Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июну № 23
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Бурган-Суу участогунда жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринен келген этностук кыргыздарды, кыргыз жарандыгын алган Тажикстан Республикасынын Мургаб районунун тургундарын көчүрүп келүү жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 03/469 корутундусун, Кыргыз Республикаснын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 21 -майындагы № 94 буйругун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Бурган-Суу участогунда жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган № 226 (11,0 га), № 227 (6,0 га), № 213 (13,0 га) контурлардагы 30 га жайыт жеке турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда керсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |