Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2019-жылдын 26-декабры № 708
Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
Товарлардын экспортуна жана (же) импортуна лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин 8-пунктун көңүлгө алуу менен (Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 7 тиркемеси), Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркемеге ылайык Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен аныкталган мамлекеттик органдар, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген өзгөчө товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча эксперт уюмдар жана лицензиарлар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө протоколду, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 "Тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө", 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимдерин жана ушул токтомду жетекчиликке алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы 2019-жылдын 31-декабрына чейин ушул токтомго ылайык "бирдиктүү терезе" маалымат системасын модернизациялоону камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Абылгазиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ