 | Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууга көмөк көрсөтүү жана аны турукташтыруу
| Бюджетте каралбаган чыгымдарды коммерциялык эмес долбоорлорду же узак мөөнөттө актала турган келечеги узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык баалуу кагаздарды фондулук биржада эмиссиялоо жана айландыруу | 2023-жылдын 30-декабры | Жергиликтүү бюджеттин убактылуу тартыштыгы жабылды, жергиликтүү бюджетте болбогон бир жолку ири каражаттарды талап кылган инфратүзүмдүк обьекттер каржыланды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
11 | Баалуу кагаздар рыногундагы санариптик инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү | Инвесторлордун маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн Баалуу кагаздарды кармоочулардын резервдик реестринин борбордук маалыматтар базасын, Корпоративдик маалыматтарды айкындоо борборун түзүү максатында ЧУАны иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июну | Баалуу кагаздарды кармоочулардын резервдик реестринин борбордук маалыматтар базасы, Корпоративдик маалыматтарды айкындоо борбору түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл, “КФБ” ЖАК (макулдашуу боюнча), “БД” ЖАК (макулдашуу боюнча) |
|
12 | Баалуу кагаздар рыногунун эмитенттеринин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу | Финансылык туруктуулукту камсыз кылуучу инструменттерди киргизүү, баалуу кагаздар рыногуна катышуучулардын корпоративдик башкаруу деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу, корпоративдик финансы жаатындагы кадрларды даярдоо системасын түзүү максатында “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Фондулук рынокту капиталдаштыруу жана финансылык операциялардын натыйжалуулугу, акционердик коомдордун түзүмүнүн ачык-айкындуулугу жогорулады | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
12-1 | Дилердик иш, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана инвестициялык фонддордун иши менен алектенген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн капиталдаштырууга карата талаптарды жогорулатуу | 2025-жылдын 30-декабры | Финансылык туруктуулуктун, финансылык уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлинин өсүшү | КР ЭКМ караштуу Финкөзөмөл | ||
2. Ломбард иши |
| |||||
13
| Ломбарддардын ишинин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтомунун ломбарддардын уставдык капиталдарынын өлчөмүн көбөйтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны киргизүү | 2021-жылдын 30-июну | Ломбарддардын уставдык капиталдарынын зарыл болгон минималдуу өлчөмүнүн талаптары белгиленди жана колдоого алынды, ломбарддарды уюштуруу, натыйжалуулугу жана өнүгүүсү жакшырды, ломбарддардын ишинин финансылык туруктуулугуна жетишилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
| |
3. Камсыздандыруу иши |
| |||||
14 | Камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмүнө жана финансылык туруктуулугуна коюлуучу талаптарды жогорулатуу | Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин сапатына жана түзүмүнө коюлуучу талаптарды жогорулатууну эске алуу менен камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмүнүн ченемдерин (пруденциалдык ченемдерди) иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-ноябры . | Камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмү боюнча, атап айтканда камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин сапатына жана түзүмүнө коюлуучу талаптарды жогорулатуу бөлүгүнө жаңы ченемдер киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
15
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүнө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу боюнча механизмдерин киргизүү
| “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу боюнча бюрону түзүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2021-жылдын 30-декабры | Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткаруучу бюро түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
16. | Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын түзүү | Эл аралык камсыздандыруу көзөмөл ассоциациясы тарабынан сунуш кылынган камсыздандыруунун негизги принциптерин эске алуу менен “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июну | “Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
17. | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча келтирилген зыяндардын ордун толтуруу системасын өркүндөтүү | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндардын камсыздандырылган ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоочу бирдиктүү методиканы иштеп чыгуу | 2021-жылдын 30-декабры | Милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндардын камсыздандырылган ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоочу бирдиктүү методика бекитилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
18. | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу боюнча мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2022-жылдын 30-июлу | Жарандарды пенсия менен камсыз кылуу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу. | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
19. | Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык абалын начарлатуучу тобокелдиктерди табуу жана алардын алдын алуу | Тобокелдиктердин баалоо системасына негизденген тобокелдиктерди эртелеп алдын алуу боюнча тестирлөө механизмдерин түзүү | 2023-жылдын 30-марты | Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык абалын начарлатуучу тобокелдиктерди табуучу жана алардын алдын алуучу программалык комплекси иштелип чыкты жана ишке киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
20. | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусун караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры. | Мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу уюмдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына катышууга уруксат берилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
4. Аудитордук иш |
|
| ||||
21. | Аудитордук иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ЕАЭБдин укуктарын түзгөн эл аралык келишимдерге жана актыларга шайкеш келтирүү | “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун киргизүү | 2022-жылдын 30-декабры
| Кесипкөй аудитордук бирикмелердин институту киргизилди
| КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
| |
ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен биргелешип аудитордук иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл | |||
22. | Аудит жаатындагы контролду жана аудиттин сапатын контролдоону жогорулатууда көзөмөлдү жана жөнгө салуучу функцияларды күчөтүү | Аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүүнүн тартибин караган мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Аудиторлорду сертификациялоонун жаңы системасы киргизилди | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
5. Топтолмо пенсиялык фонддор |
| |||||
23. | Мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуунун кошумча түрлөрү үчүн шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кесипкөй пенсиялык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2023-жылдын 30-ноябры | Пенсиялык төгүмдөр жана төлөмдөр тартылды жана пенсиянын өлчөмүн кошумча көбөйтүү боюнча кесипкөй пенсиялык камсыздандыруу иши үчүн укуктук база түзүлдү | КРЭФМнын алдындагы Мамфинкөзөмөл
|
|
24. | Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүү | “Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун топтолмо пенсиялык фонддордун баалуу кагаздарын чыгаруу бөлүгүн иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын 30-сентябры | Топтолмо пенсиялык фонддордун иштери боюнча мыйзамдардагы ченемдер такталды, топтолмо пенсиялык фонддордун баалуу кагаздарын чыгаруу бөлүгүндөгү карама-каршылыктар алып салынды жана бирдиктүү талаптар белгиленди |
|
|
6. Лотерея иши | ||||||