Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-июну № 19
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы № 430 “Бюджеттик уюмдардын пайдаланылган электр энергиясын үчүн эсептешүү тартиби жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы № 430 “Бюджеттик уюмдардын пайдаланылган электр энергиясы үчүн эесптешүү тартиби жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |