Документке
Мурунку26.02.2021

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна)

Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Архитектура жана курулуш жаатындагы кесиптик ишти мамлекеттик квалификациялык сертификациялоонун максаты курулуш тармагынын адистеринин кесиптик укуктарын коргоо, алардын кесиптик деңгээлин жана курулуш продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, бул продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

4. Мамлекеттик квалификациялык сертификат (мындан ары - сертификат) курулуш тармагынын адисинин кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоочу, ага ал тарабынан же анын жетекчилиги алдында аткарылуучу иштердин сапаты жана натыйжасы үчүн жоопкерчиликти жүктөөчү документ болуп саналат.

5. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Адистиктердин тизмесине ылайык жүргүзүлөт.

6. Сертификат менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жекече эмгек иши тартибинде Адистиктердин тизмесинде каралган архитектура жана курулуш жаатында иштердин тиешелүү түрлөрүн аткарган жеке жактарга берилет.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификаттар Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин аймактарында жарактуу.

8. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык акы төлөөчү негизде жүргүзүлөт.

2-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону ишке ашырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары

9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону ишке ашырууда төмөнкү функцияларды аткарат:

1) мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону ишке ашыруу үчүн ченемдик, уюштуруучулук жана методикалык документтерди иштеп чыгат жана бекитет;

2) изденүүчүлөр тарабынан берилүүчү документтерди кабыл алат жана карайт;

3) мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жана сертификаттарды жокко чыгаруу маселелерин кароо боюнча комиссиянын курамын бекитет жана ишин уюштурат;

4) сертификаттарды тариздейт жана берет;

5) сертификаттарды берүүдө жүйөлөнгөн баш тартууларды даярдайт жана берет;

6) сертификаттарды жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди чыгарат;

7) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттардын реестрин жүргүзөт;

8) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына чыгарат;

9) изденүүчүлөргө консультациялык тейлөө көрсөтөт;

10) Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташтыкты ишке ашырат.

3-глава. Сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүү шарттары

10. Ушул Жобо менен сертификаттардын эки түрү белгиленген:

1) баштапкы сертификат - базалык билиминин багыты боюнча кесиптик ишти ишке ашыруу үчүн билими тууралуу (жогорку, орто техникалык, бакалавр даражасы) документтин негизинде 5 жылдык мөөнөткө берилет;

2) мөөнөтсүз сертификат - архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын бузбастан, баштапкы сертификаттын негизинде 5 жыл аралыгында кесиптик иш жүргүзгөн изденүүчүлөргө берилет.

Баштапкы сертификатты алуу үчүн изденүүчүнүн курулуш же долбоордук иш жаатында 3 жылдан кем эмес стажы болууга тийиш.

Долбоордук-сметалык документтердин эксперти, долбоордун башкы архитектору (ДБА), долбоордун башкы инженери (ДБИ) мөөнөтсүз сертификатын алуу үчүн изденүүчүнүн долбоордук иш жаатында 7 жылдан кем эмес стажы болууга тийиш.

Имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча адистин, инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр (техникалык көзөмөл жүргүзүү менен) боюнча адистин мөөнөтсүз сертификатын алуу үчүн баштапкы сертификатта көрсөтүлгөн иш боюнча эмгек стажы 7 жылдан кем эмес болууга тийиш,

Ушул пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарында каралган 7 жылдан кем эмес эмгек стажын талап кылган иштин түрү боюнча баштапкы сертификаттар мөөнөтсүз сертификатты алганга чейин узартылат.

11. Төмөндө келтирилген иштин түрлөрү боюнча сертификат алууга изденүүчүлөр үчүн билиминин деңгээли боюнча кийинки талаптар белгиленет:

1) жогорку билими - долбоордун башкы архитекторлору (ДБА), долбоордун башкы инженерлери (ДБИ), имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча адистер, инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр (техникалык көзөмөл жүргүзүү менен) боюнча адистер жана долбоордук-сметалык документтердин эксперттери үчүн;

2) жогорку, орто техникалык же бакалавр даражасы - Курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификаттоо жүргүзүлчү адистиктердин тизмесинде көрсөтүлгөн иштердин башка түрлөрүнүн изденүүчүлөрү үчүн.

12. Изденүүчү сертификат алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:

1) фамилиясын, атын жана атасынын атын, жарандыгын, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жөнүндө негизги маалыматтарды, телефон номерлери менен даректик маалыматтарын, изденүүчү аткарууга талапкер болгон иштердин жана жумуштардын түрлөрүн көрсөтүү менен белгиленген формадагы арызды;

2) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн;

3) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;

4) ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспортунун көчүрмөсүн;

5) бул иштерди жүргүзгөн уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн, изденүүчү катышкан жана ким катары катышкан жумуштардын тизмеси жөнүндө маалыматты;

6) квалификациялык сертификациялоо үчүн акы төлөнгөнүн ырастоочу документ.

Арыздын формасы архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.

13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн изденүүчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык белгиленет.

14. Изденүүчү уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн изденүүчү аткарган иштердин тизмесине ылайык иштердин жана жумуштардын бир же бир нече түрлөрүнө мөөнөтсүз сертификат алууга укуктуу.

4-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби

15. Баштапкы сертификаттар ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген тартипте берилет.

16. Мөөнөтсүз сертификат алууга арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү эксперттик комиссия тарабынан каралат.

Эксперттик комиссия изденүүчүлөр берген документтерди карайт, алардын кесиптик сапатын текшерүү максатында аңгемелешүү жүргүзөт.

Сертификатты берүү үчүн негиз болуп көпчүлүк добуш менен кабыл алынган эксперттик комиссиянын оң чечими саналат. Добуштар тең болгон учурда комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.

17. Сертификат берүүдөн баш тартылган учурда эксперттик комиссия 10 жумуш күндүн ичинде комиссиянын төрагасынын же орун басарынын колу менен баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндөгү корутундуну берет. Мында документтерди кароо боюнча иш жана комиссиянын иши үчүн акы кайтарылбайт.

Сертификатты берүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген квалификациялык сертификаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтер берилбегенде;

2) берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же шайкеш эместиктер аныкталганда;

3) соттун изденүүчүнү иштин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салуучу чечими болгондо.

18. Арызды кайра кароо жана билимин текшерүү аны кароодон баш тартылган күндөн тартып бир жылдан кийин жүргүзүлөт.

19. Материалдарды кароо жана сертификаттарды берүү ушул Жобонун 12-пунктунда каралган арыз катталган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

20. Сертификаттар арыз ээлеринин өздөрүнө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү менен берилет.

21. Мамлекеттик квалификациялык сертификаттын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формасы, номери жана сериясы болот.

22. Сертификат жоголгондо мамлекеттик алым төлөнгөн учурда дубликат берилет.

5-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды жокко чыгаруу тартиби

23. Сертификаттарды жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) сертификаттын ээси тарабынан имаратты же курулманы аварияга алып келүүчү же жарандардын жашоосу жана ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунуч жараткан архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер бузулган учурда;

2) адистин-сертификаттын ээсинин күнөөсү боюнча ишкананын, мекеменин жана уюмдун лицензиясынын колдонуусу жокко чыгарылган же токтотулган учурда;

3) сот органдары сертификаттын ээси тарабынан архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынын бузулганын ырастоочу чечимдерди чыгарган учурда;

4) сертификаттын ээси тарабынан сертификатты алууда анык эмес маалыматтар берилген факт аныкталган учурда;

5) сертификат башка жакка берилген факт аныкталган учурда.

24. Мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, курулуш продукцияларын керектөөчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук органдардын, кесиптик уюмдардын союздарынын, айрым жарандардын, адис иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусу сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болушу мүмкүн.

25. Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууда объективдүүлүктү камсыздоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссия түзөт, анын курамын аныктайт, комиссиянын иши үчүн мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, экспертиза органдарынын адистерин, айрым жогорку квалификациялуу адистерди тарта алат.

Комиссиянын иштөө тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

26. Сот органдарынан бузуу фактылары боюнча расмий документтер келип түшкөн учурда комиссияны түзүү талап кылынбайт.

Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

27. Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маселелерди кароодо адис бардык материалдар менен таанышууга укуктуу.

Маселени кароо адистин жеке катышуу менен жүргүзүлөт. Жыйында адистин жоктугу материалдарды кароо мөөнөтүн жылдыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

28. Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим ал кабыл алынгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө адистин почтасы (жазуу жүзүндө) аркылуу берилет (жиберилет).

29. Адиске жокко чыгарылган сертификаттын ордуна жаңы сертификат ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген тартипте бир жылдан кийин берилет.

30. Жокко чыгарылган сертификат аталган сертификаттын ээси тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылууга тийиш.

31. Жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан реестрге киргизилет, аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.

Жаңы17.10.2024

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна)

 

Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Архитектура жана курулуш жаатындагы кесиптик ишти мамлекеттик квалификациялык сертификациялоонун максаты курулуш тармагынын адистеринин кесиптик укуктарын коргоо, алардын кесиптик деңгээлин жана курулуш продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу, бул продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

4. Мамлекеттик квалификациялык сертификат (мындан ары - сертификат) курулуш тармагынын адисинин кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоочу, ага ал тарабынан же анын жетекчилиги алдында аткарылуучу иштердин сапаты жана натыйжасы үчүн жоопкерчиликти жүктөөчү документ болуп саналат.

5. Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмесине (мындан ары - Адистиктердин тизмеси) ылайык жүргүзүлөт.

6. Сертификат менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жекече эмгек иши тартибинде Адистиктердин тизмесинде каралган архитектура жана курулуш жаатында иштердин тиешелүү түрлөрүн аткарган жеке жактарга берилет.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сертификаттар Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин аймактарында жарактуу.

8. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

 

2-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары

 

9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүүдө төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү боюнча ченемдик, уюштуруу жана методикалык документтерди иштеп чыгат жана бекитет;

2) арыз ээлери тарабынан берилген документтерди карап чыгат жана документтердин толук пакети берилген учурда аларды кабыл алат;

3) мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жана сертификаттарды жокко чыгаруу жөнүндө маселелерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитет жана ишин уюштурат;

4) сертификаттарды тариздейт жана берет;

5) сертификаттарды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди даярдайт жана берет;

6) сертификаттарды жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат;

7) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттардын реестрин жүргүзөт;

8) берилген жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялайт;

9) изденүүчүлөргө консультациялык кызматтарды көрсөтөт;

10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

 

3-глава. Мамлекеттик эмес уюмдарда жана мекемелерде, анын ичинде жеке эмгек тартибинде иштеген адистер үчүн сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары

 

10. Мамлекеттик эмес уюмдарда жана мекемелерде, анын ичинде жеке эмгек тартибинде иштеген адистер үчүн сертификаттардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) баштапкы сертификат - изденүүчүлөргө билими жөнүндө документте көрсөтүлгөн багыт боюнча кесиптик ишин жүргүзүү үчүн билими жөнүндө документтин негизинде (жогорку, орто техникалык, бакалавр даражасы) 5 жылдык мөөнөткө берилет;

2) мөөнөтсүз сертификат - архитектура жана курулуш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын бузбастан баштапкы сертификаттын негизинде 15 жыл бою кесиптик иш менен алектенген изденүүчүлөргө берилет.

11. Баштапкы сертификатты алуу үчүн изденүүчүнүн архитектура жана курулуш тармагында, ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн адистиктерди кошпогондо, 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу керек жана көрсөтүлгөн адистик дипломго ылайык келиши керек.

12. Баштапкы сертификатты алууда тиешелүү иште 7 жылдан кем эмес эмгек стажынын болушу талап кылынган адистиктерге төмөнкүлөр кирет:

1) имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча инженер;

2) техникалык көзөмөл жүргүзүү менен инжиниринг кызматтары боюнча адис;

3) долбоордун башкы инженери (ДБИ);

4) долбоордун башкы архитектору (ДБА);

5) долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу.

13. Изденүүчүлөрдүн стажы тиешелүү дипломду алган жана архитектура жана курулуш тармагында эмгек жолун баштаган учурдан тартып эсептелет.

14. Иштин түрлөрү боюнча сертификат алууга изденүүчүлөр үчүн билим деңгээли боюнча төмөнкүдөй талаптар белгиленет:

1) ДБИ, ДБА, долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу, имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча инженер жана инжиниринг кызматтары боюнча адис үчүн архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку билим техникалык көзөмөл жүргүзүүнү киргизүү менен;

2) архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку же орто техникалык же бакалавр даражасы - Адистиктердин тизмесинде көрсөтүлгөн иштин башка түрлөрүн изденүүчүлөр үчүн.

15. Сертификат алуу үчүн изденүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:

1) фамилиясын, атын, атасынын атын, жарандыгын, инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө негизги маалыматтарды, телефон номерлери менен даректик маалыматтарды, изденүүчү аткарууга талапкер болгон иштин түрлөрүн жана жумуштарды көрсөтүү менен белгиленген формадагы (басылган текст менен) арыз;

2) алар берилген учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

3) эмгек китепчесинин алар берилген учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

4) паспорттун көчүрмөсү;

5) квалификациялык сертификациялоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

Арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.

16. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтер бар болсо, мамлекеттик органдардын расмий булактарынан санариптик форматта берилиши мүмкүн.

17. Изденүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

18. Берилген алгачкы сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин аны узартуу жөнүндө маселе ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралбайт.

19. Изденүүчү өзүнүн дипломуна ылайык келген иштин бир же бир нече түрүнө жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча кийин аны узартуу же болбосо мөөнөтсүз сертификат алуу мүмкүнчүлүгү менен баштапкы сертификат алууга укуктуу.

 

4-глава. Архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда иштеген адистер үчүн сертификаттардын түрлөрү жана аларды берүүнүн шарттары

 

20. Архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда иштеген адистер үчүн сертификаттардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) баштапкы сертификат - изденүүчүлөргө билими жөнүндө документтин (жогорку, орто техникалык, бакалавр даражасы) жана адистиги боюнча кесиптик ишин жүргүзүү үчүн мамлекеттик мекеменин же ишкананын иштеген жеринен маалымкаттын негизинде 1 жылдык мөөнөткө берилет;

2) мөөнөтсүз сертификат - мурда 5 баштапкы сертификат алган мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда архитектура жана курулуш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын бузбастан кесиптик иш жүргүзгөн изденүүчүлөргө берилет.

21. Баштапкы сертификатты алуу үчүн арыз ээси архитектура жана курулуш жаатындагы мамлекеттик мекеме же ишкана менен эмгек стажына талап койбостон эмгектик укук мамилелеринде болууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адистиги дипломго ылайык келүүгө тийиш.

22. Иштин түрлөрү боюнча сертификат алууга изденүүчүлөр үчүн билим деңгээли боюнча төмөнкүдөй талаптар белгиленет:

1) ДБИ, ДБА, долбоорлордун эксперти - инженер-куруучу, имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча инженер жана инжиниринг кызматтары боюнча адис үчүн - архитектура жана курулуш жаатындагы жогорку билим же бакалавр даражасы (техникалык көзөмөл жүргүзүү менен);

2) Адистиктердин тизмесинде көрсөтүлгөн иштердин башка түрлөрүн изденүүчүлөр үчүн - курулуш жана архитектура жаатындагы жогорку же орто техникалык билим же бакалавр даражасы.

23. Сертификат алуу үчүн изденүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:

1) мамлекеттик мекеменин же ишкананын расмий бланкындагы жетекчинин колу коюлган арыз, изденүүчүнүн төмөнкү документтерин жана маалыматтарын тиркөө менен:

- фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, телефон номерлери менен даректик маалыматтары;

- изденүүчү аткарууга талапкер болгон ишмердиктин жана иштин түрлөрү;

- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- мамлекеттик мекеменин же ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү;

- квалификациялык сертификациялоо үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

24. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн документтер бар болсо, мамлекеттик органдардын расмий булактарынан санариптик форматта берилиши мүмкүн.

25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалган маалыматтарды бергендиги үчүн изденүүчү, ошондой эле уюмдун жетекчиси Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

26. Алынган баштапкы сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн 1 жылга узартуу адис мамлекеттик мекеме же ишкана менен эмгектик укук мамилелеринде болгон шартта аңгемелешүүдөн өтпөстөн автоматтык түрдө ишке ашырылат.

27. Изденүүчү 5 баштапкы сертификаты бар болсо жана мамлекеттик мекеме же ишкана менен эмгектик укук мамилелеринде болсо, белгиленген тартипте аңгемелешүүдөн өткөндөн кийин мөөнөтсүз сертификат алууга укуктуу.

 

5-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби

 

28. Мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы квалификациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан аңгемелешүү өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

29. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет, анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

30. Аңгемелешүү изденүүчүнүн архитектуралык-курулуш ишин жүзөгө ашырууда колдонулуучу курулуш ченемдерин жана эрежелерин билүү предметине карата жүргүзүлөт.

31. Тиешелүү багыт боюнча аңгемелешүү өткөрүүдө изденүүчүдө текшерилиши керек болгон курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен белгиленет.

32. Баштапкы сертификаттарды берүү, ошондой эле мурда берилген сертификаттарды узартуу ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурларда аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.

33. Комиссия изденүүчүлөр берген документтерди карап чыгат, андан соң алардын кесиптик сапаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин иш багыты боюнча билүүсүн текшерүү максатында аңгемелешүү өткөрөт.

34. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө изденүүчүгө Комиссия тарабынан анын ишинин тийиштүү чөйрөсүндөгү курулуш ченемдерине жана эрежелерине тиешелүү 10 суроо берилет. Изденүүчү 10 суроонун 5ине туура жооп берген учурда, Комиссия аңгемелешүүдөн өткөндүгү жана сертификат берүү жөнүндө оң корутунду чыгарат.

Аңгемелешүү процесси видеого тартылууга тийиш.

35. Сертификаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз ээлерине өздүгүн күбөлөндүргөн документин берүү боюнча же өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн берүү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат болгондо алардын өкүлдөрүнө жеке берилет.

36. Сертификаттын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формасы, номери жана сериясы болот.

37. Ушул Жободо көрсөтүлгөн негиздер боюнча сертификат берүүдөн баш тартылган учурда Комиссия 10 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын колу коюлган баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет. Мында мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо үчүн акы кайтарылып берилбейт.

38. Сертификат берүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалымат табылганда;

2) изденүүчүгө архитектура жана курулуш жаатында иш жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу;

3) ушул Жобонун 34-пунктунда белгиленген тартипте аңгемелешүүдөн өтпөсө;

4) базалык билими суралган иштин түрлөрүнө ылайык келбесе же болбосо ушул Жободо белгиленген эмгек стажынын жетишсиздиги.

39. Изденүүчүнүн арызын кайра кароо жана билимин текшерүү изденүүчү баш тартуу алган күндөн тартып 3 айдан кийин жүргүзүлөт.

40. Материалдарды кароо жана сертификаттарды берүү арыз катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

41. Сертификат жоголгондо сертификаттын дубликаты табылгалар бюросунан маалымкат, жалпыга маалымдоо каражаттарында тастыктаманын жоголгондугу жөнүндө кулактандыруунун көчүрмөсү берилгенден кийин жана сертификаттын дубликаты үчүн акы төлөнгөндөн кийин берилет.

42. Кыргыз Республикасынын сертификатын алууга каалоосун билдирген чет мамлекеттердин адистеринин сертификаттарын таануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругун кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасы менен тиешелүү мамлекеттердин ортосундагы мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган тийиштүү эл аралык келишими болгондо жүргүзүлөт.

 

6-глава. Мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды жокко чыгаруу тартиби

 

43. Сертификаттарды жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) сертификацияланган адис имаратты же курулманы аварияга алып келген же болбосо жарандардын өмүрү менен ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик-техникалык документтерди бузса;

2) сертификацияланган адистин күнөөсү боюнча ишкананын, мекеменин жана уюмдун лицензиясынын колдонулушун жокко чыгаруу же токтото туруу;

3) сот органдары тарабынан сертификацияланган адистин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынын бузулгандыгын ырастаган чечимдер чыгарылганда;

4) сертификатты алууда сертификацияланган адис тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.

44. Мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын, сот органдарынын, курулуш продукциясын керектөөчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук органдардын, кесиптик бирлик уюмдарынын, сертификацияланган адис эмгектик мамиледе турган мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусу сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болушу мүмкүн.

45. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жокко чыгаруу боюнча комиссия түзөт, анын курамын аныктайт, зарыл болгон учурда мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, экспертиза органдарынын адистерин, айрым жогорку квалификациялуу адистерди тартат.

46. Жокко чыгаруу боюнча комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат жана бекитилет.

47. Ушул Жобонун 43-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда сертификат жокко чыгаруу боюнча комиссиянын кароосусуз жокко чыгарылат.

48. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө чечими административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

49. Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маселелерди кароодо сертификацияланган адис жокко чыгарууга байланыштуу бардык материалдар менен таанышууга укуктуу.

50. Жокко чыгаруу боюнча Комиссиянын отуруму сертификат алган учурда адис берген документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча же анын иш жүзүндө жашаган/иштеген жеринин белгилүү дареги боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү аркылуу сертификацияланган адисти чакыруу менен өткөрүлөт.

51. Жокко чыгаруу боюнча Комиссия сертификат алган адис жок болгон учурда жазуу жүзүндө билдирүү болгон шартта сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени жыйында кароого укуктуу.

52. Сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим адиске атайын берилет жана ал кабыл алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде почта аркылуу жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.

53. Жокко чыгарылган сертификат адис тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылууга тийиш.

54. Сертификаты жокко чыгарылган адис жокко чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин ушул Жободо белгиленген тартипте сертификат алууга кайрадан арыз берүүгө укуктуу.

55. Жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн реестрге киргизилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.

56. Берилген сертификаттардын реестри алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.