Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-майы № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилин туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун 9 - 12, 16 жана 17-тиркемелери ушул токтомдун 1 - 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У. Марипов |