Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июну № 36
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна укук коргоо органдары жүргүзүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук коргоону камсыздоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке жана мамлекеттик өнөктөштүн ишине укук коргоо органдарынын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 15-июнунан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруучу жеке жана мамлекеттик өнөктөштөргө укук коргоо органдарынын төмөнкү учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдөн тышкары текшерүүсүнө убактылуу тыюу салынсын (мораторий киргизилсин):
- жазык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн алкагында;
- бажылык контролдоодо турган товарларга карата бажылык кызматтардын;
- Кыргыз Республикасында COVID-19 коронавирусунун жайылышынын алдын алууга байланышкан маселелер боюнча.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |