Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна) |
Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-майындагы № 259, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) курулуш тармагынын адистерине мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Архитектура жана курулуш жаатындагы кесиптик ишти мамлекеттик квалификациялык сертификациялоонун максаты курулуш тармагынын адистеринин кесиптик укуктарын коргоо, алардын кесиптик деңгээлин жана курулуш продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, бул продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
4. Мамлекеттик квалификациялык сертификат (мындан ары - сертификат) курулуш тармагынын адисинин кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоочу, ага ал тарабынан же анын жетекчилиги алдында аткарылуучу иштердин сапаты жана натыйжасы үчүн жоопкерчиликти жүктөөчү документ болуп саналат.
5. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмесине (мындан ары - Адистиктердин тизмеси) ылайык жүргүзүлөт.
6. Сертификат менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жекече эмгек иши тартибинде Адистиктердин тизмесинде каралган архитектура жана курулуш жаатында иштердин тиешелүү түрлөрүн аткарган жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификаттар Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин аймактарында жарактуу.
8. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрине ылайык акы төлөнүүчү негизде тестирлөө формасында жүргүзүлөт.
81. Мамлекеттик квалификациялык сертификат берүү кагаз сертификатты бербестен берилген сертификаттардын онлайн реестрине киргизүү формасында жүргүзүлөт.
82. Берилген сертификаттардын реестри алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.
83. Берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн онлайн реестрге киргизилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүдө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын негизинде тестирлөө жүргүзүү үчүн суроолордун тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) арыз ээлери тарабынан берилген документтерди кароо жана документтердин толук пакети берилген учурда аларды онлайн-режимде кабыл алуу;
3) арыздарды кароодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу;
4) арыздардын келип түшүүсүнө жараша тестирлөөнүн графигин түзүү;
5) сертификаттарды тариздөө жана берүү;
6) эскертүү, сертификаттарды токтото туруу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруу;
7) берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттардын реестрин жүргүзүү;
8) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо;
9) изденүүчүлөргө консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Мамлекеттик эмес уюмдарда жана мекемелерде, анын ичинде жеке эмгек тартибинде иштеген адистер үчүн сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары
10. Мамлекеттик эмес уюмдарда жана мекемелерде, анын ичинде жеке эмгек тартибинде иштеген адистер үчүн сертификаттардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1) баштапкы сертификат - изденүүчүлөргө билими жөнүндө документте көрсөтүлгөн багыт боюнча кесиптик ишин жүргүзүү үчүн билими жөнүндө документтин негизинде (жогорку, орто техникалык, бакалавр даражасы) 5 жылдык мөөнөткө берилет;
2) мөөнөтсүз сертификат - архитектура жана курулуш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын бузбастан баштапкы сертификаттын негизинде 15 жыл бою кесиптик иш менен алектенген изденүүчүлөргө берилет.
11. Баштапкы сертификатты алуу үчүн изденүүчүнүн архитектура жана курулуш тармагында, ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн адистиктерди кошпогондо, 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек жана көрсөтүлгөн адистик дипломго ылайык келиши керек.
12. Баштапкы сертификатты алууда тиешелүү иште жети жылдан кем эмес эмгек стажынын болушу талап кылынган адистиктерге төмөнкүлөр кирет:
1) имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча инженер;
2) техникалык көзөмөл жүргүзүү менен инжиниринг кызматтары боюнча адис;
3) долбоордун башкы инженери (ДБИ);
4) долбоордун башкы архитектору (ДБА);
5) долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу.
13. Изденүүчүлөрдүн стажы тиешелүү дипломду алган жана архитектура жана курулуш тармагында эмгек жолун баштаган учурдан тартып эсептелет.
14. Иштин түрлөрү боюнча сертификат алууга изденүүчүлөр үчүн билим деңгээли боюнча төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку билим - ДБИ, ДБА, долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу, имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча инженер жана инжиниринг кызматтары боюнча адис үчүн техникалык көзөмөл жүргүзүүнү киргизүү менен;
2) архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку же орто техникалык билим же бакалавр даражасы - Адистиктердин тизмесинде көрсөтүлгөн иштердин башка түрлөрүн изденүүчүлөр үчүн.
15. Сертификат алуу үчүн изденүүчү онлайн-режиминде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
1) фамилиясын, атын, атасынын атын, жарандыгын, инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө негизги маалыматтарды, телефон номерлери менен даректик маалыматтарды жана изденүүчү аткарууга талапкер болгон иштин түрлөрүн жана жумуштарды көрсөтүү менен белгиленген формадагы (басылган текст менен) арыз;
2) берилген учурдан тартып мөөнөтү алты айдан ашпаганиш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
3) эмгек китепчесинин берилген учурдан тартып мөөнөтү алты айдан ашпаган иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) квалификациялык сертификациялоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
Арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
151. Эгерде изденүүчү документтерди берген учурда убактылуу иштебесе жана талап кылынган документтерди иш берүүчүдө күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал эмгек китепчесинин жана дипломдун түп нускасын тестирлөө өткөрүлгөн күнү алдын ала ыйгарым укуктуу органга аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн алып келүүгө милдеттүү.
16. Берилген баштапкы сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин аны узартуу жөнүндө маселе ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралбайт.
17. Изденүүчү ушул Жобонун 10-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген шартта тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча аны кийин узартуу же мөөнөтсүз сертификат алуу мүмкүнчүлүгү менен анын дипломуна ылайык келген иштин бир же бир нече түрүнө баштапкы сертификат алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда иштеген адистер үчүн сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары
18. Архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелерде же ишканаларда иштеген адистер үчүн сертификаттардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1) баштапкы сертификат адистиги боюнча кесиптик ишин жүргүзүү үчүн изденүүчүлөргө билими жөнүндө документтин (жогорку, орто техникалык, бакалавр даражасы) жана мамлекеттик мекемелерде же ишканаларда иштеген жеринен маалымкаттын негизинде бир жылдык мөөнөткө берилет;
2) мөөнөтсүз сертификат архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда кесиптик ишин жүргүзгөн, архитектура жана курулуш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын бузбастан мурда беш баштапкы сертификат алган изденүүчүлөргө берилет.
19. Баштапкы сертификатты алуу үчүн арыз ээси архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелер же ишканалар менен эмгек стажына талап койбостон эмгектик укуктук мамилелерде болушу, ал эми көрсөтүлгөн адистиги дипломго ылайык келиши керек.
20. Иштин түрлөрү боюнча сертификат алууга изденүүчүлөр үчүн билим деңгээли боюнча төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) ДБИ, ДБА, долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу, имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча инженер жана инжиниринг кызматтары боюнча адис үчүн (техникалык көзөмөл жүргүзүү менен) - архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку билим же бакалавр даражасы;
2) Адистиктердин тизмесинде көрсөтүлгөн иштердин башка түрлөрүн изденүүчүлөр үчүн - курулуш жана архитектура жаатындагы жогорку же орто техникалык билим же бакалавр даражасы.
21. Сертификат алуу үчүн изденүүчү онлайн режиминде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
1) изденүүчү жөнүндө төмөнкү документтерди жана маалыматтарды тиркөө менен архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекеменин же ишкананын расмий бланкында жетекчинин колу коюлган арыз:
- фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, телефон номерлери менен даректик маалыматтары;
- изденүүчү аткарууга талапкер болгон иштин жана жумуштун түрлөрү;
- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү;
- квалификациялык сертификациялоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
22. Баштапкы сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн бир жылга узартуу адис архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекеме же ишкана менен эмгектик укук мамилелеринде болгон шартта тестирлөөдөн өтпөстөн, автоматтык түрдө ишке ашырылат.
23. Изденүүчү белгиленген тартипте тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин беш баштапкы сертификаты бар болуп, архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелер же ишканалар менен эмгектик укук мамилелеринде болсо мөөнөтсүз сертификат алууга укуктуу.
5-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби
24. Келип түшкөн материалдарды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз катталган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
25. Арызды кароо төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук билдирүү аркылуу себептерин көрсөтүү менен четке кагылат жана арыз ээсине кайтарылат:
1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалымат табылганда;
2) изденүүчүгө архитектура жана курулуш жаатында иш жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу;
3) базалык билимдин ушул Жобонун 10-14-пункттарында белгиленген иштин суралган түрлөрүнө ылайык келбегендиги же эмгек стажынын жетишсиздиги.
Мында мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо үчүн төлөм кайтарылып берилбейт.
26. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо компьютерлерди колдонуу менен тестирлөө аркылуу жүргүзүлөт.
27. Суроолордун тизмеги, ошондой эле тестирлөө өткөрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
28. Тестирлөө изденүүчүнүн архитектура-курулуш ишин жүзөгө ашырууда колдонулуучу курулуш ченемдерин жана эрежелерин билүүсүнө жүргүзүлөт.
29. Тиешелүү курулуш ченемдерин жана эрежелерин билүүгө суроолордун тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
30. Документтердин толук пакети кабыл алынгандан кийин изденүүчүлөр Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин иш профили боюнча билүүсүн текшерүү максатында тестирлөөгө киргизилет.
31. Тестирлөө документтердин толук пакетин кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
32. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 70%дан кем эмес туура жооп алган изденүүчүлөр тест тапшырды деп эсептелет жана сертификат алышат. Тестирлөө процесси видеого тартылууга тийиш.
33. Тестирлөөнүн жыйынтыктарын эсептөө автоматтык түрдө ишке ашырылат жана тестирлөө аяктаган учурда изденүүчү тарабынан тааныштырылууга тийиш.
34. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомуна ылайык күчүн жоготту) тестирлөөдөн өтүүсү арыз катталган күндөн тартып үч айдан эрте эмес убакытта ишке ашырылат.
36. Квалификациялык сертификат үчүн кайра төлөөдө изденүүчү кайрадан арыз берүүгө жана тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.
37. Сертификаттар тест тапшырылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
38. Баштапкы сертификатты берүү, ошондой эле мурда берилген сертификатты узартуу ушул Жобонун 22-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.
39. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
40. Кыргыз Республикасынын сертификатын алууга каалоосун билдирген чет мамлекеттердин адистеринин сертификаттарын таануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругун кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасы менен тиешелүү мамлекеттин ортосундагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган тиешелүү эл аралык келишим болгондо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Укуктук таасир этүү тартиби
41. Курулуш тармагынын сертификацияланган адистерине төмөнкүдөй формада укуктук таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:
– эскертүү;
– аныкталган бузуулар четтетилгенге чейин 90 календардык күнгө токтото туруу;
– сертификатты жокко чыгаруу.
Укуктук таасирдин түрүн колдонуу бузуунун оордугуна жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
42. Укуктук таасир этүү чаралары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) сертификацияланган адис тарабынан имаратты же курулманы аварияга алып келген же болбосо жарандардын өмүрү менен ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер бузулса;
2) сертификацияланган адистин күнөөсү боюнча ишкананын, мекеменин жана уюмдун лицензиясынын колдонулушун жокко чыгаруу же токтото туруу;
3) сот органдары тарабынан сертификацияланган адистин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынын бузгандыгын ырастаган же адистин архитектура жана курулуш жаатында иш жүргүзүүсүнө тыюу салган чечимдер чыгарылганда;
4) сертификатты алууда сертификацияланган адис тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
43. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, сот органдарынын, курулуш продукциясын керектөөчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук органдардын, сертификацияланган адис эмгек мамилелеринде турган уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кесиптик бирликтеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылуу болушу мүмкүн.
44. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адистерге карата укуктук таасир этүү маселелерин кароо боюнча комиссияны (мындан ары – Комиссия) түзөт, анын курамын аныктайт, зарыл болгон учурда мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, экспертиза органдарынын адистерин, айрым жогорку квалификациялуу адистерди тартат.
45. Комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат жана бекитилет. Комиссия кароонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим чыгарат.
46. Ушул Жобонун 42-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен Комиссия тарабынан каралбастан жокко чыгарылат.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жана Комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанууга болот.
48. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди кароодо сертификацияланган адис анын сертификатына тиешелүү бардык материалдар менен таанышууга укуктуу.
49. Комиссиянын жыйналышы сертификат алган учурда адис берген документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча же анын иш жүзүндө жашаган/иштеген жеринин белгилүү дареги боюнча жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу сертификацияланган адисти чакыруу менен өткөрүлөт.
50. Комиссия жазуу жүзүндөгү билдирүү болгон шартта, сертификацияланган адис жок болгон учурда укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени жыйналышта кароого укуктуу.
51. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим адистин жеке өзүнө берилет же ал кабыл алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде почта аркылуу жазуу жүзүндө жиберилет.
52. Жокко чыгарылган сертификат колдонуудагы сертификаттардын реестринен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылат.
53. Сертификаты жокко чыгарылган адис жокко чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин ушул Жободо белгиленген тартипте сертификат алууга кайрадан арыз берүүгө укуктуу.
54. Адистердин каза болушу мүмкүн болгон учурлар жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу орган калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине мөөнөтсүз квалификациялык сертификаты бар сертификацияланган адистердин тизмесин жыл сайын жиберет.
55. Калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тизмени алгандан кийин 1 айдан кечиктирбестен ыкчам тартипте ыйгарым укуктуу органга актуалдуу маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)